ЗАМИРА АТАКУЛОВА: «ТРЕНЕРЛИК – КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ, КЕСИПКӨЙЛҮКТҮ, ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮ ТАЛАП КЫЛГАН ӨНӨР»

  • 14.01.2022
  • 0

Мектептерге педагогикалык инновацияны жайылтууда, мугалимдерге жаңы усулдарды үйрөтүүдө мугалимдердин өз чөйрөсүнөн өсүп чыккан тренерлердин орду эбегейсиз болуп эсептелет. Ош облусунун Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими, Билим берүүнүн мыктысы Замира АТАКУЛОВА башкаларга жаңылык тартуулаган дал ошондой дасыккан тренерлердин бири десек болот.

ЗАМИРА АТАКУЛОВА: "ТРЕНЕРЛИК – КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ, КЕСИПКӨЙЛҮКТҮ, ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮ ТАЛАП КЫЛГАН ӨНӨР"

– Замира, мен сени USAIDдин «Сапаттуу билим» долбоорунан бери жакшы билем. 2010-жылы болсо керек, эсимде, сен бир катар башка педагогдордун арасында «Сапаттуу билим» долбооруна таандык максаттуу мектептердин мыкты мугалими деп таанылгансың…

– Ооба, ал жылдары ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоору тарабынан башталгыч класстардын мугалимдерине эсепсиз сандагы семинар-тренингдер өткөрүлдү. Семинарлардан күндөлүк сабактын планын жазууну, максаттарды инсанга багыттап коюуну, сабак өтүүнүн түрдүү-түрдүү жаңы ыкмаларын, калыптандыруучу баалоо баш болгон баалоонун алдыңкы усулдарын үйрөнүп, долбоор адистеринин жардамында жаңылыктын артынан жалтанбай түштүм. Жалгыз эле мен эмес, директорубуз Айсулуу Маданова баш болгон жалпы жамаат талыкпай, кирпик какпай иштедик. Долбоорго караштуу пилоттук мектеп болгону үчүнбү, айтор, бизде жоопкерчилик өтө чоң болчу. Албетте, «аракет кылсаң, берекет» дегендей, жаңылануу аракети мага, кесиптештериме албан ийгиликтерди алып келди.

ЗАМИРА АТАКУЛОВА: "ТРЕНЕРЛИК – КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ, КЕСИПКӨЙЛҮКТҮ, ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮ ТАЛАП КЫЛГАН ӨНӨР"

– Башкаларды окутууга качантан бери кызыгып калдың?

– Кызыгуум мурдатан эле бар болчу. Долбоор адистерин, борбордон келген улуттук тренерлерди көрүп, ушулардай болсом дечүмүн. 2015-жылы ЮСАИДдин «Бирге окуйбуз» добоорунун алкагындагы «Башталгыч класстарынын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча» семинар-тренингдерге болочок тренер катары катыша баштадым.

– Ким түрткү болду? Бул иште кимдерди устатым деп эсептейсиң?

– Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун башталгыч класстар боюнча окутуучусу Инават Гаипова түрткү болду. Саяпкерликтин дагы толгон сырларын Инават Гаипова, Советбек Аматов, Калбү Матраимова, Чынара Аттокурова өңдүү устаттардан үйрөндүм.

ЗАМИРА АТАКУЛОВА: "ТРЕНЕРЛИК – КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ, КЕСИПКӨЙЛҮКТҮ, ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮ ТАЛАП КЫЛГАН ӨНӨР"

– Тренерлик мугалимдиктен эмнеси менен айырмаланат? Саяпкер мугалим кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Өзүңө жоопкерчиликтүү иш жүктөлгөнүн, жаңылыкты канчалык билгениң менен ошончолук жөнөкөй болуунун зарылдыгын дагы бир жолу жүрөгүң менен сезесиң. Антпесең, башкаларга өз билгениңди жеткирүү кыйын. Тренерлердин сырткы турпаты, жөнөкөйлүгү, кичи пейилдиги менен айкалышып турууга тийиш. Угуучулардын суроолоруна так, маңыздуу жооп берип, өзүңдү ар дайым позитивдүү алып жүрүүң керек. Бир сөз менен айтканда, тренерлик — компетенттүүлүктү, кесипкөйлүктү жана жөнөкөйлүктү талап кылган улуу өнөр.

– Кандай сапаттагы адамдарды окутуу сага жеңил? Өзгөрүүлөрдү жактырбаган мугалимдер да болобу?

– Дегеле инсандын сапатына карап окутуу туура эмес деп ойлойм. Анткени, ар бир тренер үчүн баары бирдей болуусу керек. Өзгөрүүлөрдү жактырбаган адамдар кездешет. Бирок убакыт өткөн соң, өзгөрүүлөрдү жактырбаган мугалимдер да өзгөрүп, позитивдүү мамилеге өтүүгө аракеттенип, алган билимине, долбоорго ыраазычылыгын билдирген учурлар көп болот.

ЗАМИРА АТАКУЛОВА: "ТРЕНЕРЛИК – КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ, КЕСИПКӨЙЛҮКТҮ, ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮ ТАЛАП КЫЛГАН ӨНӨР"

– Тренингден кийин ыраазы болгон мугалимдердин айткан сөздөрү эсиңде бардыр?

– Ыраазы болгон мугалимдер тренингде пайдаланылган стратегияларды окуу процессинде колдонуу жакшы жыйынтык берерин айтып калышат.

– Канча долбоор менен иштештиң? Азыркы тапта кайсы долбоордун алкагында билим берип жатасың?

– ЮСАИДдин «Бирге окуйбуз» , «Келгиле окуйбуз», «Билим берүү тармагында реформаларды колдоо» долбоорлоруна, тренерлер үчүн «Башталгыч класстар үчүн стандарттар» окуу ишине катыштым. Азыркы тапта «Окуу керемет!» долбоорунда математика предметинен башталгыч класстардын мугалимдеринин билимдерин жогорулатуу боюнча атайын семинар-тренингдерге катышып, офлайн түрүндө окуп жатам.

ЗАМИРА АТАКУЛОВА: "ТРЕНЕРЛИК – КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ, КЕСИПКӨЙЛҮКТҮ, ЖӨНӨКӨЙЛҮКТҮ ТАЛАП КЫЛГАН ӨНӨР"

– Сага өз окуучуларың менен иштеген оңойбу же тренингге келген мугалимдерди артык көрөсүңбү?

– Мага өз окуучуларым менен иштеген кызыктуу. Ал эми тренингге келген мугалимдердин кесипкөйлүгүн баалап, кыска убакыт болсо да алар менен тажрыйба алмашып турам. Үйрөтүп жатып, алардан да үйрөнөм.

– Тренерлик ишиңде эсиңде калган окуялардан айта кетсең?

– Тренерлик ишимди алгач баштаганымда Инават Гаипова менен бирге болуп калдым, эже менен иштөө, эжеден үйрөнүү мага дем берди. Эже модуль китептин мазмунун карап, анан мага кантип семинар-тренингди өтүүнүн жолун үйрөткөнү эсимден кетпейт. Дал эжедей жоопкерчиликтүү болууга тырышам.

– Мугалимдик кесипти тандооңо ким себепкер болгон?

– Мугалимдик кесипти тандоомо өзүмдүн таежем себепкер болгон. Таежем башталгыч класстын мугалими эле.

– Кесипкөй мугалим деген ким?

– Кесипкөй мугалим бул өз кесибин сүйгөн, балдарга баладай мамиле жасаган, өз ата-энесиндей мээрим төгүп күйүп-бышкан жана алардын келечегин ойлоп, күн нурундай жарык берген, балага туура багыт берип, өзүнүн билимин жогорулатып турган инсан.

– Айыл мектебинин кайсы көйгөйлөрү сени көбүрөөк түйшөлтөт?

– Учурда бир орус жашабаган айылдарда орус класстары ачыла баштады. Ата-энелер баланын каалоосуна карабай туруп, орус класска алып келишет. Өз тилиндеги сөздөрдүн маанисин толук билбеген балдар, орус тилин эптеп кете алмак беле? Өтө кыйналышат. Айрымдары баласынын абалын көрүп, кайра кыргыз класска которушат. Ушинтип жатып, баланын билимге болгон каалоосу жоголот. Ата-энелердин ушундай мамилесинен улам бизде кыргыз класстарынын саны азайып баратат. Орус класстарга зээндүү балдарды тандап алышып, калганын кыргыз класстарга бөлүшөт. Бул таптакыр туура эмес деп ойлойм. Бала билимди өз эне тилинде гана алууга тийиш.

Маектешкен
А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер