ЫСЫК-СУУК КҮНДӨРДӨ БИРГЕ БОЛДУК
- 26.01.2026
- 0
Сүйүмкан бизге 2-курстан кошулду. Эсимде, бир күнү сабакка келсек эле чачын кырктырган, толугураак сары кыз биз менен аудиторияда бирге олтуруп калыптыр. Ал учурда курстун баары бири-бирибиз менен жакындан таанышып калганбыз. Жаңы келген кызды сынаакы карап, тез эле сүйлөшүп кеткенге батынбадык. Күндөр өтүп, семинардык сабактар башталды. Баягы кыздын аты-жөнүн ошондо билдик. Өмүралиева Сүйүмкан деген кыз экен. Семинарлар башталганда эле сабактарда активдүү болуп, өзүн көрсөтө баштады, тың экен, көрсө, кийин уксак биринчи курсту бүткөндө эле университеттин 5-курсун бүтүп жаткан айылдашы ала качып кетип, сырттан окууга которулат. Бирок ага көнө албай кетип калат да, келечеги үчүн калаага кайра келип билим алууну чечет, убакытты өткөрбөй окуусун улантат.
Окууга келгени курсташтары менен тез эле тил табышып, ымалалашып кетти. Ал кезде бизде армиядан келип окууларын уланткан бизден улуураак жигиттер көп эле. Сүйүмкан алар менен жашы, көз карашы жакын болгондуктан өздөрүнчө бир топ болуп, жакшы мамиледе жүрүштү. Алардын арасында азыркы чоң котормочу, КРнын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Мырзаян Төлөмүшов, адабиятчы, сынчы, кийин көзү өтүп кетти, Камбараалы Ботояровдор бар эле. Анан Хакасиядан педагогикалык училищаны бүтүп келген, азыр Кыргыз-Америка университетинин профессору болуп иштеген Светлана Анпанисовна Кундузакова деген өтө билимдүү, маданияттуу хакас кызы да алар менен болду. Анткени Мырзаян байкебиздин көзү ал кыз Кыргызстанга окууга келээри менен эле түшүп, махабат ырын ырдай баштаган. Кийин үй-бүлө курушуп, бактылуу жашашты.
Студенттик курак тез эле сапарын карытты. Мен ал кезде Сүйүмканга сыйым-урматым болгону менен өтө жакындашып кетпедик. Биздин жакын жолдошчулугубуз аспиранттык күндөрдө башталган.
Сүйүмкан окууну ийгиликтүү бүтүп, жолдомо менен айылга иштөөгө кетет. Ал кездеги биздин устаттарыбыздын бири, улуу педагог, профессор Калкабай Калыкович Сартбаев кийин аспирантурага орун болуп калганда Сүйүмканды издеп таптырып, аспирантурага өтүүгө сунуштайт. Бул Сүйүмкандын өмүр жолуна чоң бурулуш жасаган окуя болгон. Эч кандай тааныш-билиштиги, туугандык жайы жок эле студентинин идирегине карап, саяпкерлик кылган Калкабай Калыкович агайыбызга миң мертебе рахмат, таазим! Сүйүмкан ар дайым агайынын эмгегин унутпастан эскерип жүрдү.
Мен да ошол учурда Сүйүмкандан бир жылдан кийин Москвадагы А.М.Горький атындагы адабият институтунун күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты болуп калдым. Мен Москвада, Сүйүмкан бул жакта аспирант. Анан дагы бизден бир курс кийин окуп бүткөн Айтбүбү Алымова азыр филология илимдеринин кандидаты, профессор, 25 жыл бою Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин мамлекеттик тил кафедрасын түптөлгөндөн кечээ күнкүгө чейин жетектеген курбубуз да аспирантурага өтүп калат. Света Анпанисовна дагы аспирант болот. Ошентип, биздин аспиранттык мезгил башталат.
Аспиранттык түмөн түйшүгүбүз, максаттарыбыз, үмүт-тилектерибиз бир. Ал мезгилде периферийдеги аспиранттарга сөзсүз бир жылда бир Москвага диссертациялык залда, В.И.Ленин китепканасында иштеп келүүгө командировка берилчү. Кыздар мезгил-мезгили менен Москвага, мага келип кетип жүрүшүп, жолдошчулугубуз ошентип акырындап бекип кеткен.
Илимге кызыгып, тынбай изденип иштеген Сүйүмкан диссертациясын өз учурунда жазып бүтүп коргоду. Бирок илим жолу татаал болду. Ал кезде бул жактан жазылып, корголгон диссертациялар Москвадан Жогорку аттестациялык комиссиядан өтүп, анан гана бекичү. Сүкөш кимдин куйругун басып алганы белгисиз, ишинин бекиши кечеңдегенден кечеңдеп жатып алды. Мен жолдошум Нурдин экөөбүз Москвада элек, Сүйүмкан диссертациялык ишинин акыбалын билүүгө Москвага келип калды. Кычыраган кыш. Ал бир мурда барып жүргөн орус кемпир, чалдын үйүнө токтоду. Кар. Москванын суугунда Сүйүмкан мен Нурдин үчөөбүз ВАКты издеп үшүп-шишип жүрдүк, акыры таптык. Барып сураштырсак, диссертациялык иши бекибептир, артынан ниети бузук бир окумуштуу терс пикирин жазып жиберген экен. Албетте, ВАКтагылар ал адамдын ысымын айтышпады, бирок да түшкөн пикирди эске албай коюуга болбой турганын, ошондуктан диссертация Диссертациялык кеңеште кайра каралып, кайрадан жакталышы керек деген пикирди айтышты. Куйругубузду түйүп, кайра артка кетүүгө аргасыз болдук. Ошол учурдагы Сүйүмкандын психологиялык-трагедиялык абалын элестетип болбойт! Сооротууга күчүбүз жетпей, Нурдин экөөбүз алсыз болуп, аргасыз турдук…
Канткен менен табиятында Сүйүмкан күчтүү адам эле. «Ата-энемден эрте ажырап калгам» дечү, анан да жанагинтип өзүнүн турмуш жолунун алгачкы эле мезгилинде күйөөсү менен эки ажырым жолго түшкөнү да ал үчүн чоң сыноо болгондур. Өзүнөн башка ишенээр кишиси да жоктой көрүнчү. Бирок баардыгын өз күчү, мүмкүнчүлүгү менен жеңе билчү. Ч.Айтматовдун чыгармаларында «жөнөкөй адамдардын күчтүүлүгү өз кайгысын эч кимге көрсөтпөй тарткандыгында» деген философиясы терең бир ой кездешет. Сүйүмкан дал ушул китептеги адам болгон. Ал кайрадан диссертациясы боюнча тынбай иштеп, экинчи жолу жактады. Бул жолу ийгиликтүү болду, маңдайы жарылып сүйүнгөн Сүйүмканды көрдүк, жанында болдук!
Иш дегенде жеген ашын жерге койчу. Ар дайым ойлонуп, чыгармачылык менен изденип иштечү. Эч качан тобокелдиктен коркчу эмес. Мүмкүн болушунча чындыкты сүйлөп, бирөөгө жакса да жакпаса да ой-пикирин жымсалдабай «тарс» айтаар эле. Анын мындай мүнөзү бардыгына дайыма эле жага берчү эмес, душмандашып калгандары да болоор эле. Кээде бир нерселерди терең ойлонбой, «балп» эттирип салмайы да бар болчу. Ошондой учурларда мен жакын курбусу катары туура эмес болуп калды деген учурумда «Ооба сага жакшы, бир нерсе боюнча чечим чыгараарда Нурдин менен кеңешип-акылдашасың, анан айтасың. А менин акылдашаар кишим жок, ошондой болуп кетет» деп, кемчилигин мойнуна алып, кейип калаар эле.
Биз теңтуштардын ичинен да өтө жакын курбу болуп, үй-бүлөлүк катышта жүрдүк. Сүйүмкандын ата-энеси багып алган бир небереси Конокбайга, ал ата-эне ордуна калыптыр. Аны үйлөнтүп, бизди өкүл ата койду. Ошондон улам мени «кудагый» деп калган. Көпчүлүгү «кудагыйдын» сырын билбей калышар эле. Нурдин экөөбүз да «Сүкөш кудагый» деп көнүп калдык. Ал жалгыз бой болгондуктан дайыма жанына каралды болууга аракет кылаар элек.
Бир убакта ал Кызыл-Аскерде, биз Аламүдүн микрорайонунда жашап калдык. Биздикине келсе эле кетирбей алып калууга аракет кылчубуз. Анан эле ал «плойкам, плойкам жок, үйгө кетишим керек» деп жөнөп калчу. Көрсө, эртеси жумушка барууда чачын жасалгалашы керек экен да. Университетте иштечүбүз ал кезде. Кудагыйдын шылтоосунун амалын таап, үйгө плойка сатып алып койдум. Акыры бир келип, дагы кетем дегенинде плойканы берип «дагы кандай шылтооң бар?» — дегенимде «ой, оңбогон кудагый, таппаганың жок», — деп, маңдайы жарыла күлүп, кубанган. Ошентип шылтоосун түгөттүм да, үйгө келсе кетирбей алып калчу болдук. Бул бир биздин ортобуздагы мамиленин бир бучкагы эле, бирок бул учурлар бизге канча рахат тартуулаган.
1991-жылы Бишкек гуманитардык университети ачылып, экөөбүз чакырылып, ошол жакта чогуу иштеп калдык. Элибизге эгемендүүлүк деген жаңы заман келип, элдин духу көтөрүлүп, келечекте жомоктогудай өзгөрүүлөр болот деген тилек менен гүлдөп жашай баштадык. Сүйүмкандын жаңы иштердин келечегин баамдаган зиректиги бар эле.
Кыргыз тилине мамлекеттик тил катары зор көңүл бурулуп баштады. Ошондо республикада биринчилерден болуп, орус тилчи, теңтушубуз Светлана Кундузаковнаны ишке тартып, орус тилдүүлөр үчүн «Изучаем кыргызский язык» аталышындагы окуу куралынын серияларын жазышты. Өздөрү акча төлөп чыгарышып, орус тилдүүлөргө кыргыз тилин үйрөтүүнү колго алышты. Бул эмгек ошол мезгил үчүн эң маанилүү жана чоң иш болгон.
Бишкек гуманитардык университети жаңы ачылып, ал жерде оболу «Түркология» деп кийин кайра «Кыргыз филологиясы» деп факультет ачылды. Окуу пландарын жаңыдан түздүк, окуу-методикалык иштерге көптөгөн жаңылыктар киргизүүгө аракет кылып, көп иштедик. Ал арада илимий-изилдөө иштеринин деңгээлин көтөрүүнү максат кылдык. Факультетибиздин белгилүү окумуштуусу катары Сүйүмкан көп иштерге жардамчы болду. (Мен декан болуп иштеп тургам). Айрыкча жаштарды билимге тартууга көп аракет жасап, илимий макалалар жазууларына чоң талаптарды койгон. «Макала жаздыңарбы, жарыяладыңарбы?» дей бергендиктен факультетте оюн-чындан атын «Макала» коюп алганбыз. Өзү да ал кезде доктордук диссертациясынын үстүндө тынбай иштеп жүргөн. Ага кошумча эле бир күнү «жеке менчик мектеп ачайын деп жатам, бир колдонулбай калган бала-бакчаны арендага алмай болдум, кандай дейсиң?» деп калды. Чынымды айтсам, мындай күтүүсүз бурулушка даяр эмес элем. Анан калса, мектеп ачуу оңойбу, финансылык, окуу-усулдук, материалдык-техникалык базаларды түзүү, мугалимдерди табуу, аларды айлык менен камсыз кылуу. Билишимде Сүйүмкан ал учурда мындай нерсенин бардыгын көтөрүүгө эч даяр эмес эле.
— Кантип ачасың, үчтөн бириң жок, уй байларга жибиң жок туруп. Бул оңой иш эмес го, абдан ойлондуңбу?
Сүйүмкан каржы булак, ж.б. айтып, мени ынандырууга аракет кылды, бирок менин баары бир жеке мектебинин келечегине ишенимим артпады. Ошол ошол болду. Сүйүмкан «Алтынай» жеке менчик мектеби деп, кызынын атын коюп, мектебин ачып иштетип баштады. Анын тобокелчил, эркектей күчтүү сапаты бар эле, бет алганын бербеген. Бул саам да ошондой болду. Ал менимче, Кыргызстанда биринчи жолу жеке мектебин ачкан киши катарында тарыхта калды.
Тилекке каршы, мектептин өмүрү кыска болду. Биз, жолдоштору, тууган-туушкандары ж.б. жакындан жардам бердик. Мен кыргыз адабиятынан бекер сабак да берип жүрдүм. Бирок мамлекеттен колдоо болбоду. Мектептин алдында окуу-өндүрүштүк бирикме ачып, китептерди да чыгара баштады. Мени да мажбурлап, экөөбүз 8-класс үчүн кыргыз адабияты боюнча хрестоматия (кошумча окуу куралы катары) түзүп, чыгарып республиканы кыдырып, районолорго кирип, өзүбүз сатууга кириштик. Ал деле жарытылуу каржы булагын түзбөдү.
Сүйүмкан ал арада «эки мырзанын малайындай» болуп, кыйналып, чарчап кетти. Университеттеги иши, мектеби, докторлук диссертациясын да бүткөрүшү керек эле.
Канткенде курбумдун жүгүн жеңилдетсем деп көп ойлондум. Акыры декандык милдетимден пайдаланып, бир ыңгайлуу жол тапкандай болдум. Бир күнү өзүн деканатка чакырып алып, чай үстүндө мындай сунуш айттым.
— Сүкөш, сен абдан чарчап жүрөсүң, көрүп эле турам. Быяктагы ишиң, мектебиңдин түйшүгү, диссертацияң да жылбай калды. Бир жылга жуук илимий кызматкерликке чыгарайын, диссертациямды бүтүрүшүм керек деп арыз жаз, жок дегенде мектебиңди бир жаңсыл кылып алдыга жылдырып аласың.
— Бир жылда диссертациямды бүтүрө албайм, бүтүрө албасам уят болот го, — деди.
— Эч нерсе эмес, чыгармачылык кризис деп жылмаңдап жетип келбей жаның жокпу?
Экөөбүз тең каткырып күлдүк.
— Ой оңбогон кудагый ой, таппаганың жок, — деди жадырап.
Ошентип, айткандай эле арызын жазып, улук илимий кызматкерликке чыгып кетти. Бул чечим ошол кырдаалдагы эң туура чечим болгон. Мектептин иши жылып, ара чолодо диссертациясын коргоп дегендей. Ал эми, эң негизгиси, курбум кадимкидей эс алып, жүзүнөн чарчоосунун белгиси жоголо түшкөндөй болду.
Диссертациясын бүтүрүп бүтүрбөй, мөөнөтү бүткөндө ишке чыкты. Ал учурда биздин курсташтарыбыз филология илимдеринин кандидаты, доцент Райымжан Эгембердиев жубайы курсташыбыз Бегай Макибаева менен Жалал-Абадка университетке иштөө үчүн көчүп кетишкен. Сүйүмкан чыгарган китептерден артынып алып (сатып келишибиз керек эле) Жалал-Абадка досторубуздукуна эки иш менен деп жөнөп калдык. Досторубуз бизди жер кыдыртып жакшы эс алдырышты. Китептерди да мерчемдүү жерлерге сатып берүүгө калтырып, кайра Бишкекке кайтып келдик. Сүйүмкан коргоого чыгып калса да тыйын-тыпыр керек эле.
Жалал-Абаддан келгенибизден көп өтпөй эле Сүкөш чалып калды.
— Кудагый, мен «туруп эле коргоого чыкканы калдым» дейт күлүп. Мен түшүнбөй калдым, анткени диссертациясынын акыркы варианты али толук бүтө элек болчу. Көрсө, ал кезде тил илими боюнча Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы доцент Бейшебай Усубалиев Сүйүмканга телефон чалып, «ишти тездеп бүтүрүшүңүз, коргоого коюшуңуз керек, — дептир. Ошондон баштап Сүкөш талбай эмгектенип, илимий иши тез эле бүтүп калды. Акча Жалал-Абаддан жакында келбейт, диссертациянын авторефератын чыгарыш керек ж.б. толгон түйшүк. Бардыгына чогуу жүгүрдүк. Сүйүмкан күнү-түнү жанталашып иштеп, диссертациясын белгиленген мөөнөттө коргоого жетишти. Ал кезде кыргыз окумуштуулары жетишпей, Казакстандан окумуштуулар Советке да мүчө, оппоненттикке да чакырылып келише турган. Эки оппоненти Казакстандан болуп калды, аларды куштап алып келип, сыйлап жөнөтүү керек эле. Ошондогу Сүйүмкандан мага карата «зордугу» күч болгонун эстеп, азыркыга чейин күлөбүз. Ал мындайча болгон.
Менин үчүнчү балам боюмда эле, төрөтүм эртең-бүгүн болуп калган маал. Анан ошол мезгилде Нурдин Алма-Атага барып Сүкөштүн коргоосуна окумуштууларды алып келип кайра жеткириши керек, анткени жолдошторубуздун арасынан биздин гана «Жигули» маркасында ал убакта машинебиз болгон. Ошондо Сүкөш мага айтып жатпайбы. «Айланайын, кудагый мен жактагыча төрөбөй тура көр, болбосо өлдүм» деп. Айтканындай болуп, мен Сүкөш коргогуча көз жарбадым.
Сүйүмкан тил илиминин ошол кездеги жаңы тармагы болгон көркөм текстке лингвистикалык талдоо боюнча изилдөө ишине XX кылымдын 80-жылдарынан баштап киришкен. Анын коргоого чейин «Ч. Айтматовдун көркөм чыгармаларына тексттик илик» (1987), ушул проблеманы дагы да тереңдетип, «Ч. Айтматовдун чыгармаларына тексттик талдоо» (1989) деген аталыштагы эмгектерин чыгарды. Ал эми докторлук диссертациясын 2000-жылы, «Тексттин семантикасы жана структурасы (Ч.Айтматовдун көркөм чыгармалары боюнча)» деген темада ийгиликтүү коргоп, илимдин доктору болду. Кийин ал боюнча «Текст: семантика, структура» деген аталышта илимий монографиясын чыгарды. Бул баа жеткис эмгектердин бардыгы бүгүнкү күндө филология илимдеринин доктору, профессор, эмгекчил мыкты окумуштуу Сүйүмкан Өмүралиевадан калган илимий мурас, таберик болуп калды.
Сүкөш юмор менен сүйлөп, чукугандай сөз тапкан адам эле. БГУда иштеп жүргөн кезинде, ал тил илиминин кафедрасынын башчысы, мен декан болуп иштеп, жолдоштуктан өтүп кызматташ, пикирлеш болуп көп жыл чогуу иштедик. Ар кандай кырдаалдарды баштан кечирдик. Кээде жетекчиликтен адилеттик таппай кыйналган драмалык учурлар да көп болду.
Сүйүмкан боюнча эскерүүм түгөнбөйт. 1966-жылдан өмүрүнүн акырына чейин теңтуш болуп, андан өтүп ачыбызга айланып, тогубузга толгонуп бир туугандай мамиледе болдук. Сен мен дешпедик. Балдарыбыз чогуу чоңоюшту. Күтпөгөн жерден ооруп калып, арабыздан 63 жашында узап кете берди. Биз, достору, шеринелештери, ар бир жолугушууда Сүкөштүн сөздөрүн, жоруктарын сөзсүз эскеребиз.
Кыргызда «беш кол тең эмес» деген бир макал бар. БГУда декан болуп иштеп турганымда Сүйүмкан алуучу «КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген наамды андан тартып алып, «абийирсиздик» кылган имишмин. Убагында аны да газетага жазып түшүндүрмө берсем да, Сүкөштү 80 жылдык юбилейинде эскерип жатып, дагы бир жолу иштин жагдайы кандай болгонун айта кетким келди.
Мен БГУда кыргыз филологиясы факультетинин деканы болуп калганымда БГУнун 25 жылдык мааракесине карата бир катар окутуучуларды аталган наамга окумуштуулар кеңеши көрсөткөн. Алар: Роман-Герман факультетинин деканы, профессор Нарынкүл Хусеиновна, орус филологиясы факультетинин деканы, профессор Светлана Элебесова, мен жана профессор Елима Еркиновна болушкан. Ал жолу үч декан тең албай калып, профессор Елима Еркиновна эле алган эле. Эки жылдан кийин кайра да факультетке эки сыйлык: 1. КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, 2. КРнын Ардак Грамотасы ректорат тарабынан бөлүнүп калды. Факультеттегилер Сүкөш экөөбүздү көрсөтүшүп, «өзүңөр бөлүшүп алгыла эжелер» деп, тандоону биздин өзүбүзгө коюшту.
Сүйүмкан экөөбүз калдык. Мен айттым, сыйлык үчүн жаман жакшы көрүшүп жүрбөйлү, сен эмне дейсиң Сүкөш, каалооңду айт! — дегенимде Сүкөш: «Сен кандай айтсаң ошондой болсун» деген эле. Ошондо мен: «КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер наамына эки жыл мурун көрсөтүлүп, албай калганымды билесиң. Университет ачылгандан бери кафедра башчысы, декан болуп иштеп, факультеттин түптөлүшүнө жакшы эле эмгегим сиңди, мен өткөндө көрсөтүлгөн сыйлыкка эле кайра берейин» — дедим. Сүкөш «туура» — деп дароо макул болду. Чечимибизди коллективге угузганыбызда алар да туура көрүштү. Бирок мен экинчи жолу көрсөтүлгөнүмдө наамды алып калдым, Сүкөш өтпөй калды. Ушундай болгон, бул боюнча экөөбүз эч кандай араздашып, мамилебизди бузган жок элек. Чынын айтсам кийинки сыйлык боюнча мага жабылган жалаа, каралоо кимден чыкканы күнү бүгүн да мага белгисиз бойдон жүрөгүмдү оорутуп келет. Ким болсо да, жолу болсун демекчимин, пенделик!
Биз бул жашоого конок экенбиз. Бири бири-бирибизди мезгил, сааты келгенде кайтпас сапарга узатып, аргасыз кала берет экенбиз. Сүкөштөн кийин Райымжан, Чолпон, Намазбек деген теңтуштардын көзү өтүп кетти. Бардыгынын жаткан жери жайлуу болсун деп тилек кылып, дуба кылып жүрөбүз. Сүкөштүкү эң армандуу өлүм болуп калды. Алпештеп баккан Алтынайы эле артында калганда эмне, бири кем дүйнө деген ушул белем?!. Арбагы ыраазы болсун!
Лайли ҮКҮБАЕВА,
филология илимдеринин доктору, профессор.
Комментарийлер