ЦИКЛОГРАММА – МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУДАГЫ АЧКЫЧЫ
- 03.11.2025
- 0
Учурда билим берүү мекемелеринде натыйжалуу башкаруу системасын түзүү зарылчылыгы курч турат. Мектеп директорунун иши көп тармактуу жана тынымсыз өзгөрүүгө дуушар болгон билим берүү чөйрөсүндө так пландоону талап кылат. Бул шартта циклограмма — директордун ишин рационалдуу уюштуруунун, убакытты туура пайдалануунун жана башкарууну системдүү жүргүзүүнүн негизги куралы экенин жетекчилер айтышууда.

Циклограмма деген эмне?
Жакында Бишкек шаарында “Жаш мугалимдин мектеби” аттуу семинарда борбор калаадагы №62 мектептин директору Г.Актайлакова жетекчилерге “Циклограмма — натыйжалуу башкаруунун негизги куралы” аттуу презентациясын көрсөттү. Анда ал ар бир мектеп жетекчиси убакытын туура пландап, алдын ала чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн, башкаруу процессин жөнгө салып, максаттуу иштөөгө шарт түзүлөрүн жана директордун ишмердүүлүгүн ачык, системдүү жана натыйжалуу кылаарына токтолду.
Негизинен циклограмма — бул жетекчинин күнүмдүк, жума, ай, квартал жана жыл сайын аткаруучу милдеттеринин так графиги десек болот. Ал убакыттын тартибин белгилеп, жетекчиге пландоо, көзөмөл жана башкаруу иштерин оңой жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

— Циклограмманы колдонуу төмөнкү артыкчылыктарды берет: иш убактысын натыйжалуу бөлүштүрүү, башкаруу ишинде системалуулукту камсыз кылуу, ар бир иш-чараны алдын ала пландоо жана координациялоо, окуу процессин сапаттуу уюштуруу жана жамааттын жоопкерчилигин жогорулатуу, — дейт Бишкек шаарындагы №62 мектептин директору Гүлнара Актайлакова.
Мектепти башкарууну натыйжалуу уюштурууда циклограмманы колдонуу төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү жаратат: Башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу – жетекчинин иш-аракеттери системага салынып, чечим кабыл алуу тез жана так болот. Ошондой эле убакытты туура пландаштыруу – артыкчылыктуу иштер өз убагында аткарылып, ашыкча жүктөм азаят. Мындан тышкары тапшырмаларды аткарууну көзөмөлдөө – белгиленген мөөнөттөр менен жооптуу адамдар ишин аткарып жатканына ынанууга шарт түзөт. Ал эми бардык катышуучулардын жоопкерчилигин жогорулатууда иш тартиби жана күтүү ачыкталып, ар бир кызматкер өз милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылат.

Мектеп директорунун негизги иш багыттары төмөнкү блоктордон турат:
- Окуу-тарбия процессин башкаруу. Окуу планынын аткарылышын көзөмөлдөө, билим сапатын жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу.
- Методикалык ишти уюштуруу. Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо, методикалык бирикмелердин ишин координациялоо.
- Көзөмөл жана анализ жүргүзүү. Сабактарга катышуу, мониторинг жана баалоо аркылуу билим берүү процессинин натыйжалуулугун талдоо.
- Кызматкерлер менен иш алып баруу. Педагогикалык жана техникалык персоналдын ишин уюштуруу, тарбиялык, жагымдуу атмосфера түзүү, мотивация берүү.
- Ата-энелер жана тышкы түзүмдөр менен кызматташуу. Ата-энелер комитети, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулук менен байланыш түзүү.
- Документтер жана отчёттуулук. Мыйзамга ылайык буйруктар, протоколдор, пландар, отчётторду жүргүзүү жана өз убагында тапшыруу.
Апта жана айлык иштер
Мектеп директорунун жумуш күнүнө ылайык типтүү циклограмманын мисалында көрсөтөлү. Бул циклограмма директордун негизги иш-аракеттерин жума күндөрүнө бөлүп көрсөтөт. Ар бир мектептин өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн.
— Методикалык жана административдик жыйындар;
— Сабактарга катышуу жана анализ жүргүзүү;
— Окуучулардын жетишүүсүн жана билим сапатын мониторинг кылуу;
— Педсоветтерди өткөрүү жана жыйынтыктарды чыгаруу.
Дүйшөмбү:
— Жуманын башында пландаштыруу кеңешмеси;
— Өткөн аптанын жыйынтыгын чыгаруу;
— Сабактардын жүрүшүн текшерүү (башталгыч класстар);
— Мугалимдер менен индивидуалдуу сүйлөшүүлөр;
— Документтерди жана каттарды кароо.
Шейшемби:
— Администрациялык кеңешме өткөрүү;
— Ата-энелер менен жолугушуу (зарыл болсо);
— Окуу-тарбия ишинин сапатын талдоо;
— Сабакка кирүү (ортоңку класстар);
— Отчетторду даярдоо.
Шаршемби:
— Методикалык бирикмелердин жыйындарына катышуу;
— Тарбия иштери боюнча талкуулар;
— Окуучулардын тартибин көзөмөлдөө;
— Сырттан келген каттарды жана буйруктарды иштеп чыгуу;
— Эсептик маалыматтарды берүү.
Бейшемби:
— Кадр маселелерин кароо;
— Жаңы мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү;
— Сабактарга катышуу (жогорку класстар);
— Окуучулар менен жолугушуу (лидерлер, активисттер);
— Финансылык жана чарбалык иштерди кароо.
Жума:
— Аптанын жыйынтыгын чыгаруу;
— Мугалимдер менен кеңешме;
— Коопсуздук жана санитардык-гигиеналык абалды текшерүү;
— Иш кагаздарды тартипке келтирүү;
— Жуманын жана айдын отчетторун даярдоо.
Ишемби (зарыл болсо):
— Маданий иш-чараларга катышуу;
— Ата-энелер менен жолугушуу;
— Штабдык/коргоо боюнча иштер.
— Циклограмма —маанилүү функцияларды аткарат. Алсак, регулярдуу иш-аракеттерди чагылдырaт (күнүмдүк, жумалык, айлык, кварталдык ж.б.); жумуш убактысын пландаштырууга жана натыйжалуу пайдаланууга жардам берет; иштин кайталануучу бөлүгүн автоматташтырат жана көзөмөлдөөгө шарт түзөт; жетекчинин убактысын үнөмдөйт, ашыкча жүктөмдү азайтат; байкоо, контролдоо, отчеттуулук жана талдоо иштерин уюштурууга көмөктөшөт, — дейт мектеп жетекчиси.
Дагы бир мисалды үлгү катары көрсөтөлү. Мектеп директорунун циклограммасы төмөнкүдөй деңгээлдерде түзүлүшү мүмкүн:
— Күнүмдүк: сабактарды текшерүү, мугалимдер менен иш, ата-энелер менен байланыш;
— Жумалык: кеңешмелер, методикалык бирикмелер, коопсуздук текшерүүлөр;
— Бир айлык: отчеттор, пландоо, квалификация көтөрүү;
— Жылдык: мектептин өнүгүү стратегиясы, кадр маселеси, материалдык-техникалык база.
Бир айлык жана кварталдык иштер
- Педагогикалык кеңештерди өткөрүү;
- Педагогдордун ишмердүүлүгүн талдоо;
- Билим берүүнүн сапатын мониторинг кылуу;
- Окуучулардын жетишкендиктерин талдоо;
- Окутуу программаларынын аткарылышын көзөмөлдөө.
Циклограмма — директордун ишин ачык-айкын, так жана натыйжалуу алып барууга жардам берген инструмент. Ал билим берүү сапатын жакшыртууда, педагогикалык жамааттын ынтымактуу иш алып барышында жана жалпы мектептин өнүгүүсүндө чоң роль ойноорун айтып кетүү зарыл. Биз берген циклограмманы мектеп директорлоруна үлгү катары көрсөткөнгө аракет кылдык.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер