УСТАТКА КАТ (КОНКУРСКА КЕЛГЕН ДИЛБАЯНДАРДАН)

  • 22.01.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминовдун «Жаш мугалимдер мектебинде» аралыктан өз кесипкөйлүгүн өркүндөтүп жаткан жети облустун жаш окутуучулары үчүн жыл бою кандай билим алганын билүү максатында «Эң мыкты эссе жана видео сабак» сынагы уюштурулган эле.

Сынагыбыз эки тур менен өткөрүлдү. Биринчи турда тайпаларда сабак өтүп, устатыбыздын методикасын үйрөтүп жаткан лидерлердин тандоосу менен жыл бою активдүү катышкан мугалимдер тандалып алынды. Экинчи турда тайпа мыктылары болгон 33 мугалим өздөрүнүн «Жаш мугалимдер мектебинде» алган билими, тажрыйбасы тууралуу эссе, пикир, баяндарын жазып, АЭМ (акыл эмгегинин маданиятынын) элементи камтылган видео сабактарын даярдашып «Эң мыкты эссе жана видео сабак» сынагына катышты.

Сынак жыйынтыгы калыстардын тандоосу менен төмөнкүдөй аныкталды:

1-орун. Саламат Сарбагышова (Талас облусу, тайпа лидери — Тууганбаева Анара);

2-орун. Чынаргүл Арапбай кызы жана Нуркыз Айтмамат кызы (Ош облусу, тайпа лидерлери — Зайнабидин Мамасадыков, Аида Осмонова, Бактыгүл Иркабаева);

3-орун. 1) Мамазаирова Нуржамал (Жалал-Абад облусу, тайпа лидерлери – Аида Жакыпбаева, Айдай Жолчубекова), 2) Бахрамова Дилфуза (Жалал-Абад облусу, тайпа лидери – Матлюба Пулатова). 3) Эркимбекова Айпери (Талас облусу, тайпа лидери — Бейшенова Салтанат).

Жеңүүчүлөргө 1-2-3-даражадагы дипломдор жана Гапыр Мадаминовдун акчалай сыйлыктары ыйгарылды.

УСТАТКА КАТ  (КОНКУРСКА КЕЛГЕН ДИЛБАЯНДАРДАН)

Эң мыкты ондукка кирген мугалимдер Ардак грамота жана устатыбыздын баалуу китептери менен сыйланды. Демөөрчүлөр: «Жаш мугалимдер мектебинин» республика боюнча координатору Гүлназа Бердиева жана Жалал-Абад облусу боюнча лидер Эркингүл Маматова.

Гүлназа Бердиева,
«Жаш мугалимдер мектебинин» координатору

 

Үмүт шамы өчпөсүн

Саламатсызбы, устатым!

Баягы доор алмашып, кайра куруу мезгилиндеги акын-жазуучулар «Биз ким элек, ким болдук» деп жаңылыктын жакшылыгына маашыркап, жаңы заманды мактап-даңктап эле калышкандары эсиңиздеби? Ооба, эсиңизде чыгар…

Айтайын дегеним, быйыл менин педагогикалык иш-тажрыйбамда бир чоң төңкөрүш болду. Буга өзүңүз себепчисиз, агай. Анда сөз, башынан болсун…

Атыңызды алыстан угуп, эмгектериңизге суктанып эле жүрдүм, бирок кантип жакындан таанышып, кеңеш алуу жолун билбедим. Ошондой жай күндөрдүн биринде Салтанат Бейшенова лидерлик кылган, Анара Тууганбаеванын демилгеси менен уюшулган «Жаш мугалимдер мектебинин» тайпасына шилтеме аркылуу катышып калдым. Китептериңиз жөнүндө угуп, сатып алып, окуп, үйрөнө баштадык. Сабактарды көрүп, ой-пикир жазып, кайра башкалардын пикирин угуу жашоомду жыргалга айлантты. Ошентип, Токтогул району боюнча семинар болору белгиленип, чакырылып калдым. Андагы сүйүнүчүмдө чек жок эле. (Тилекке каршы, мындай мүмкүнчүлүккө көптөгөн мугалимдер ээ болгон жок). Бир керемет болчудай эле дегдеп бардым. Чындап эле Анара Тууганбаева, Айнура Алкожоева баштаган мектеп жамаатынын эмгеги менен даярдалган семинар жогорку деңгээлде өттү. Семинарда «Энелер мектебин» түзүү жөнүндө орчундуу сөз болду. Көптөгөн энелер келди. Мектептин таасирин алып, көз жашын көлдөтүп ыйлап жиберген энелердин да ойлорун уктук. Семинар мен күткөндөн да мыкты деңгээлде болду. Себеби көпчүлүктүн көзүнөн үмүт шамы жанып турду! Суу алуу үчүн булак көзүн таап алгандай эле сүйүнүп үйгө кайттым. Ойлорум оргуштап, идеяларым башыма батпай, бардыгын эле эртең баштап жиберчүдөй өрөпкүп бараттым.

Ушул мектепте окуп жүрүп эле, бир убакта мугалимдикти тандап алганына өкүнүп, кээде окуучуларына тыңдап жеткире албай жатканына ызаланып, жаздык кучактап ыйлап жүргөн алсыз мугалим максат коё билген, баардык нерсенин жакшы жагын издей алган, жаңы демилгелүү иштерге умтулган, эрктүү мугалимге айланып калганын өзү сезбептир.

«Үмүтсүз – шайтан» дешет го, эч качан жакшылыктан үмүт үзбөш керек экен, устатым. Бир эле менин эле эмес көптөгөн жаш мугалимдердин көөдөнүн ачып, мугалимдикке болгон чексиз сүйүүнү ойготуп койгон Кудайга миң мертебе ыраазымын. Албетте, бул жакшылыктын себепчиси сизсиз, агайым Гапыр Мадаминов!

Канчалаган агартуучулар өзүн таба албай, артка кайтып, «мугалим болгондон көрө» дегендердин катарын толуктап, базардын баа, наркына көз каранды болуп отуруп калышты. Ошондой орошондуу оор учурда сиздей багыттоочу, демилгелүү, иш билги, эң негизгиси жан дүйнөнү азыктандырууну максат кылган адамды агартуучулар ааламына жөнөткөн Жаратканга миң мертебе шүгүрлөр болсун!

Кагырап куурап бараткан чөйрөгө оргуштап чыккан «булак» болдуңуз. Дегеним, мен сыяктуу багытын билбей, өзүн эмес өзгөлөрдү күнөөлөп, кожо көрсүнгө алданып, сабагын эптеп өтүмүш болуп, күн кечирип жүргөн кемчилиги толтура мугалимге шык-жөндөм берип, талпынаар канат бүтүрдүңүз!

Устатым, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган иш-аракетиңизди Кудай эки эселеп кайтарып берсин! Жашооңузда жалаң жакшылыктар гана болуп, жаманчылык айланып өтсүн! Бактылуу болуңуз!

Эң алгач «А» арибин үйрөткөн эжейи менен катар адамдык асыл сапаттар менен агартуучулукка болгон сүйүүмдү ойготкон сиздей устатым өмүр бою эсимде калып, түбөлүккө таазим кылып өтөрүм шексиз.

УСТАТКА КАТ  (КОНКУРСКА КЕЛГЕН ДИЛБАЯНДАРДАН)

Урматым менен,

Саламат Сарбагышова,
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Мүлкубат мектеби

 

“Мен дүйнөнүн күлкүсүн өзгөртчүдөй болуп…”

«Жашоодогу жакшы менен жамандын башталышы кимдир бирөө качандыр бир күнү, кимгедир жөн гана ишенгенинен келип чыгат», — деп таамай айтылган сөз бар. Чындыгында, ИШЕНИМ жашоодогу баардык ийгиликтерге себепчи болот эмеспи. Адамды адам кылып түптөгөн да, жерге кайра бүктөгөн да – бул ИШЕНИМ.

Кантип эле деп турасызбы? Анда сөз башынан болсун.

Мен кесибим боюнча медициналык окуу жайды артыкчылык менен аяктап, бирок жан дүйнөмдүн каалоосу менен күрөшүүгө батына албадым. Ал каалоо мугалим болуу эле. Ошол эле жылы, мугалимдик кесипке болгон каалоом, сүйүүм жана өзүмө болгон ишенимдин бекемдигинен педагогикалык окуу жайга тапшырып, ошол эле жылы алгачкы эмгек жолумду китепканачы болуп баштадым. Мен жаш мугалим экенимди эске алуу менен Гапыр Мадаминов агайыбыз негиздеген «Жаш мугалимдер мектеби» Ноокат райондук билим берүү бөлүмүндө Мамасадыков Зайнабидин Адан уулу тарабынан уюштурулган окууга катыша баштадым. “Мугалим өзү ким? Балага эмнелерди үйрөтүү зарыл?” Ушул сыяктуу жоопсуз суроолорумдун жообун алдым.

МУГАЛИМ — мекендин тиреги, мектептин жүрөгү, ата-эненин жөлөгү деген чындыкка ынандым. Бул окуунун жүрүшүндө Гапыр Мадаминов агайыбыздын иш тажрыйбалары менен тааныштым. Бул окуудан улам «Дүйнө менин күлкүмдү эмес, мен дүйнөнүн күлкүсүн өзгөртчүдөй» жашай баштадым! Анткени китептерден, адамдардын пикиринен Ян Амос Каменский, В. А. Сухомлинский сыяктуу улуу педагогдорду угуп келсем, азыр өзүм менен кесиптеш, замандаш, жердеш, тилдеш, эң негизгиси жүрөгү бала деп соккон жүрөктөш инсан, ушундай ийгиликтерди жаратып жатканы, мендеги шыктанууну, чыгармачылык эргүүмдү, атуулдук сезимдеримди ойготту. Изденген адам гана ийгилик жаратары шексиз экенине ишендим.

Адамдар ар нерсеге жетүү үчүн, колдун да, билимдин да күчүн пайдаланат экен. Мен да мыкты болуу үчүн катардан калбай, кыялдарымдын артынан калбай чуркай баштадым. Өзүмдүн эртеңки жашоомду өзгөртүү үчүн оюмду да өзгөрттүм. Жыгылган учурда да эч качан багынбаганга үйрөндүм. «Адаттан мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат» деп таамай айтылган. Күнүгө бирден цитата жазууну адатка айландырып алдым. Бул адат мага чоң жардам берди. Анткени бир цитата жазганда, сөз байлыгымды арттырам, ой өрүшүмдү кеңейтем, түшүнүгүмдү тереңдетем.

Китеп окууну адатка айландырдым. Мында да ар бир окуган китептен негизгисин бөлүп алуу менен өзүмө керектүү сөздөрдү камдап келем. Китептин ичиндеги баа жеткис акыл, кеңештерди колдоно баштаганда гана, китеп дүйнөсү кандай ажайып экенин билип баштадым. Ал эми «Миң чакырым жол бир кадамдан башталат» дегендей, мен ушул кадамымды «Жаш мугалимдер мектебинде» баштаганыма кубанам. Бул окууда ар бир күнү жаңы нерселерди үйрөнүп, кесибим дагы да кызыктуу боло баштады.

Ата-энелер менен иштөөдө да өтө сонун таяныч таптым. Анткени Гапыр Мадаминовдун «Ата-эненин энелер сиздер үчүн» китеби мага ар дайым насаатчы болду. Ал эми Ноокат жана Лейлектин ортосуна көпүрө болгон Мамасадыков Зайнабидин Адан уулунун да эмгеги зор. «Билимди берсең көбөйөт» деген ушул тура… Жүзүм жүзүмдү көрүп чүмөк ургандай.

Жаш мугалимдер мектебине үмүт жана ишеним менен барып жүрдүм. Көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алам деген үмүт, ушул окуудан улам көп ийгиликке жетем деген ишеним алга жетеледи. «Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде» болот экен. Ар бир ийгиликти жаратуу үчүн алгач өзүңүзгө жана сизге жол көрсөткөн инсанга болгон ишенимиңиз күч болсун. Ал эми билим дүйнөсүнүн кулпусу жок, каалагандарга дайыма эшиги ачык экен. Андыктан мен устатыбыз Гапыр Мадаминов менен жолугуп, лекцияларында болбодум деп өкүнбөйм. Эң негизгиси, аралыктан болсо да сиздин иш тажрыйбаларыңыз менен таанышып, пайдаланып келе жатам. “Ар бир күнүң – өзүнчө мүмкүнчүлүгүң» деп айтылат эмеспи. Менин алдымда дагы күндөр бар. Демек, сиздин лекцияларыңызга катышууга, катарлаш отуруп пикирлешүүгө мүмкүнчүлүктөрүм жок эмес.

Убакыт өтөт, мезгил өзгөрөт. Бирок менин сиздерге болгон сый урматым өзгөрбөйт!

УСТАТКА КАТ  (КОНКУРСКА КЕЛГЕН ДИЛБАЯНДАРДАН)

Нуркыз Айтмамат кызы,
Ош облусунун Ноокат районундагы №2
Кеңеш орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер