УЛУУ ЖАЗУУЧУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА
- 27.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунда Кытай Эл Республикасынын Нанкин шаарынан келген адабият, маданият ишмерлери менен жолугушуу болуп өттү.

Институттун директору академик Абдылдажан Акматалиев келген конокторду кабыл алып, жылуу пикир алышуу аянтчасын уюштурду. Келген конокторду баштап келген Нанкин шаарынын Элдик өкмөтүнүн тышкы иштер канцеляриясынын директорунун орун басары Сунь Мань айым Кыргызстанга биринчи ирээт келгенин, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Мекени ага абдан жаккандыгын белгилеп, мындан аркы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызматташууга чакырып, омоктуу ойлорун ортого салды.


Институттун директору, академик А.Акматалиев, Айтматов таануу борборунун башчысы Н.Ыйсаева, башкы илимий кызматкер, филология илимдеринин доктору А. Кадырманбетова Айтматовдун чыгармачылыгына тиешелүү эл аралык долбоорлор тууралуу маалымат берип, “Айтматов жана Кытай” багытындагы энциклопедиялык жыйнакты даярдоодо кызматташууга чакырышты.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер