Камчыбек Ташиев: «КЕЗЕК БИЛИМ ТАРМАГЫНА ЖЕТТИ, АНАН МЕДИЦИНА ТАРМАГЫ ТУРАТ»

  • 22.01.2025
  • 0

УКТ жоюлду, эми коррупция жоюлат

Ушу тапта Кыргызстан аймагында УКМКнын жооптуу кызматкерлери тарабынан мамлекеттик жана жергииктүү бийлик өкүлдөрү менен өлкөдө коррупциялык жосундарды жоюу чараларынын жүрүшү жана анын жыйынтыктары, КР Кылмыш кодексине жаӊыдан киргизилген жаӊы түзөтүүлөр жаатында жолугушуулар өткөрүлүүдө. Анын алкагында билим берүү жана илим тармагынын, анын ичинде билим берүү жана илимий мекемелердин жетекчилери менен өткөргөн кеӊешменин жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев билим берүү жана илим тармагына мындан ары тийиштүү чаралар көрүлөрүн баса белгиледи. Ал кандай багыттагы чаралар?

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, акыркы төрт жыл аралыгында Кыргызстандын билим жана илим тармагында орун алган коррупциялык жосундарга анчалык көӊүл бурулбай келген. «Биз буга чейин негизинен уюшкан кылмыштуу топтор менен кармашып келдик. Азыр кылмыштуу топтор жоюлду. Эми билим берүү мекемелерине кезек жетти. Ар бир билим берүү уюму менен билим берүү мекемесин кылдат текшерүүдөн өткөрөбүз. Андан соӊ медицина тармагынын азыркы акыбалын тыкыр иликтей баштайбыз», — деп кошумчалады ал.

Андан ары УКМК башчысы эмне себептен прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү ыйгарым укуктарынын алынып саынганына учкай түшүндүрмө берди. Анын айтымында, буга чейин прокуратура органдарынын уруксатысыз УКМК тарабынан бир дагы кылмышка шектелген адам убактылуу камакка алынчу эмес. «Колубуздан эч нерсе келбей калган. Ошондон улам, өткөн жылы алардын тергөө жүргүзүү ыйгарым укуктарын алып салууга туура келди. Маселен, биз кимдир бирөөнү кармасак, тергөө прокурорлор тарабынан жүргүзүлүп, көпчүлүк иштер жабылып калчу. Анын айынан көптөгөн түйшүк жаралып, прокурорлук текшерүүлөр арбыды. Азыр кылмышка шектелген адамдар кармалар замат дароо кылмыш иштери козголот. Албетте, алардын баары прокуратура органдарынын көзөмөлүндө болору бышык», — дейт ал.

Жолугушуу жүрүшүндө билим берүү жана илим тармактарында иштеген адамдардын эмгек акылары бара-бара жогорулай баштаганы жөнүндө сөз жүрдү. УКМК башчысы уюштуруу маселелерин, түзүмдүк өзгөрүүлөрдү, коррупциялык кылмыштар менен паракорлукту ажырата билүү зарылдыгына токтолду. «Эгерде өзүӊөр иштеген уюмда уюштуруу жана түзүмдүк өзгөртүү чараларын көрсөӊөр – ал башка маселе, ал эми коррупциялык менен паракорлук жосундар таптакыр башка. Эсиӊерде чыгар, биз бийликке келгенде мамлекеттик бюджет 200 млрд сомдун тегерегинде болчу, азыр ал 700 млрд сомду түздү. Адегенде улуттук коопсуздук жаатында иш алпардык. Эми билим берүү жана медицина тармактарын колго алууга мезгил жетти», — деди ал.

Мисалы, буга чейин баш-аягы миллиарддаган сомду түзгөн кылмыш иштерин карап жаткан судьялардын маянасы 70 миӊ сом экен. Батир акысын, андан тышкары күнүмдүк чыгымдарын эсептей келгенде, бала-бакырасына эч нерсе деле калбайт. «Ошондон улам, президенттин макулдугу менен алардын эмгек акысын 140-150 миӊ сомго чейин көтөрүлдү. Буюрса, мындай кезек силерге да жетет, коррупция жана паракордук сындуу ар кандай кылмыш жосундарынан сырткары таза иштесеӊер, эмегиӊерге жараша маяна ала баштайсыӊар», — деп кошумчалады ал.

Андан тышкары, иш-чара жүрүшүндө тийиштүү мамлекеттик органдардын коррупция менен күрөшүү чараларынын алкагында билим берүү тармагынын 34 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылганы белгилүү болду.

УКМК башчысынын айтымында, кылмыш иштерин иликтөө жыйынтыгында мамлекеттин эсебине 207 млн 700 миң сом кайтарылган. «2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки мезгил аралыгында билим берүү тармагы боюнча, тагыраак айтканда, жогорку билим берүү тармагынын 34 кызматкери – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандыгы үчүн 42 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулуп, ээлеген кызматынан алынган», — деп, билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлерин кылмыш жосундары менен күрөшүүгө, ар бир кызматкерди таза жана адилеттүү иштөөгө, көпчүлүктүн көйгөйүнө тийген жемкорлуктун тамырын биргелешип кыркууга чакырды.

 

Белгилей кетсек, жакында КР Кылмыш кодексине киргизилген түзөтүүлөр кыргыз парламенти тарабынан кабыл алынып, Президент кол коюу менен күчүнө киргизилди. Маселен Кодекстин 63-беренесине ылайык, коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган жана эркинен ажыратылган адамдар өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөө укугунан ажыратылат. Ошондой эле, Кодекстин 63-беренесине ылайык, өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган жана келишим түзгөн жактарга карата жаӊы жаза түрү каралган. Мындай учурда, жазага тартылган адам жасалган кылмышка карата каралган жаза мөөнөтүнүн жарымын сөзсүз өтөөгө тийиш. Ошондой эле, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек мамилелерин жөнгө салуу мыйзамдарына да айрым түзөтүүлөр киргизилди. Коорупция кылмышы менен жазага тартылган же соттуулугу жоюлган жана калыбына келтирүү негизинде кылмыш иши токтотулган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы кызматтарга орношо албайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер