УСТАТТЫК ЖОЛДО ЖЕТИЛГЕН ЛИДЕР

  • 09.03.2021
  • 0

Кыргыз билим берүү академиясына алгачкы жолу аял жетекчи келгени быйылкы өзгөчө окуялардын бири болуп калды. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин 1995-жылы аяктагандан тартып Назира Дүйшеева ушул эле университетте катардагы окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчы, декан, проректор кызматтарын аркалаган. 2016-жылдан бери БИМге караштуу Педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институттун деректири болуп, бул жердеги ишти башкача дем менен жүргүзүп, туура нукка коё билди. Эми Кыргыз билим берүү академиясында жакшы саамалыктарды баштайт деп үмүттөнүшөт кесиптештери, жакындан билген замандаштары.

Догдуркүл Кендирбаева,
Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары:

– Назира Дүйшееваны Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасында иштеп жүргөн жылдардан бери тааныйм. Ысык-Көл облустук билим берүү институтун жетектеп турган кезимде мугалимдерге илимий-теориялык, методикалык мазмундагы лекция окуганда университеттин окутуучуларынын катарында чакырып турчубуз. Андан кийин «Сапаттуу билим» долбоору менен биргелешип мугалимдерге усулдук жардам уюштуруп көп иштерди жүргүзгөндө, тренерлер командасынын курамында Назира айым да бар эле. Жигердүү, жаңычыл, илимий даражасына татыктуу, лидер аялдардын бири деп билем.

Айгүл Элебесова,
БИМге караштуу Педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институттун окумуштуу катчысы:

– Чыныгы лидер кырдаалды туура баалап, жоопкерчиликтүү чечимдерди туура кабыл ала билет. Командасындагы ар бир адамдын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ишти бөлүштүрүп, ийгиликке шыктандыра алат. Мына ушундай лидерлик сапаттардын бардыгы тең Назира
Кубанычбековнанын инсандык ишмердүүлүгүндө толугу менен камтылган.

Биздин институтту жетектеген үч жыл аралыгында баарыбызды демилгечил, жаңычыл болууга, убакытты, күч-аракетти сарамжалдуу уюштурууга багыттап, иштин өнүмдүүлүгүн кескин жогорулатууга жетишти. «Эшигин көрүп төрүнө өт» дегендей, биздин имаратты келиштире оңдотуп, заманбап түргө келтирип койгондугу да мунун бир далили.

Талантбек кызы Альбина,
институттун окуу бөлүмүнүн башчысы, К.Карасаев атындагы БМУнун аспиранты:

– Кыргыздын тарыхында айтканын айткандай кылган, беттегенин бербеген баатыр кыздар чыккан эмеспи. Назира Кубанычбековнанын мүнөзү да ушундай – чечкиндүү, кайраттуу, ыкчам, сергек ойлонуп, эң зарыл чечимге келген соң, эч тайсалдабай, ишти бүтүрмөйүнчө токтобойт. Барган жерин гүлдөткөн, мугалимдердин, педагогдордун таламын коргогондо дайым катуу турган лидердин азыр эл үчүн иштей турган чагы.

Такабай Асанакунов,
филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы:

– Жаңы муундагы билим берүү концепциялар иштелип чыгып, методикалык мыкты сунуштар колдоо таап жатканына Назира Кубанычбековнанын таасири чоң болду. Азыр биздин институт гумандуу педагогиканын негиздерин иштеп чыгууда, элдик педагогиканын казынасын изилдеп, анын натыйжаларын окуу-тарбия процессине киргизүүдө, билим берүүнүн стратегиялык маселелерин иликтөөдө күтүлүүчү натыйжаларга жетишип жатат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер