USAIDДИН “ОКУУ КЕРЕМЕТ!” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 23-АПРЕЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
- 17.05.2021
- 0
Дүйнө жүзүндөгү китепти баалап, аны сүйүп окугандардын башын бириктирген чоң майрамдардын бири – 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Бул майрамды белгилөөдө USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору да артта калган жок. Долбоордун Кыргызстандагы максаттуу мектептеринде жана коомдук китепканаларда 19-апрелден 23-апрелге чейин “Китеп жумалыгы” жарыяланган. Бул жумалыктын максаты коомчулукта китеп окуу маданиятын калыптандыруу, башталгыч класстардын окуучуларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында китеп окууну салтка айландыруу, китепкөй окурмандарды тарбиялоо жана окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу.
Китеп жумалыгынын алкагында мектептерде долбоор тарабынан атайын иштелип чыккан колдонмонун негизинде класстан тышкаркы иш-чараларды – окуу фестивалдарын, үй-бүлөлүк математикалык чемпионаттарды, изилдөө долбоорлорун өткөрүү жана үй-бүлөлүк окуу клубдарын түзүү сунуштары берилген. Иш-чараларды кантип өткөрүү боюнча так жана түшүнүктүү нускамаларга ылайык, ар бир максаттуу мектеп жана коомдук китепкана өз мүмкүнчүлүгүнө жана шартына жараша жогоруда белгиленген иш-чараларды тандап алып өткөрүштү. Ар бир аймакта китеп окууну жайылтуу максатында ар кандай окуу фестивалдары, конкурстар, математикалык чемпионаттар, кичинекей китепчелерди жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. “Китеп жумалыгына” долбоордун максаттуу мектептериндеги башталгыч класстын мугалимдери, окуучулары, алардын ата-энелери, мектептин жана коомдук китепканалардын китепканачылары жана коомчулуктун өкүлдөрү жигердүү катышышты.
Мындан тышкары, китепканаларда ар бир бала өзүнүн жаш өзгөчөлүгүнө жана окуу деңгээлине жараша, ошондой эле өздөрү кызыккан тематикага жана жанрына ылайык китептерди тандап алууга баардык шарттар түзүлгөн. Себеби, долбоор тарабынан мына ушул кызыкчылыктарды эске алган кыргыз жана орус тилиндеги 45 аталыштагы 247 500 даана балдар адабияттары өткөн жылдын ноябрь айында ар бир максаттуу мектептердин китепканаларына жана ошол эле китептердин 37 500 даанасы 82 коомдук китепканаларга таратылып берилген. Башталгыч класстардын окуучуларынын табитине тууралап балдарга китеп тандап берүү үчүн, китепканачыларга атайын нускама аркылуу китептердин классификациясы жана деңгээли тууралуу маалымат таратылган.
Жумалыктын алкагында ар бир китепканада “Китеп окуу убактысы” өткөрүлүп, китепкананын эшиги баардык окурмандарга ачык болду. Иш-чара көптөгөн мектептерде жана китепканаларда өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, балдар китеп окуп, андагы каармандарды, окуяларды бири-бири менен талкуулашып, убактыларын пайдалуу өткөрүштү. Ошондой эле ушул иш-чаранын алкагында балдар жазуучулары менен да жолугушуулар уюштурулду. Бишкек шаарындагы №86 орто мектептин окуучулары балдар жазуучусу Аман Карымшаков менен жолугушуп, автордун чыгармаларын өзүнүн аткаруусунда уга алышты. Китеп окугандан кийин автор балдардын китеп жазуу идеясы тууралуу ар кандай суроолоруна жооп берди. Жазуучу менен жолугушуулар балдарды ого бетер китеп менен достошууга, китепти сүйүп окуганга шыктандырды.
Ал эми “Балдарга китеп окуп беребиз” акциясынын алкагында жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү китепканаларга келген окуучуларга китеп окуп беришти. Бул акцияны биринчилерден болуп колго алган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү – губернатор С.Ашимбаев Нарын облустук Сагымбай Орозбак уулу атындагы китепканада балдарга китеп окуп берүү менен китептин маанилүүлүгү тууралуу кеңири маек куруп берди. Бул өрнөктү Нарын облусунун ар бир районунун өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары кубаттап, балдарга китеп окууну салтка айландыра алышты.
Жумалыктын дагы бир ийгиликтүү иш-чараларынын бири – “Саякатчы китеп куржуну” болду.
Бул демилгени биринчилерден болуп Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Билим берүү департаментинин башкы адиси Айнура Мурсаева кубаттап, өзү баштап берди. “Саякатчы китеп куржуну” шаарыбыздын №10 мектебинде “конокто” болду. Бир айдын ичинде “китеп куржунундагы” кыргыз жана орус тилиндеги балдар үчүн ылайыкталган он китепти 200дөн ашык башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелери окуп чыгышты.
Бул иш-чара өлкөбүздүн башка аймактарында да жигердүү өткөрүлдү. Ал жердеги мектеп окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин арасында бул “куржун” жакшы ой-пикир калтырып, жемиштүү “саякаттады”. Иш-чара баардык мектептерде кызыгууну жарата алды.
Эстафетанын катышуучулары “куржундагы” китептерди окуп чыгып, өздөрүнүн ой-толгоолорун “Окурмандын күндөлүгүнө” жазышып, эмне үчүн ушул китепти окуш керектиги тууралуу башкаларга өз сунуштарын беришти. Бул иш-чара баардык үй-бүлө мүчөлөрүн жакындатып, китепти чогуу окуп, аны талкуулоодо ар бири өз ойлорун айтып, жакшы тыянактарды чыгарууга мүмкүнчүлүк түзгөн аянтчага айланды. Келечекте бул иш-чара дагы көптөгөн окурмандардын жүрөгүнөн орун табаарына шек жок.
“Саякатчы китеп куржуну” биздин коомчулукта зор кызыгууну жаратты. Кичинекей балдардан баштап чоң кишилерге чейин активдүү катышышып, китеп окугусу келгендердин саны көбөйдү. Ошондой эле бул куржунга өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн атынан китеп кошуп, кийинки үй-бүлөгө тапшырып жаткандар да болду.
“Саякатчы китеп куржунунун” жардамы менен мектебибиздин китепканасынын фондун да көбөйтүүгө шарт түзө алдык. Ракмат сага, “Саякатчы китеп куржуну”. Саякатың ийгиликтүү болсун, көптөгөн үй-бүлөлөрдүн китеп окуу көндүмүнүн өнүгүшүнө салымынды кошо бер деп айтмакчымын”, — деди Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К.Карачев атындагы мектептин китепканачысы Жазгүл Бакалчиева.
“Китеп жумалыгында” башталгыч класстардын окуучуларынын кызыгуусун жараткан дагы бир иш-чара – “Изилдөө долбоору” болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар ар кандай жанрдагы адабияттарды окуганга тартылат, а бул болсо өз кезегинде алардын китеп окуу адатын жана көндүмүн өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ушул максатта “Изилдөө долбоорлору” биздин максаттуу мектептерде жогорку деңгээлде уюштурулуп, балдардын өтө кызыгуусу менен өткөрүлдү. “Изилдөө долбоорлору” ар кандай темаларды камтыды, мисалы: Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы мектептин 4-класстары “Эң алгачкы китеп кайда жана кантип пайда болгон?” деген теманын үстүнөн изилдөө жүргүзүшүп, презентация аркылуу элге жыйынтыгын айтып беришти. Ал эми Кочкор районундагы У.Бейшеев атындагы орто мектептин 4-классынын окуучулары вулкан тууралуу кызыктуу изилдөөнү көрүүчүлөргө тартуулашты. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Н.Лященко мектебинин окуучулары “Нан кантип пайда болот?” деген теманын үстүндө иштеп, жердин иштелишинен тартып, дасторконго нандын келиш жолун кеңири айтып беришти. Ушул эле мектептин 3-классынын окуучулары “Кагазды эмнеден жасашат?” деген теманы алышып, азыркы күндөгү кагаздын абалын, кагаз чыгаруу үчүн бак-дарактарды кыюунун зарылчылыгы туурабы деген экологиялык суроону көтөрүп чыгып, сурамжылоо жүргүзүлгөнүн жана анын жыйынтыктарын иш-чаранын катышуучулары менен бөлүшүштү.
23-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн китепканасы менен биргеликте өткөрүлгөн “Китеп окуган — көсөм” аттуу салтанаттуу аземинде USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун атынан үч чоң устаканалар уюштурулду.
1-устаканада майрамга келген кичинекей коноктор жана алардын ата-энелери окуган чыгармаларынын негизинде чыгармачыл жазуу менен алектеништи.
2-устакана жалаң чыгармачыл балдарды жана алардын жакындарын чогултту. Алар өздөрүнө ылайык ар түрдүү формадагы кичинекей китепчелерди, китепти сырттоо үчүн сырткаптарды даярдашты.
3-устакана “Өзүбүз китеп жазабыз” деп аталып, китеп жазууга биринчи кадам таштап жаткан кичинекей бөбөктөрдун сүйүктүү жайына айланды.
Мындай алгылыктуу иштер бир гана даталуу күндөргө байланбастан, күн сайын коомчулуктун катмарлары менен чогуу өткөрүлүп, жакшы бир салтка айланат деп ишенебиз. Мектептин китепканачылары, башталгыч класстардын мугалимдери, кыргыз жана орус тили мугалимдери, ата-энелер жана коомчулуктун ар кандай өкүлдөрү өлкөбүздүн эртеңки келечеги болгон балдарыбыздын коммуникативдик көндүмдөрүн жана сынчыл ой-жүгүртүүсүн калыптандырууга, окуу жана окуганын түшүнүү көндүмдөрүн жакшыртууга, окуу маданиятын калыптандырууга багытталган максаттуу иш-аракеттердин демилгечилеринен болот деген ишеничибиз чоң.
“Балдар үчүн электрондук китептер жарык көрдү”
Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата, USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору балдар үчүн электрондук китептердин презентациясын өткөрдү. Бул иш-чарада долбоордун CreateKitep демилгесинин алкагында башталгыч класс окуучулары үчүн иштелип чыккан 335 жаңы электрондук китеп тартууланды. Алар башталгыч класс окуучуларына арналган, кыргыз жана орус тилдеринде 89 жаңы жана 246 адаптацияланган китептер.
Жаңы китептер ар кыл жанрды камтыйт: жомоктор, ырлар, өмүр баяндар, көркөм чыгармалар, фантазиялык, маалыматтык, математикалык, концептуалдык жанрлар, ал эми китептердин темалары, кичинекей бөбөктөрүбүз өзүнүн ички дүйнөсү жана айлана-чөйрөсү жөнүндө таанымын кеңейтүүгө багытталып үй-бүлө, достук, мектеп, жаратылыш, технология ж.б.у.с темаларды камтыды. Китептер жергиликтүү балдардын талаптарына туура келүүсүн камсыз кылуу үчүн, 25 жергиликтүү автор жана 20 иллюстратор менен кызматташтыкта иштелип чыгарылды.
“Бүгүнкү балдар жазуучулары мугалимдерге жардам катары, балдарды кызыктырган, ошол эле учурда аларды изденүүгө, ойлонууга түрткөн чыгармаларды жаратуусу зарыл” — деп иш-чаранын коногу, балдар акыны жана жазуучу, Айнагүл Базарбаева баса белгилеп кетти.
Борбордогу Ololo креативдүү мейкиндигинде болуп өткөн иш-чарага авторлор, иллюстраторлор жана белгилүү Instagram, YouTube жана TikTok блогерлери катышты. Коноктор жана социалдык тармактарда түз эфирдин көрүүчүлөрү атайын коюлган жандуу-перформанска (аткаруу) күбө болушту. Автор Дейя Касымова “Соленое лакомство” аттуу чыгармасын жазуу учурун көргөзүп, үн чыгарып окуу менен бирге иллюстратор Эльнур Исаков чыгармага илюстрация тартуу учурун чагылдырды. Бул театрлаштырылган аткаруу аркылуу балдар китеби жана ага илюстрация кандай жаралаарын көргөзүү жана балдар жазуучуларынын жана сүрөтчүлөрдүн эмгегин даңазалоо болду.
Жаңы форматтагы иш-чара мыкты деңгээлде өтүп, ата-энелерди, балдарды жана мугалимдерди жаңы китептер менен китеп окууга шыктандырды.
«Саякатчы китеп куржуну» эстафетасы — бул чакан долбоор. Ага ылайык башталгыч класстын окуучулары үчүн ылайыкталган бир топ китеп салынган «куржун» эстафета сыяктуу бир үй-бүлөдөн экинчи үй-бүлөгө “саякаттайт”: 3-5 күндүн ичинде үй-бүлө мүчөлөрү “куржундагы” китептерди чогуу окуп чыгышат. Китептерди окуганын тастыктоо максатында “Окурмандын күндөлүгүн” толтуруп, кичинекей фото же видеоотчет жасайт. Андан кийин окуган китептерин “куржунга” кайрадан салып, кийинки үй-бүлөгө жөнөтөт.
“Китеп окуу убактысы” иш-чарасынын максатына ылайык 23-апрелде саат 12.00дөн 13.00гө чейин бардык каалоочулар китепканага келип, чогуу китеп окуу менен убакыттарын пайдалуу өткөрүштү. Мындан тышкары мектептерде окуу сабактарында да окуучулар китеп окушту.
Изилдөө долбоорунун максаты- башталгыч класстардын окуучуларынын китеп окуу көндүмүн калыптандыруу менен чыгармачылык дареметин өнүктүрүүгө көмөктөшүп, маалыматты чогултуу, изилдөө, анализдөө жана чыгармачыл жазуу көндүмүн калыптандыруу.
Баардык 335 электрондук балдар китептери www.kitep.edu.gov.kg cайтында жайгаштырылган. Ал жактан каалоочулар китепти жүктөп алса болот.
Толук маалымат USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун Facebook жана Instagram баракчаларынан берилген.
Комментарийлер