УЛУТТУК ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ: ЖООПКЕРЧИЛИК ЖАНА МИЛДЕТ
- 28.07.2026
- 0
Маданият, илим жана билим берүү өкүлдөрү коомду бириктирүүчү, тынчтандыруучу контенттерди жаратуучу зор күч экени чындык. Айрыкча билим берүүнүн интеллигенциясы коомдун аң-сезимин калыптандырууда өзгөчө орунга ээ болгон катмар. Алардын негизги милдети — коомдогу көйгөйлөрдү жашырбай, фактыларга таянып талдап берүү, элди туура маалымат менен камсыз кылуу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Коомдогу коррупция, зомбулук, мыйзам бузуу, жек көрүүчүлүккө чакыруу сыяктуу терс көрүнүштөрдү ашкерелөөдө интеллигенциянын үнү маанилүү. Бирок бул иштер эмоцияга эмес, далилдерге, мыйзамдуулукка жана коомдук жоопкерчиликке негизделиши керек. Билим берүү тармагы болсо жаштарды сынчыл ой жүгүртүүгө, маалыматты текшерүүгө жана жоопкерчиликтүү жаран болууга тарбиялайт. Бул талаптар Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында дагы белгиленген. Мисалы: эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланган жана таанылган жалпы билим берүүнүн улуттук системасын түзүү менен биргеликте эле тарбиянын, өнүктүрүүнүн жана окутуунун бирдиктүүлүгүн камсыздоо, глобалдашкан дүйнөдө тез өзгөргөн коомдо жашоо үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандыруу, жарандык мекенчилдикти, жалпы жарандык аң-сезимди, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти, улуттук адеп-ахлактык негиздерге таянган адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, боорукердик сыяктуу сапаттарды калыптандырууга өбөлгө түзүүчү тарбиялык потенциалды күчөтүү.
Чыныгы мекенчилдик кандай болууга тийиш?
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында жалпы билим берүү деңгээлинде калыптануучу башкы баалуулуктар деп төмөнкүлөр белгиленет:
1) мекенчилдик ‒ өз Мекенин сүйүү жана анын гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошууну каалоо, бул коомдун биримдиги үчүн маанилүү роль ойнойт;
2) чынчылдык жана адилеттүүлүк ‒ коомдо ишеним жана өз ара урматтоодон курулган, адамдын моралдык турпаты жана башкалар менен өз ара аракеттенүү жөндөмүн аныктаган фундаменталдуу моралдык принциптер;
3) жоопкерчилик ‒ ийгиликтүү жана гармониялуу жашоонун негизи. Жоопкерчиликтүү адам өзүнүн милдеттерин аткарат жана өз иш-аракеттеринин кесепеттерин кабыл алат, бул жеке жетилгендик жана жалпы коом үчүн маанилүү;
4) боорукердик жана жан тартуу ‒ адамдардын ортосундагы колдоо көрсөтүү жана сый мамилелердин негизин түзөт. Башкаларга кам көрүү, эмпатия жана жардам берүү жөндөмдүүлүгү социалдык гармония үчүн абдан маанилүү;
5) эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк ‒ сапаттуу натыйжа үчүн иштей билүү, эмгекте тырышчаак жана чынчыл болуу жашоодо жана бүтүндөй коомдо ийгиликке жетүү үчүн зарыл. Мисалы, Сингапур, Жапон жана башка өлкөлөрдө ар бир атуулду мекенчил болуш керек деп тарбиялашат экен. Бул жерде чыныгы мекенчилдик бул мекенди сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө сүйүү. Ал өз өлкөсүнүн мыйзамдарын урматтоодон, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктан жогору коюудан, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуудан көрүнүшу керектигин үйрөтүшөт. Биздин мамлекетибизде дагы айрыкча жаштар мекенчил болуш үчүн мамлекетибиздин мыйзамдарын сактап жана башкаларды да мыйзамдуулукка чакырып, улуттук баалуулуктарды, тилди (ошондой эле сөзсүз түрдө көп тилдүүлүктү камсыздоо менен), маданиятты жана тарыхты урматтап, башка улуттарга, диндерге жана көз караштарга сый мамиледе болуу менен бирге коомдук биримдикти сактоого салым кошконго аракеттенүү керек.
Мен чыныгы мекенчилдик эч качан башка элдерге жек көрүүчүлүк көрсөтүү же коомду бөлүү менен өлчөнбөй тургандыгын баса белгилей кетким келет. Тескерисинче, ал ынтымакты, жоопкерчиликти жана жалпы жыргалчылык үчүн эмгектенүүнү билдирет. Азыр биздин жашап жаткан коомубуз бул дүйнөгө интеграцияланып жаткан коом. Ошону ар бирибиз эсибизден чыгарбашыбыз керек.
Терс күчтөргө каршы кандай аракеттер көрүлүшү керек?
Акыркы күндөрү коомду бөлүп-жарууга, кастыкты күчөтүүгө же жалган маалымат аркылуу чыңалуу жаратууга аракет кылган көрүнүштөр көбөйүүдө. Мындай нерселерге мыйзам жолу менен чара көрүлүшү керек. Сөзсүз бул багытта мыйзам бузган аракеттерди мыйзам чегинде иликтеп, жоопкерчиликке тартуу керек; маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу жана мамлекеттик органдар тарабынан өз убагында так маалымат берилүүсү зарыл; медиасабаттуулукту бала бакчадан баштап өнүктүрүү аркылуу жарандардын маалыматты талдай билүү жөндөмүн күчөтүү; ар кандай пикирлерди жана маалыматтарды талкуулоого шарт түзүү. Ошол эле учурда мыйзамдуу сын-пикир менен коомго реалдуу коркунуч жараткан аракеттерди айырмалоо маанилүү. Ар түрдүү пикирлер демократиялык коомдун бир бөлүгү болуп саналат, ал эми зордук-зомбулукка же мыйзам бузууга чакырыктар өзүнчө укуктук баалоону талап кылат.
Маалыматтык тазалыкты кантип сактай алабыз?
Маалыматтык тазалык — бул коомго мүмкүн болушунча так, текшерилген жана ишенимдүү маалыматтын жетүүсүн камсыз кылуу. Чындыгында акыркы учурда коомду тынчсыздандырган терс маалыматтар каптап кетти. Тилекке каршы мугалимдерибиз кесиптештерине, ата-энелерге жана окуучуларга текшерилбеген маалыматтарды бөлүшүп, билбестен таратуучулардын катарына кирип калышууда. Андай жолдорго барбаш үчүн төмөнкү кадамдар маанилүү: маалыматты бөлүшүүдөн мурда анын булагын текшерүү; бир эле маалыматты бир нече ишенимдүү булактан салыштырып көрүү; эмоцияга негизделген чагымчыл билдирүүлөргө дароо ишене бербөө; сүрөттөрдүн жана видеолордун чындыгын текшерүүгө үйрөнүү. Бул азыркы учурда ар бирибизге жөнөкөй ыкмалар болууда. Мындан сырткары мектептерде жана жогорку окуу жайларда медиасабаттуулук боюнча билим берүүнү күчөтүп андай маалыматтык сабактарга ата-энелерди дагы чакырып маалымат берүү сунушталат.
Фейк маалымат — кимдин куралы, кимдин убалы?
Фейк маалыматтар аркылуу өлкө ичинде башаламандык түзүү кимге пайда жана кимге зыян? Баарыбыз түшүнүп тургандай эле, фейк маалыматтар коомдо ишенимсиздикти жаратып, адамдардын ортосунда түшүнбөстүктү күчөтүшү мүмкүн. Мындай көрүнүштөрдөн пайда көрүүгө аракет кылышы мүмкүн болгон тараптар ар кандай болушу мүмкүн: коомдук чыңалууну күчөтүүнү көздөгөн айрым адамдар же топтор, мыйзамсыз аракеттерди жашырууну каалагандар же жалган маалымат аркылуу өз кызыкчылыгын ишке ашырууга умтулгандар. Бирок ар бирибиз түшүнүшүбүз керек зыян биринчи кезекте мамлекетке жана биздей болгон жарандарга гана тиет.
Фейк маалыматтарга каршы күрөштүн эң натыйжалуу жолу — бул вотсап аркылуу же социалдык тармактар аркылуу келген маалыматты текшерүү адатын калыптандыруу, сапаттуу журналистиканы колдоо, медиасабаттуулукту өнүктүрүү. Ошондо коом (анын ичинде ар бир жаран жашына карабастан) жалган маалыматтын таасирине азыраак кабылат жана ар кандай маселелерди далилдерге негизденип талкуулоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Уланбек МАМБЕТАКУНОВ,
Педагогика илимдеринин доктору, профессор.
Комментарийлер