«УҢГУЖОЛ» – ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮҮ КОМПАСЫ

  • 17.07.2026
  • 0

Кыргыз эли далай кыйынчылыктарды башынан өткөрүү менен катуу сыноолордун ашуусунан бел байлап өтүп, натыйжада өзүнүн мамлекеттүүлүгүн түптөп, учурда биримдик, ынтымакты туу кылып, кызыл байракты желбирете көтөрүп күрдөөлдүү максаттарды алдыга коюп, аны ишке ашыруунун жолуна түштү. Кыргыз эли өлкөсүн өнүккөн мамлекетке айлантуунун аракетин аркалап, ийгиликти камсыздоо максатында маңдай терин төгүп, чарчабай-чаалыкпай алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө.

Президентибиздин 2024-жылдын 18-декабрында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгы кабыл алынды. Иштерман, эмгекчил Президентибиздин аталган доктринасы келечек жаштарына жол көрсөтүүчү компас болууга тийиш. Бул нерсени турмушка ашыруу үчүн жарлыкты жетекчиликке алуу менен жапа тырмак эл катышып, ар бир кыргыздын атуулу жоопкерчиликти сезе билүүсү абзел.

Улуу «Манас» эпосунда ак калпак журтка жеңишти, ийгиликти жана бакытты алып келген эң башкы күч катары жарандык ынтымак даңазаланат. Айкөл Манас, Кошой, Бакай сыяктуу акылман бабаларыбыз элдин биримдиги, ниеттин түздүгү менен тазалыгы, адеп-ахлактык принциптердин бекемдиги, ошондой эле алдыга коюлган мүдөөлөрдүн жана милдеттердин ыйыктыгы терең түшүнүлгөндө гана элдин келечеги кең болуп, мамлекет бекемделерин баса белгилешкен. Ушул асыл нарктар бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, «Уңгужол» жарлыгынын негизги өзөгүн түзүп турат.

Эл ынтымакта болуп, «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу» принцибин жашоо образына айландырганда гана өлкөнүн өнүгүшүнө бекем негиз түзүлөт. «Уңгужол» жарлыгында камтылган мүдөө-максаттарды ар бир жаран жүрөгүнө сиңирип, акыл-эсинде бекем кабыл алып, аны иш жүзүндө жүзөгө ашырууга бел байласа, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон мекенчил, жоопкерчиликтүү инсандар көбөйөт. Мындай шартта Кыргызстан да өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулары шексиз.

Бул үчүн ар бир атуул терең интеллектке ээ, акыл-эстүү, мекенчил, эмгекчил жана чарчап-чаалыкпаган иштерман болууга тийиш. Мунун мааниси бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу болуп турат. Жакында жарык көргөн Президентибиздин «Улуттун деми – Уңгужол» аттуу китеби да ушул идеяларды терең ачып берип, буга чейин кабыл алынган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгындагы максат-милдеттердин уландысы катары коомчулукка сунушталды. Ошондуктан көпчүлүк окурмандар менен калың журт «Уңгужолду» бүгүнкү мезгилдин талабы, мамлекет менен элдин өнүгүшү үчүн зарыл болгон идеологиялык багыт катары кабыл алып жатканы байкалат.

Кыргыз эл баатыры, академик Миталип Мамытовдун «Улуу жолдон уңгужолго өтөлү!» аттуу ырына терең баа берсе болчудай. Жамаатка белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө «Жаңы Кыргызстанды куруу» жөнүндө көп айтылып келет. Ушул өңүттөн алганда, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу уңгужол доктринасы Жаңы Кыргызстанды курууга багытталган аракет экендиги ачык-айкын көрүнүп турат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында курулуш иштери кызуу жүрүп, көп кабаттуу заманбап имараттар курулуп, эски имараттар жаңыланып, жолдор оңдолуп, чек ара маселеси да оң нукта чечилүүдө. Ошол эле учурда адамдын жан дүйнөсүнүн жаңыланышы, тарбия-таалимдин бекемделиши, терең билимге ээ болуу менен катар экономика тармагындагы өзгөрүүлөр, жасалма интеллект, IT жана башка заманбап багыттардын өнүгүшү келечекте жаштардын өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетип, мекенибиздин өнүгүшүнө өз салымын кошуусу учурдун талабы экендиги белгилүү.

Ар бир жарандын ой-сезиминде жаңылануу болуп турса, өнүгүүнүн темпи дагы ылдамдап, Кыргыз элинин кылымдарды карыткан улуу көчү ийгиликтүү улана берерин ар бир кыргыз жараны каалайт. «Уңгужол» доктринасы мамлекетибиздеги өзгөрүүлөрдү, өсүп-өнүгүүнү улуттук маданият, адеп-ахлак жана каада-салт аркылуу ар бир кыргыз жаранынын дилине сиңирип, жакшы жакка өзгөрүүнү талап кылгандай. Натыйжада өндүрүштүн кайсы гана тармагы болбосун, билим берүү, экология, айыл чарбасын өнүктүрүү жана башка багыттарда өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө карата өз салымыбызды кошуу абзел.

Улуу жазуучу, феномен Чыңгыз Айтматов «Ааламга кеткен жол айылдан башталат», «Адамдын адамдыгы анын ыйманында», “Адам уулу канткенде адам болот», «Адамга эң кыйыны күндө адам болуу» сыяктуу философиялык, терең маанилүү 150дөн ашуун ой-пикири «Тоолор бөксөрбөйт» адабий музыкалуу композициясына киргизилип, окуучулар менен бирдикте эл алдына алып чыкканыбыз эсимде.

Акыркы жылдары жаш үй-бүлөлөрдүн арасында ажырашуулардын көбөйүшү коомчулукту тынчсыздандырган олуттуу маселелердин бирине айланды. Үй-бүлөнүн бекемдигин сактоодо, балдарды туура тарбиялоодо жана алардын келечектеги инсан болуп калыптанышында эненин орду өзгөчө маанилүү. Ар бир эне уул-кызын бактылуу, эмгекчил, иштерман, билимдүү, жөнөкөй жана адамгерчиликтүү кылып тарбиялоо үй-бүлө очогунан башталарын терең аңдоого тийиш.

Ошону менен катар улуттук маданиятты, эне тилди жана руханий баалуулуктарды кийинки муунга өткөрүп берүүдөгү жоопкерчилик да биринчи кезекте үй-бүлөгө жүктөлөт. Балдарды китеп окууга кызыктыруу, адеп-ахлак нормаларын, жакшы жүрүм-турумду жана пайдалуу көндүмдөрдү калыптандырууда эненин таасири абдан чоң. Педагогикалык жана психологиялык изилдөөлөрдө тарбиянын негизги бөлүгү үй-бүлөдө, айрыкча эненин түздөн-түз таасири аркылуу калыптанары белгиленет. Ошондуктан үй-бүлөлүк тарбиянын баалуулуктарын, улуттук нарктарды жана адамдык сапаттарды балдардын аң-сезимине үзгүлтүксүз сиңирип туруу – ар бир ата-эненин эң башкы милдети болуп саналат.

Жаш муун – өлкөнүн келечеги жана өнүгүүсүнүн негизги таянычы. Ошондуктан алар билимдүү, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жаран болуп калыптанып, өнүккөн Кыргызстанды курууга жигердүү салым кошуусу мезгил талабы. Ошол эле учурда улуттун улуулугу анын тилин, маданиятын, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын сактоо менен өлчөнөрүн ар бир жаран терең түшүнүүгө тийиш.

«Улут наркы – улуу тил» дегендей, мамлекеттик тилге болгон мамиле коомдун маданий деңгээлин аныктайт. Бирок бүгүнкү күндө дагы мамлекеттик деңгээлдеги айрым иш-чараларда, жыйындарда жана расмий жолугушууларда Кыргыз тилинин ордуна башка тилдерде сүйлөп, баяндама жасаган учурлар кездешип жатканы өкүнүч жаратпай койбойт. Өз эне тилибизди, улуттук маданиятыбызды жана каада-салтыбызды урматтоо – ар бир кыргыз жаранынын ыйык парзы. Ошондуктан ар бирибиз «Уңгужол» идеясына жоопкерчилик менен мамиле кылып, анын коомдо кеңири жайылышына жана турмушка ашырылышына багытталган иштерди активдештирүүбүз зарыл.

«Уңгужол» – бул улуттун руханий жаңылануусуна, биримдигине жана өнүгүүсүнө багыт алган жол. Даанышмандардын «Улуулукка бир гана жол бар, ал түйшүк менен эмгекти талап кылат» деген накыл сөзү да ушул ойдун маанисин тереңдетет. Чыныгы өнүгүү үзүрлүү эмгек, жоопкерчилик жана улуттук баалуулуктарга берилгендик аркылуу гана ишке ашат.

Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Улуттун деми – Уңгужол (Тандалган сөздөр)» аттуу китебинин жарык көрүшү коомдук турмуштагы маанилүү окуялардын бири болду. Китепке мамлекет башчысынын улуттук өнүгүү, руханий баалуулуктар, мекенчилдик, мамлекеттик тил жана өлкөнүн келечеги тууралуу макалалары, баяндамалары жана ой толгоолору топтолгон. Анда өзгөчө «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасынын маңызы кеңири ачылып, ал Кыргызстандын өнүгүү багытын аныктаган улуттук концепциялык документ катары бааланат. Бул эмгек улуттун келечегине кайдыгер карабаган окурмандар үчүн маанилүү руханий булак болуп, Кыргыз элин биримдикке, мекенчилдикке жана өлкөнүн өнүгүшүнө кызмат кылууга үндөгөн китептердин катарынан татыктуу орун алат деген ишеним бар.

Айна ОСМОНОВА,
КРнын эмгек сиңирген мугалими,
Ак-Талаа районунун, Нарын облусунун «Ардактуу атуулу»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер