Улуттук агартуунун улуу устаты: КРнын эмгек сиңирген мугалими Кенжеке Эсеналиевна 75 жашта!
- 16.06.2026
- 0
Улуттук агартуунун улуу устаты: Педагог-фасилитатор п.и.к., профессор, КРнын эмгек сиңирген мугалими Кенжеке Эсеналиевна 75 жашта!
Кыргыз билим берүү системасынын өсүп-өнүгүшүнө, мектеп жана жогорку окуу жайларынын мугалимдеринин квалификациясынын жогорулашына жана заманбап усулдардын калыптанышына бүтүндөй өмүрүн арнаган ат көтөргүс күжүрмөн, чыныгы улуттук сыймыгыбыз – Кенжеке Эсеналиевна июнь айында, куттуу 75 жаштын ашуусуна келип отурат.
Бул маараке — бир гана Кежеке эженинин өмүр баяны эмес, бүтүндөй бир доордун, ата мекендик педагогиканын жаңылануу жана алдыга илгерилөө тарыхынын салтанаты. КРнын Агартуу министрлигинин алдындагы РПККЖж-аКДИнун Филологиялык билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын атынан ушул улуу инсандын баскан жолуна, илимий жана практикалык бийиктиктерине сыймыктануу менен көз чаптырабыз.

Мугалимдердин фасилитатор жана заманбап усулдун жол баштоочуларынын бири катары Кенжеке Эсеналиевна өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн практикалык билим берүүгө, мугалимдерге методикалык туура багыт берүүгө арнап келет. Анын өзгөчө эмгеги — мугалимди жөн гана маалымат берүүчү эмес, окуучуну багытоочу, шыктандыруучу “педагог-фасилитатор” деңгээлине көтөргөндүгүндө жана бул «асыл» наамды иш жүзүндө даңазалаганында.
Республикабыздын ар кайсы аймактарындагы өткөргөн ар бир тренинг-семинары мугалимдер үчүн чоң жаңылык, билимдин булагы болуп келет. Катышуучулардын чын дилден чыккан ыраазычылыктарына ээ болуп, жогорку деңгээлде бааланып жаткандыгы анын чыныгы компетенттүү, кесипкөй мыкты адис экендигинен кабар берет. Ушуну менен катар эле дүйнөлүк тажрыйбаны мекенге сиңирген улуттук тренер катары да таанысак болот. Анын талыкпас изденүүсү өлкө чегинен ашып, дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү моделдери менен жуурулушкан. Кенжеке Эсеналиевна CIMERA, USAID, AED, PEAKS, UNICEF, IFES, Дүйнөлүк Банк, READ, «Айылдык билим берүү» сыяктуу ири эл аралык долбоорлор менен тыгыз кызматташып, «Улуттук тренер» катары таанылды. Ал узак жылдар бою «Тренердик чеберчиликтин негизи» жана тренерлер үчүн «Тренердик устаттыктын сырлары» багытында үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Мисалга алсак, Голландиянын Арнем шаарында: Билим берүүнү баалоо жана ченөө институтунда «Тест түзүүнүн теориясы, практикасы» боюнча квалификациясын жогорулаткан. О.э. АКШнын Вашингтон шаарында: «Lado» борборунда англис тилин экинчи тил катары окутуунун теориясы жана методикасы боюнча эл аралык тажрыйба топтогон.
Бул сапарлардын натыйжасында чет өлкөлөрдө жарык көргөн бир нече макалалары бүгүнкү күндө биздин билим берүү системабызда активдүү жана натыйжалуу пайдаланылууда.
Мындан сырткары көөнөрбөс илимий мурас жана усулдук казынага кошкон салымы да илимий жана методикалык мурасы суктандырбай койбойт. Ал — ата мекендик педагогиканын казынасын байыткан зор эмгектердин автору. Алар:
- 80ге жакын илимий макала жана 5 монография;
- Республикалык конкурстарда жеңип чыгып, жарык көргөн заманбап окуу китептери;
- Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган «Окуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окутуунун мамлекеттик стандарты» жана «Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11-класстары үчүн көчүрүү жана бүтүрүү экзамендеринин билеттери»;
- Билимди баалоонун заманбап куралы болгон «Формативдик баалоо жана инсанга багытталган окутуунун, таанып-билүүнүн усулдары», «Кыргыз тилин интерактивдүү окутуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн тесттик тапшырмалар»;
- КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын конкурсунан жеңип чыккан мугалимдер үчүн 40ка жакын методикалык колдонмолор.
Мындан сырткары, ал иштеп чыккан “Компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабакты пландоонун теориясы, практикасы” жана “Окутуудагы жана баалоодогу заманбап билим берүү технологиялары” аттуу 72 сааттык 20дан ашык автордук окуу программалары бүгүн миңдеген кыргыз мугалимдеринин иш үстөлүндөгү негизги жол көрсөткүчү болуп саналат.
Ардактуу Кенжеке Эсеналиевна!
Сиздин кыргыз билим берүү системасына кошкон ат көтөргүс салымыңыз, кесипке болгон ыйык берилгендигиңиз жана адамдык бийик сапаттарыңыз биз үчүн ар дайым сыймык жана үлгү. Сиз — жүздөгөн мугалимдердин жүрөгүнө билимдин шамын жаккан чыныгы агартуучусуз.
Сизди куттуу 75 жаш мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге чың ден соолук, узак жана берекелүү өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана илим-агартуу айдыңындагы көөнөрбөс чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Сиздин жетекчилигиңиз менен башталган, жазылган китептер жана илимий эмгектердин үзүрү кылымдарга жашай берсин!
Мааракеңиз кут болсун, улуттук агартуунун улуу устаты!
Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы,
педагогика илимдеринин кандидаты Асанакунов Такабай Абдыбекович
Комментарийлер