ЗАЛКАР АКЫН, КОТОРМОЧУ, КООМДУК ИШМЕР АМАН ТОКТОГУЛОВГО 80 ЖЫЛ

  • 11.11.2025
  • 0

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНДАГЫ ӨЧПӨС ИЗ
Жакында, Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекиген “Уңгу жол” доктринасынын алкагында, Талас районунун Каракол айыл өкмөтүнө караштуу Көпүрө-Базар айылынын маданият үйүндө кыргыздын атактуу инсаны, акын, котормочу, адабият сынчысы, журналист, публицист, коомдук ишмер Аман Токтогуловдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү. Айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган иш- чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун Талас облусундагы бир катар мүчөлөрү, айыл аксакалдары, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
Таланттуу котормочу, адабий сынчы, акын Аман Токтогулов 1945-жылы 26-июлда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Мектепте мыкты окуп, комсомол уюмунун секретары болуп, жаш кезинен лидерлик сапаттары менен таанылган. Бала кезинен ыр жазган. КМУнун филология факультетин аяктаган. Ошол жылы “Советтик Кыргызстан” гезитине КМУнун жалпы бүтүрүүчүлөрүнө Кайрылуу жазып, анда жаш адистерди барган жерде ак пейилден жигердүү иштөөгө чакырган жана ушул бийик максатын өмүрү өткөнчө жүрөгүндө ыйык сактаган.
“Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, 1972-73-жылдары «Ала-Тоо» журналынын сын бөлүмүн башчысы, 1972-1974-жылдары “Кыргызстан маданияты” гезитинин баш редакторунун орун басары болуп иштеген. 1974–1990-жылдары республиканын мамлекеттик коопсуздук комитетинде жооптуу кызматтарды аркалаган. Андан кийин өмүрүнүн акырына чейин ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүн башкарып турган.

ЗАЛКАР АКЫН, КОТОРМОЧУ, КООМДУК ИШМЕР АМАН ТОКТОГУЛОВГО 80 ЖЫЛ
Кыргызстанда демократиянын желаргысы соккондо «Майдан» гезитин уюштуруп, анын биринчи редактору болуп, Кыргызстанда эркин журналистиканын чыйырын салган. 1992-жылы оорунун айынан кырчындай 47 жаш курагында көзү өткөн, сөөгү Көпүрө-Базар айылында жерге берилген.
Аман Токтогулов Расул Гамзатовдун «Менин Дагстаным» повестин, И.Крыловдун тамсилдеринин толук жыйнагын, Ч.Айтматовдун «Кыямат» романын (А.Жакыпбеков менен бирдикте), «Чыңгыз хандын ак булуту» повестин, «Жетинин бири» уламышын, Н.Погодиндин “Кремль куранттары”, венгер драматургу Л. Дютконун, француз классиги Мюльердин пьесаларын, В.В. Маяковскийдин айрым ырларын которгон. Л.Н. Толстойдун “Тирүүнүн өлүгү” драмасын авторлошуп которгон. Аман Токтогуловдун котормолору кыргыз адабиятындагы котормо өнөрүнүн эң мыкты үлгүлөр катары бааланат.

Адабий сында дагы атагы чыккан. 1975-жылы «Поэзияга мамиле» аттуу адабий макалалар жыйнагы жарык көргөн. 1980-жылы жарык көргөн “Ибарат” ыр жыйнагы кыргыз поэзиясындагы реалисттик багыттын башаты болгон. Аман Токтогулов “Ибаратта” жакшылык менен жамандыктын түбөлүк бүтпөгөн күрөшүндө ариеттүү адам болууга, жашоонун татаал жолунда чарчабаган эмгекчил, кыйынчылыкта чөкпөгөн, басынбаган, жеңилбеген күрөшчүл атуул болууга чакырган.

1982-жылы жарык көргөн “Барал” үч илтиги жана поэма –пародиясында дүйнө –өмүрдө “Актын иши ак, каранын түбү кара”, “Адалдын учу кылдай, түбү үйдөй-түгөнбөйт. Арамдын учу үйдөй, түбү кылдай- бир кетсе эчтеке калбайт” деген элдик накылды адамдарга жар сала айткан. Аман Токтогулов элине калтырган бай адабий мурастарын, мамлекеттик коопсуздук кызматында иштеген жылдары, чыгармачылык менен алектенүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк болбогондуктан, өргүү мезгилинде, бир-эки ай чамалаш убакта жазган.

Жакшынын шарапаты….

«Жакшынын шарапаты тиет» деген насилет кеп бар элибизде. Аман Токтогулов КГБда иштеп жүргөн жылдарында бир катар акын-жазуучуларды тоголок арыз, жалган жалаадан сактап калгандыгы айтылат. Алардын арасында Чыңгыз Айтматов, Омор Султанов, Турар Кожомбердиев, Салижан Жигитов да бар болгон экен. Тарыхчы Сабыр Аттокуровду кыргыздын санжырасын студенттерге окутат деп күнөөлөшкөн. Аман Токтогулов мына ушул атактуу инсандардын эмгектеринде советтик түзүлүшкө каршы эч кандай ойлор жок деп актаган. Бирок убагында бул туурасында эч кимге ооз ачкан эмес. Кийин белгилүү болгон.

Экинчи өмүрү эмгектеринде уланууда

 Эскерүү иш-чарасы Көпүрө-Базар айылдык китепканасынын башчысы, “Маданияттын мыкты кызматкери” наамынын ээси Акыйкат Токтогулова тарабынан уюштурулган, Аман Токтогуловдун чыгармачылык өмүр жолуна арналган сүрөт көргөзмөсү менен башталды. Р. Айдаралиев атындагы орто мектептин мугалимдери, окуучулары тарабынан даярдалган, Аман Токтогуловдун балалык чагына арналган сценка кол чабуулар менен коштолду. Жаркын таланттын жалындуу ырларын окуучулар көркөм окушту. Айылдык таланттар ыр-күүлөрдү тартуулашты.

Аман Токтогуловдун чыгармачылык өмүр жолуна арналып, мектеп окуучуларынын арасында уюштурулган дил баян жазуу, сүрөт тартуу сынактарынын жеңүүчүлөрүнө айыл өкмөттүн сыйлыктары тапшырылды. Дил баянды өзгөчө дилгирлик менен жазышкан окуучулар: С. Сатыбалдиева, Г. Каймазарова, Г. Мадылбекова, А. Асанова, А. Садыбакасова, А. Азизбекова – баары байгелүү сыйлыктарга ээ болушту. Мектептин 9-классынын окуучусу С. Сатыбалдиева кош байгенин ээси болду. Анын кыл калеминен жаралган Аман Токтогуловдун бейне сүрөтү эң башкы сыйлыкка арзыды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү: философия илимдеринин кандидаты Эрмек Үмөтов, Чынтемир Аскаров, Аманбек Медетов, Токтогул Ибрагимов, Болот Рыспеков, Нуржигит Сейдалиев, белгилүү журналист Козубек Иманкулов, маркумдун айылдаштары, мектепте бирге окушкан классташтары сүйлөгөн сөздөрүндө Аман Токтогуловдун инсандык изги касиетине, ашкан акындык талантына, чебер котормочулук жөндөмүнө токтолушту.

Аман Токтогуловдун айжаркын элесин эскерүү иш-чарасын уюштурууда Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Мамажанов, Көпүрө-Базар айылынын башчысы Элмира Батырова , айылдык китепкананын башчысы Акыйкат Токтогулова, Р. Айдаралиев атындагы орто мектептин мугалимдери Элмира Мамбетова, Роза Исаева, Кинимжан Дүйшекеева, Тимур Жолдошбеков жигердүү эмгектенишкен.

Аман Токтогулов калтырган адабий мурастар – элибиздин колундагы кылымдар бою көөнөрбөс таберик болуп саналат. Улуу адамдар жарыгын элине-жерине чачып кетет. Алардын өлбөстүгү ошондо.

Нуржигит Сейдалиев

Бөлүшүү

Комментарийлер