«ЫРЫС ОРДОДОГУ» САЛТАНАТ ЖАНА АГАРТУУ ТАРМАГЫНДАГЫ СТРАТЕГИЯЛЫК РЕФОРМАЛАР
- 05.10.2026
- 0
5-ОКТЯБРЬ — КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ
Кайсы гана мамлекет болбосун, анын кубаттуулугу, интеллектуалдык дарамети жана келечеги билим берүү системасынын деңгээли менен ченелет. Ар жылы 5-октябрда белгиленүүчү Билим берүү кызматкерлеринин күнү — бул жөн гана кесиптик майрам эмес, өлкөнүн адамдык капиталын калыптандырып жаткан инсандарга таазим кылуу жана тармактагы өзгөрүүлөргө сереп салуу күнү.
Быйылкы агартуучулардын кесиптик майрамы өзгөчө тарыхый мааниге ээ болду. Жаңы эле ачылган, өлкөбүздүн өнүгүү темпин чагылдырган «Ырыс Ордо» мамлекеттик комплексинде ШОС саммитинен кийинки эң биринчи коомдук иш-чара дал ушул мугалимдердин урматына өттү. Бул мамлекеттин адам капиталын калыптандырып жаткан агартуучуларга болгон өзгөчө урматынын белгиси катары бааланды.
Салтанаттуу жыйынга республикабыздын бардык аймактарынан келген мектептердин жаратман мугалимдери, бала бакчалардын, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, ардагерлер, окумуштуулар, эл аралык өнөктөштөр жана мурдагы министрлик жетекчилери катышты. Жыйынды Агартуу министрлиги ачып, катышуучуларга тармактагы соңку жетишкендиктер тууралуу даректүү видеотасма тартууланды.
Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев чогулгандарды куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун билим берүү кызматкерлерине жолдогон кайрылуусун окуп берди.
Мамлекет башчысынын Кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун агартуучуларга кайрылуусунан:
«Чех элинин улуу ойчулу, педагог Коменскийдин «Күн алдында мугалимден бийик эч ким жок» деп таасын белгилеген сөзү бар. Анын сыңарындай, бүгүнкү күндө да мугалимдик кесипти аркалаган агартуучуларыбыз биздин келечегибизди аныктай турган жападан жалгыз кесип ээлери. Ошондуктан мугалимге болгон сый-урматты өлкөбүздүн келечегине карата сый-урмат катары белгилешибиз керек».
Билим берүү тармагындагы реформалар боюнча:
«12 жылдык билим берүү системасына өтүү — бул билим берүүнүн мазмунун, окуу программаларын, стандарттарды, окутуунун ыкмаларын жана педагог кадрларды даярдоо системасын терең трансформациялоо, башкача айтканда, дүйнөлүк алкакка чыгуу болуп саналат. Бул — биздин стратегиялык кадамыбыз. Бул багытта бүгүнкү күндүн талаптарына жараша жаттоого негизделген системадан баланы өз алдынча ойлонууга, командада иштөөгө жана жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга үйрөткөн системага өткөрүшүбүз керек».
«Билим берүүнү өзгөртмөйүнчө, өлкөнүн келечегин өзгөртүү эч мүмкүн эмес. Бул үчүн мамлекет бардык күч-аракетин жумшайт, ошол эле учурда мугалимдерибиз да өзгөрүшү керек. «Алтын казык» программасы билим берүү системасынын кагаздагы эле реформасы болуп калбашы керек. Ал туруктуу өнүгүүнүн, жоопкерчиликтин, инновациялардын жана сапаттын жаңы билим берүү маданиятын калыптандыруунун негизи болууга тийиш».
Окуу китептери маселеси боюнча:
«Көп жылдардан бери чечилбей, көйгөйгө айланып, кризистик абалга кептелген окуу китептери боюнча маселеге көңүл бура баштадык… Бул көйгөйдү чечүү үчүн 8,5 миллиард сом бөлүү чечимин кабыл алдым».
Президенттин кайрылуусунда белгиленгендей, өлкөдө билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча конкреттүү долбоорлор ишке ашууда:
- Эрте курактагы билим: Бала бакчага барбай калган бала калбашы үчүн бош турган мамлекеттик имараттарды бала бакчаларга айландыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү милдети коюлду.
- Инновация жана STEM: Жаңы окуу жылында 500 мектепте шахмат ийримдери ачылды. Жасалма интеллект, робототехника, дрондорду башкаруу жана программалоону үйрөтүүчү 53 IT-кванториум ачылып, 720 мектеп STEM-лабораториялары менен жабдылууда.
- Эл аралык стандарт (PISA): Кыргызстан 16 жылдан кийин PISA эл аралык изилдөөсүнө кайра катышып, мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу байкалаарлык ийгиликтерге жетишти.
Салтанаттуу жыйындын алкагында өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген предметтик мыкты мугалимдер, тарбиячылар, методисттер жана класс жетекчилер сахнага чакырылып, атайын сыйлыктарга ээ болушту.
Ал эми республикалык сынактын башкы сыйлыгы — Гран-при ээси болуп Ысык-Көл облусунун Тамчы мектебинин Диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Бакирова Меруэт Омүрбековна аталып, ага Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин сертификаты салтанаттуу түрдө тапшырылды.
«Ырыс Ордодо» өткөн масштабдуу жыйын мамлекеттин билим берүү тармагына, мугалимдерге болгон жогорку мамилесин дагы бир ирет айкын көрсөттү. Президент белгилегендей, «мээнети катуу» агартуучулардын колунда өлкөнүн эртеңки ээлери — билимдүү, тарбиялуу жана мекенчил муун калыптанып жатат. Билим берүү тармагына жумшалган ар бир инвестиция — Кыргызстандын кубаттуу келечегине жасалган эң ишенимдүү кадам.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”