УЛУУ КЕСИПТИН БАРКЫН КӨТӨРӨЛҮ
- 20.11.2026
- 0
Жакында Бишкектеги №21 орто мектептин мугалимдер жамааты менен ата-энелер таанымал устат Гапыр Мадаминовду тосуп алышты. Ордо калаадагы окуучулардын сапаттуу билим алып, жашоодо ишеничтүү жол тандашы үчүн мектеп менен үй-бүлөнүн биргелешип иштөөсү жөнүндө абдан мазмундуу сөз болду.
Таң калтыра албасак, балдар таанып-билүүгө дилгир болбойт…
Жолугушууда айтылган түйүндүү ойлордон келтирели:
Бүгүнкү ааламдашуу, жасалма интеллект доорунун оң-терс таасири күчөп турган шартта улутмандыкты, адамгерчиликти, билимди, маданиятты, ыйманды сактап, туура жолдо өнүгүү жөнүндө сүйлөшүүбүз керек.
Азыр мугалим болуп иштөө өтө татаал болуп баратат. Балдарды ата-энелер менен биз тарбиялап жатабызбы же (телефонду көрсөтүп) булбу? Акылдуу такта, интернет ж.б. ыгы менен колдоно билсек, жакшы. Бирок мугалим бул технологияларды колдонуудан тышкары өзүнүн интеллектуалдык, рухий деми, сүйкүмдүүлүгү, инсандык сапаты менен балдарды өзүнө магниттей тартып алышы зарыл. Ортозаар, диплому бар экенине эле ишенген мугалим балдар менен иштеше албайт, аларды таң калтыра албайт, демек, таанып-билүүгө дилгирлентпейт.
Биринчи тыянак – мугалим өз предметин мыкты билүүгө тийиш. Адабиятчы көркөм чыгармаларды өзү кылдат окуп үйрөнүшү, тарыхчы атайын илимий эмгектерди окушу керек. 
21-мектепте – XXI кылымдын деми
Мектептин ишин алтын сертификаттар менен эмес, ЖРТнын орточо көрсөткүчү менен баалаган оң. Тестке 11-класстан эле даярданса болот деп ойлошот көп адамдар. Жок. Биздин гимназияда бул иш 1-класстан башталат, 6-класстан күчөтүлөт. 7-8-класстарда балдар тест тапшыра башташы керек. Мына бул “Устаттык өнөр” китебимде биздин гимназияда 20 жылдан берки иштелип, өнүктүрүлүп келаткан ЖРТга даярдоо методикасы берилген.
Бизде орточо көрсөткүч 177 упайдын тегерегинде болууда. Чегарадагы окуялар болгон жылы гана 160ка түшкөнбүз. 20 жыл ичинде 27 окуучу республикалык олимпиадага чыккан.
Олимпиаданын жыйынтыктары да чоң мааниге ээ. Шаар ичинде турган силерде биздегиден алда канча чоң мүмкүнчүлүк бар. Бирок бир чындыкты баса белгилейли: ЖРТ, олимпиада ж.б. боюнча ийгиликтерден да маанилүү нерсе бар. Бул – адамгерчилик, тарбиялуулук. Мен олимпиада, тест боюнча кандай баа коюлса, тарбия жагынан да ошондой талап менен баа коюлсун деп сунуш кылар элем.
Ата болуу, эне болуу – бийик мүдөө
ЖРТ өтө татаал түзүлгөн эмес, орточо окуучуга ылайыкталган. Мектеп программасына туура келбейт деген такыр жаңылыш пикирди айтып жүрүшөт – начар упай алгандар. 99 пайыз туура келет! Тест тапшырмалары ошол эле тил, адабият, математика ж.б. боюнча мектепте окутулган темалар боюнча түзүлгөн.
Мектептеги иштин ийгилиги 50 пайыз ата-энелерден көз каранды. Сиздер балдарды мектепке кызыктырып, мугалимге сый-урматын арттырып жөнөтсөңүздөр, билим берүү оңой болот. Мугалимдин кыйла убактысы “түз отур”, “телефонду өчүр”, “кулак сал”, “үй тапшырмасын эмне үчүн аткарбадың?” ж.б. деген сөздөргө короп калууда…
Мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташтыгын бекемдөө үчүн бизде айына бир жолу энелер мектебинин сабактары өткөрүлөт. Бул ата-энелер чогулушу эмес, акча, салым чогултуу эмес. Бул максатка багытталган агартуу программасы. Анда баланы кантип билимге кызыктырып, окуусуна шарт түзүү керек, мугалимге болгон мамилесин кантип жакшыртуу керек, жоопкерчиликтүү болушуна кантип көмөктөшүп, дептер, күндөлүк, жазуу иштерине көз салып, сабакка жакшы ниет, ыклас менен барышына түрткү берүү ж.б.у.с жолдору үйрөтүлөт.
Былтыр төртүнчү чейректе же быйылкы биринчи чейректе үч жолу сабакка катышкан ата-энелер колуңуздарды көтөрүп коюңуздарчы? Бир-экөө элеби?
Эми соңку бир айда Дордой базарга, тойго баргандар кол көтөрсүнчү? Дээрлик баарыбыз ээ?
Биздин чоң маселебиз ушул жакта.
Мына ПИЗА жыйынтыгы чыкты. Министрди баш кылып, мектептерди катуу сындап жатышат. Бирок мында ата-энелердин салымын да эске алуу керек. ПИЗАдан алдыңкы саптарга чыккан өлкөлөрдөгү мектептердин ишин талдаганда, ата-энелер абдан жигердүү катышаары аныкталган. Ата-эне баласын билимге кызыктырат, шыктандырат, дем берет. Ошондо натыйжа болот.
Урматтуу ата-энелер, мугалимдер, колуңуздарды жайып көтөрүңүздөр. Балдарды шумкар, бүркүттөй элестетиңиздер. Бир канатына мектеп, мугалимдер күч берет, экинчи канатына – ата-энелер! Эгер эки канат тең күчтүү болсо, бүркүт бийик учуп, аска-зоолордон ашат – Европа, Америкага барып инвестиция алып келе турган балдар өсүп чыгат.
Эми “ата-эне” жакты түшүргүлө. Экинчи канат каякта? Тойдо, Дордой базарда, кафе, салондордо, ак касса, кара кассалуу шеринеде!
Бүгүнкү жолугушуудан кийин окуучулардын ийгилигине биз да таасир этет экенбиз деп, Азим агай (деректир) менен ата-энелер мектебин ачсаңар болот. Бирок ата-эне болуш үчүн окуш керек. Азыр балдарды жөн эле тарбиялоо мүмкүн эмес. Мына бул китепте (“Ата-энелер мектеби”) эң зарыл кеңештер берилген бар.
Дүйнөдө бардык кесиптерге – мугалим, инженер, догдур ж.б. баары окутулат. Бир гана кесиптердин эң зарылы, башкысы болгон ата-эне болууга окутпайт экен.
Менин бир сунушум бар, гезитке да жазып койгулачы: үйлөнөбүз деген жаштар тойдон үч ай мурун ата-энеликке даярдоочу атайын курстан өтүп, сертификат алганда гана нике күбөлүгүн алышсын.
Ырас, окуганда эмне, үйлөнтүп эле койсок, тогуз айдан кийин ата менен эне болот да дегендер көп. Бирок ал – биология гана. Адам баласы рухий, моралдык-психологиялык жактан даяр болушу керек. Баланы нөл жаштан, төрөлгөндөн баштап кандай тарбиялоону билиши керек. Ошондо бала акылдуу, зээндүү болуп өсөт, ЖРТ жыйынтыгы жогору болот, ПИЗА боюнча Кыргызстандын көрсөткүчү да өсөт. 
Гапыр агай туура жол көрсөтөт: мектеп деректири Азим Жеңиш уулу менен
Окуп түшүнүү оңойбу?
ПИЗА демекчи, эң башкы көрсөткүч – балдардын окуганын түшүнүү деңгээли экен. Биздин гимназияда муну он жылдан мурун акыл эмгек маданияты (АЭМ) сабагына киргизгенбиз. Жалпы мектеп программасына киргизели десем, күлүшкөн эле. Энелерди окуталы дегенде да түшүнбөгөндөр көп болгон. Азыр ата-энелер декадасы өткөрүлө баштады. Айтмакчы, убакытты сарамжал пайдалануу деген сабакты киргизгенбиз эчак эле. Кыргызда “жамбаштап жатсаң сонунда” дегенди жакшы көрүшөт эмеспи (залда күлкү).
Немистер ар бир мүнөттүн эсебин так сактаганы менен алдыга озуп жүргөн эмеспи. Мен бул сабакты кыргызча атап койгон экенмин, англисче “тайм менеджмент” деп койсом, акча төлөп окушмак (залда күлкү). Тез окууга да маани берели десем, жактырбаган эле көбү. ЖРТда ар бир тапшырманы тез окуп түшүнүүгө үлгүрүш керек эмеспи?
Кыргызчасына көңүл бурбай, англисче же орусча айтканды адат кылып алышкан, “тайм менеджмент”, “буллинг”, “абюзер”, “скорочтение” дешет, “папа”, “мама”, “школ” дешет. Мунун баарынын кыргызчасы бар эмеспи? “Уңгужолдун” өзөгүндө ушундай баалуулуктар турушу керек. Албетте, азыркы жаштар үчтөн кем эмес чет тил билиши керек: чыгыштан бирди – япон, корей же кытай тилин, батыштан англис, немис же башкасын, анан арап тилин да билип алса жакшы. Азыр бир орус тили же англис тили менен, бир гана айти адистиги менен таң калтыра албайсың.
Суроо бере билели
Жолугушуунун орундуу бөлүгү диалог менен коштолду.
- Гапыр агай, акыл эмгек маданияты сабагы жөнүндө айтып бериңизчи.
– 30 жыл мурун жазылып, улам кийинки басылыштары өркүндөтүлүп келди. Азыр орус, түрк, англис тилдерине которулуп чыккан. Мында сабакта иштөө, окуп түшүнүү, көрүп түшүнүү, эстеп калуу, тезис, таяныч конспект түзүү, эссе жазуу, маселе-мисал иштөөнүн алгоритми, балдардын чыгармачыл иштөөсү, өз алдынча иши, сөздүк камын арбытуу аркылуу чет тил үйрөнүү методикасы, ошондой эле ЖРТга жана олимпиадага даярдануунун сынактан өткөрүлгөн методикасы, убакытты туура пайдалануу, ишмердикти уюштуруу жана башка бөлүмдөрү бар.
- ……
– Бир өтүнүч – суроо бергенде да кыска-нуска, ток этер жерин бөлүп айтканды үйрөнөлү. Көп сүйлөсөм эле көптү түшүндүрөм деп жаңылышат айрым мугалимдер. Эми сиздин сурооңузду түшүнсөм, ЖРТга ар бир сабак боюнча өзүнчө даярдаш керекпи дедиңизби? Баары сабакта эле ар бир теманы окутканда даярдала берет. Биздеги айырма – мугалимдер АЭМ негизинде сабак өтүп, АЭМ негизинде олимпиадага, ЖРТга даярдашат. 
Тилектештик
Алаканга салгандай
Эми кайрадан колдорду көтөрөлү. Бул – “мугалимдер”. Балдарга сабак өтүш үчүн интернеттен, илимий эмгектерден, энциклопедия, окуу китептен окуп абдан даярданышат – ынсаптуу болсо (залда күлкү). Ушундай даярдык менен келатат. А бул экинчи кол – “окуучулар”. Аларда кызыгуу, умтулуу, угуп түшүнүүгө, көрүп түшүнүүгө жөндөмү болсо, алакандай ачылат. Манжалардай сермеп алат.
Бирок бул жерде кол ачык эмес – мугалим берейин деген билимди окуучу албайт…
Биз, мугалимдер көп кетирген каталардын бири ушундай – сабакка өзүбүз жакшы даярданабыз, бирок ата-энелер менен биргеликте балдарды даярдоого маани бербейбиз. Балдардын кызыгуу, умтулуу, өжөрлүк, эрктүүлүк, дилгирлик, угуп түшүнүүгө, көрүп түшүнүүгө жөндөмдүүлүк ж.б. сапаттары өнүккөн болсо, мугалимдин аракети текке кетпейт.
Бизде тереңдетип окутуу, атайын саат бөлүп даярдоо деген жок, кадимкидей эле сабактар өтүлө берет. Анткени эки жактан тең шайкештик бар – колуңуздарды минтип бириктириңиздер.
Ошентип, бул китепте текстте керектүүсүн бөлүп алуу, суроолор аркылуу үйрөнүү, билимин жаңы нерселерди түшүнүү үчүн пайдалануу, турмушта колдонуу, билимди изилдөө аркылуу алуу жолдору үйрөтүлөт.
Оксфорд, Гарвард. Кембридж дегендерди уккансыздар ээ? Ошол атактуу университеттерде окуп түшүнүү деген атайын курс окутулат экен. Кыргызстанда бул жок – башталгыч класстарда гана анча-мынча үйрөтүп, анан улантпай коюшат. Биздин гимназияда 11-классты бүтүргөнгө чейин токтотулбайт. ЖРТдан орточо упай 170тен өйдө болуп жаткан сыры ушул жакта.
Өз алдынчалык – өнүгүүгө өбөлгө
Эми ушул жерден Болоня процесси жөнүндө айта кетейин. Бул системада 70/30 (кээде 60/40) деген катыш бар. 60 (же 70) пайыз билимди студент өз алдынча алыш керек экен. Сингапурдун системасында дагы ошондой. Изденсин, иликтесин, алсын дейт. 40 (же 30) пайызды гана мугалим берет. Азыркы реформа ушуну талап кылат.
Бирок муну такыр туура эмес түшүнүп албаш керек. “60 пайыз өзүңөр окуйсуңар, китебиңерди ачкыла!” – деп коюп отура бербегиле дагы. Чындыгында ошончону окуучу өзү алышы үчүн аны өз алдынча билим алууга даярдаш керек!
Күлүктү байгеге кошордо саяпкер таптагандай иштешибиз кажет.
Китепти окуп түшүнүү – жогорку деңгээлдеги өнөр дешет.
Мугалим, окуучу жана ата-эне биргелешип иштегенде үч фазалуу токтой болот. Азыр бизде бул фазалардын бири нөлдүк бойдон калып, мугалимдер өтө кыйналууда.
(Мугалимдерди теңсинбегендер бар. Алар бул кесиптин канчалык татаал, жооптуу, коом үчүн, улуттун келечеги үчүн маанилүү экенин түшүнбөйт.)
Тогуз жыл илгери толкуган сөз
“Кут Билимден” келди деп мага да сөз беришти эле, Лейлекке 2017-жылы барып, Гапыр агайдын №3 эксперименталдык гимназиясын көрүп келгенимди учкай эскердим. Ошондогу макаланын шилтемеси: КӨЗ ИРМЕМДИН ӨМҮРДӨГҮ МААНИСИ
https://share.google/0osiwlz7dLtUCTQIR
Эки жыл мурун 21-ни бүтүргөн кызым ЖРТда ушул мектеп боюнча эң жогорку упай алганын деректир Азим айтты эле, мындай жооп бердим:
– Менин балдарым башкалардан эч артыкчылыгы жок, кыргыздын жөнөкөй эле балдары. Эгер үйдөн көз салып, көңүлүн көтөрүп турбасак, тез эле сабагынан өтө начарлап кетиши мүмкүн. Демек, ата-энеси анча-мынча мактап, сүрөсө, мыкты окуу ар бир баланын колунан келет. Биз баарыбыз мугалимдерди сыйлап, кадырын арттыралы, бактылуу жашап, балдарга мыкты билим, тарбия берүү үчүн кесиптик өсүшүнө колубуздан келишинче салым кошолу. Эгер биздин мектептер жакшы өнүксө, улуттун келечеги ошончолук кенен болот.
Олимпиадачы… мугалим!
Залдан суроо:
- Олимпиадага кантип даярдоо керек?
– Өзү “олимпиадачы”, б.а. мыкты мугалимдин окуучусу гана олимпиададан чоң ийгиликке жете алат. Бул – аксиома. Бир сунуш – эгер силер кааласаңар, март айында же эртерээк баштап, ЖРТга, олимпиадага даярдоого балдарды топтосоңор, мугалимдериңерге да атайын курс өтүп берейин.
Китеп сатуу жөнүндө. Студенттерди колдоо фондун ачканбыз. Бул китептерди сатуудан жана ушул лекциялардан түшкөн акча ошол жакка сарпталат. Бүгүнкү күнгө чейин 600 миң сомдой жардам бердик.
| Мугалимдин кадыр-баркы эмнеге байланыштуу? 1. Адамгерчилик. 2. Балдарды кемчилиги менен бирге жакшы көрүү. “2ге” окугандарга, тартиби начар балдарга да мээрим керек. Мурду агып, шөмтүрөп, кийими эски болгондуктан арткы партада кысынып отурган балдарды сүйгүлө, башын сылагыла. Отличниктердин көбү өзүмчүл келет 3. Өз кесибине берилгендик. “Быйылкы окуу жылын эптеп аягына жеткирсем кетем!” деп кабагыңарды карыш салган бойдон класска кирбегиле. Башка кесипке бара албаганы үчүн гана мугалимдикке окуп калганына нааразы болгондор балдарга оорун салбашы керек. “Таланты жок жазмакерлердин адабиятка салымы – ыр жазбай койгону” деп айтылгандай, өз ишин жактырбагандар мектептен кетип калганы эле жакшы. 4. Үйрөнүүгө, билүүгө дайым даяр болуу. 5. Текеберликтен эркин болуу, жаңылыкты барктоого даяр туруу. 6. Тажрыйба аркылуу үйрөтүүгө даяр болуу. 7. Жасалмалыктан, көрсөтмөлүктөн этият болуу. Завуч кирет же комиссия келет экен деп башкача көрүнүүгө аракеттенбегиле. Силердин эң чоң комиссия – окуучулар! Бир кезде “Ачык сабак” деген сатиралык баян жазган элем. Жалалидин Руми айткандай, “Болгонуңдай көрүн, көрүнгөнүңдөй бол”. (Ушундай ойлор айтылганда кол чаап койсоңор боло! Финляндияда, Германияда көрдүм – маанилүү сөз айтылган сайын “Браво!”, “Вау!” деп сүрөп турушат экен.) 8. Эмоциянын катышы. Мугалимдин сөзү эмоция менен айтылганда, угулганда таасири артат. Балдар сүйүнүп, кол чаап турганда, сабак жакшы өтүлөт. 9. Педагогикалык такт – чен-өлчөм сезими: ашыкча сүйлөбөй, кыйкырбай, балдарды өтө жамандабай, өтө мактай бербей, ченин билген жакшы. 10. Стандартсыз ойлонуп, иштөөгө жөндөмдүүлүк. Кээде мугалим схемадан, трафареттен чыга билиши, бирок аша чаап кетүүдөн да сактанышы керек. 11. Илимдин, техниканын соңку жетишкендиктерин билип, чыгармачыл нукта пайдалануу. Силерге эң жакшы китепти айтайын: “Куда и как исчезли тройки?” деген китепти ким окуп чыккан, колуңарды көтөргүлөчү? (Бир гана Жолдош окуптурJ.) 12. Ишке чыгармачыл мамиле. 13. Өзүнө өзү сын көз менен карай билүү. Өз ишин талдай жүрүү керек. Бизде анализдөө иши жетишпейт. Текшерүү ишинин жыйынтыгы талданбайт. Балдарга суроо беребиз, тапшырма беребиз – эмне үчүн иштей албайт, аткара албайт? Эмнеге ЖРТ упайы 129дан өйдө болбой жатат? Эч талдабай эле 150гө жеткиргиле деп буюрганда иш бүтпөйт. Көрдү жарга такагандай кылбаш керек. Ар бир маселенин себе-натыйжалык байланыштарын иликтеш керек. 14. Сынды туура кабыл алуу. Деректир, завуч кемчиликти белгиледиби – эч таарынбай, ишти оңолтуу жолун издеш керек. Кесиптештер бири-бирине сын айта, уга билиши зарыл. Кек санабаш керек – “мен да сенин сабагыңа кирип, талкалайм!” дебей. Күчтүү, чыныгы намыстуу адам гана сынга таарынбайт, кекенбейт. Чыныгы сый-урмат бар жерде сын дайыма туура кабыл алынат. Биздин Нарбүбү, Чынар жана башка мугалимдер бири-бирин сындаганда мага да тиешелүү болот кээде. Өзү катышкан сабактарды баарыбыз кантип талкуулаганыбызды Жолдош көрүп таң калган. 15. Дүйнөлүк жана өзүбүздөгү алдыңкы тажрыйбаны, жаңы усулдарды чыгармачылык менен пайдалана билүү. |
Баланы мектепке узатканда
Эми урматтуу ата-энелер, сиздерге өтүнүч айтайын. Баарыңыздар балдардын чоң ийгиликке жетишин тилейсиздер, мыкты кардиолог, академик, министр, кесипкөй журналист, окуучулары жакшы көргөн мугалим болушун каалайсыздарбы? “Ушул Нобел лауреатынын атасы, апасы ким экен?” деп элдин баары силердин аты-жөнүңөрдү сураганын уккуңар келеби? Анда балдардын кыялын, максатын билиңиздер. Сабагына кызыгып, мектепке жөнөтөрдө: “Кагылайын балам, сен куттуу жерге баратасың. Сенин ар бир алган “5” бааң менин өмүрүмдү узартат. Сенин келишиңе өзүң жакшы көргөн тамакты бышырып турам!” – десеңер, кандай жакшы болот, туурабы? (кол чабуулар).
Ушундай маанай менен узатсаңыздар, балдар сабакка дилгир болуп барат. Бирок көп ата-энелер – сиздер эмес, Африканын кайсы бир булуң-бурчундагы жердегилер: “Бар ошол мектебиңе! Ошол класс жетекчиңди көрөм! Керек болсо Азим деректириңерди да көрүп коём! Кимиси канчалык экенин билем!” – деп жөнөтөт баласын мектепке. Анан баласы эч кимди көзгө илбей, сабакка кайдыгер карайт. Анткени бирдеме дешсе, апасы “сүйлөшүп коёт”.
Мугалимдер, биз өзүбүз да кадыр-баркыбызды сактай билели. Гёте университетинде улуу акындын (ал үлкөн окумуштуу да болгон экен!) чоң тамгалар менен жазып дубалга илинген сөзүн орусчага которуп беришти:
“Учатся у того, кого любят, уважают и кому верят” / “Кимди жакшы көрсө, ишенип урматтаса, ошол адамдын таалимин алат”.
Демек, биз мугалимдерди канчалык жамандап, кемсинтсек, балдарыбыз жаман окуйт экен. Германиядан алып келген эң чоң жаңылыгым ушул болду. Муну укканда аябай сүйүнгөнмүн.
Урматтуу ата-энелер, сиздер балдардын алгебра же физика боюнча тапшырмасын аткарып бербеңиздер, жөн гана мугалимдин кадырын көтөрүп коюңуздар! Мугалимге болгон ишенимди бекемдеп бериңиздер – ошондо ал тоону томкорот, укмуштарды жасайт!

Жакшы маанай
Мугалимге кулак кагыш
Баятан бери тамаша-чынга салып ата-энелерге бир топ кеңештерди айттым. Эми мугалимдерге да кулак кагыш: “Кимди жакшы көрсө, ишенип урматтаса, ошол адамдын таалимин алат” деген накыл кептен биз да чоң сабак алышыбыз керек. Ошол жакшы көргөн, сыйлаган, ишенген мамилеге да татыктуу болуубуз керек. Өз предметибизди начар билсек, сабакты супсак, зеригиштүү өтсөк, эч кандай сый-урмат болбойт.
Азыркы мугалим илимий эмгектерди, интернеттеги жакшы сайттардан керектүү нерселерди дайыма издеп окуса, билимин өркүндөтүп жүрсө, мугалимдин демдүүлүгүн, чыйрактыгын бала сезет, баалайт, аны ээрчийт.
Ар кандай кемчиликтерди бизде эмес, Африкада деп тамаша айтууну да токтотуш керек экен – көрсө, Африканын айрым өлкөлөрү бизден алдыга озуп кетиптир. Аларда Нобел сыйлыгынын лауреаты бар!
Китеп – эң баалуу белек же Маалымат менен иштөө ыктары жөнүндө)
Урматтуу ата-энелер, баланы нөл жашынан – бойго бүткөндөн баштап тарбиялоо жолдору мына ушул китепте (“Болочок жана жаш ата-энелер мектеби”) жазылды, алып окуңуздар!
Мугалимдер, бүгүнкү жолугушуудан кийин буга чейинкиден да жакшы окутабыз деп чечкендер болсо колуңуздарды көтөрүңүздөрчү?
“Балдарыбызга узун өмүр, бактылуу турмуш тилеп, мугалимдер менен кызматташалы!” – деп ниеттенген ата-энелер, кол чаап коюңуздар!
Эми китепти белекке алам деген кызыбыз, мугалимге тиешелүү талаптарды баятан бери угуп-түшүнгөнүң боюнча санап берсең, аласың!
(Дептерине жазып отурган экен, такалбай айтып берди.
Ушул жерден маалыматты өздөштүрүүгө тиешелүү бул макалага көңүл буруп коюңуздар: https://kutbilim.kg/news/inner/maalymat-formaty-bilim-sapatyna-b-lg-ky/ )
Кыргыз тилдүү мектептин келечеги
(соңку сөз ордуна – кыстырма)
Гапыр Мадаминов, Орозали Сайдилканов сыяктуу устаттар негиздеген мектептердин тажрыйбасын, дүйнөлүк билим берүүнүн эң мыкты өрнөктөрүн кыргыз кыртышына шайкеш келтирүү үчүн көп эмгек кылган Дүйшөн Шаматовдой окумуштуулардын билимин бүтүндөй билим системасына жеткирүү зарыл. Эгер бул ишти ырааттуу жүргүзө алсак, мисалы, ордо калаабыздагы мектептердин деңгээлин жогорулатууга чоң өбөлгө түзүлөт. Мунун дагы бир таасири – кыргыз тилдүү мектептердин/класстардын абалы жакшырганда, аларга окуучулар көбүрөөк бара баштайт. Ошентип, орус тилдүү класстар кыйла “кеңейет”.
Ордо калаадагы жол тыгыны азайып, мектептер жетиштүү болушу үчүн да алдыңкы тажрыйбаны шаарлардан айылдарга чейин текши жайылтуу, билим сапатына бирдей талапты күчөтүү зарыл. Социалдык камсыздоо, эмгек акы, салык жагынан жеңилдиктер ж.б. аркылуу элет жериндеги саламаттык сактоо менен билим деңгээли шаардагыдан калышпагандай жакшыртылса, калк жайгаштырууга байланышкан маселелер системалуу чечилип, экономикалык өсүшкө да эң жакшы ыңгай жаралмак…
Жолдош ТУРДУБАЕВ,
“Кут Билим”
Гапыр Мадаминовдун мектеби жөнүндө 9 жыл мурун жазылган дагы эки макаланын шилтемеси:
ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ӨРНӨГҮН ӨЗДӨШТҮРӨЛҮ – Кутбилим https://share.google/DXojiVMDADlTw009Q
ДУБАЛДАРЫ ДА ТААЛИМ БЕРГЕН МЕКТЕП https://share.google/GTrHQ1tbkNg30LwlK )