ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЖАНА НИКЕНИН ПСИХОЛОГИЯЛЫК   БААЛУУЛУКТАРЫ

  • 17.01.2022
  • 0

 Үй-бүлө бул социалдык коомдун бир бөлүгү. Аны, схематикалык түрдө карай турган болсок — коомдук мамилелердин бир тармагы катары каралат. Ушул тегиздиктен  карай  турган болсок социалдык, экономикалык,  саясий жана үй-бүлөлүк  мамилелердин каражаты менен чечиле турган — социалдык психологиянын объектиси. Үй-бүлөнүн туруктуу болушу анын каражаты болгон, үйлөнө турган инсандардын “нике” түшүнүгүнө терең түшүнүп, анын коомдогу ордун так таанып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн фундаменталдуу мамиледе жашай алышы. Ал эми анын активдүү жашашы, үй-бүлөнүн курамына кирген  инсандардын социалдык мамилесине жараша өнүгүшүн айтууга болот. Эгерде үй-бүлөлүк мамиленин психологиялык табиятына маани бере турган болсок алар төмөндөгүдөй чечмеленет.

ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЖАНА НИКЕНИН ПСИХОЛОГИЯЛЫК   БААЛУУЛУКТАРЫ

Үй-бүлөнүн туруктуу болушу, инсандардагы психикалык процесстердин иштешине жараша болот. Үй-бүлөнүн бузулушуна себепчи болгон “конфликт”,  мамилени уюштуруудагы укук менен милдеттин  өз ара мамиле келишпөөчүлүгүнө жараша жаралат. Аны биз никенин маданиятындагы жөрөлгөлөрүнөн, функциянын бөлүштүрүлүшүнөн, мамиленин иерархиялык жайгашуу абалынан, үй-бүлөлүк микро – макро саясаттарынан учуратып келе жатабыз. Бул факторлорду анализге ала турган болсок: азыркы учурдагы мамлекеттик деңгээлдеги кызмат орундар бир жактуу өлчөнүп, сапаттык жагдайдагы коомдук өнүгүүнү артка тартып жаткан мезгил. Анткени билим менен тарбия берүүнүн катышы бирдей болбой, тарбияга караганда билим берүү алдыга кетип, тарбия өз баасын көрсөтө албай жатат. Айрым бир кыргыз менталитетине таяна турган болсок: “Куш уясында эмнени көрсө ошону алат” – деп айтылган макалдан эле билсе болот. Ушундай психикалык абалдар: коомдук, мамлекеттик мазмундагы жетекчилик кызматтагы адистер, үй-бүлөдөн оң тарбияны ала турган болсо, ал, мекенчил, адамгерчиликтүү, эл-журтка ак эмгек менен кызмат кылган, коомдук менчикти көзүнүн карегиндей сактоого ынтызар болгон, өз билимин ата мекенине, эли журтуна, элим жерим деп күйүп бышкан инсандык сапатка ээ болгон адистер болушат. Бирок турмуш башка векторду көрсөтүп жатат. Азыркы адистер, мамлекеттин жогорку кызматына барып калса, кыргыз эли, коому үчүн иштебестен, алдым-жуттум, өзүмчүл, коррупционер, эгоист ж.б. коомго жагымсыз абалдарды жаратып жатышат.  Бул адамдар кайсыл, кандай үй-бүлөдөн чыкты экен деген ой кетпей койбойт. Ошондуктан үй-бүлөлүк системаны ар тараптан изилдөө азыркы күндүн актуалдуу маселелеринин бири.

ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЖАНА НИКЕНИН ПСИХОЛОГИЯЛЫК   БААЛУУЛУКТАРЫ           Эгерде ушул тегиздиктеги изилдөөнү тереңдете турган болсок, биздин коомго керектүү болгон инсандарды жаратууда,  үй-бүлөлүк мамилени туура уюштуруп ажырашуулардын санын азайтып, андай абалдарды жок кылуу багытындагы идеологиялык саясатты уюштуруу керек. Аны үчүн үй-бүлө мүчөлөрүн никелештирүүгө багыталган никенин фунциясына, укуктук нормативине, анын маани-маңызына, баалуулугуна, психологиялык жагдайларына, никенин жашоодогу стратегиясына, таалим-тарбиясына терең маани бере турган билимди эл арасына калыптандырууну сунуштайбыз.

“Нике” деген терминге маани бере турган болсок, бул персы тилинен алынып, никелешип жаткан адамдардын ортосуна өз ара мамилени туура уюштурууга багытталган милдеттерди жаратуучу “ыйык баалуулук” жана “психикалык күч” экендигин билүүгө болот. Никенин маани-маңызына токтоло турган болсок, ал төмөндөгүдөй түшүнүктөрдү берет: 1) диндик көз карашта карай турган болсок: ал “адалдануу”, “адалдоо”, “ кудайга ак болуу” ж.б. дегенди  билдирсе; 2) укуктук жактан караганда: ал “менчиктештирүү” башкача айтканда, үйлөнүп жаткан инсандар үчүн, бири-бирине менчик адамдар болуп калышат. Ошондуктан алардын ортосундагы өз ара мамиле  жалпылык мүнөзгө ээ болбостон, жекелик мүнөзгө ээ болуп жаткандыктан, алар бирин-бири жакшы көрүүгө, жакындан ызаттык мамиледе болууга, чоң даражадагы укукка ээ болууга, кала берсе чын дилинен сүйүүгө, бири-бирине кам көрүүгө  ж.б. мамилелерди аткарууга укук алышат. Ошол эле мезгилде тескери мүнөзгө ээ болгон: кызганууга, таарынууга, жемелөөгө, эскертүүгө  ж.б. иш-аракеттерге да уккуктуу болушат; 3) никени кыргыз менталитетте  карай турган болсок, никелешүү — социалдык мамиленин туу чокусунда туруп, эң жогорку деңгээлдеги бири-бирине карата болгон “ишенимдин” калыптанышы. Эки жаш үйлөнгөндөн кийин ошол үй-бүлөдөгү эң ишеничтүү адамы аялы жана күйөөсү  болот.  Анткени өздөрүнө таандык болгон көйгөйлөрдү чечүүдө, эч кимге айтууга болбогон жашыруун сырларды, үй-бүлөлүк каражаттарды чечүүдө, үй-бүлөнүн курамын пландаш- тырууда (бала-чакалуу болууга), биринчи экөө маакулдашып, анан керектүү  адамдарга (ата-энелерге,   тууган урукка,  жоро жолдошко ж.б.) айтышат.

Никелешүүнүн мыйзамы үй-бүлө мүчөлөрүнө ушундай укуктарды  бергендиктен алар, бул эрежелердин аткарылышын бири-биринен талап кылышат. Бирок турмушта бул эрежедеги мамилелер толук жана так аткарылбай жаткандыктан үй-бүлөлүк жаңжалдашуу (конфликт) пайда болуп, жаштардын арасында ажырашуулар көбөйүп кеткен.  Мындай ажырашуунун байма-бай болуп турушу, бизге окшогон эми өнүгүп келе жаткан мамлекет үчүн саясий жана экономикалык негизде өтө зыян. Колдон келсе үй-бүлөлүк ажырашуунун санын кескин азайтуу керек. Аны үчүн жаштарды,   мектептин жогорку класстагы окуучуларынан баштап, орто  жана жогорку окуу жайлардын студенттерине социалдык психологиянын мыйзам ченемдеринде, тереңдетилген билим берүү, биринчиден, ажырашуунун санын азайтса, экинчиден, үй-бүлөдөгү жарыкка келген инсандардын оң мазмундагы инсандык сапатын  калыптандырып, коомдо, мамлекетте, жалпы эле элде, кала берсе өз үй-бүлөсүндө дагы туура көз караштагы, чыныгы инсандар жарала баштайт.

ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЖАНА НИКЕНИН ПСИХОЛОГИЯЛЫК   БААЛУУЛУКТАРЫ            Мындай үй-бүлөлүк мыйзам ченемдердин аткарылышын, аял менен эркектин өз ара мамилесиндеги социалдык мамилелердин уюштурулушунан карайлы. Мисалы, үйүнө келген күйөөсү, эшикти ачып үйгө кирсе, күндө тосуп чыгып жүргөн аялынын ордуна баласы же кыз тосуп чыкса, алар менен жылуу  учурашкандан кийин, атасы кааласа да, каалабаса да балдарынан “апаңар  каякта?” деген суроо эркектер үчүн көнүмүш адат. Эгерде бул окуяга психологиялык жактан анализ бере турган болсок, ал төмөндөгүдөй психикалык жагдайды түшүндүрөт. Адамдын социалдык жашоосу бир канча психикалык абалдардан турат: адаптация, агрессия, депрессия, фрустрация, стресс, аффект, көңүл жана энпатия ж.б. Ушул жагдайда караганда күйөөсүндө энпатиялык жана адаптациялык абалдар пайда болуп аялына карата болгон тынчсызданууну көрүүгө болот. Б.а. жалгызсыроо, аяп кетүү, боору ачуу, сагынып кетүүнүн элементтери, кусалык сезимдердин болушу менен астеникалык (лат.сөз. кыргызча тескери, жагымсыз туюу сезимдердин болушу) абалдарга учурап, тамакка, жагымдуу мамилеге  көңүлү чаппай, өзүн үйдүн ичинде жалгыз калган сыяктуу сезимдер коштоп калган учур болот. Эркекти ушул абалдан чыгарып кетүү, аялынын колунда. Бул абалды түшүнгөн аялы, өзү үйдө жок болсо дагы күйөөсүнүн иштен же талаадан келе тургандыгын билсе, үйүндөгү уулуна же кызына коңгуроо чалып, аларга: атаңар келдиби, келсе атаңдын кийимдерин шкафка илип, бут кийимин өз жайына коюп, үйдө кийүүчү тапичкесин берип, үйгө киришин сунуштап, телевизорду коюп, башкаруу пултун колуна бер. Холодильникти ачсаң (тамактын атын айтып) аларды микроволновкага ысытып, чайды тефалга кайнатпастан, газда жакшы кайнатып, атаң ичип жүрүүчү чайдан салып, демдеп бер деп, бардык (сервисди) түшүндүрүп, анан столго (дасторконго) коюп берүүнү сунуштоо эркектин чекесин жылытып, жогорку пайда болгон психикалык-эмоциялык субъективдүү абалдарды бир кыйла деңгээлге төмөндөтөт.

Ушул мисалдын тескери жагын карайлы. Күйөөсү иштен келип үйдө отурса, аялы үйгө кечирээк келип калса, күйөөсү эмнеге кечиктиң деген суроого аялы теригип, сен деле кечигип келесиң го деген каршы сөз менен жооп бериши, конфликттин алгачкы элементин жаратат. Ушундай элементтер чогулуп отуруп бир күнү жарылууну пайда кылуу менен үй-бүлөдө конфликт жаралып, ал улам өрчүй бере турган болсо ал үй-бүлөдөгү ажырашууну алып келет.       Ажырашуунун кесепети балдарда психикалык кризисти жаратат. Андай балдар — коомдогу, үй-бүлөдөгү, мектептеги тарбияга кош көңүл карап, өз билгендерин жасай башташат. Натыйжада мектепти бүтө элек балдардын арасында, коомдук тартипти бузуп, милицияга түшкөн балдардын көпчүлүгү ушул балдар болуп жатышат. Ошондуктан алар үйүнөн качып, жертөлөлөрдө жашап, майда уурулукка барып, үй-жайды бүлүндүрүүчү тартип бузуучуларды, жолдун боюна турган “көпөлөк кыздарды” жаратып жатат. Мындай фактылар өтө эле көп. Ага карабастан биз (коомчулук) алдын алуу жумуштарын уюштуруп: коомдо туура саясатагы үгүттөө, ишендирүү, таалим-тарбия берүү жолдору менен иш алып бара беришибиз керек. Кыргыз макалында айтылган, “Кызга кырк үйдөн тыюу” сыяктуу макалдарды карманып, кыргыз менталитетине мүнөздүү келген тарбиялык жумушту алып бара беришибиз керек. Бирок, замандын өнүгүү цивилизациясы бирдей болбогондуктан, ар бир мезгилдеги тарбияны  илимий теорияларга таянуу менен өнүктүүрө бергенибиз жакшы.                Азыркы замандын талабына ылайыктуу иш алып барыш үчүн орустун улуу педагогу К.Д.Ушинскийдин тарбияга берген теориясына таянуу менен иш алып барган жакшы. Анын теориясында “…тарбия – арабага чегилген ат болсо, окуу (билим) атка чегилген араба”. Билимди тарбия жетелеп жүргөнү абзел. Бирок азыркы капиталисттик коом андай эмес экен. Капитал деп аты айтып тургандай – мамиле жалаң акча менен чечилип, кыргыз менталитетиндеги инсандык баалуулуктар көмүскөдө калып, тарбиялык баалуулуктар өздөрүн көрсөтө албай жатышат. Аны үчүн “тарбияны” мамлекеттик, коомдук, маданияттык деңгээлде коргоого алганыбыз жакшы. Ошондо биз өнүүгү багытындагы инсандарды тарбиялаган болобуз. 

Акимжан Закиров, ОшМУнун профессору, психология илимдеринин кандидаты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер