ЮРИСТ БОЛУУГА КЫЗЫГУУ ЭМНЕДЕН КҮЧӨДҮ?

  • 27.07.2026
  • 0

Мамлекеттик реформалар, санариптешүү жана эмгек рыногундагы жаңы талаптар юридикалык билимдин багытын түп-тамырынан өзгөртүүдө.

Кыргызстанда юридикалык билимге болгон суроо-талап жыл өткөн сайын өсүп жатат. Жаштар салттуу сот, прокуратура же тергөө тармагынан сырткары, банк, IT, финансы, бизнес жана мамлекеттик башкаруу сыяктуу азыркы заманбап юридикалык адистиктерди жигердүү тандашууда. Адистердин айтымында, муну «юрист болуу — тренд» деп үстүртөн түшүндүрүү жетишсиз. Себеби мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүүлөр, сот-укуктук реформалар, тездик менен жүрүп жаткан санариптешүү жана бизнестеги укуктук мамилелердин татаалдашы мыйзамды терең билген квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыкты туруктуу кармап турат.

Абитуриенттердин тандоосу: «Укук таануу» дагы эле алдыда

Жыл сайын Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы чыккандан кийин кайсы кесиптерге атаандаштык күчтүү болору кызуу талкууланат. Акыркы жылдары медицина, IT жана педагогика менен катар юридикалык адистиктер жаштардын эң көп тандаган багыттарынын бири бойдон калууда.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын деканы Эркинбек Жакыбакуновдун айтымында, бул тармакка кызыгуу жыл сайын жогорулоодо:

«Юриспруденция багытына суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу тапшыргандардын саны кыйла көбөйдү. Өзгөрчө сот-прокурордук ишмердүүлүк — эң көп тандалган адистиктердин бири. Абитуриенттер арасында прокурордук жана тергөө ишмердигинен сырткары, жарандык укук багытына да кызыгуу абдан жогору», — дейт декан.

Бул тенденциянын себеби түшүнүктүү. Мындай адистиктер мамлекеттик кызматка, сот жана укук коргоо системасына түз жол ачат. Ал эми мамлекеттик институттар жаңыланып, укуктук механизмдер өзгөргөн сайын, кесипкөй кадрларга болгон талап эч качан азайбайт.

Юристтин иш орду сот залынан кеңейди

Бүгүнкү күнү юристтин кесибин сот, прокуратура же адвокатура менен гана чектөө — эскирген түшүнүк. Азыркы эмгек рыногу юридикалык билими бар адистерди банк секторунда, коммерциялык компанияларда, курулуш, камсыздандыруу, IT тармагында жана эл аралык долбоорлордо чыдамсыздык менен күтүүдө.

Бүгүнкү иш берүүчүлөр юристтерден мыйзамдарды билүүдөн тышкары төмөндөгү заманбап көндүмдөрдү талап кылууда:

  • Келишимдерди сапаттуу түзүү жана юридикалык экспертиза жүргүзүү;

  • Мамлекеттик органдар менен натыйжалуу иштешүү;

  • Юридикалык тобокелдиктерди (рисктерди) баалай билүү;

  • Корпоративдик укукту терең түшүнүү.

Эң башкы өзгөрүү — бүгүнкү юрист жөн гана мыйзамды билген адис эмес, бизнес-процессти түшүнгөн, документ менен так иштеген жана тобокелдикти алдын ала көрө билген стратегий болушу керек.

Алсак, банк секторунда жарандык, банктык жана жеке ишкердик боюнча мыйзамдарды билген адистерге суроо-талап жогору болсо, башка коммерциялык уюмдар корпоративдик укук, лицензиялоо, бажы жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча адистерди издеп жатышат.

Демек, юридикалык факультеттин бүтүрүүчүсү үчүн эмгек рыногунда бир эмес, ондогон кесиптик багыттар ачык:

Юристтер иштей турган негизги тармактар:
• Мамлекеттик органдар, сот жана прокуратура системасы
• Адвокатура жана юридикалык консалтинг
• Банктар, финансы уюмдары жана камсыздандыруу компаниялары
• IT жана жогорку технологиялык компаниялар
• Эл аралык уюмдар жана адам укуктарын коргоо багыты
• Корпоративдик башкаруу жана коммерциялык сектор

Санариптешүү жана «Санарип юристтин» доору

Өлкөдө бир нече жылдан бери жүрүп жаткан сот-укуктук реформалар менен катар массалык санариптешүү процесси да юридикалык билимдин мазмунун өзгөрттү.

Мамлекеттик кызматтардын электрондук форматка өтүшү, юридикалык жактарды онлайн каттоо, электрондук документ жүгүртүү, жеке маалыматтарды коргоо жана киберкылмыштуулук сыяктуу жаңы багыттар укук менен технологиянын ортосундагы чек араны жакындатты.

Мурда юристтин негизги куралы кагаз кодекстер болсо, азыр алардын ордун электрондук базалар жана санариптик инструменттер ээледи. Интернеттеги маалыматтын укуктук макамы, электрондук келишимдер, виртуалдык активдер (криптовалюта ж.б.) жана жасалма интеллектти колдонууга байланыштуу укуктук маселелер күн тартибине чыгууда.

Буга байланыштуу заманбап юрист бир нече жөндөмдү айкалыштырышы керек:

  1. Мыйзамдык базаны терең билүү;

  2. Санариптик технологияларды түшүнүү;

  3. Аналитикалык ой жүгүртүү;

  4. Чет тилдерин билүү жана коммуникация түзө алуу.

Ошондуктан келечекте юридикалык факультетти бүтүргөн жаштар салттуу юрист гана болбостон, банктагы комплаенс-адиси, IT-компаниянын юридикалык кеңешчиси же санариптик укук боюнча эксперт катары өзүн таба алышат.

Рационалдуу коом — укуктук коом

Юристтерге болгон суроо-талапты мамлекеттик же коммерциялык сектор гана жаратпайт. Жарандардын өз укуктарын билүүгө жана коргоого болгон умтулуусу да юридикалык кызматтардын маанисин арттырууда. Эмгек мамилеси, үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, мурас, турак жай, жер, карыз же бизнес маселелеринде мыйзамдуу адистин жардамысыз кадам таштоо мүмкүн эмес.

Кыргызстанда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштеп жатканы да калк арасында укуктук колдоого болгон муктаждыктын канчалык жогору экенин айгинелейт.

Юрист — жөн гана мыйзам нормаларын колдонгон адис эмес, ал жаран менен мамлекеттик институттардын ортосундагы адилеттүүлүктү камсыз кылган негизги укуктук көпүрө. дал ушул социалдык жана коомдук жоопкерчилик аталган кесиптин абройун бийик кармап турат.

Мадина КУРБАНОВА , «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер