УЛУТТУК КОД: ГЕНЕТИКАЛЫК ЭМЕС, МАДАНИЙ ЖАНА РУХАНИЙ ФЕНОМЕН

  • 19.08.2026
  • 0

 Азыр “код” деген сөздү укканда эмнени элестетебиз? Көпчүлүктүн оюна ар кандай түшүнүктөр келе баштайт. Мисалы: Тилдик код, адептик кодекс, маданий код, эмгек кодекси, дресс-код, штрих код ж.б. символдук код. “Код” деген сөз латынча codex — “жыйнак, система” дегенди билдирет.

Бул жерде “код” белгилердин жана баалуулуктардын системасы дегенди түшүндүрөт. Ал эми биология сабагын окутуп, үйрөтүүдө кээ бирөөлөр улуттук кодду ДНК деп түшүнүшкөндөр да жок эмес экен. Ооба, эгерде ал генетикалык код болсо – адамдын биологиялык түзүлүшүн аныктаган керемет система. Бирок адам – бул бир гана биологиялык организм эмес. Ал түрлөрдүн ичинен акыл-эстүү, эмгекке, ой жүгүртүүгө, коомдошуп жашоого, ойлоп тапкычтыкка жөндөмдүү болгон адамзаттын өздүгүнө таандык болгон маданиятынын, тарыхынын, баалуулуктарынын уландысы. Демек, код түшүнүгүн бир гана ДНК менен чектөө — адамды жарым-жартылай гана түшүнүү дегенди билдирет.

Илимде код – бул маалыматты сактоочу жана өткөрүүчү система. Генетикалык код организмди жана анын тукум куучулук белгилерин сактайт.

Маданиятты “белгилер системасы” катары түшүндүргөн окумуштуу Юрий Лотман маданиятты “маалымат сактоочу механизм” деп атаган. Демек, элдин маданияты — анын коду. Ал эми улуттук код – ошол маданияттын жүрөгү.

Улуттук код – бул элдин дүйнө таанымы, тили, салты, табиятка болгон мамилеси, жашоо философиясы. Ал кан аркылуу эмес, тарбия жана инсандык өнүгүү аркылуу өтөт. Ал хромосомада эмес, аң-сезимде, руханий жан дүйнөсүндө жашайт. Улутту улут катары калыптандырып, аны кылымдардан кылымдарга сактап келаткан нерсе да – улуттук код.

Биз биология сабагында окуучуларга ДНКны үйрөтөбүз. Бирок, ошол эле сабакта ден соолуктун баалуулугу тууралуу да узун сөздүн учугун улайбыз. Кыргыз эли «Ден соолук – зор байлык» же “Уулдун ден соолугу – улуттун ден соолугу, кыздын ден соолугу – кыргыздын ден соолугу” – деп бекеринен айткан эмес. Бул сөз – улуттук коддун бир бөлүгү. Ден соолукту сактоо бул жөн гана физиологиялык муктаждык эмес, улуттук аң-сезимдин да көрсөткүчү. Тактап айтканда, дени сак муун – күчтүү мамлекет!

Ал эми экология темасын өтүп жатып, биз табиятты жана анын байлыктарын коргоо, сарамжалдуу пайдалануу тууралуу айтпай койбойбуз. Кыргыз дүйнө таанымында Жер-эне жан бүткөндүн баарын бооруна басып, жашоого ылайыктуу шарт түзүп, адамзаттын жыргалына да, кууралына да чыдаган энеге салыштырылып айтылса, суу – өмүрдүн булагы же жез таңдай  Жеңижок акын жети күн, жети түн төгүп айткандай, улуу күчкө ээ зат экени, касиеттүү Ала-Тообуз чокусунан ак карлуу мөңгүлөрү кетпеген, ак илбирси кожоюн болуп, боорунда аркар-кийиги оттогон, көйкөлгөн калтары менен сүлөөсүнү, түлкүсү жойлогон, аскаларында бүркүтү шаңшып, улары сайрап, арча-карагайлары асман тиреп, кекилиги таштан ташка секирип, кашкулак, сууру ийинине бекинип, тээ ылдыйраак бөксө тоолоруна жакадагы эл мал-жанын айдап тоо жакалай жайды жайлап жашоо кечирүүсүн ыйык мурас дебей эмне дейбиз?

Ала-Тоо кыргыз үчүн географиялык объект гана эмес, руханий символ. Ал эми табиятты сактоо – бул экологиялык талап гана эмес, улуттук жоопкерчилик. Демек, Кыргызстандын жаныбарлары жана өсүмдүктөрү да улуттук коддун бир бөлүгү. Мисалы, ак илбирс – жөн гана жырткыч эмес, күчтүүлүктүн, шамдагайлыктын жана эркиндиктин символу. Ал эми Айгүл гүлү – күнөстүү Кыргызстандын жаратылыш кереметтеринин бири. Бул өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо – биологиялык эле милдет эмес, улуттук өзөктү сактоо болуп саналат. Биз муну сыймыктануу менен окуучуларга жана жалпы коомчулукка ар дайым айта жүрүшүбүз абзел.

Биология сабагы жөн гана клетка, орган, экосистема тууралуу сабак эмес. Ал – адамдын табият менен болгон байланышын, экологиялык маданиятын өстүрүүчү, инсандык өнүгүүсүн калыптандыруучу  сабак. Эгерде биз генетикалык кодду түшүндүрүп жатып, улуттук кодду унутсак, анда биз өз миссиябыздын жарымын гана аткарган болобуз. Кайсы предметтен бергенине карабай, ар бир мугалимдин сабагы улуттук баалуулуктар менен ширелип, жалпы адамзаттык баалуулуктар менен толукталып турушу шарт. “Предметтик гана билимди берем” деген сокур түшүнүктөн арылып, “предмет боюнча билим+таалим-тарбия=кыргыз жараны” сыяктуу жөнөкөй, бирок маанилүү формула менен иштөөбүз зарыл.

Ар бир кыргыз жараны өз эне тилинин – кыргыз тилинин алып жүрүүчүсү. Демек, ар бирибиз предметтик мугалим катары өз окуучуларыбызга кыргыз тилинин көркөмдүгү жана кереметин көрсөтүп, кептик жактан да аткарчу, калыптандырчу миссиябыз бар экенин унутпасак.

Генетикалык код адамдын денесин аныктайт. Улуттук код анын адамдык жүзүн, мүнөзүн, дүйнөтаанымын аныктайт. Биринчиси организмди сактайт, экинчиси улутту сактайт. Улуттук код ДНКда эмес, ал – жүрөктө. Ал – аң-сезимде. Ал таалим-тарбияда, билимде, маданиятта жашайт.

Ошондуктан улуттук кодду ДНК менен теңештирүү — илимий жактан да, философиялык жактан да натуура болуп калат. Улуттук код — бул руханий иммунитет. Ал бөбөктүн бешигинен, эненин сүтүнөн, атанын тарбиясынан башталат, мектептен калыптанат. Ал ата-эненин таалим-тарбиясы, чоң ата-чоң энелердин нарк сабактары аркылуу калыптанат, мугалимдин сөзү менен бекемделет.

Бүгүнкү билим берүү системасы “илим” менен “улуттук баалуулукту” айкалыштыра алган учурда гана күчтүү болот. Биология сабагында генетикалык кодду үйрөтүү менен катар улуттук кодду сезимге сиңирүү — бул заманбап мугалимдин жоопкерчилигиндеги максат-мураты (миссиясы). Анткени ден соолугу чың, табиятка аяр мамиле кылган, өз жеринин жаныбарын, өсүмдүгүн тааныган муун — улуттун келечеги.

Мен мугалим катары ДНКны окутам. Бирок ошол эле учурда улуттук аң-сезимди да ойготууга аракет кылам. Анткени билим — бул маалымат берүү гана эмес, инсан калыптандыруу жараяны, “адам жаратуу” жараяны.

Эгер окуучу ден соолугун сактоону улуттук баалуулук катары түшүнсө, табиятты коргоону өз милдети деп кабыл алса, Кыргызстандын жандуу жана жансыз жаратылышын мыкты билип, сыймык менен атаса — анда улуттук код жашап жатат дегендик!

Кадырлуу кесиптеш! Агартуу айдыңындагы өз миссиябызды татыктуу аткаралы! Сапарыбыз байсалдуу болсун!

УЛУТТУК КОД: ГЕНЕТИКАЛЫК ЭМЕС,  МАДАНИЙ ЖАНА РУХАНИЙ ФЕНОМЕН

 Халида МЫРЗАЕВА,  №55 К.Осмонкулов атындагы ЖББОМ биология мугалими, улуттук мастер-тренер, Шамалдуу-Сай шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер