ТОКТОРБАЙ АГАЙДЫН ДООРУ
- 31.01.2025
- 0
Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунда билим берүү бөлүмүн союз доорунда жетектеген Токторбай Мырзабеков жөнүндө сөз кылалы.
Сабыры көлдөй башчы болду
Токторбай агайыбыз токсон жетиге чыгыптыр. Ал Тажикстандын Жерге-Тал районунун элге билим берүү бөлүмүнө башчы болуп 1968-жылы февраль айында дайындалган. Ал келгенден тартып мектептерде чоң өзгөрүүлөр жүрө баштады. Көптөгөн жаңы мектептер салынды, жогорку билимдүүлөрдүн курамында жергиликтүү кадрлар көбөйдү.
Мен ошондо райборбордогу Чкалов атындагы №1 мектепте иштечүмүн. Билим берүү бөлүмүндөгү адистердин катарын жаңыртуу үчүн мектепте жакшы иштеген тажрыйбалуу мугалимдерден чакыра баштады. Алардын катарында мен да командага кошулуп калдым.
Мугалимдерди даярдоо, иштеп жаткандарынын кесиптик камылгасын арттыруу үчүн биягы Ош, ары жагы Душанбедеги институт, окуу жайлар, усулдук борборлор менен кызматташууну жакшы жолго койду. Тажик ССРинин Элге билим берүү министрлигинде агайдын кадыр-баркы жогору эле. Биздин райондон курска барган мугалимдерди Билим берүү институтундагылар жатак жай, тамак-аш менен камсыз кылып турушчу. Аларды райондон жөнөтүп жатып, дайыма эскертчү: “Диплом алып келбесеңер, айлыгыңар аз бойдон калат”, — деп (ал кезде кесиптик камылгасын арттырганы тууралуу күбөлүк “сертификат” эмес, “диплом” деп аталчу). Кайра келгенде агайга сөзсүз учурашып кетишчү, жакшы сөзүн угуп.
Айрыкча кыздардын жогорку билим алуусуна жол ачкан эрдиги чоң. 70-жылдардын башына чейин деле каратегиндик кыргыздар бул жагынан обочодо калып келгендиктен, кыздардын орто мектептен кийин билим алуусуна көпчүлүк ата-энелер каршы болгон. Ошондуктан окууга дилгир кыздардын алгачкы топторун тымызын шаарга качып баруусун уюштурган. Кийин да мугалимдердин катарын кыздар менен толуктоого дайыма көңүл буруп турган.
Токторбай агай райондогу ар бир мектептин кандай муктаждыктары бар экенин сурап, бардык жагынан колдоо көрсөтүп турчу. Кол алдындагылар менен мектептерде иштеген мугалимдердин үй-бүлөлүк жашоо шартына да көңүл бурчу.
Деректирлер, катардагы педагогдор менен кездешкенде баарына дайыма сыпайы мамиле кылар эле. Бирөөнү катуу тилдептир же бирөө менен чырдашыптыр деп эч жерден уккан да жокмун. Билими күчтүү, сабагын жакшы окуткан мугалимдердин баарын таанычу, көргөн жерде мактап, көңүлүн көтөрүп жүрчү.
Агайдын мүнөзүндөгү бир өзгөчөлүгү – ал нааразылык же талаш чыга турган кырдаалдарды көбүнчө тамашакөйлүк менен жөнгө сала билчү. Өтө сабырдуу, токтоо киши.
Ал өзүнүн балдарын да дээрлик баарын жогорку окуу жайлардан окутту. Мисалы, Малик аттуу уулу – милициянын запастагы полковниги, Душанбеде жашаган кызы Бахаргүл – медицина илимдеринин кандидаты, азыр докторлук ишин даярдап жатат.
Токторбай Мырзабековдун эмгеги бааланып, СССРдин жана Тажик
ССРинин билим берүү отличниги, Тажикстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер наамын алган.
Рахматулло Кыпчаков, ардагер мугалим
Нурлуу жамгыр жааган жыл
…Ошол түн менин өмүрүмдөгү эң узун түн эле. Таң атканча кирпик ирмеген жокмун. Окууга барбай калдым, эми менин жашоом да ушул жердеги аялдардай болорун элестеткенде заманам куурулуп кетти. Эмне кылсам экен деген суроо мээмден кетпей, таң атканча ойго жанчылып чыктым.
Эртең менен кайра жумушка жөнөдүм. Талаага бардык. Классташтарым Сафарбекова Арзы, Нурова Турду жана мурунку жылы мектепти бүткөн эки кыз болуп бешөөбүз бир машинеде иштейбиз. Биздин машине кечигип, арыктын кырында кечээки окуяны купуя сүйлөшүп отурганбыз. Башкалар иштеп жаткан.
Саат ондор чамасында Жайылган тараптан чаң ызгытып машинени катуу айдап келип эле Ыса агай: “Түшкүлө!” — деп өктөм сүйлөдү. Бир секунд да токтобой, бешөөбүз машинеге чуркап барып отуруп калдык. Жүрөгүм тарсылдап, азыр эле жарылып кетчүдөй согот…
…“Бул машинени таанып калышты, артыбыздан куугун түшүшү мүмкүн” деп, Ыса агай биз кирген шкафты бекитип, анан мектепти сыртынан кулпулап кетти. Биз ал жерде өтө эле көп олтурдук, кыйналганыбызга да кайылбыз. Эптеп эле окууга барсак болду. Саат үчтөрдө агай сыртында “Алтай” деген жазуусу бар жашыл “дүк машинени” айдатып келди. Биз дароо терезеси жок фургонго олтуруп райондун борборуна жөнөдүк. Саат бештер чамасында жеттик. Бизди райадминистрация тосуп алды. Эч нерсебиз жок – паспорт, аттестат ж.б. алууга биз үчүн башкалар чуркап жатты. Бир убакта райондук “Коммунист” гезитинин фотосүрөтчүсү келип баарыбызды паспортко тартып кетти. Ыса агай бизди таштап эле аттестат жазып келиш үчүн баягы машине менен кайра Жайылганга жөнөдү…
…Таң атты. Бизге эртелеп тамак берип, райадминистрациядан келген эки киши менен милициянын коштоосунда райББге алып барышты. Ал жерде бизди райком Одил Бердиев, райатком Сайитбек Бердиев, райББ башчысы Мырзабеков Токторбай, белгилүү мугалим Бурхан Батыров, райадминистрациядан дагы башка бир топ кызматкерлер күтүп туруптур. Алар бизге: “Эми силер аябай аракет кылып, окууну таштабай аяктагыла, кайра өзүбүзгө келип, эл үчүн кызмат кылгыла”, — деп дагы башка акыл-насаатын айтышты…
Бир түн ичинде Кыргызстан менен сүйлөшүп, келишим түзүшүптүр: В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтуна бармай болуптурбуз. Аңгыча эле Ыса агайыбыз өткөн жылы бүткөн дагы үч кызды алып, сегиз кызга аттестат жазып келип калды. Кыска мөөнөттүк деген бир бүктөм көк паспорт да түнү менен даярдалыптыр. Анан Одил Бердиев : ”Азыр Душанбеден атайын заказ менен самолет келет. Бүгүн, 29-июлда Душанбеге барасыңар. Эки күн Душанбедеги мейманканада туруп, Фрунзеге 31-июлда учасыңар. Рейс ошондой экен”, — деди.
Жарыкка умтулгандарга жол ачкан
«…Жерге-Тал районунан бир да аял өкмөттүн иштеринде иштебейт эле. Жерге-Талдан бир да аял кишиден мугалим жок эле. Алгачкы жолу кыздардан турган топту Фрунзеге окууга жиберип жатып канча уруш-сөгүш уктум. Душанбеге чейин артыбыздан түшүп, кууп барышты. Милициянын коштоосунда кыздарыбызды Фрунзедеги окуу жайларга жибердик. Кыздар окууну ийгиликтүү аяктап барып мугалим, дарыгер, зоотехник жана башка кесиптерди аркалап калышты. Окуйбуз деген кыздардын баары Фрунзеге, Ошко келип окушту…» — деп эскерди Токторбай ата.
Токторбай Мырзабеков ата азыр 97 жашта. Жерге-Тал районундагы билим берүү бөлүмүн жетектеп турганда жалпысынан 60 мектепти түптөгөн экен. Аксакалдын өз оозунан угуп отуруп, бул ата өз кезинде Памир тоолорунун боорундагы накта Дүйшөн агайы болгон экен деп калдым.
“Мөк, Сары-Талаа, Кичи-Карамык сыяктуу жолу катаал кыштактарга тик учак менен курулуш материалдарын ташып, мектептерди курдук. Тажик тилдүү мектептер 3-4 гана саналуу эле. Дээрлик баары кыргыз мектептер болгон экен. Ысык-Көлдөн абдан көп мугалимдер барды. Кыргызстандан кыргыз тилиндеги окуу куралдар байма-бай жеткирилип турчу. Эң алгачкы агартуучулардан 1931-жылдары барышкан. Мугалим кыздардан бир канчасы Жерге-Талда турмушка чыгып, небере-чөбөрөлүү болуп, жергиликтүү элге сиңишип жашап калышты”.
Үлкөн курактагы жердешибиздин сөзүн үн түрүндө жаздырып алганыма кубанам.
Алыскы Каратегинден Кыргызстанга келип жогорку билим алган алгачкы кыздардын бири, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлбара ОРОЗОВАнын “Каратегиндик кыз” эскерүү баянынан.
Саидрахман Шарипов, оозеки тарых изилдөөчү
Комментарийлер