ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ ДИРЕКТОР

  • 28.03.2023
  • 0

Нарын районундагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин директору Мирзат Мамбетова кайсы жерде иштебесин, көрсөтүлгөн ишенимди ашыра аткарган күчтүү, заман менен адымдаш  жетекчи.

ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ ДИРЕКТОР

Көп кырдуу элеттик мугалим

Билимге умтулган, аракетчил Мирзат Мамбетова эмгек жолун Өрнөк айылындагы жаӊы ачылган мектепте тарых мугалими болуп баштаган. Ал өзүнүн  изденүүчүлүк менен иштегени, жоопкерчиликтүүлүгү, өз кесибин сүйө билгендиги менен кесиптештеринин эле арасында эмес, айыл тургундарынын ичинде дагы кадыр-баркка ээ.  Чыгармачылык менен иштегендиктен анын сабагын окуучулар бир күн да калтырбай, кызыгып окушат.

Талыкпаган эмгегинин артынан Мирзат 2007-2008-жылы өткөн  “Жаш мугалимдер” конкурсунан байгелүү орун алган. Ошол эле кезде коомдук иштерге да активдүү катышып келди. Алсак, Кыргыз-Швед-Швейцариялык “Кызыл Крест” долбоору менен биргелешип иштеп, айылдык ден соолук комитетине алгач мүчө болуп, жыл айланбай жетекчиликке дайындалган. Айыл элине ар тараптан колдоо көрсөтүп, мончо салдырып да берди. Эмгекчил элеттик айым  Улуттук форумга Нарын районунун атынан катышууга жолдомо алып, бул долбоордун координатору Т.Шьюттун колунан ыраазычылык катын алган.

Мындан сырткары, “Айгине” маданий-изилдөө борбору менен дагы тыгыз кызматташып,  Нарын облусундагы ыйык жерлер, элдик билимдер боюнча көп маалыматтарды чогултууга көмөк көрсөткөн. Райондогу, айылдагы ыр кеселерден калбай катышат. Анын окуучулары да өзүнөн өтүп таланттуу.

Аракет — берекет

Мирзат мектепте тарых мугалими болуп эмгектенүү менен чектелбестен,  китепканачы, усулдук бирикменин жетекчиси, уюштуруучу болуп эмгектенип да келгенин айтпай кетүүгө болбойт.

Өз кезегинде мектеп жетекчилигинин жана жалпы жамаатынын сунушу менен атайын эки саат төлөнүп берилип, жаш мугалимдер менен иш алып барды. Эмгек жерде калбайт демекчи,  2019-жылы Нарын райондук билим берүү жетекчилигинин суранычы менен Жер-Көчкү айылындагы Байболоӊ Кыязов атындагы орто мектебинин директорлугуна дайындалган.

ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ ДИРЕКТОР ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ ДИРЕКТОРЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ ДИРЕКТОР

Элдин сый-урматына, ишеничине татыктуу болгон  жетекчи, жан үрөп иштеп “Мерсико” коомдук уюмунун колдоосу менен билим очогуна 1 миллион 200 миӊ сомдук даараткана салынып, ашкана буюмдары жаӊыртылган. Узаков Жукен атындагы тарых музейи уюштурулуп, 117 наамдагы экспонаттар коюлган. Ошондой эле эмгеги менен таанылган Клисов Алмаз атындагы окуу залы ачылып, заманбап эмеректер менен камсыз кылынып, 500 китеп берилген.

М.Мамбетова окуучулары менен “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашында кошумча топтун ичинен республикада 1-орунга ээ болгон. Өз кесибинин чыгааны, мектепти жетектөөдөгү мыкты уюштуруучулук  эмгеги менен эл ишеничин топтой алган Мирзат Мамбетовага айыл эли ишеним артып, айылдык кеӊештин депутаттыгына шайлашкан. Баймоӊол Кыязов орто мектебинде иштеп жатканда мектепке 8 га жер алып, 3 га жерин тосуп, мектептин муктаждыктарын чечүүгө пайдаланган.

Акылдуу мектеп

Мирзат NABU жана Жаратылышты Коргоо уюму менен иштеп, мектепке NABU кабинети ачылып, 50 миӊ сомго инвентарлар алынып келинген. Директор Ага хан долбоору менен тыгыз иштегендиктин натыйжасында мектепке эки компьютер берилген. Мындан тышкары ал  “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна өтүп, 3-5 жашка чейинки жаштагы окуучуларды үч сааттык программа менен окутуу долбоорун ишке ашырды. Мектепти санариптештирүү иштеринин алкагында Б.Кыязов атындагы орто мектебин “Акылдуу мектеп” долбооруна киргизүүгө жетишкен. Андан сырткары билим уясынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртууда мектептин ичине суу киргизүү жана жылуу суу менен камсыз кылуу ишке ашкан. 2019-жылы “Мугалим коомдун күзгүсү” аттуу “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы уюштурган кароо-сынакта облуста баш байгени ээлеген. “Мурас” фонду уюштурган эл аралык илимий конферецияларга байма-бай катышып келет. “Теӊир Тоо айымдары” Конгрессинин активдүү мүчөсү. Ошондой эле А.Шерматов уюштурган “Доор таланттары” сынагынын облустук турунун жеӊүүчүсү.

Жүрөгү мектеп менен балдарда

2022-жылдын 11-мартында которулуу жолу менен Нарын районунун  Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебине директорлукка шайланып, жыл айланбай алгылыктуу иштерди жасады. Алсак, 2 миллион 700 миң сом симгранттын эсебинен бөлүнгөн акчага авариялык абалда турган мектептин эшик-терезесин, чатырчасын алмаштырды.

ЗАМАН МЕНЕН АДЫМДАШ ДИРЕКТОР

Биринчи леди Айгүл Жапарованын “Эне — балага тирек” коому тарабынан интерактивдүү такталар жана түстүү принтерлер алынып келинди. Жалпы мугалимдердин жана айылдын патриот демөөрчүлөрү тарабынан чогулган 80 миң сомго мектепке ички ремонт жасалып, 120 миӊ сомго ички жасалгалар дайындалды. Мектеп атын алып жүргөн “Мамыткан Иманалиевдин 120 жылдыгы” өткөрүлүп, анын балдары 30 миӊ сомдук инвентарларды мектепке белек кылып тартуулашты.

Жаӊы жетекчинин багытын түшүнгөн эл демөөрчүлүк кылып, “14-февраль — Китепти белекке берүү” күнүнө карата, китепканада жок китептерди жана текчелерди белекке беришти.

— Кыргыз элинин сыймыгы, гербдин автору “Асейин Абдраевдин 75 жылдыгы” жогорку деӊгээлде өтүп, агайдын ысымы мектеп окуучуларынан  турган жаш парламентке ыйгарылып, кабинет уюштурулду. Бул ысымды сыймыктануу менен алып жүрүшөөрүн айткан мектептин алдыӊкы окуучуларынын жүзүнөн көрдүк.  Ошол эле иш-чарада айылдын сыймыктуу атуулу, көзү өтүп кеткен милиция кызматкери  Токтобек Орозалиевди эскерип, анын чогуу иштеген кесиптештери, үй-бүлөсү катышып, мектептеги “Милициянын жаш жардамчыларына” ысымы берилип, кабинет ачылды, — дейт кесиптеши С.Саткынова.

Жетишкендиктер

Мирзат Мамбетова  М.Иманалиев атындагы мектепке  келгенде да Манас таануу боюнча ишти оң жолго коюп, райондук таймашта 1-орунду камсыз кылып, облуска жолдомо алды. Жалпысынан мектепте 315 окуучу окуйт, алардын 110у эки нөөмөт менен ысык тамак менен катар да талапты катуу койгон жетекчи. Тазалыгы, сүйлөө адеби, өзүн алып жүрүүсү – чыныгы мугалимдин жүзүн көрсөтөт.

Мирзат нукура педагог, ал ички туюму менен ар бир мугалимдин талантын ачып, өргө

“Мугалимдик кесиптин ар кыл түйшүгүнө чыдап, мектептин ишин алга жылдырууга дайыма далаалат жасайм” деген Мирзат Асангуловна мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунда үч ирет окуп, эки жолу Ардак грамота менен сыйланган.

М.Иманалиев атындагы мектебинен он мугалимди  билимин жогорулатуу борборуна жиберип, алар заманбап технология менен таанышып, сабактарына жаңы ыкмаларды алып келип, сабак өтүп жатышат.

Бир нече китептин автору

2022-2023-окуу жылында дүйнөлүк диндердин өнүгүү тарыхы сабагы боюнча улуттук тренер катары жалпы облус боюнча 225 мугалимди окутуудан өткөрдү. Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектеби JAZET программасынын алкагына кирип, кесипке багыт берүү боюнча мугалимдер, окуучулар окутуудан ийгиликтүү  өткөрүлдү. Мектептин билимге умтулган окуучулары “Кыздар медиасы” менен алгылыктуу  иш алып барып, бир нече окуучу окутуудан өткөрүлүп, тренер болуп сертификаттарга ээ болду. Алдыга үмүт арткан кесипкөй адистер жаш муундарды тарбиялоодо чоӊ салым кошуп келет.

Айтмакчы, Мирзат Мамбетова “Унутулгус улуу муун”, “Намыс ширелген өмүр” китебинин жана бир нече тарых сабагы боюнча методикалык колдонмолордун автору. Ар бир адамдын көӊүлүн таап сүйлөгөн, назик, ошол эле учурда күчтүү жетекчи-айым.

“Мен келечекте Байма Сутеновадай кыйын журналист болом” деген Мирзат Асанкуловнанын кичинесинен койгон туура максаты алга сүрөп, тагдырдын татаал сынынан майтарылбай азыркы ийгиликтерин жасап олтурат.

Чыгармачыл жетекчи

“Жаш таланттар” кароо-сынагында анын окуучулары Талип кызы Жазира, Сүйүнбек уулу Аскар баш байгеге ээ болуп, элдин үмүтүн, эжейдин эмгегин акташты.

— Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү да назик келет эмеспи, эжейдин “Төп келишкен келинчек” сынагынын тапшырмасы айырмачылык менен аткарган “Кут Билимге кырк төрт К” деген калемине таандык чыгармасын көркөм окуганда отурган элдин алаканы кызарганча кол чаап, ошол эле сынактан эжейдин кыз узатуудагы жеӊеси менен эжесинин кошогун кошуп, элдин купулуна толгон. Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн уюшулган комузчу Р.Моютова жетектеген “Нарын шаӊы”, Нарын райондук маданият бөлүмүнүн алдында уюшулган Б.Карбашев жетектеген “Тянь-Шань кайрыктары” тобуна аралашып, ыр куржунун толтурганын айтып кетпесек болбойт. Эмгегин коомчулук баалап көптөгөн райондун, облустун Ардак грамоталарына татыктуу болду, — дейт Сайкал Саткынова.

Балалык кези

Мирзаттын  балалыгы мөӊгүсү көк тиреген Ак-Сай жайлоосунда Арашан суусунан ичип, ата-эне мээримине бөлөнүп, балалыктын балдай таттуу күндөрүнө балкып өстү.

— Атасы Мамбетов Асанкул менен көл кылаасынын кызы Курманбаева Жумагүл колхоздун коюн багып, он беш баланын мээримдүү ата-энеси болушкан. Yйдүн куту болгон Жумагүл апанын өмүрү кыска болуп, 49 жашында дүйнө менен кош айтышканы балдарынын, жакындарынын, бүтүндөй айыл элинин жүрөгүн жанчып жабырланткан. Эне мээримине канбай калып, өз киндигин өздөрү кескен, турмуштун ысык-суугуна бышкан бир туугандар жетилип, жогорку билимдүү болуп, турмуштан ордун табышты. “Бир тууганыӊ — Кудайдан берилген эӊ чоӊ белек” эмеспи, атына заты жарашкан эжеси Миржан жана сиӊдиси Кыял Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин филология факультетин аяктаса, сиӊдиси Бурулсун Достук орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип келет. “Асанкулдун кыздары да, уулдары да кыйын чыкты” деп эл ичинде айтылып жүргөндөй, иниси Бекболот да жаш муундарды сергек жашоого үндөөдө үлгү болуп, бокс боюнча мастер, Азия чемпионунун кара курунун ээси. Ат оюндарын сүйгөн, элди өргө сүйрөгөн айылдын кадыр-барктуу, беделдүү уулдары Жолдошбек, Кенжебек жана Кабылбектин эли үчүн кылган эмгектери көп. Анын далили катары Эмгекчил айыл эли Кабылбекти айылдык кеӊештин депутаты катары шайлап, үмүт артканында. Ар дайым жакшы сөзүн аябаган бир туугандары Курманжан менен Кайырса соода-сатык тармагында алектенишет, — дейт чогуу иштеген Сайкал Сталбекова.

“Мен келечекте Байма Сутеновадай кыйын журналист болом” деген Мирзат Асанкуловнанын кичинесинен койгон туура максаты алга сүрөп, тагдырдын татаал сынынан майтарылбай азыркы ийгиликтерин жасап олтурат дейт кесиптеши .

Өмүрлүк жолдошу Баялиев Талип анын ой-боюна койбой ала качып алган экен. “Кыз балага бак эле берсе, калганын өзү эптештирип алат” дегендей,  Мирзат кайын журттун сүйкүмдүү келине  айланды. Кайын атасы Токтогул ак сакал ар тараптан кеӊешин аябай, баласы катары аяп, турмуштун оордугун, агымга карай сүзүү керектигин уул-балдарына, келиндерине үйрөтүп, Мирзат эжейге атасынан артык үйрүлүп түшүп, турмушка бышырды.

Мирзат Мамбетова  үч кыз, бир уулдун мээримдүү энеси. Жароокер кызы Жазира Талипова К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүрсө, ортончу кызы Нуриза Талипова БГУнун чет тилдер факультетин бүтүргөн. Көкүрөк күчүгү Рахима 5 жашта. Жалгыз ата туягын улаар Байэл Талипбеков зирек жана боорукер уул.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер