УЛУТТУК ПЕДАГОГИКА ТАРЖЫМАЛЫНАН АЛА ТУРГАН САБАКТАР
- 13.06.2025
- 0
Педагогика – адам таануу жөнүндөгү илим. Анын негизги функциялары – жаштарды тарбиялоо, билим берүү жана өнүктүрүү. Мында негизги орун тарбиялоого таандык. Тарбиялоо — бул жаштарды жакшылыкка үндөө, жетелөө, жакшылык жасоонун үлгүсүн көрсөтүү, жакшылык жасаганга үйрөтүү, жакшылык жасоонун жакшы экендигине жаштарды ишендирүү. Жалпы педагогика негизинен эки түргө бөлүнөт: элдик педагогика жана илимий педагогика. Бирок илимий педагогика элдик педагогикасыз жашай албайт. Анткени ар бир элдин жашоого болгон аракетинде өздөрүнө гана мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрү бар. Алар ошол элдин алмаштыргыс баалуулуктары. Кыргыз элинде – бул улуу менен кичүүнүн мамилеси, табият менен таттуу мамиледе болуусу, үрп-адат, каада-салт, кишичилик, адамгерчилик, билгилик, акыры келип нарктуулукка такалат. Жаштарды тарбиялоонун учурдагы максатын аныктоо үчүн КР Президентинин бири-бири менен логикалык жактан тыкыз байланышкан төрт жарлыгына кайрылуу керек деп эсептейм.
Президенттин жарлыктар топтому руханий-адептик жактан өнүккөн, ден соолугу чың, кыргыз наркын жан дүйнөсүнө сиңирген, улуттун деми менен дүйнөлүк бийиктикке жетүүнүн уңгужолун түшүнгөн жана аны ишке ашыра алган кыргыз жаранын калыптандырууга багытталган.
Ал үчүн кыргыз педагогикасынын тарыхын терең үйрөнүп, алардан алган сабактарды учурдун талабына ылайыктап пайдалануунун жолдорун табуубуз зарыл.
- Кыргыздардын жашоого болгон аракеттеринин мүнөзүн үйрөнүү. Алгачкы мезгилде кишилердин аракети тамак табууга, кийим кийүүгө, үй курууга багытталган. Билим берүү жөнүндө түшүнүк болгон эмес. Аракеттер бир нерсени жасоо, көрсөтүү, үйрөтүү мүнөзүндө болгон. Булар шарттуу эки түрдө гана, ички сезимден чыккан эмпирикалык эрежелер аркылуу ишке ашкан. Мындан биз максаттуу айтып берүү, көрсөтүү, үйрөтүү, текшерүү сыяктуу салттуу өнөрлөрдүн топтомун алдык. Булар бүгүнкү таалим-тарбияда кеңири колдонулууга тийиш.
- Айрым адамдардын жеке турмушунда, коомдо болуп өткөн окуялардын элдин эсинде калтыруу максатындагы жазуулар. Кыргыздар мындай маалыматтарды таш бетине жазышкан. Бул ойду так, кыска, таамай айтууну, жазууну түшүндүрөт. Ошондуктан бизде «Ташка тамга баскандай» деген учкул сөз калган.
- Кыргыз педагогикасынын өзөгү элдик макал-лакаптарда жатат. Макалдарда терең мазмундуу ойлор кыска түрмөктөлүп, кабыл алууга ыңгайлуу түзүлөт. Аны билермандар чечмелеп, куюлушкан ыргактуу сөздөр аркылуу окуянын чоо-жайын баяндап берет. “Билим алуу ийне менен кудук каскандай”, “Ойду турмуш жетелейт” (Бытие определяет сознание). “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет”. Макал-лакаптарды билимдин бардык тармактарында пайдаланса болот.
- Таалим-тарбия ишине “Манас” эпосунун, ошондой эле кенже эпостордун тийгизген таасири. Мындагы негизги эпостун каармандарынын инсандык сапаттары, жаратылышты, адамдардын ортосундагы мамилелердин сүрөттөлүшүнүн, көркөмдөлүшүнүн тереңдиги жана кенендиги. Булар Манас айтуучулардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, чеберчиликтери, фантазиясы менен өлчөнөт. 1930-40-50-жылдары жаш балдардын ата-энелерине эпосту окуп бериши тарбиялануунун өзөгүн түзөт.
- Баласагындык Жусуп менен барскоондук Махмуддун өмүр өтөлгөсү. “Куттуу билим” менен “Түркий тилдер сөз жыйнагындагы” асыл ойлор, насааттар. Ошол чыгармалардагы жалпы адамзаттык, саясий-экономикалык, башкаруучулук, илимий таанып-билүүчүлүк, коммуникативдик, социалдык-экологиялык, этика-эстетикалык баалуулуктардын маңызын азыркы шарттарга айкалыштыра билүү бизге сабак болууга тийиш.
- Элдик даанышмандардын, сынчы-чечендердин, көрөгөч-көсөмдөрдүн, айткан насыяттары. Мисалы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Асан кайгы, Жээренче чечен, Калыгул, Арстанбек, Молдо Ныяз, Молдо Кылыч, Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок, Барпы жана башкалардын осуяттары таалим-тарбиянын бирден бир өзөгү катары кызмат кылат.
- Кыргыз жергесинде алгачкы мектептердин пайда болушу: медресе, жаңы усул мектеби, орус-туземдик (жергиликтүү) мектеп, гимназия ж.б. Булардын баарынын негизги максаты — жаштарды сабатуу болууга, маалыматты кат аркылуу алмашууга үйрөтүү болгон. Ал эми мазмуну дин эрежелеринен баштап, табияттын кубулуштарын математикалык жол менен далилдөөлөрдү камтып келген. 1876-жылы Пржевальск (Ысык-Көл, Ат-Башы волостору) уездинде 12 мектепте 131 бала окуган. 1883-жылы Ош уездинде 41 мектепте 391 окуучу; 1914-жылы 229 мектепте 3170 бала. 1917-жылы мектептин саны 3 318, окуучулар 9477 болгон. Ал убакта сабаттуулук кириллицаны билүү менен гана эсептелген.
- 1917-жылкы Октябрь революциясынан кийин РСФСРде Эл агартуу комиссариаты түзүлүп, 1919-жылдан баштап сегизден 50 жашка чейинки жарандар өз эне тилинде же орусча окууга милдеттендирилген токтом кабыл алынган. 1924-жылдын башында Түркстан АССРинде 470 сабатсыздыкты жоюу мектеби-ликбездер 13626 окуучусу менен иштеген. Анын ичинде Пишпекте (Чүй өрөөнү) 59, Караколдо 36, Нарында 23, Ошто 38 мектепте 3100 киши окуган.
- Жаңы ачылган советтик мектептин мугалимдерин даярдоо ошол учурдун негизи талабы болгон. Аларды даярдоо үчүн окутуучулар керек эле. Ошол максатта 12.11.1918-жылы Ташкентте Кыргыз педагогикалык курсу ачылган. 01.07.1919-жылы ал педагогикалык училища, 1920-жылы Кыргыз агартуу институтуна айландырылган. Ал окуу жайлардан Б.Данияров,
К.Тыныстанов, О.Алиев, К.Баялинов, ошондой эле Шабдандын балдары Ажыкабыл, Ажыйман, Мажиттер окушкан. Алар кийин Кыргызстанда агартуу иштерин уюштурууга активдүү катышышкан. - 1924-жыл, 14-октябрь. РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөн. Ноябрь айында «Эркин Тоо» газетасынын биринчи саны жарык көргөн (Жооптуулар: И.Арабаев,
О.Алиев, С.Карачев, К.Карасаев). Анын беттеринде окуу-тарбия иштеринин методологиялык, теориялык, практикалык мүнөздөгү макалалар жарыяланып турган. Эл аны “газета-мектеп”, “газета-мугалим” деп аташкан. - 1924-жылдын 20-декабрында мурда түзүлгөн Илим комиссиясынын ордуна Академиялык борбор ачылган. Төрагасы И.Арабаев, орун басары К.Тыныстанов, Окумуштуу-катчы П.К.Юдахин, катчысы П.М.Иванов. Бул борбор Кыргыз илиминин, педагогикасынын түптөлүшүнүн башаты болгон. Мектептердин окуу программаларын, окуу китептерин жазуу пландаштырылган. 1926-жылы атайын басма уюшулуп, “Алиппе”, “Окууга арналган китеп”, “Арифметика”, “Башталгыч география” окуу китептери, “Кыргыз тилинин методикасы”, “Метод каттар”, “Арифметика боюнча методика”, “Таза жазууга көрсөтмө” китептери жарык көргөн.
- 1924-жылы Москва жана Ленинграддын жогорку окуу жайларында 17 кыргыз студент окуса, 1930-1931-окуу жылында Масква, Ленинград. Ташкентте бардыгы 929, анын ичинде 516 кыргыз жаштары окуган. 1933-жылы алардын саны 2000 адамга жеткен. К.Тыныстанов менен Т.Айтматовдун демилгеси менен 1928-жылы “Жаңы маданият жолунда” (азыркы “Эл агартуу”) аттуу илимий-педагогикалык журнал чыгарылып, анын чыгымдары алдыңкы интеллигенциянын эсебинен каржыланган.
- 1925-жыл, 25-октябрь. Пишпекте Кыргыз агартуу институтунун ачылышы. Ушул жылы Ошто бир жылдык педагогикалык окуу жайы ачылган. 1927-жылы борбордо жумушчулар факультети, 1928-жылы Жалал-Абадда педтехникум, 1929-жылы Фрунзеде медициналык техникум ачылган.
- 1927-жылы Фрунзеде Кыргыз агартуу институтунун базасында Борбордук педагогикалык техникум ачылган. Директору П.К.Юдахин, окуу бөлүмүнүн башчысы Б.Данияров болгон. 1929-жылы 21 адис, кийинки жылы 47 адам бүтүргөн. Винеткадагы сүрөттө 11 окутуучунун экөө гана кыргыз: Б.Данияров менен С.Нааматов. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында А.Малдыбаев,
М.Элебаев, К.Жантөшов, Т.Байжиев, А.Токтомушев, А.Осмонов, С.Сасыкбаев, К.Кондучалова,
З.Бектенов ж.б.лар бар. - 1932-жылы, 13-январь. Борбордук педтехникумдун базасында Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту ачылган. Курамында тарых, филология, физика-математика факультеттери болгон. 150 студент окуган. 1936-жылы институт 46 мугалимди даярдап чыгарган. Алардын арасында академик Б.Жамгырчинов, К.Шатемиров, Эмгек сиңирген мугалимдер А.Жолдошева, У.Ботбаевалар болгон. Жаштарга жогорку билим берүүнүн туруктуу базасы түзүлүп, өнүгүүнүн келечегине жол салынган. Республикада биринчи жолу жогорку окуу жайынын педагогика кафедрасы түзүлгөн.
- 1945-жылы Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту, 1951-жылы Кыргыз педагогика илимий-изилдөө институту түзүлгөн. Директорлору болуп Бакы Кулдашев, А.Э.Измайлов,
М.Р.Балтабаев, И.Бекбоев иштеген. Азыр алардын бири – өз алдынча институт, экинчиси – Билим берүү академиясы. Негизги милдеттери: орто жана кесиптик мектептерди окуу-методикалык комплекстери менен камсыздоо, фундаменталдык жана методикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп эсептелет. - Кыргызстанда педагогикалык кадрларды даярдоону өркүндөтүү максатында Ошто (1939), Караколдо (1940) жана Фрунзеде (1945) мамлекеттик педагогикалык институттар ачылган. Алардын окуу-методикалык иштерин уюштурууга Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тажрыйбалуу окутуучулары тартылган.
- 18. СССР Министрлер Советинин токтому менен Кыргыз мамлекеттик университети түзүлгөн. Курамында тарых, филология, физика-математика, геология-география, биология-топурак таануу факультеттери болгон. 1965-1975-жылдары педагогика боюнча кандидаттык диссертация коргоо боюнча беш бириктирилген кеңеши уюшулган. Көптөгөн кандидаттык жана төрт докторлук диссертациялар корголгон.
- 1993-жылы Кыргыз Республикасында Жогорку аттестациялык комиссия уюшулуп, Кыргыз билим берүү институтунда педагогика багыты боюнча докторлук диссертация коргоо үчүн биринчи адистештирилген кеңеш ачылган. Эгер 1924-жылдан 1993-жылга чейин Кыргызстанда педагогика илимдеринин тогуз доктору болсо, 1993-жылдан 2025-жылга чейин 83 диссертация корголгон. Демек, педагогика жаатында бизде илимий потенциалдын деңгээли жогору десек болот.
- Кыргыз улуттук университетиндеги педагогика кафедрасынын уюшулгандыгына да 100 жыл болду. Алгачкы Агартуу институтунун иши да педагогдорду даярдоо, мамлекетибизде таалим-тарбия ишин жогорку деңгээлге көтөрүү максатын койгон. Азыркы учурда университетте педагогика илимдеринин 10 доктору, 24 кандидаты, УИАнын эки корреспондент-мүчөсү, бир ардактуу академиги, 14 билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкерлер эмгектенет.
- Кыргыз элинин таалим-тарбия, илим, өнөр, маданияттагы тажрыйбасын, агартуу ишин жолго коюуда алдыңкы инсандардын жасаган аракеттердин, илимий-педагогикалык жетишкендиктердин, учурдагы кыргыз жаранын калыптандыруунун талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасындагы педагогиканын улуттук моделин түзүү милдети коюлууда.
Эсенбек Мамбетакунов, профессор
Комментарийлер