ЙОТТОШКОН ТАМГАЛАРДЫ АЛЫП САЛАЛЫ, БИРОК…
- 03.07.2026
- 0
Кыргыз орфографиясын реформалоо аракети буга чейин да бир нече ирет жасалып, ишке ашпай калган. Мунун негизги үч себеби бар:
- Узак жылдар бою туура деп колдонулуп келген эрежелерди өзгөртүүгө коомдо каршылык болбой койбойт экен. Анткени жаңы эрежелерге көнүп кетүү үчүн кыйла күч-аракет, убакыт талап кылынат.
- Сунушталган өзгөртүүлөр коомчулукка жетиштүү деңгээлде түшүндүрүлбөгөн.
- Өзгөртүүлөрдүн логикасы ырааттуу сакталбаган учурлар да бар.
Бирок өз ара сый мамилени сактап, алгылыктуу сунуш-пикирлерди жалпылай алсак, тилибиздин өнүгүүсү үчүн жакшы өбөлгө түзүлөт деп ойлойм.
Быйыл КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын демилгеси менен иштелип чыккан орфографиялык эрежелердин вариантында негиздүү сунуштар бар. Мисалы, йоттошкон тамгаларды кыргыз тилинин төл сөздөрүндө колдонбой, анын ордуна йе, йо жана йу жана йа түрүндө жазууга жол берилет деген. Анткени мунун орус тилиндегидей ыңгайлуу учурларынан эрежеге туура келбей, ыңгайсыздык жараткан учурлары көптүк кылат.
Й тыбышы бардык үндүүлөр менен катар келет: байа, тийеше, койон, бөйөн, уйук, үйү, тыйын, кийим.
“Боёюн”, “коёюн” сыяктуу йоттошкон тамгалар удаа келген учурларда эң көп ката кетирилери белгилүү. “Туюу”, “аёо”, “таяар” сыяктуу сөздөрдү окуучулар кантип жазууну билбей, йоттошкон тамгадан кийин эки үндүү тамга жазган (“туюуу”, “аёоо”, “таяаар”) себеби да түшүнүктүү – созулма үндүүлөр жуп-жубу менен жазылат деген эреже бар эмеспи. Созулма үндүүнүн бир бөлүгүн ёттошкон тамга билдирет деп элестетүүгө ыңгайсыз экен.
Ё тамгасын орус тилинде е түрүндө деле жазса боло берет деген эреженин таасири менен кыргызча “боек”, “коен” ж.б. деп жазгандар көп. “Түюн”, күёө” деп жазгандар да бар.
Ушундай учурларды эске алганда, кыргыздын төл сөздөрүндө йоттошкон тамгалар колдонулбайт, анын ордуна й жана тиешелүү үндүү тамга жазылат деп эрежени логикалуу нукка салуу сунушун толугу менен колдоо керек.
Бирок арасат чечимдер да кездешет. Мисалы, ошол эле йоттошкон жана биздин тилге мүнөздүү эмес башка тамгалар чет тилдерден кирген сөздөрдү жазганда колдонулат деген жобо ушундай. Мунун дайыма эле ачык айтыла бербеген жүйөсү Кыргызстанда эӊ көп колдонулуп жаткан орус тилинин таасирине байланышкан:
А. ЖОЖдордо кыргыз тилдүү эле студенттер илимий мазмундагы тексттердин басымдуу бөлүгүн орус тилинде окушат, анткени эне тилибизде жарык көргөндөрү өтө аз. Биздин алфавитти өзгөртсөк, балдарыбыздын орусча жазгандагы сабаттуулугуна кедергисин тийгизет деп ойлогондор көп. (Чындыгында кеп ар кимдин билимге болгон мамилесинде. Мисалы, Москва мамлекеттик университетинин студенттеринин арасында эң жөнөкөй нерселерди билбегендер көп экен).
Б. Россиянын медиасы /теле жана радио каналдары, сайттары, маалымат агенттиктери/ эң кеңири окулат, угулат, көрүлөт.
В. Эмгек мигранттарынын кыйласы Европага агылганы менен, негизги бөлүгү дагы эле Россияда иштеп жатат. (Москва менен Бишкектин экономикалык жана саясий мамилеси солгундап-салкындаган учурлар болот, бирок ал эч качан биротоло үзүлүп калбайт.)
Азыр сунушталып жаткандай, йоттошкон тамгалардын ичинен е ордунда кала берсе, ал орус орфографиясынан көчүрүлгөн эреженин көнүмүш таасири менен сөз башында жана үндүү тыбышты билдирген тамгадан кийин йе болуп окула бериши толук ыктымал. Кезинде казак тилчилери деле е тамгасы [э] тыбышы үчүн гана колдонулат деп чечкен окшойт, а иш жүзүндө андай болбой калыптыр: енди [йенди], Есенберлин [йесенберлин], егемен [йегемен]. (Бул пикиримди эксперттик топтун жыйынында айтканмын.)
Казак орфоэпиясында бул тамганын угулушу ушундай экендигин ватсап аркылуу сураганымда кыргыздын белгилүү акын, жазуучуларынын чыгармаларын казак тилине оодарган котормочу, редактор Гүлнур Кыраңбай да ырастады:
– Гүлнур, саламатсызбы. Мен журналист, редактормун. Казак тилинен бир суроого компетенттүү жооп алышым керек десем, сиздин номурду акын Назгүл Осмонова берди. Сиздердин тилде е тамгасы сөз башында келгенде бир гана үндүү тыбышты билдиреби же «й+е» болуп окулабы? Мисалы, «егемен» – [йегемен} болуп окулабы же й тыбышы катышпайбы?
– Сәлеметсіз бе! Е сөз басында дифтонг [й+е] болып айтылады, дауыссыздан кейін э дыбысына ұқсас естіледі.
– “Ермек, Есенберлин, ел” сыяктуу сөздөрдүн башында да [й+е] окулабы?
– Иә.
Казак тилине орус орфоэпиясы кандай таасир эткенин көрдүк. Кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн тарытпай сактоо жагынан эки анжы маанай үстөмдүк кылган шартта бул таасирди жоюш кыйын, дээрлик мүмкүн эмес. Бизде сунушталып жаткандай е тамгасы дайыма бир гана [е] үндүү тыбышты билдирет деп койгонубуз менен, баары бир созулма ээ да так айтылбайт. Мисалы, “жээк” эмес, “жеек” деп жазсак [жейек] болуп окула берет (“бээ” → “бее” – [бейе], “мээр” → [мейер] ж.б.). Эгер чет тилдерден кирген сөздөр орус орфографиясына ылайык жазылат деген эрежени алып салсак, мындай каталарга жол берилбей калат.
Түрк тилдүү өлкөлөр бирдиктүү алфавитке өтөлү деп жатат. Мунсуз деле тээ 90-жылдардан бери латын арибин жактагандар көп болуп келген. Бирок е тамгасынын колдонулушун тактап албасак, латынга өтүп алганга чейин эле казак туугандарга окшоп «йеркин», «йегемен» деп калышыбыз толук ыктымал. Ошентип, латынга өткөн соң yerkin, yegemen деп жаза баштабайбызбы?..
Негизи, латын тамгасына өтпөй койбойбуз деген көз караштын да объективдүү жүйөсү бар. Бул тамганы колдонгондор соңку жылдары бизге канатташ казактар жана башка элдерде эле эмес, орус улутундагылардын арасында деле кездеше баштады. Гугл котормо тиркемесин колдонуп, башка тилден, мисалы, англисчеден же кыргызчадан орусчага оодарганда, кирил тамгасындагы котормодон кийин ошол эле орусча тексттин латынча транскрипциясы да келтирилет:
Латын тамгасына өтүү зарылбы?
Latın tamgasına ötüü zarılbı? //
Необходимо ли переходить на латиницу?
Neobkhodimo li perekhodit’ na latinitsu?
“– Мен сени ооруп калдыбы десем… – Султанмураттын үнү титирей түштү.
Мырзагүл ага жооп берген жок, бир гана:
– Мына, – деди да, төрт бүктөлгөн жүзаарчы берди. – Сага!
Башка сөз айтпастан жөнөй берди.
Кийин Султанмурат ушул жүзаарчы менен сүйлөшө турган. Бир күндө нечен ирет чөнтөгүнөн алып чыгып, жибек жип менен саймаланган жүзаарчыны карайт. Кайра чөнтөгүнө салып, аздан соң сагынып кеткендей кайра карайт. Дептердин барагындай жүзаарчынын бурч-бурчуна, четтерине гүл, жалбырак түшүрүп сайма сайыптыр, бир бурчундагы гүл арасына кызыл жип менен үч тамга жазыптыр:
S g M.
Мунусу “Султанмурат жана Мырзагүл” дегени го! А кезде кыргыздар ийкемдүү латын тамгасын окучу, латынча жазылган бул үч тамга Султанмураттын узун сабак катына берген жообу эле”.
Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинен.
Эртеби, кечпи, латынга өтпөй калбайбыз. Кирил тамгада жазылган китептер деле эч кыйынчылыксыз окула берет. Аларды кайрадан басып чыгаруу зарыл болгондо электрондоштуруп, автоматтык түрдө латынчага оодарууга болот – жок дегенде иштин негизги бөлүгү абдан оңой аткарылат. Бир гана орус тамгасына көнүп калган ортоңку жана улуу муундун өкүлдөрү латын графикасындагы кыргызча тексттерди деле смартфондун жардамы менен кайра кирилге оодарып алып окуй берсе болот.
“Латынга өткөнгө чейин орфографиядагы талаш маселелерди талкуулабай эле коюш керек, өтүп алсак, баары өзүнөн өзү чечилет” деген пикир да көп айтылууда. Мунун жүйөсү бар. Бирок тил маселесине үстүрт карап, буйрук менен эле чечип койсо болот десек, катуу жаңылабыз. Мисалы, кошуна Өзбекстандын латынга өтүүдөгү катачылыктарына бийликтин өкүмчүл мамилеси себепкер болгон деп ойлойм.
Тил саясатын утурумдук мүдөөлөргө байлабай, ички логикасы менен ырааттуу жүргүзө бериш керек. Эне тилибизди орус тилине каршы койбойбуз, бирок анын көлөкөсүндө калтырбайлы. Бул максатка эч ким тоскоолдук кылууга акысы жок.
Тилди сактап, өнүктүрүү үчүн анын табиятына каршы келген нерселерди жоюш керек экен. Мисалы, “чет тилдерден кирген сөздөрдү орус орфографиясына тууралап жазабыз” деген эреже ошондой зыяндуу.
Айтмакчы, орфоэпиялык айрым маселелерди кошумча тамгасыз эле чечүү мүмкүнчүлүгү да бар. Мисалы, жоон үндүүлөр катышкан учурда к жана г түпчүл, ичке үндүүлөрдүн жанында орточул болуп окуларын түшүндүрүп койсок эле, эч кандай кошумча тамгалар зарыл болбойт. Ичке үндүү катышкан муунга удаа же анын алдында келген а тыбышы ичкерип, ә болуп угулат: маанилүү, адилет. (Мен ушул үч тыбышты атайын айырмалап жазууга деле каршы эмесмин. Бирок алфавиттеги тамгалар жетиштүү сандан ашпаганы оң деп эсептейм.)
Окутуу усулдарын өркүндөтүп, окуу китептерди кызыктуу, мазмундуу кылып түзсөк, мугалимдерди башкача даярдасак (абитуриенттерди тандоодон баштап ЖОЖдо окутуу жана кийин кесиптик камылгасын арттырууга чейин), азыркы талаш-тартыштардын 90 пайызы өзүнөн өзү эле чечилет. Латынга өтүү убагы келгенде да муну эске алуу зарыл.
Жолдош ТУРДУБАЕВ,
адабиятчы, жаңы орфографиялык эрежелерди жаңыртуу боюнча түзүлгөн эксперттик топтун мүчөсү
Комментарийлер