УНИВЕРСИТЕТ 4.0ГӨ КАРАЙ ЖОЛ: ОШМУНУН ТАЖРЫЙБАСЫ
- 09.10.2026
- 0
Университет 4.0 — билим берүү менен илимди гана айкалыштырган модель эмес, университеттин аймактын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен инновациялык борборго айланышын көздөгөн жаңы модель. Бул багытта Ош мамлекеттик университетинин тажрыйбасы көңүл бурууга арзыйт. Акыркы жылдары университетте илимий изилдөөлөрдү региондун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багыттоо, эл аралык инвестицияларды тартуу, илимий иштердин сапатын жогорулатуу жана жаңы муундагы илимий кадрларды даярдоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп келет.

ИЛИМ ЖАНА ИЗИЛДӨӨ АЙМАКТЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨ БАГЫТТАЛАТ
ОшМУдагы илимий изилдөөлөр теориялык иштер менен гана чектелбестен, аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө багытталууда. Анын ичинде суу ресурстарын изилдөө, чакан жана микро ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, күн жана шамал энергиясын пайдалануу, туризмди өнүктүрүү, тоо экосистемаларын сактоо жана «жашыл» инновацияларды киргизүү боюнча долбоорлор бар.
Акыркы төрт жылда жалпы 197 млн сомдук биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды. Анын 25 млн сому Билим берүү жана илим министрлигинин, 34 млн сому университеттин каражаты болсо, 138 млн сому эл аралык фонддордон тартылган инвестициялар. Мындан тышкары, аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө багытталган изилдөөлөргө акыркы үч жылда 25 млн сом бөлүнгөн.
Университет илимий изилдөөлөрдү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, акыркы беш жылда ички гранттарга 51 млн сомдук долбоорлор ишке ашырылды. 2025–2026-окуу жылында университеттик деңгээлде – 30, улуттук – 3, эл аралык – 8 инновациялык долбоор ишке ашты. ОшМУ 4.0 моделине ылайык өндүрүш жана илимий долбоорлорду интеграциялап, 8 келишим түздү.

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ МЕЙКИНДИККЕ ИНТЕГРАЦИЯ
ОшМУнун илимий ишмердигиндеги дагы бир маанилүү багыт — изилдөөлөрдүн эл аралык илимий мейкиндикке чыгышы. Акыркы жылдары университет кызматкерлеринин илимий публикацияларынын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Быйыл 351 илимпоздун макаласы Скопус базасында индекстелген илимий басылмаларга жарыяланды. 2021-жылдан 2025-жылга чейин 6 эсеге өсүп, учурда 900 макалага жетти.
ОшМУнун окумуштуулары Кыргызстанда илимий макалалардын саны боюнча 4-орунда турат. Алардын эмгектери дүйнөлүк алдыңкы абройлуу Q1, Q2, Q3 басылмаларында жарык көргөн. «Ош мамлекеттик университетинин жарчысы» журналынын импакт-фактору өсүп, илимий жетишкендиктер дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүүдө.
Илимий публикацияларды көбөйтүүгө түрткү берүү максатында материалдык стимулдаштыруу механизми да колдонулуп келет. Авторлордун илимий эмгектерине жараша жыл сайын 15 миңден 75 миң сомго чейин сый акы каралган. Мындан тышкары, илимий потенциалы жогору чет өлкөлүк профессорлорду жана окумуштууларды тартуу практикасы жолго коюлган. Мындай кызматташтык биргелешкен илимий эмгектерди даярдоого, жогорку рейтингдеги басылмаларга чыгууга жана дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлорунда стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Учурда Франция, АКШ, Венгрия, Түштүк Корея жана Япониядан келген окумуштуулар, окутуучулар, адистер жана волонтерлор университеттин ар кыл багыттарындагы иштерге катышууда.

ИЛИМИЙ КАДРЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
«Университет 4.0» үчүн илимий кадрлардын сапаты өзгөчө мааниге ээ. ОшМУ илимий даражалуу окутуучулардын саны боюнча өлкөнүн алдыңкы окуу жайларынын катарында турат. 2025-жылы 5 доктордук, 39 кандидаттык диссертация жана 8 PhD корголду. Муну менен илимдин кандитаттарынын (+PhD) жана докторлордун саны 600гө жетти.
Учурда университетте 7 багыт боюнча PhD докторантура программасы иштеп, 69 докторант изилдөө жүргүзүүдө. Окутуучулардын академиялык активдүүлүгүн колдоо максатында 2022-жылдан тартып жылдык рейтингдин жыйынтыгы боюнча эмгек акыга кошумча төлөмдөр киргизилген.

САНАРИПТИК УНИВЕРСИТЕТ
Санариптик трансформация ОшМУнун «Университет 4.0» багытындагы дагы бир маанилүү компоненти. 2024–2029-жылдарга арналган маалыматтык-билим берүүсүн санариптештирүү боюнча чоң жол картасын иштеп чыккан. Анын негизинде MyEDU автоматташтырылган окуу платформасы толук иштеп, студенттер жеке билим алуу траекториясын түзө алган алдыңкы системага айланды. mooc.oshsu.kg санариптик билим берүү порталы иштеп жатат. Мында бакалавриат жана магистратура студенттери үчүн онлайн окуу ресурстары толук жеткиликтүү. Аралыктан окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн атайын видеостудия ачылып, бир жыл ичинде 300гө жакын видеосабак даярдалды.
Академиялык кызматтарды ачык жана таза жүргүзүү максатында маалым кат алуу процесси толугу менен автоматташтырылып, next.oshsu.kg платформасына өткөрүлдү.
Системанын алкагында электрондук документ жүгүртүү, электрондук журнал жана ведомосттор, электрондук китепкана, «Антиплагиат» системасы, аралыктан окутуу платформасы жана окутуучу менен студенттин санариптик жеке кабинети иштейт. Натыйжада студентти кабыл алуудан тартып окуусун аяктаганга чейинки бир катар процесстер санариптик форматка өткөрүлгөн.
САПАТТЫ БААЛОО ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГДЕР
ОшМУ билим берүү программаларынын сапатын көз карандысыз аккредитация аркылуу баалоого да көңүл бурат. 2023-жылы институционалдык жана программалык аккредитациядан кайра өтүп, жети жылдык мөөнөткө аккредитацияланды. 2023–2026-жылдары жалпы 127 билим берүү программасы аккредитациядан өттү. Бул жалпы билим берүү программаларынын 94 пайызын түзөт.
IAAR (НААР) тарабынан жүргүзүлгөн Евразиялык рейтингдерде ТОП-5 жана ТОП-3 позицияларын туруктуу сактап, QS Quacquarelli Symonds сыяктуу дүйнөлүк рейтингдерге кирип, QS Stars – 4 жылдыз баасына ээ болду. QS Rankings Asia 2026 рейтингинде 1526 окуу жайдан 316, Борбор Азияда 74 университеттен 22-позицияда.
QS Туруктуулук рейтингинде ОшМУ курчап турган чөйрө жана коомго тийгизген таасири үчүн 1251, башкаруу боюнча 1107-позицияны ээледи. Жалпы катышкан 2022 университеттин ичинен 1501+ орунда турат. 
ИЛИМДИ ИННОВАЦИЯГА ЖАНА ӨНДҮРҮШКӨ ӨТКӨРҮҮ
4-муундагы университет өзүнүн жайгашкан аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түз таасир этүүсү абзел. Бүгүнкү күндө окуу жайда ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ-КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ коллаборациясы ийгиликтүү ишке ашууда. IRCAPS илимий борбору ачылып, анда абанын булганышы, анын ден соолукка тийгизген таасири изилденет. Борборго Токиодон окумуштуулар келип, ОшМУ адистери менен бирге изилдөө жүргүзөт.
Жаңы курулуп жаткан Медициналык клиниканын алдында Онкологиялык ооруларды эрте аныктоо борбору иштеп баштайт. Бул жерде студенттер жана медкызматкерлер үчүн онкология, радиология, медициналык информатика боюнча жаңы программалар ачылат.
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турган «Спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо» борбору, «Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык борбору» жана «Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар» консалтинг борбору түзүлүп, учурда активдүү иштеп жатат. Өзгөн райондук администрациясынын жана Жалпак-Таш айыл чарба башкармалыгынын жардамы менен 300 гектар аянттагы жер көчкү аймагында «Курбу-Таш токою» деп аталган илимий-өндүрүштүк долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоордун алкагында 30 миңден ашык дарак отургузулду. Учурда Курбу-Таш аймагында пекин өрдөктөрүн өстүрүү боюнча тажрыйба жүргүзүлүүдө.
Кытайдагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте «Келечек муундун ХАБы» робототехника борбору ачылды. Бул Борбор Азиядагы жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчө өлкөлөрүндөгү биринчи жана жалгыз лабораториялык борбор болуп саналат. Учурда робототехника боюнча адистер даярдалууда. «Келечек муундун ХАБы» акырындап жасалма интеллект, робототехника жана маалыматтык технологиялар боюнча борборго айланат.
ОшМУда илимий изилдөөлөрдүн практикалык натыйжаларын өндүрүшкө киргизүүгө багытталган долбоорлор да бар. Мисалы, айыл чарба малдарынын генетикалык фондун сактоо, асыл тукумдук сапатын жакшыртуу жана эпизоотиялык абалга мониторинг жүргүзүү боюнча долбоордун алкагында жергиликтүү шарттарга ылайыкташкан «Ала-Тоо» кой породасы мамлекеттик каттоодон өтүп, патентке ээ болгон.
Мындан тышкары, университеттин окумуштуулары акыркы үч жылда математика, физика, техника, маалыматтык технологиялар, медицина жана айыл чарба багыттарында патенттерге жана автордук күбөлүктөргө ээ болушкан. Алардын арасында эсептөө программалары, микрогидроэлектростанция, суутек генерациялоочу түзүлүш, медициналык технологиялар жана 3D моделдер бар.
«Университет 4.0» моделинде университеттин аймактагы социалдык көйгөйлөрдү аныктап, аларды илимий изилдөөлөр аркылуу чечүүгө катышуусу маанилүү. ОшМУда мындай багыттардын бири – балдар арасындагы тиш кариесинин алдын алуу боюнча изилдөө. Тиш кариеси Ош шаары жана Ош облусундагы балдардын ден соолугуна байланышкан актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Учурда Ош шаарындагы мектептерде балдардын стоматологиялык абалы изилденип, кариеске таасир этүүчү факторлор аныкталууда. Долбоордун жыйынтыгында кариес пайда болуу коркунучунун негизги факторлорун аныктоо, тобокелдик топторун түзүү жана ар бир топко ылайык профилактикалык ыкмаларды илимий жактан негиздөө күтүлүүдө.
Медициналык билим берүү жана практикалык медицинада да тарыхый жетишкендиктер жаралды. Университеттин медициналык клиникасында сегиз ирет бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) жана беш ирет боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалып, түштүк аймактагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Президенттин жарлыгы менен ОшМУда жаңы жети кабаттуу клиника курулуп бүтүү алдында турат. Кампустун аянты эки гектарды түзөт. Мында тогуз багыт боюнча бөлүмдөр курулууда. Алты илимий изилдөө жана реабилитациялык борбор да бар.

УНИВЕРСИТЕТ – БИЗНЕС – ӨНДҮРҮШ
Илимий иштелмелерди өндүрүшкө жакындатууда университеттин ички гранттары жана Бизнес парк маанилүү роль ойнойт. 2025-жылы ички гранттык долбоорлордун алкагында ишканалар менен базальт материалдарын кайра иштетүү, мал чарбачылыгы, биология жана экология, медицина боюнча лабораториялык кызмат көрсөтүүлөргө келишимдер түзүлгөн.
ОшМУнун Бизнес-паркында маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, агротехнология, жашыл экономика, медицина жана креативдүү индустриялар боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында UpBulak, Webordo, «Акылдуу күнөскана», GFace, «Акылдуу шлагбаум», AgroTech, «Den Tish» жана Online printer сыяктуу иштелмелер бар. 2025-жылы Бизнес-паркта 21 стартап-команда колдоого алынып, 14 жаңы стартап ишин баштаган. Жаштар ишкердиги жаатындагы эң ири улуттук иш-чаралардын бири болгон «Expo жаштар стартаптары – 2026» сынагында Enactus OshSU командасы жеңишке жетишип, өлкөнүн чемпиону аталды. Эми команда ушул жылдын 16–19-ноябрь күндөрү Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтө турган “Enactus World Cup – 2026” дүйнөлүк кубогунда өлкөбүздүн намысын коргойт.
Чолпон КИЙИЗБАЕВА, «Кут Билим»
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)