ТЫНЫСТАНОВДОН ҮЛГҮ АЛГАН АГАЙ
- 03.09.2024
- 0
Ош облусунун Ноокат районундагы “Ноокат билимканасы” интернат-лицейинин уюштуруучусу жана илимий жетекчиси Мамаюсупов Омурзак Шерановичке “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы ыйгарылды. Атактуу педагогго мамлекеттик сыйлыкты 31-август Эгемендик майрамында Президент Садыр Жапаров тапшырды.
Өмүрзак Мамаюсуповдун ысымы агартуучулар журтуна биринчи кезекте ал өзү негиздеген “Ноокат билимканасы” интернат-лицейи аркылуу жакшы тааныш. Аталган жатак-лицей 1989-жылы Ички-Ноокат айылында ачылган. Эгемендиктин алгачкы карлыгачы катары Кыргызстанда эң биринчилерден болуп түзүлгөн “Ноокат билимканасына» быйыл туура 35 жыл болду. Бул мезгил аралыгында мектепти 1428 окуучу аяктады. Анын ичинен 38 бүтүрүүчү алтын медаль, 124ү — кызыл аттестат, 54 бүтүрүүчү — «Алтын тамга», 2 окуучу — «Алтын сертификат» жана эки бүтүрүүчүсү КР Президентинин Мактоо баракчасын алган. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйырмага жакыны илимдин кандидаты, доктору болду. Бир кездеги айылдык мектептин атагы алыска угулуп, бат эле республикалык деңгээлдеги мектепке айланды.
“Ноокат билимканасынын» уюштуруучусу өзү бир кезде көксөп-тилегендей борбор калаада эмес, өзүнүн туулуп-өскөн айылында ачылып калышынын да мыйзам ченемдүү сыры болсо керек. Эгерде ал башында мерчемделгендей борбор калаабыздын биринде ачылып калса, кандай болорун азыр так кесе айтуу кыйын. Расмий түрдө1987-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан бул мектеп Новосибирск университетинин алдындагы физика-математикалык мектептин модели болуп эсептелет.
«Мектеп ачуу үчүн акчадан мурун эбегейсиз зор жүрөк керек. Ал жүрөк күнү-түнү мекеним деп согуп турушу зарыл. Ошондо гана бир ийгиликке жетесиң», — дейт профессор Мамаюсупов (А.Алибеков “Ноокат” билимканасынын феномени”, “Кут Билим” №26,12-июль, 2024-жыл).
Ал ар дайым өзү түзгөн мектеп мамлекеттик мектеп экендигин, ага Кыргыз илимдер академиясынын математика институту илимий демилгечи болуп бергенин баса белгилеп келет.
“Ноокат билимканасы» түптөгөн окуу маданиятынын кандай өзгөчөлүктөрү бар? Биринчиден, анда ашыкча стандартта окулбайт, 7-классты аяктагандар сынактын негизинде кабыл алынат, биринчи жылы 8-класска чейин билбегендер кайталанып окутулат да, 9-10-11-класстарда келечекте тандаган кесибине жараша тереңдетилген билим берет. Эң негизги максаты — балдарды окутууда тесттен чоочуркабагандай жөнөкөй, азыркы санариптештирүү саясатына тезирээк аралаша алган чөйрөнү даярдоо.
“Тыныстанов кыргыз тилинен грамматикасын жөнөкөй кылып жазгандай, математиканы деле ошондой жазгандар бар. Математиканын эң ылдыйкы негиздерин билбей туруп, интегралдарга, теңдемелерге өтүп кеткенде бала чаташат. Балага сабакты сүйдүрүш керек. Үйдүн аянтын, көлөмүн чыгаруу, курулуштагы кирпичти эсептөө сыяктуу жөнөкөй нерселер менен кызыктырып окутуш керек. Математик мугалимдер маңдайында эчтеке билбеген бала отурганын дайыма унутуп калышат. Мугалимдер “Жөнөкөй түшүндүрөйүн, Тыныстановдон үлгү алайын деп умтулушу керек” – дейт Ө.Мамаюсупов.
Профессор Мамаюсуповдун бекем ишениминде окуучу күнүнө программадан тышкаркы он мисалды чыгарбаса, эртеңки сабакка бүгүн даярданбаса, өз жакындарына колунан келген жардамын бере албаса, анда ал келечекте «жети миллиардды акылы менен башкара албайт». Бул талап билимканада ушул күндө да өз күчүн жоготпой келет.
Жатак-мектептерде окуучулар өз алдынча билим алуусуна өзгөчө маани берилгендиктен, бардык шарттарды түзүп берүү керек. Чакан мектептин эң кызыктуу китептерге толгон китепканасы бар. Мугалимдердин чыгармачылык изденүүсү аркылуу дүйнөдөгү эң алдыңкы билим берүү системалары, адам жашоосундагы билим менен илимдин орду, өрнөктүү инсандар, алдыңкы өлкөлөр, эң зор илимий ачылыштар сыяктуу кызыктуу темаларды камтыган 103 сабактын иштелмелери даярдалып, электрондук форматта сакталып турат. Мындан мугалимдер да, окуучулар да өз билимин өркүндөтсө болот. Андыктан билимкананын мугалимдери үчүн өз дараметин өнүктүрүү үстүндө иштөө, тынымсыз билим алуу, жаңылыктарга жакын болуу көнүмүш адатка айланган.
“Мен мектеп ачам деп жүрүп, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болдум. Бир топ билим берүү системалары менен тааныштым. Бирок биздикиндей, билим дегенде көздөрү жанып турган балдар-кыздарды эч жерден көргөн жокмун” — дейт ал сыймыктанганын жашыра албай.
Профессордун айтымында, мектеп ачуу үчүн төмөнкү үч маанилүү шарт: биринчиден, бала, сабак дегенде ичкен ашын жерге койгон ак жүрөк мугалимдер, экинчиден, билим дегенде дайыма суусап турган окуучулар, үчүнчүдөн, мугалимдердин мүдөөсүн түшүнгөн, колуна кол, бутуна бут болгон ата-энелер керек. Мектептеги бардык өзгөрүүлөрдүн башатында, албетте мугалим болууга тийиш. Мугалим канчалык өз ишине берилсе, өз ишин сүйө билсе, баланын келечегине, жакшы болушуна, оңолушуна ишеним арта билсе, анда аны көрүп, байкап турган ата-энелер да жөн турбайт. Колунан келген жардамын берет. Ата-энелерди, коомчулукту алдыда турган асыл максатка жетүүгө ишендирүү — бул билим берүү ишиндеги ар кандай инновациялык демилгенин эң биринчи, баарынан маанилүү талабы болуп саналат.
Маанилүүлүгү андан кем болбогон дагы бир талап, шарт – бул ата-эненин баласына камкордугу, ишеними, демөөрчүлүгү десек ашыкча болбос.
Ош облусунун Ноокат районундагы Ички-Ноокат айылында жарык дүйнөгө келген Өмүрзак Мамаюсуповдун тээ бала кездеги кыялынын ишке ашуусуна, анын мектептеги, институттагы, кийинки илимий иштериндеги ийгиликтерине анын ата-энеси дем берип, ишеним артып, алдыга сүрөп келген. Ал кичинекей кезинде атасынын “Кийин аспирант болгондо жатасың» деп сатып берген чоң темир керебети менен бирге ишеними билим дегенде көзү жанган жаш уландын жаңы бийиктиктерди жаратуусуна шыктандырып келгенинен ким шектенет?! Анын атасы, райондо чыгаан математик катары таанылган атасы Шеран Мамаюсупов баласынын билимине, айрыкча, көздөгөнүнөн кайтпаган темирдей бекем эркине ишенгени да талашсыз чындык чыгар.
Айткандай эле ал ата-энесинин ишенимин актап, орто мектепти жалаң «беш» деген баага аяктады. Мектептен кийин Ош педагогикалык институтунун физика жана математика факультетине окууга кирип, аны да кызыл диплом менен аяктаган соң, 1985-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Болочок профессордун алгачкы эмгек жолу 1973-1975-жылдары Ноокат районундагы Калинин атындагы орто мектепте математика мугалими болуп иштөөдөн башталган. Анын басып өткөн өмүр таржымалы илим-билим тармагына тыгыз байланышта. 1975-1976-жж. – КР Илимдер Академиясынын улуу инженери, 1982-1984-жж. – Новосибирск мамлекеттик университетинин аспиранты, 1985-1995-жж. – КР Илимдер Академиясынын кенже илимий кызматкери, андан кийин улук илимий кызматкери болуп эмгектенген. Ал Жогорку Кеңештин депутаты, КР Президентинин парламентаризм жана мыйзам чыгаруу борбордук кеңешинин төрагасы, КР Президентинин ЖКнын Мыйзам чыгаруу палатасында толук ыйгарымдуу өкүлү, КР Президентинин алдындагы билим берүү жана илим иштери боюнча комиссиянын мүчөсү, КР Өкмөтүнө караштуу диний иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы ж.б. сыяктуу кандай гана жооптуу кызматтарды аркалабасын, ар дайым билим берүү тармагынын алдыңкы аскери, анын түйшүктөрү менен түйшөлгөн чыныгы күйөрманы болуп келет.
“Кут Билим” газетасы “Эмне үчүн мугалимдерге “КР Баатыры” наамы ыйгарылбайт” деген суроо коюп, “Баатыр баркы бар алты инсан” деп жазды эле. Эми минтип жакшы тилек менен баштаган ишибиз Президент тарабынан колдоо тапканы жумурай журтубузду, өзгөчө агартуу тармагынын өкүлдөрүн зор сыймыкка бөлөдү. Биз баатыр наамына эбак эле татыктуу болгон агайды мамлекеттик жогорку наамы менен биз да кызуу куттуктап, бекем ден соолук, кажыбас кайрат, чыгармачылык жигер каалап кетмекчибиз.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер