УЛУУ ЭМГЕК УЛУУ АКЫЛМАНДЫ ЖАРАТАТ

  • 13.03.2023
  • 0

Адамзаттын көркү эмгекте дегендей, адам баласы эрезеге жеткенден баштап, өмүрүн эмгексиз элестетүү кыйын эмеспи. Ийгиликтүү, коомдо өз ордун табууда мына ушул эмгек жашоодо чоң тирек болуп берет деп, №77 жалпы орто билим берүү мектебинин ардагер мударис-окутуучусу, КР Эмгек сиңирген мугалими, профессор Сабира Өжөрбаева ар дайым күжүрмөн эмгектин үстүндө иштеп келет.

          УЛУУ ЭМГЕК УЛУУ АКЫЛМАНДЫ ЖАРАТАТ

Эмгек жолун “Мугалимдер газетасынан” баштаган

Апакемдин  балалык кези Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында өткөн. Бир туугандарынын башында туруп, ата-энесинин карааны болуп, үйдөгү көп түйшүктү өз мойну менен тарткан.  1975-жылы 10-классты бүтүргөн соӊ, “Кыздар бригадасын” түзүп, талаа жумуштарына чыгып, тамеки тизип иштеген.

1977-жылдан 1982-жылдары СССРдин 50 жылдыгы аттуу КМУнун кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Ушул эле жылы атама, Сражиддин уулу Жанышка турмушка чыгат. Атам шыңга бойлуу, баамчыл, өтө ак көңүл жана боорукер адам эле.

Өзүнүн кесиптик ишин “Советтик Кыргызстан”, “Мугалимдер газетасынан” баштаган. Ошол жылдары “Мугалимдер газетасынын” башкы редактору Ж.Мавлянов туурасында энекемдин эскерүүсүндө: “Жунай агай улуу адамгерчилиги, тактыгы, адамга акырын эле сүйлөп, жеткире түшүндүрө билгендиги, кыраакылыгы менен редакциянын кызматкерлерин өзүнө тарта билген адам эле”, — деп айтып калат. Ушундай улуу адамдык сапаттарга ээ болгон инсандардын насаатчылыгында кесиптик ишин улай, №40 жана №59 мектептеринде иштейт. Апакемдин жүрөгү өтө эле жумшак жана өзү гумандуу болгондуктанбы, айтор, балдар менен иштөөнү туура көрөт.

Жөнөкөй мугалимден жетекчиликке чейин

Көп өтпөй эле,  өзүнүн кесиптик жолун Ак-Өргө жаңы конушунун №77 жалпы орто билим берүү мектебинде улантат. Иш жүзүндө өзүнүн такыбаалыгын, жоопкерчилигин көрсөтүү менен  окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп жыйырма үч  жыл эмгектенет.

          УЛУУ ЭМГЕК УЛУУ АКЫЛМАНДЫ ЖАРАТАТ

Чыныгы мугалим ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт эмеспи, апакем мектептин мугалимдер жамааты менен биргеликте “Жазуунун ылдамдыгын” жана “Мугалимдердин сабактарга катышуудагы диагностикалык картасын” түзүп чыгышкан. Бул эмгек ошол учурдагы шаар мектептеринин мугалимдери үчүн эң керектүү методикалык  колдонмо эле.

Окуу программасынын негизинде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 5-11-класстар үчүн кыргыз тилинен календардык-тематикалык пландаштырууну жарыкка чыгарып, кийинчерээк аны кайра Билим берүүнүн стандартынын негизинде иштеп чыккан. Аталган календардык-тематикалык план республикалык деңгээлдеги колдонууга арзыган.

Илимпоз эжей

Мектептин түмөн түйшүгүнө карабастан, илимий иштер менен да алектенет.

Алгачкылардан болуп, бараандуу эмгектеринин бири булар:

  1. “Адеп” 2-класс;
  2. “Адеп” 3-класс;
  3. Эшенаалы Арабаевдин төрт эмгегин арап арибинен кириллица арибине которгон:

Алгачкы алиппеси “Алифба йаки төтө окууну” (1911); экинчиси  “Кыргыз алиппеси” (1924);үчүнчүсү  “Жазуу жолундагы саамалыктар” (1925)

жана төртүнчү эң алгачкы сүрөттүү “Кыргыз алиппеси” (1928).

Биринчилерден болуп, кылым карыткан бул эмгекти ар бирибиз кенен окуп-үйрөнүп таанышканга мүмкүнчүлүк ачылды. Ошол которулган алгачкы эмгектердеги көркөм тексттердин мазмуну боюнча башталгыч класстардагы окуучулар үчүн класстан тышкаркы окуу китепчелери да жарык көрдү. Кыйын учурдагы кыргыздардын сабатсыздыгын жоюудагы бул алгачкы эмгектерди кириллицага которууга эки жылдан ашык убакыт кетет, ал эми которулган эмгектердин жарыкка чыгышына  И.Арабаев атындагы КМПИнин педагогика илиминин доктору, профессор  А.Р.Акунова жардам берет.

          УЛУУ ЭМГЕК УЛУУ АКЫЛМАНДЫ ЖАРАТАТ

Эсимде, апакемдин биз кичинекей кезибиздеги китеп текчесиндеги китептери, адам канчалык илимге жакын болуп, китептерди аярлап, китепти сүйсө, ошол адамга да илим жугат эмеспи. Тарыхта  аты да, эмгеги да калган бул улуу инсандын эмгектерин  которуу менин апакеме насип этиптир. Жарыкка чыккан китепти барактап ачып, ичиндеги биздин ата-бабаларыбыз колдонгон  эмгек, үй, тиричилик шаймандарынын аттарын окуп, абдан өзүбүздүн төл сөздөрүбүзгө баа бердим. Кыргыз тили – ушунчалык бай, варианттуулук, образдуулук, экспрессивдүү касиетке ээ.

Өрнөктүү өмүр

Тил меселесине, анын келечегине кайдыгер карабаган апакемдин окуу-тарбия ишин жүргүзүүдө азыр дагы жаштарды тилдин улуулугуна, көркөмдүүлүгүнө баа берүүгө көркөм чыгармаларды окутуу менен үйрөтүп келет. Канчалаган жаш адистерге өзүнүн жашоодо, иште алган бай тажрыйбасынан бөлүшүп, туура жолду көрсөтүп келет.

Ошондой эле, жаңы муундун кыргыз тили, адабий окуусу боюнча 2-3-4-класстар үчүн жаңы окуу китептердин чыгарылышында эксперт болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган эксперттик топ менен биргеликте жигердүү иштеди.

Мектептерде кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча бир нече илимий-методикалык макалалардын автору, апакемдин өрнөктүү жолунун негизинде КР Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан чыгарылган энциклопедиясынын 3-томуна киргизилди. Мына ушундай алгылыктуу эмгектеринин негизинде Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасына” 2010-жылы татыктуу болгон.

2021-жылы №77 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Акиренова Бурулкан Акиреновна менен биргеликте “Жусуп Баласагындын “Кут алчу билиминдеги” куттуу сөздөрдүн баяны” аттуу кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн методикалык колдонмону жазышкан.

Ушул эле жылы кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн “Деңгээлдик билим берүү технологиялары” аттуу колдонмону С. Рыспаев, Акиренова Б. менен биргеликте жазып чыгышкан. Аталган колдонмодо окуучунун алган билимин деңгээлдик негизде текшерүү, баалоо  боюнча жана деңгээлдик негизде бышыктоонун ыкмалары сунушталган. Эң негизгиси, сабактын тибинин негизинде күнүмдүк сабактын иштелмесин туура түзүү боюнча багыттар жана үлгүлөр берилген.

Мугалимдер династиясы  

Ийгиликтин артында талыкпаган, тынымсыз эмгек турат  жана ошону  менен катар чексиз колдоо көрсөткөн, күчтүү мотивация берген адам болот эмеспи. Бул жагынан атакем апама өзүнүн кеп-кеңешин берип, ар дайым кош колдоп келди.

Жакшы ниет — жарым ырыс дегендей, атамдын айткан акыл-насаат сөздөрү жана апамдын көрсөткөн туура жолун багыттап, биз дагы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенип келүүдөбүз. Биз үч бир тууганбыз. Байкем, Эшманбетов Жумабек учурда Көркөм-сүрөт академиясында тарых мугалими. 2004-жылы байкемдин “Нарын – Теңир-тоонун чордону” аттуу китеби жарыкка чыккан. Сиңдим, Жаанша кызы Наргиза Екатеринбургдагы УПИни ийгиликтүү аяктап, “Газпром” орто мектебинде “Кадр бөлүмүндө” иштейт. Ал эми мен,  №55 жалпы орто билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенем.

Учурда энекем  №77 жалпы орто билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенүү менен катар жаштарды окутуп-тарбиялоодо окуучулардын жеке жөндөмдүүлүгүн өстүрүү менен бирге инсандык сапаттарга тарбиялап келет. Окутууда  билим сапатынын  көтөрүүнүн үстүндө бир нече илимий-конференцияларга катышып, өзүнүн кеп-кеңешин берип келүүдө. Ал эми сабак өтүүдө инновациялык  технологияларды орундуу колдонуу, ыкмаларды туура пайдалануу боюнча жаш адистер менен иш жүргүзүп келет.

 Жылдыз  Эшманбетова,

№55 жалпы орто билим берүү мектебинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер