УСУЛЧУ УУЛЖАНДЫН УСУЛКАНАСЫ
- 13.11.2020
- 0
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Уулжан Жанузакова 40 жылга жакын агартуу тармагында ак эмгек өтөп келатат. Ушул мезгил аралыгында ар бир жеткинчектин билимдүү жана маданияттуу болуп калыптанышы жеке эле мугалимдин эмгегинин натыйжасы эмес экендигине анык көзү жеткен Уулжан Шакыевна башталгыч класс балдарга билим менен кошо турмуштук пайдубалды кошо түптөөрүнө ишенет.
Балдарды уруп жазалоо – ташбоордуктун белгиси
Уулжан Шакыевна Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайын 1980-жылы аяктап, ошол эле жылы Большевик орто мектебинде улуу пионер жетекчиликтен алгачкы агартуучулук чыйыры башталганда, анын өмүрү бүтүндөй балдарды окутууга байланаарына көзү жеткен эле. Ошондуктан Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда жогорку билим алуусун улантып, ошондон ушул күнгө чейин билим берүү майданында үзүрлүү эмгектенип келатат.
– Башталгыч класстагы билим берүү – билим берүүнүн башаты деп бекеринен айтышпайт. Билим менен тарбия айкалыштырылганда гана максатка жете алабыз. Биздин максатыбыз – билимдүү эле эмес, боорукер, тарбиялуу, ыймандуу муунду калыптандыруу, тарбиялап өстүрүү. Ушул бийик вазийпаны аткаруу менин пешенеме жазылганына сыймыктанам. Мен улуу пионер жетекчиси болуп алгач балдардын дүйнөсүнө аралашкандан тарта, башталгыч класстын балдарына билим-тарбия берүүнүн мааниси өтө жогору экендигин түшүнгөм. Буга чейин агартуучулар да, ата-энелер да, эмне үчүн мектептен алган билим жана тарбия жугумдуу болбой жатканына баш катырып келсек, азыркы пандемия кырдаалында кайсы жери алсыз звено экендиги даана көрүндү деп ойлойм. Чындыгында мугалимдер ата-эненин ролун аткара албагандай эле, ата-энелер да мугалимдин ордун алмаштыра албайт, ошондой болсо да, үйдө балдарга көзөмөл жетишээрлик эместиги анык көрүндү. Албетте, ата-энелер иштейт, колдору дайыма эле бошой бербейт дегендей, бирок бала үчүн биринчи кезекте ата-энелер жооптуу да. Анан, сөзсүз баланы курчап турган чөйрөнүн таасири чоң. Заман өзгөрүлүп, анын таасиринде балдар да, биз да өзгөрүлүп жатабыз. Техника өнүп-өсүп жатат, өзгөрүүлөрдүн жакшы жагынан да, терс жагы көбүрөөк тийген жокпу деп тынчсызданган ойлор жаралууда. Ташбоордук, кылмыштуулук, кайдыгерлик өсүп, кыздарыбыз, балдарыбыз өзгөлөрдүн эле эмес, өз ата-эне, бир туугандарынан запкы жеген фактыларга күн сайын күбө болуп жатабыз. Балдарды уруп жазалоо – таш боордуктун белгиси, ал эртең эле ошол көргөн-билгенин башкаларга кайталабайт деп эч ким кепилдик бере албайт, — деп тынчсызданат усулчу Уулжан Жанузакова.
Балдарды тарбиялоодо мектепте мугалим жалгыз болбошу керек, ошондой эле үйдө да ата-энелерге жардамчылар болушу парз экендигин белгилеген тажрыйбалуу педагог, баланы социалдык тоскоолдуксуз эрежеге жеткирүүдө эл аралык фондулардын жардамы көп тийип жатканын белгилейт. Айрыкча окутуучу тренингдер, таркатма окуу куралдары туура багыт алууда өзгөчө жардамчы.
– Биздин өлкө да башка өлкөлөрдөй эле балдарга карата зордук-зомбулуксуз жана социалдык тоскоолдуксуз билим алуу үчүн эффективдүү чөйрө түзүү аракеттерин көрүп келүүдө. Мындай аракеттерден Аксы райондук билим берүү бөлүмү да четте калган жок. Биздин райондо балдар арасында жагымдуу чөйрөдө тартип орното алуу жөндөмдүүлүгү окуучулардын өзүн-өзү башкаруусуна, жоопкерчиликке үндөп, келечекке ишенимдүү барууга шарт түзүү максатында бир топ жумуштары аткарылып жатат. Мугалим мектептеги, ата-эне үйдөгү чөйрөдө жагымдуу маанай түзө алганда гана үлгүлүү жүрүм-турумга гана эмес, сабактарды да талаптагыдай өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Балада өнүгүү, шык, жөндөм, талант, өз алдынчалуулук, боорукерлик ойгонот. Бала болобу, мугалим болобу, ар дайым маанайы жакшы болсо, келечекке үмүт менен умтулса, ошондо гана максаттары ишке толук ашып, билим алуу менен тарбия берүү экөө бири-бирин толуктай алат, — дейт ал.
Китеп менен достоштурган иш-чаралар
Аксы районундагы мектептер эл аралык долбоорлор менен тынымсыз иш алып барып келишкендиги алардын ийгиликтерге жетишүүсүнө өбөлгө түзө алган. Мектептерде кластердик жолугушуулар байма-бай уюштурулуп, анын ийгиликтери көпкө күттүргөн жок. Адабий окуулар, улуттук адабият күнүнө арналган окуу фестивалдары, мектептердеги окуу театры, үй-бүлөлүк окуулары, китепканаларга саякат ж.б. ушул сыяктуу китеп окууга үндөгөн иш-чаралар окуучулар эле эмес, мугалимдер арасында да шыктанууларды жарата алды. Райондогу бардык мектептерде “Мен китеп жаратамын!”, “Өзүбүз китеп жазып, жасайбыз” деген темада окуучулардын автордук кол өнөрчүлүгү аркылуу китепчелер жасалып, мыктылар аныкталган. Балдар китептерди жасалгалоодо кетирген каталарды көрүшүп, кооздукту сезүүгө, сабатсыздыкты жоюуга үйрөнө алышканы кубандырбай койбойт. Анткени ошол процессте ар бир бала тарткан сүрөттөрүнө жана жазган сөздөрүнө терен талдоо жасап, өз иштеринин сапатын жогорулатуу менен бирге, чыдамкай болууга тарбиялана алышты десек да болот. Иш-чараларга жигердүү катышып, мыкты эмгек жараткан мектептерге таратылган шыктандыруучу белектер (китептер) чындыгында эле баарын шыктандырып койду.
Мындан сырткары, райондогу 17 мектеп MERCY CORPS жана USDA каржылаган долбоор тарабынан акысыз 2645 китеп белекке алышкан. Райондогу 65 мектеп USAIDдин “Бирге окуйбуз!”, “Келгиле, окуйбуз!” долбоорлору менен тыгыз иштеп, жүздөгөн мугалимдерди окутуп, окуучулар үчүн миндеген жомок, түрдүү адабий-көркөм, ой жүгүртүү жана акыл өстүрүүчү китептерди тартуулаган.
– “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” аяктап келатат, анын алкагында мерчемделген пландардын баарын текши иш жүзүнө ашыра албасак да, басымдуу көпчүлүгү аралыктан болсо да аткарылып, өз максаттарына жетүүдө. Мындан ары да ата-эне, мугалим, окуучу жана коомчулуктагы колдоого кол сунган фонддор менен иштешүү пайдалуу экени турмушта көрүнүп жатат, себеби балдар окууга кызыгуу менен ар бир иш-чарага катышуу аркылуу мектебин, мамлекетин, элин, тилин, жерин сүйүүгө жана урматтоого, коргоого, сыйлоого тарбияланат. Өзүңдүн жакшы жаратмандыгыңа баа берип, жолдошторуңа үлгү көрсөтүп, ыраазы болуп жашоо кандай бакыт! — дейт Уулжан Жанузакова.
Усулчунун Усулдук жумалыгы
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин усулчусу Жанузакова Уулжандын демилгеси менен райондогу Авлетим айыл өкмөтүндө жайгашкан 5 мектепке Усулдук жума жарыяланып, балдарга таалим, тарбия берүүнүн абалына мониторинг жүргүзүлүп, мугалимдердин усулдук чеберчилигин жакшыртуу максатын камтыган иш-чаралар мерчемделген эле.
– Усулдук жумалыктын алкагында ар бир мектепке бир күндөн убакыт каралып, эки-үч сабак, бир класстан тышкаркы иш-чарага мектептерден жетекчилер, мугалимдер жана билим берүү бөлүмүнөн усулчу катышып, иш аракеттерге байкоо жүргүзүү менен сунуштарын ортого салышты. Алсак, Молдо Багыш атындагы №51 орто мектептин мугалими Жибек Султаналиеванын геометрия сабагынан “Үч бурчтуктар” темасындагы сабагы, Бактыгүл Алимбекованын “Өмүргө кол салуу – кыянаттык” темасындагы тарбиялык сааты, А.Кабаев атындагы орто мектептин мугалими
Н.Абасканованын кыргыз адабиятынан “Айдаралы жөргөлөк” сабагы,
Ы.Акылбеков атындагы орто мектептен Аяна Жусупбаеванын химиядан “Кычкылтек жана анын касиети” темасы, АЧД мугалими Жолдошалы Акматовдун Аскердик-спорттук мелдеши, К.Алымкулов атындагы инновациялык мектептен Айтунук Жумабекованын географиядан “Түштүк Африка Республикасы”, Рахат Жоробекованын математикадан “Өзүңдү текшер” темасындагы ачык сабагы ж.б. көптөгөн мугалимдердин сабактары жогорку денгээлде өтүлүп, мектептерде мугалимдер заманбап технологияларды пайдалануусун, окуучулардын активдүүлүгүн жана мугалимдердин өз милдеттерине абийирдүү жоопкерчилик менен мамиле жасагандыгын көрүп, ыраазы болдук. Аскердик иш чарага Ооган согушунун ардагерлери катышты.
Сабактарга жана иш-чараларга катышкандар педагогикалык иштеги айрым мүчүлүштүктөргө сын-сунуштарын тартынбай айтып, кесиптик колдоо көрсөтүп жатышканы да кайтарым байланышты түзүүгө негиз болуп бере алды, — дейт тажрыйбалуу усулчу.
“Миң уккандан бир көргөн” дегендей, жумалыкты жыйынтыктоодо мугалимдер үчүн усулдук көрсөтмөлөрдү, токтом, буйруктарды, жаны ыкмаларды усулчу Уулжан Жанузакованын айтып, көрсөтүп бергени да жаш адистер үчүн чоң табылга болуп калды.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер