УЛУТТУК МУРАСТАН — ДҮЙНӨЛҮК ДИАЛОГГО

  • 28.10.2026

Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети кыргыз тили жана маданияты үчүн жаңы мейкиндиктерди ачууда

Заманбап университет бүгүнкү күндө кесипке жана илимий билимге ээ болуучу жай гана эмес. Ал инсанды калыптандыруунун, илимди өнүктүрүүнүн, маданий мурастарды сактоонун жана элдердин ортосундагы диалогду бекемдөөнүн маанилүү мейкиндиги болуп саналат. Келечекке багыт алган университет дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинин талаптарына жооп берүү менен бирге өзүнүн улуттук тамырлары менен болгон байланышын да сактоого тийиш.

Бишкек мамлекеттик университети академик К. Карасаевдин ысымын алып жүргөндүктөн, бул милдеттин өзгөчө мааниси бар. Кыргыз тилинин көрүнүктүү окумуштуусу, филологу жана изилдөөчүсүнүн ысымын алып жүргөн университет улуттук тилди жана маданиятты сактоо менен жайылтууну өзүнчө багыт катары гана эмес, билим берүү, илимий жана эл аралык миссиясынын маанилүү бөлүгү катары карайт. Бул багыттын бүгүнкү күндөгү мааниси өзгөчө символдук мүнөзгө да ээ. 2026-жылы Бишкек мамлекеттик университети академик К.Карасаевдин 125 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Бул — залкар окумуштуунун илимий жана агартуучулук мурасын эскерүү менен гана чектелбестен, анын эмгектеринин негизги баалуулуктарын заманбап шартта улантуу үчүн маанилүү учур. Кыргыз тилин, тарыхын жана маданиятын изилдөө, жайылтуу жана аны дүйнөлүк илимий-билим берүү мейкиндигине алып чыгуу — академик К.Карасаевдин мурасына болгон урматтын бүгүнкү күндөгү практикалык көрүнүштөрүнүн бири.

Ушуга байланыштуу 2026-жылы бул позиция конкреттүү институционалдык демилгелер аркылуу ишке ашырыла баштады.

Үстүбуздөгү жылдын 7-майында Екатеринбург шаарындагы Урал федералдык университетинде Кыргыз таануу борбору, ал эми 23-октябрда Наманган шаарындагы Бизнес жана илим университетинде Кыргыз тили жана маданияты борбору ачылды.

Эки борбор эки башка мамлекетте жайгашып, өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ жана ар түрдүү өнөктөштүк мамилелердин алкагында түзүлгөн. Бирок аларды бир негизги максат бириктирет: кыргыз тилинин, тарыхынын, маданиятынын жана руханий мурастарынын Кыргызстандын чегинен тышкары жайылуу мейкиндигин кеңейтүү, аларды билим берүүнүн, илимдин, маданий алмашуунун жана эл аралык диалогдун предметине айландыруу.

Бул иш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» («Уңгужол») доктринасынын жоболору менен түздөн-түз үндөшөт.

Доктрина тарбияны, илимди, билим берүүнү жана маданиятты өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары аныктайт. Анда улуттук тилдин, тарыхтын, маданияттын жана салттуу баалуулуктардын маанисине, аларды үйрөнүүгө жана дүйнөлүк коомчулукка таанытууга өзгөчө басым жасалат.

Дал ушул себептен улам бүгүн университеттин эл аралык ишмердиги кыйла терең мааниге ээ болууда. Кеп чет өлкөлүк өнөктөштөрдү Кыргызстанга тартуу же студенттерибиз менен окутуучуларыбызды чет өлкөгө жөнөтүү жөнүндө гана эмес. Кыргызстанды дүйнөгө билим, илим, тил жана маданият аркылуу таанытуу да ошондой эле маанилүү.

УЛУТТУК — ОБОЧОЛОНУУ ДЕГЕНДИ БИЛДИРБЕЙТ

Заманбап дүйнөдө улуттук маданият обочолонуп өнүгө албайт. Тескерисинче, өзүнүн тарыхый жана маданий негиздерин терең түшүнүү эл аралык диалогго толук кандуу катышуунун бекем пайдубалын түзөт.

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасынын өзөгүндө дал ушундай түшүнүк жатат. Анда улуттук иденттүүлүк башка элдерге каршы коюлган түшүнүк катары эмес, биримдикти, жарандык патриотизмди, руханий-адептик баалуулуктарды бекемдөөнүн, ошондой эле башка элдердин тилдерине жана маданияттарына урмат-сый менен мамиле кылуунун негизи катары каралат.

Бул университет үчүн өзгөчө маанилүү.

Университет студент кесиптик компетенцияларга гана ээ болбостон, өз өлкөсүн таанып-билген инсан болуп калыптанган мейкиндик болууга тийиш. Ал өз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин билиши менен бирге башка маданияттарга, илимий мектептерге жана билим берүү системаларына да ачык болушу зарыл.

Ошондуктан чет өлкөлөрдө кыргыз тили жана маданияты борборлорун түзүү улуттук күн тартибинин алкагында обочолонуу дегенди билдирбейт.

Тескерисинче, бул — улуттук мурасты эл аралык мейкиндикке чыгаруу.

Борбор — туруктуу иш алып баруучу институционалдык аянтча. Бул жерде кыргыз тили окутулуп, лекциялар жана семинарлар өткөрүлүп, илимий конференциялар жана тегерек столдор уюштурулуп, студенттерге Кыргызстандын тарыхы, адабияты, фольклору жана каада-салттары тааныштырылат.

Бул жерде окутуучулар, изилдөөчүлөр, студенттер жана кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү жолугуша алышат.

Эң негизгиси — бул жерде туруктуу билим берүү жана илимий байланыштар калыптанат. УЛУТТУК МУРАСТАН — ДҮЙНӨЛҮК ДИАЛОГГО

ЕКАТЕРИНБУРГ: РОССИЯНЫН УНИВЕРСИТЕТТИК МЕЙКИНДИГИНДЕГИ КЫРГЫЗ ТААНУУ

Урал федералдык университетинде Кыргыз таануу борборунун ачылышы БГУ менен Урал федералдык университетинин көп жылдык кызматташтыгынын натыйжасы болду.

Бир нече жылдан бери университеттер академиялык жана илимий байланыштарды өнүктүрүп, биргелешкен демилгелерди ишке ашырып, конференцияларды өткөрүп, академиялык мобилдүүлүктү жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүп келишет.

2026-жылдын 7-майында бул өнөктөштүк жаңы институционалдык мазмунга ээ болду — УрФУнун Урал гуманитардык институтунун базасында Кыргыз таануу борбору өз ишин баштады.

Борбордун ишмердиги кыргыз тилин, тарыхын, адабиятын, маданиятын жана кыргыз элинин салт-санаасын изилдөөгө багытталат. Өзгөчө «Манас» эпосун, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын, кыргыз маданиятын илимий жактан изилдөөгө, жаштардын демилгелерин колдоого жана академиялык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Мындай долбоор үчүн Екатеринбургдун тандалышынын дагы бир маанилүү жагы бар.

Урал аймагы Кыргыз Республикасынын жарандары көп топтолгон Россия Федерациясынын ири борборлорунун бири болуп саналат. 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, консулдук каттоодо Кыргызстандын 14 730 жараны турат.

Ошол эле учурда Свердловск, Челябинск жана Тюмень облустарын, ошондой эле Пермь крайын камтыган Башкы консулдуктун консулдук округу кыргыз диаспорасынын олуттуу бөлүгү жашаган аймактардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун ишмердигине арналган илимий эмгектердин биринде бул аймактагы кыргыз диаспорасынын саны 300 миңден ашары белгиленген.

Бул жерде Кыргызстандын жарандары менен этникалык кыргыздар тууралуу маалыматтарды айырмалоо зарыл. Анткени булар статистикалык жактан ар башка категориялар.

Жалпысынан Россия Федерациясы Кыргызстандын жарандары эң көп жашаган чет өлкөлүк мейкиндик бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык болжол менен 500 миңден ашуун адамга жетет. Бул көрсөткүчкө сезондук эмгек миграциясынын таасири да чоң.

Бул сандар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы адамдык жана коомдук байланыштардын масштабын көрсөтөт.

Ошондуктан Екатеринбургдагы Кыргыз таануу борборунун мааниси УрФУнун академиялык чөйрөсү менен гана чектелбейт. Ал университетти, илимий коомчулукту, жаштарды жана кыргыз диаспорасын байланыштырып турган кошумча көпүрөгө айлана алат.

Кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү үчүн мындай борбор тилди жана маданий эс тутумду кийинки муунга өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Россиялык студенттер жана окутуучулар үчүн — Кыргызстанды жана кыргыз маданиятын системалуу түрдө изилдөөгө шарт түзөт.

Ал эми БМУ үчүн — Россиянын билим берүү мейкиндигинде өзүнүн академиялык катышуусун кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүк ачат.

Ошентип, университеттик борбор бир эле учурда илимий аянтча, билим берүү мейкиндиги жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн жаңы каналы болуп калат. УЛУТТУК МУРАСТАН — ДҮЙНӨЛҮК ДИАЛОГГО

НАМАНГАН: РЕКТОРЛОР ФОРУМУНАН — КОНКРЕТТҮҮ ДОЛБООРГО

Эгер Екатеринбургдагы Кыргыз таануу борборунун ачылышы БГУнун Россиянын университети менен көп жылдык кызматташтыгынын маанилүү натыйжасы болсо, Наманган шаарындагы Кыргыз тили жана маданияты борборунун түзүлүшү БМУнун эл аралык саясатынын дагы бир маанилүү багытын — Борбор Азиянын ичиндеги стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү көрсөтөт.

2026-жылдын 28–29-июлунда Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму болуп өттү.

Форумдун темасы — «Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү».

Форум Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар жаатындагы кызматташтыгынын келечегин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Мындай форумдардын өзгөчө мааниси — университет жетекчилерине жалпы көйгөйлөрдү талкуулоо менен гана чектелбестен, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк бергенинде.

Ошол практикалык натыйжалардын бири Бишкек мамлекеттик университети академик К.Карасаев атындагы БМУ менен Наманган шаарындагы Бизнес жана илим университетинин ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү болду.

Жетишилген макулдашуулардан кийин университеттер конкреттүү долбоорду — Кыргыз тили жана маданияты борборун түзүү демилгесин ишке ашырууга киришти.

2026-жылдын 23-октябрында Наманган шаарында Борбордун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Мында өз ара кызматташуунун ырааттуу логикасы даана көрүнөт:

ректорлордун форуму → стратегиялык макулдашуулар → университеттер аралык кызматташтык → конкреттүү долбоор → Борбордун ачылышы.

Дал ушундай ырааттуулук БМУнун эл аралык ишмердиги акырындык менен долбоордук мүнөзгө өтүп жатканын көрсөтөт.

Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу акыркы максат эмес. Тескерисинче, ал конкреттүү билим берүү, илимий жана маданий демилгелерди ишке ашырууга негиз түзүүгө тийиш.

НАМАНГАН ЖАНА КЫРГЫЗ КООМЧУЛУГУНУН ӨЗГӨЧӨ РОЛУ

Наманганды Борбордун жайгашкан жери катары тандоонун да терең мааниси бар.

Тарыхый жактан Фергана өрөөнү кыргыз жана өзбек элдеринин тыгыз өз ара байланыштарынын мейкиндиги болуп келген. Бул аймакта кылымдар бою соода-сатык, маданий, туугандык, билим берүү жана коомдук байланыштар өнүгүп келген.

Наманган облусу Өзбекстандагы этникалык кыргыздар салттуу түрдө олуттуу санда жашаган аймактардын бири болуп саналат.

Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен достук байланыштар боюнча комитет тарабынан жарыяланган маалыматтарга ылайык Наманган облусунда 23 000 ашуун этникалык кыргыз жашайт.

Ошондуктан бүгүн Намангандагы Кыргыз тили жана маданияты борбору жөнүндө сөз кылганда, анын аудиториясы университеттин жамааты менен гана чектелбей турганын түшүнүү маанилүү.

Бул борбор үчүн кыргыз тили жана маданияты үй-бүлөлүк жана тарыхый эс тутумдун бир бөлүгү болгон адамдар да маанилүү аудитория болуп саналат.

Борбор билим берүү аркылуу бул байланышты сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган аянтча боло алат.

Бул өзгөчө жаш муун үчүн маанилүү.

Көп тилдүү жана көп маданияттуу чөйрөдө өскөн жаштар үчүн эне тилдин күнүмдүк колдонуу чөйрөсү акырындык менен тарылып калышы мүмкүн. Мындай шартта университеттик борбор кыргыз тилин үйрөнүүгө, кыргыз адабияты, тарыхы жана маданий мурастары менен таанышууга шарт түзгөн маанилүү маданий-билим берүү функциясын аткара алат.

Ошол эле учурда Борбордун ишмердиги кыргыз аудиториясы менен гана чектелбеши керек.

Анын маанилүү милдеттеринин бири — кыргыз маданиятын Өзбекстандын жалпы университеттик коомчулугуна кеңири таанытуу.

Бул коомдук диаспоралык мейкиндик менен заманбап университеттик борбордун ортосундагы негизги айырмачылыктардын бири.

ТИЛ — ӨЗ АРА ТҮШҮНҮШҮҮНҮН МЕЙКИНДИГИ

Тилде элдин тарыхый эс тутуму, дүйнө таанымы, образдар дүйнөсү, фольклору, адабияты жана маданий тажрыйбасы сакталат.

Тилди үйрөнүү менен адам маданиятка анын түпкү, оригиналдуу мазмуну аркылуу жетүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Ошондуктан кыргыз тилин Кыргызстандын чегинен тышкары жайылтуу стратегиялык гуманитардык мааниге ээ.

Екатеринбургда же Наманганда кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студент кыргыз авторлорунун чыгармаларын түп нускадан окууга, фольклор менен таанышууга, улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жана Кыргызстандын тарыхын тереңирээк кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.

Ошол эле учурда кыргызстандык студенттер башка маданияттардын өкүлдөрү менен баарлашып, коңшу коомдордун өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүүгө шарт түзүлөт.

Мына ушундай өз ара байланыш аркылуу билим жана тажрыйба алмашуу жаралат.

Дал ушул жерде университеттердин эл аралык кызматташтыгы гуманитардык мазмунга ээ болот.

Тил — көпүрө, маданият — диалогдун мейкиндиги, ал эми университет — бул диалогго илимий жана билим берүү негизин түзгөн аянтча.

Эл аралык кызматташтык — БМУнун өнүгүүсүнүн фактору

Эки борбордун ачылышы БМУнун эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кеңири саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.

Бүгүн университет акырындык менен айрым эл аралык байланыштардын моделинен туруктуу өнөктөштүктөрдүн системасын түзүүгө өтүп жатат.

Студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен билим берүү программалары, илимий изилдөөлөр, эл аралык конференциялар, тилдик стажировкалар, маданий долбоорлор жана биргелешкен борборлорду түзүү — мунун баары бирдиктүү эл аралык стратегиянын өз ара байланышкан элементтерине айланууда.

Мындай аянтчалар аркылуу университет илимий байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен изилдөөлөрдү баштоого, эл аралык конференцияларды жана тегерек столдорду өткөрүүгө, студенттик алмашууларды жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Демек, улуттук мурасты жайылтуу менен университетти интернационалдаштыруу бири-бирине карама-каршы багыттар эмес.

Тескерисинче, алар бири-бирин өз ара бекемдей алат.

Заманбап университет маданий негизи боюнча улуттук, ал эми ишмердигинин масштабы боюнча эл аралык болууга тийиш.

УЛУТТУК ДЕМ — ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК

Президенттик Доктринанын аталышынын өзүндө маанилүү идея камтылган: улуттук дем менен дүйнөлүк бийиктик бири-бирине карама-каршы түшүнүктөр эмес.

Дүйнөлүк процесстерге ишенимдүү катышуу үчүн өзүнүн маданий негизи болушу керек.

Эл аралык академиялык коомчулук үчүн кызыктуу болуу үчүн өзүнүн илимий жана интеллектуалдык күн тартиби болушу зарыл.

Кыргызстанды чет өлкөдө татыктуу таанытуу үчүн Кыргызстанды өзүң жакшы билүүң керек.

Ошондуктан БГУнун кыргыз тили жана маданияты борборлорун ачуу боюнча ишин ушул философиянын практикалык көрүнүшү катары кароого болот.

Ошол эле учурда өз маданиятын таанытуу башка элдердин маданиятын урматтоо менен айкалышы керек.

Кыргызстан — көп улуттуу мамлекет, ал эми анын тышкы саясатынын маанилүү принциптеринин бири — тынчтыкта коңшулаш жашоо, өз ара урматтоо жана кызматташтык.

Ошондуктан Кыргыз таануу жана кыргыз тили жана маданияты борборлору кыргыздар жөнүндө гана маалымат берүүчү жай болбостон, өз ара таанып-билүүнүн жана диалогдун мейкиндигин түзүүгө тийиш.

Екатеринбургда — Кыргызстан менен Россиянын академиялык диалогу аркылуу.

Наманганда — Кыргызстан менен Өзбекстандын билим берүү жана маданий байланыштарын бекемдөө аркылуу.

Эки учурда тең университет коомдордун ортосундагы өзгөчө көпүрөнүн ролун аткарат.

Мирлан Дылдаев

К.Карасаев атындагы БМУнун ректору,

профессор

Бөлүшүү