ТЫНЧТЫКБЕК ДОСМУРАТОВ: ФЕЙККЕ ТУРУШТУК БЕРҮҮНҮН ЭҢ КҮЧТҮҮ КУРАЛЫ – ЖАҢЫЧА БИЛИМ ЖАНА СЫНЧЫЛ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ
- 07.08.2026
- 0
Биз жашап жаткан азыркы доор — маалымат доору. Күн сайын жүздөгөн жаңылыктарды окуп, ондогон видеолорду көрүп, миңдеген билдирүүлөрдү алабыз. Бирок ошол маалыматтардын канчасы чын? Жасалма интеллект өнүккөн азыркы мезгилде фейк жаңылыктар, дипфейк видеолор жана жалган сүрөттөр мурдагыдан бир топ көбөйдү. Бул шартта мугалимдер менен окуучулардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугу өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул жолу биз ушул багытта көп жылдан бери иштеп, медиасабаттуулук, санариптик коопсуздук жана жасалма интеллект темалары боюнча окууларды өткөрүп келген билим берүү тармагынын өкүлү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Тынчтыкбек Досмуратов менен маектештик.

— Тынчтыкбек мырза, алгач «фейк» деген түшүнүктөн баштасак. Бул деги эмне?
— Фейк – бул чындыкка дал келбеген, атайын адамдарды адаштыруу үчүн даярдалган маалымат. Ал текст, тактап айтканда “жаңылык”, сүрөт, видео, аудио же социалдык тармактагы билдирүү түрүндө болушу мүмкүн. Кээде фейк тамаша катары жасалат, бирок көпчүлүк учурда анын максаты – коомдук пикирге таасир этүү, адамдарды коркутуу, адаштыруу же белгилүү бир көз карашты таңуулоо десек болот. Учурда фейктер мурдагыдан да кооптуу болуп калды. Анткени жасалма интеллект адамдын үнүн, жүзүн, кыймыл-аракетин дээрлик айырмаланбагандай кылып жасап бере алат. Ошондуктан «видеодо көрсөтүлдү», «сүрөтү бар экен» деген сөздөр маалыматтын чын экенине кепилдик бербей калды.
— Сиздин оюңузча, бул маселе эмне үчүн билим берүү тармагында өзгөчө көңүл бурууга тийиш?
— Анткени мектеп келечектеги жарандын дүйнө таанымын калыптандырат. Биз окуучуларды формулаларды жаттатуу менен эле чектелбешибиз керек. Аларга маалыматты талдоону, салыштырууну, шек саноону жана далил издегенди да үйрөтүшүбүз зарыл. Бүгүнкү күндө окуучу китептен эле эмес, интернеттен да билим алат. Эгер ал маалыматтын чын же калп экенин айырмалай албаса, кийин ар кандай алдамчылыкка, манипуляцияга оңой кабылып, анын курмандыгына айланышы толук мүмкүн. Ошондуктан медиа жана маалыматтык сабаттуулук – азыркы мектептин негизги көндүмдөрүнүн бири болууга тийиш!
— Фейкти кантип айырмалоого болот?

— Мен дайыма «Беш суроо» эрежесин сунуштап келем. Тактап айта турган болсом,
Биринчи суроо: Бул маалыматты ким жарыялады?
Экинчи суроо: Башка ишенимдүү булактар дагы ушуну жазып жатабы?
Үчүнчү суроо: Далилдери барбы же жөн гана эмоцияга таянганбы?
Төртүнчү суроо: Бул маалымат качан жарыяланган?
Бешинчи суроо: Эмне үчүн бул маалымат дал азыр таралып жатат?
Эгер ушул суроолорго жооп издеп көнсөк, фейктердин көбүн оңой эле байкай алабыз.

— Азыр социалдык тармактарда адамдар көбүнчө кандай каталыктарга жол беришет?
— Эң чоң ката — текшербей туруп бөлүшүү. Айрымдар «чынбы-жалганбы билбейм, бирок таратып коеюн» деп жөнөтө беришет. Чынында дал ушундай аракет фейктин өмүрүн узартат. Ар бирибиз жөнөкөй эрежени эске алышыбыз керек: текшерилбеген маалыматты бөлүшпөө — санариптик маданияттын белгиси.
— Мугалимдер сабакта бул теманы кантип колдонсо болот?
— Бул үчүн өзүнчө жаңы сабактын деле кереги жок деп ойлойм. Ар бир мугалим өз предметинде маалымат менен иштөөнү үйрөтө алат. Мисалы, окуучуларга бир эле окуя тууралуу эки башка материалды берип, айырмачылыгын талдатса болот. Автордун максаты эмне болгонун, кайсы маалымат далил менен берилгенин талкуулоо пайдалуу болот. Мындай көнүгүүлөр окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Бул жөндөм ага мектепте эле эмес, бүтүндөй жашоосунда керек болот.
— Бул жагдайга ата-энелердин ролу кандай болушу керек деп ойлойсуз?
— Баланын биринчи мугалими — ата-эне. Үйдө дагы маалымат тууралуу сүйлөшүү зарыл. Баланын интернеттен көргөнүнө кызыгып, «Муну кайдан көрдүң?», «Бул маалыматтын булагы кайсы?» деген суроолорду берип туруу зарыл. Эң негизгиси — чоңдор өздөрү дагы фейк таратпоосу керек. Балдар сөздөн эмес, үлгүдөн көбүрөөк үйрөнүшөт эмеспи.
— Окуучуларга кайрылууңуз дейбизби же сунушуңуз?
— Урматтуу окуучулар! Интернет силерге чексиз мүмкүнчүлүк берет. Аны менден жакшы билет болушуңуар керек (күлүп). Бирок ошол эле учурда чоң жоопкерчиликти дагы жүктөйт. Ар бир маалыматты ишенип кабыл ала бербегиле. Суроо бергиле, текшергиле, салыштыргыла. Билимдүү адам бардык нерсеге ишене берген адам эмес, чындыкты издей билген адам.
— Жалпы окурмандар да маалыматты туура пайдаланууну үйрөнүшү керек го. Кандай дейсиз?
— Биз балдарыбызды келечекке даярдап жатабыз. Ал келечек санариптик дүйнө менен тыгыз байланышта болот. Демек, бүгүн мугалим дагы, ата-эне дагы, окуучу дагы маалыматты туура пайдаланууну үйрөнүшү керек.
Фейк менен күрөш мыйзамдан оболу билимден башталат. Ар бир текшерилген маалымат — коомго кошкон салым деп ишенимдүү айта алам. Ар бир ойлонуп жасалган бөлүшүү — жоопкерчиликтүү жарандын белгиси. Эгер биз мектептен баштап медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрө алсак, анда келечек муун чындыкты баалай билген, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү жаран болуп өсөт.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер