“УЛУТТУК ПРОГРАММА УҢГУЛУУ ИШТЕРДИ АТКАРДЫ”
- 04.12.2020
- 0
Быйылкы жылы мекемелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы буйругу менен кабыл алынган “КРнын 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” аткаруу боюнча иш-чараларын жыйынтыктоо алдында турат. Биз бул программанын аткарылышы туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимовага кайрылып, бир нече суроо узаттык.
– Гүлнара Үмөтбековна, Улуттук программанын иш-чаралар планына ылайык, Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунун алдында кыргыз, орус жана чет тилдерин окуткан мугалимдердин жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча Тилчилерди окутуу борборун ачуу милдети коюлган эле. Кепти ушундан баштасак.
– Бул борбор 2018-жылы ачылып, өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө борбор мектепке чейинки, мектеп жана кесиптик билим берүү мекемелерине мамлекеттик тилди окутуу боюнча инновациялык технологияларды киргизүү, окутуу программаларын, усулдук колдонмолорду, сөздүктөрдү түзүү жана иштеп чыгуу, квалификацияны жогорулатуунун натыйжалуу моделин түзүү жана окутуу программаларын экспертизадан өткөрүү жаатында өз ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүп келет. 2017-2020-жылдар аралыгында мугалимдер төрт модулдан турган “Тилдерди окутуудагы коммуникативдик методиканын негиздери” курсунан ийгиликтүү өтүшүп, жыйынтыгында 602 мугалим сертификатка ээ болду. Борбордо он кызматкер эмгектенип, 12 программаны ишке ашырып жатышат. 2017-2020-жылдар аралыгында аталган борбор тарабынан 3960 мугалим билимин өркүндөтүп, квалификациясын жогорулата алды.
– Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга карата КРнын өнүктүрүүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасы, 2018-2020-жылдарга карата Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы жана Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу милдети коюлган эле. Бул туурасында эмнелерди айта аласыз?
– Тилчилерди окутуу борбору жана “Юнисеф” долбоорунун алкагында иш жүргүзүп жаткан Билим берүү жана илим министрлигинин өнөктөшү болгон “Инновациялык технологиялар” борбору сиз белгилеп өткөн план-милдетти жигердүүлүк менен аткарып келе жатышат. Көп тилдүү билим берүү программасына азыркы тапта 45 бала бакча, 78 мектеп жана беш жогорку окуу жайы тартылган.
Өлкөбүз боюнча 78 мектепте көп тилдүү билим берүү программасы ишке ашырылып, окуучулардын мамлекеттик тилге натыйжалуу үйрөнүшү үчүн шарттар түзүлүүдө. Мындай көп тилдүү мектептерде кыргыз тили сабагы гана кыргыз тилинде окутулбастан, окуу планындагы бир нече предметтер да кыргыз тилинде окутулат. Андан сырткары, системалуу түрдө класстан тышкаркы иш-чаралар, ийримдер кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Демек, окуучулардын кыргыз тилиндеги практикасынын көлөмү чоңоюп, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө шарттар жаралууда. Көп тилдүү мектептердеги окуучулардын кыргыз тилди билүү сапаты 20-40% жогорулагандыгын тестирлөө иштеринин жыйынтыктары көргөзүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №279 кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык, жалпы билим берүүчү орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинен тестирлөөдөн өтүштү. Тестирлөөгө өз каалоосу менен республика боюнча 5166 окуучу катышып, 59 пайызы А2 жана В1 деңгээлин тастыктады.
– Билим берүү тармагында Мамлекеттик тилди жеткиликтүү билүү чаралары кандай коюлууда?
– Министрликтин 2009-жылдын 11-сентябрындагы буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн 2-курстан кийин “Кыргыз тили жана адабияты”, “Кыргызстандын тарыхы” жана “Кыргызстандын географиясы” сабактары боюнча дисциплиналар аралык жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо киргизилди. 2019-2020-окуу жылынан тартып “Кыргыз тили жана адабияты”, “Кыргызстандын тарыхы” жана “Кыргызстандын географиясы” дисциплиналары боюнча дисциплиналар аралык жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо компьютердик тестирлөө түрүндө ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында V, VI, VII, VIII жана (же) X класстарынын окуучуларын кезектеги класска көчүрүү тартиби жөнүндө Жобонун негизинде V, VI, VII, VIII жана (же) X класстарынын окуучуларына кыргыз тили (мамлекеттик тил) (грамматикалык тапшырмалары менен) сабагынан көчүрүү экзамендери киргизилди. 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн эне тилинен дилбаяндын элементтери менен баяндама, кыргыз тилинен (орус, өзбек, тажик тилинде окутулган класстарда) оозеки сынак тапшырышты. 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эне тили жана адабиятынан (эссе), кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жат жазуу экзамендери бар.
Ал эми окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептин IX класстарынын окуучулары жалпы мамлекеттик аттестацияда дилбаяндын элементтери камтылган баяндама жазышты. Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган мектептер үчүн) же орус тили (кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн) – функционалдык грамматиканы жана лексиканы, ошондой эле текстти окуу жана түшүнүү жөндөмүн текшерүүнү камтыган комплекстүү жазуу тесттери жүргүзүлдү.
– Улуттук программада мектепке чейинки билим берүү, мектеп, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн методикалык басма жана мультимедиялык продукцияларды чыгаруу милдети коюлган эле?
– Ооба, бул милдетти аткаруу максатында министрликтин атайын буйругу менен келип түшкөн кол жазмаларды карап чыгуу жана чечим чыгаруу үчүн ар бир билим берүү деңгээли боюнча жалпысынан жети лингвистикалык-эксперттик комиссия (мектепке чейинки билим берүү, башталгыч класс, орто билим берүү, негизги билим берүү, орто кесиптик билим берүү, жогорку кесиптик билим берүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн) түзүлүп, жол-жобосу иштелип чыккан. Кол жазмалар комиссияга келип түшкөнгө чейин кафедра, факультет жана окуу жайдын окумуштуулар кеңешинде каралып, ички жана тышкы эксперттердин кароосунан өтүп келет. Андан соң комиссиянын чечими таризделип, басып чыгарууга буйрук чыгарылып, басууга берилет.
– Биздин билишибизче, Улуттук программанын алкагында бир топ китептер жарыкка чыкты окшойт?
– Программанын алкагында 2015-2016-жылдары 28 аталыштагы 57800 нускада китеп (3518600 сомго), 2016-2017-жылдары 81 аталыштагы 94900 нускада китеп (7563200 сомго), 2017-2018-жылдары 27 аталыштагы китеп 23900 нуска китеп (4343320 сомго), 47 аталыштагы китеп 64577 нускада (6377125 сомго) басмадан чыкты. Андан сырткары бакча жана мектептер үчүн 17 аталыштагы китеп сатып алуу жолу менен (8293000 сомго) алынды.
2019-жылы 18 аталыштагы китеп 8868 нускада (2406188 сомго) басылып чыкты. Улуттук программанын алкагында 2016-2020-жылдары билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн 218 аталыштагы китеп 335315 нуска окуу-усулдук китеп басып чыгарылды. Анын ичинен: мектепке чейинки билим берүү үчүн – 25, мектептер үчүн – 48, орто кесиптик билим берүү үчүн – 21 жана жогорку окуу жайлары үчүн – 120 аталыштагы китеп жарык көрдү. Бардык китептер атайын буйрук менен бөлүштүрүлүп, аймактарга жеткирилди.
Азыркы тапта 14 аталыштагы китеп 1653219 сомго 4700 нускада, ал эми 15 аталыштагы китеп 1903570 миң сомго 8150 нускада басылууда. Улуттук программанын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн каралган 105, 106, 107, 108, 109-пункттары боюнча тапшырмаларды аткарууда кыргыз тилинде китеп жазган адистердин жоктугу бир катар көйгөйлөрдү жаратууда. 2020-жылы угуусу начар балдар үчүн жети аталыштагы китеп жарык көрдү. Калган пункттар боюнча чечүү жолдору каралууда.
– Бул китептер каякка тарады? Жер-жерлерге жеттиби?
– КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунан жарык көргөн китептерди республиканын бардык аймактарына таратуу иши Маданият жана туризм министрлиги менен катар Билим берүү жана илим министрлигине, анын ичинен мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторуна жүктөлгөн. 2016-2019-жылга чейинки аралыкта мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан Улуттук илимдер академиясынан басылып чыккан 74297 даана китеп билим берүү уюмдарына таркатылып берилди.
– “Манас” эпосу боюнча балдар үчүн мультфильм тартылат деп уктук элек?
– Туура. Улуттук программанын Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү 49-пунктунда мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн анимациялык продуктыларды иштеп чыгууга каралган. Ал боюнча 4-8 жашар балдар үчүн
“Манас” эпосунун сюжетинин негизинде мультфильм тартуу тапшырмасы берилген. Бул тапшырмаларды аткаруу максатында атайын эксперттик топ түзүлүп, техникалык тапшырма иштелип чыгып, тендердик комиссиянын кароосуна берилген. Тилекке каршы, пандемия шартына байланыштуу Финансы министрлигинин катына ылайык, бардык тендердик иштер токтотулуп, бул милдет жагдайга байланыштуу аткарылган жок.
Дагы бир айта кетчү жагдай, Улуттук программанын алкагында кесипке багытталган китептерди чыгарууда терминдердин такталбагандыгы жана бирдейлешпегендиги, бардык кесиптик багыттар боюнча терминдер сөздүгү иштелип чыкпагандыгы бир топ кыйынчылыктарды жаратты.
– 2020-жылдын 1-октябрында КРнын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө” атайын токтому кабыл алынганын билебиз. Бул боюнча да айта кетсеңиз?
– Аталган токтомдун негизинде кабыл алынган программа боюнча Билим берүү жана илим министрлигине жалпы бюджети 81 млн. 100 миң сомду түзгөн 30 тапшырма берилген. Иш-чаралар планында негизинен, билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн: Кыргыз тилин эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окутуунун программаларын талдоо жана бөлүнгөн сааттарды оптималдаштыруу; Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун концепциясын өркүндөтүү; Кыргыз тилинин предметтик стандарттарын жана программаларын деңгээлдик талаптарга ылайык иштеп чыгуу; “Кыргызтест” системасынын талаптарына ылайык мамлекеттик тилди окутуунун окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгуу; ЖОЖдор аралык типтүү магистрдик-докторлук (бирдиктүү) программасын иштеп чыгуу; Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу; “Кыргыз тили жана адабияты” предметин Жалпы республикалык тестке киргизүү; Кыргыз тили боюнча электрондук окуу колдонмолорун иштеп чыгуу ж.б. милдеттери коюлган.
Алдыдагы беш жылдыктын милдетин натыйжалуу аткаруу максатында азыркы тапта министрликтин структуралык түзүмдөрү, башкармалыктар иш-аракеттер планы менен таанышып чыгып, сунуштарын берүү үчүн буйрук долбоору даярдалууда. Ал эми мектепке чейинки, мектеп, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан өткөрүлгөн онлайн-семинарларда маалымдалып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Аңгемелешкен
Майрамбек ТОКТОРОВ, «Кут Билим”
Комментарийлер