ТИЛ КҮНҮН УТУРЛАЙ: ИНТЕРНЕТТЕГИ КЫРГЫЗЧА ЖАЗУУ
- 22.09.2026
- 0
Тил — улуттун руханий байлыгы, элдин тарыхын, маданиятын, дүйнө таанымын муундан муунга жеткирүүчү баа жеткис каражат. Ал эми жазуу — ошол тилди сактап калуунун, аны өркүндөтүүнүн жана кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн эң маанилүү формаларынын бири. Ошондуктан «кыргызча туура жазуу» маселеси жөн гана тамга маселеси эмес, улуттук тилдин маданиятына, анын коомдогу кадыр-баркына байланышкан олуттуу маселе.
Бүгүнкү күндө кыргыз тили коомдук турмуштун бардык тармактарында колдонулуп келет. Мектепте, жогорку окуу жайында, мамлекеттик мекемелерде, басма сөздө, телевидениеде, интернетте жана социалдык тармактарда кыргызча жазылган тексттер күн сайын көбөйүүдө. Бирок тилди көп колдонуу менен аны туура колдонуу дайыма эле бирдей боло бербейт. Айрыкча жазууда орфографиялык каталардын көбөйүшү тил маданиятына көңүл буруунун зарылдыгын көрсөтүп турат.
Туура жазуу эмнеден башталат?
Кыргызча туура жазуу эң оболу адабий тилдин нормаларын билүүдөн башталат. Орфография — сөздөрдү жана алардын формаларын туура жазууну жөнгө салган эрежелердин жыйындысы. Ал эми орфографиялык сабаттуулук адамдын жалпы тил маданиятынын маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.
Кээде «мааниси түшүнүктүү болсо болду» деген пикир айтылат. Бирок жазуудагы майда көрүнгөн ката да сөздүн маанисин өзгөртүп, сүйлөмдүн мазмунун бузуп коюшу мүмкүн. Мисалы, «бара жатат», «баражатат», «баражатат» сыяктуу жазылыштардын кайсынысы адабий нормага туура келерин билүү — жазуу маданиятынын көрсөткүчү.
Ошондуктан кыргыз тилинде жазган ар бир адам орфографиялык эрежелерди сактоого тийиш. Бул талап өзгөчө мугалимдерге, журналисттерге, мамлекеттик кызматкерлерге, студенттерге жана коомдук маалымат таратуучу адамдарга тиешелүү.
Кыргыз тилиндеги үндөшүү мыйзамы жана жазуу
Кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнүн бири — үндөштүк мыйзамы. Кыргызча сөздөрдүн айтылышында жана мүчөлөрдүн жалганышында үндүүлөрдүн жоон-ичкелик жагынан шайкеш келиши чоң роль ойнойт.
Мисалы: бала — балдар, китеп — китептер, үй — үйлөр, көл — көлдөр, мектеп — мектептер.
Бул жерде сөзгө жалганган мүчө уңгунун тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык өзгөрүп жатат. Демек, кыргызча туура жазууну үйрөнүүдө орфографиялык эрежелер менен катар тилдин ички мыйзамдарын да билүү зарыл.
Тилди эрежесиз эле жазууга болот деген түшүнүк жаңылыш. Анткени тилдин табигый мыйзамдары жазуу системасында белгилүү бир норма аркылуу бекемделет.
Сөздөрдү бирге жазабызбы же бөлөкпү?
Кыргызча жазууда көп кездешкен көйгөйлөрдүн бири — сөздөрдүн бирге же бөлөк жазылышы.
Айрым сөздөр тилдин тарыхый өнүгүшүнүн жүрүшүндө бир бүтүн лексикалык бирдикке айланып, бирге жазылат:
бүгүн, быйыл, ашкана, балмуздак, колкап.
Ал эми өз алдынча маанисин сактаган сөздөр көбүнчө бөлөк жазылат:
кыргыз тили, окуу жайы, айыл чарба, темир жол, ак үй.
Бул жерде сөздөрдүн сырткы көрүнүшүнө гана эмес, алардын маанилик байланышы менен грамматикалык түзүлүшүнө да көңүл буруу керек.
Айрыкча жаңы сөздөрдүн пайда болушу бул маселени дагы татаалдаштырууда. Коом өзгөргөн сайын жаңы түшүнүктөр жаралат, жаңы сөздөр пайда болот. Алардын кайсынысын бирге, кайсынысын бөлөк жазуу керектигин тил илими жана коомдук тилдик практика аныктайт.
Дефис — кичинекей белги, чоң мааниге ээ
Жазууда дефис жөн гана сызыкча эмес. Ал сөздөрдүн ортосундагы маанилик байланышты көрсөтүүчү орфографиялык каражат.
Кыргыз тилинде кош сөздөр көбүнчө дефис аркылуу жазылат:
ата-эне, бала-чака, дос-тууган, күч-кубат, тоо-таш.
Кайталама сөздөрдө да дефис колдонулат:
тез-тез, улам-улам, чоң-чоң, бара-бара.
Ал эми коомдук-саясий, илимий-техникалык, социалдык-экономикалык сыяктуу айрым татаал татаал сөздөр (аныктоочтор) да дефис аркылуу жазылат.
Дефисти туура колдонуу тексттин маанисин так берүүгө жардам берет.
Баш тамга — жазуу маданиятынын күзгүсү
Адамдын аты-жөнү, жер-суу аттары, мамлекеттердин жана айрым расмий мекемелердин аталыштары баш тамга менен жазылат:
Кыргызстан, Ош, Бишкек, Сулайман-Тоо, Чыңгыз Айтматов, Ош мамлекеттик университети.
Бирок акыркы мезгилде расмий аталыштардагы ар бир сөздү баш тамга менен жазуу тенденциясы күчөп баратканы байкалат. Мындай учурда орфографиялык эрежелерди так сактоо зарыл.
Баш тамга жөн гана кооздук түшүнүк үчүн колдонулбайт. Ал сөздүн энчилүү ат экенин же белгилүү бир расмий аталыштын курамында турганын көрсөтөт. 
Интернеттеги кыргызча жазуу
Бүгүнкү күндө кыргыз тилинин жазуу маданиятына эң чоң таасир берип жаткан чөйрөлөрдүн бири — интернет.
Социалдык тармактарда адамдар шашылыш жазышат, сөздөрдү кыскартышат, тыныш белгилерине көп көңүл бурушпайт. Мындай жазуу күнүмдүк бейрасмий баарлашууда түшүнүктүү болушу мүмкүн. Бирок аны адабий тилдин нормативдик жазуусу менен теңештирүүгө болбойт.
Мисалы, социалдык тармактарда: «кандайс?», «оа»,
«келтам» сыяктуу формалар көп кездешет. Бирок адабий жазууда сөздөрдүн туура формасы жана тыныш белгилери сакталууга тийиш.
Интернет — тилди бузган гана эмес, тилди өнүктүргөн да чоң мүмкүнчүлүк. Эгер кыргыз тилинде сапаттуу контент көбөйсө, санариптик чөйрө тилдин өнүгүшүнө чоң салым кошо алат.
Өздөштүрүлүгөн сөздөр жана жаңы түшүнүктөр
Азыркы кыргыз тили дүйнөлүк маалымат мейкиндигине активдүү аралашып жатат. Натыйжада англис, араб, фарс, орус жана башка тилдерден көптөгөн сөздөр кирүүдө: интернет, компьютер, технология, инновация, маркетинг, менеджмент, ихсан, важип, садака ж.б.
Бул көрүнүш табигый процесс. Ар бир өнүккөн тил башка тилдер менен байланышта болот. Бирок жаңы сөздөрдү кабыл алууда алардын кыргыз тилинин фонетикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташуу деңгээли жана ал сөздөрдүн кыргызча аталыштары бар болсо, кыргызча аталыштары менен берилиши зарыд.
Эң негизгиси — бир эле сөздүн ар кандай вариантта жазылып, башаламан колдонулушуна жол бербеши керек. Коомдук турмушта кеңири колдонулган жаңы сөздөрдүн жазылышын тактоо жана бирдиктүү нормага салуу тилчилердин алдында турган маанилүү милдеттердин бири.
«Тил билем» деген менен «туура жазам» бир нерсе эмес
Адам кыргыз тилин жакшы сүйлөшү мүмкүн, бирок жазууда көп ката кетириши ыктымал. Себеби оозеки жана жазма тилдин өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар.
Оозеки сүйлөшүүдө интонация, басым, мимика, жаңсоо сыяктуу каражаттар жардам берет. Ал эми жазууда ойду так берүү үчүн сөздүн туура жазылышы, сүйлөмдүн түзүлүшү жана тыныш белгилери чоң мааниге ээ.
Ошондуктан туура жазуу — жөн гана мектепте алынган баа үчүн керек болгон көндүм эмес. Бул адамдын коомдук жана кесиптик маданиятынын бир бөлүгү.
Айрыкча илимий макалада, расмий документте, арызда, билдирүүдө, окуу китебинде же маалымат каражатынын текстинде бир орфографиялык ката да автордун жалпы сабаттуулугуна таасир этиши мүмкүн.
Жазуу эрежесин ким сакташы керек?
Бул суроого бир эле жооп бар: кыргыз тилинде жазган ар бир адам.
Тилди туура жазуу тилчилердин гана милдети эмес. Мугалим да, дарыгер да, инженер да, студент да, журналист да, мамлекеттик кызматкер да кыргыз тилинде жазганда орфографиялык нормаларды сактоого милдеттүү.
Анткени тилдин жазуу маданияты жалпы коомдун тилдик маданиятын чагылдырат.
Эгер мамлекеттик мекемелердин аталыштары ар кандай жазылса, көчөлөрдүн аттары туура эмес берилсе, жарнамаларда орфографиялык каталар көбөйсө, окуучулар менен студенттер туура эмес жазылган тексттерди көп окуса, бул көрүнүш акырындап коомдук норма катары кабыл алынышы мүмкүн.
Ошондуктан коомдук жайлардагы, жарнамалардагы, маалыматтык тактайчалардагы жана расмий документтердеги кыргызча тексттердин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Орфография — тилдин тартиби
Тил дайыма өнүгүп турат. Жаңы сөздөр жаралат, айрым сөздөрдүн мааниси өзгөрөт, жаңы терминдер пайда болот. Демек, жазуу эрежелери да тилдин өнүгүшүнө кайдыгер карабашы керек.
Ошол эле учурда ар бир өзгөрүүнү эле орфографиялык нормага айландыруу туура эмес. Жаңы сунуштар илимий жактан негизделип, тилдин ички мыйзамдарына жана коомдук колдонуу тажрыйбасына таянышы зарыл.
Кыргыз орфографиясын өркүндөтүүдө төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл буруу маанилүү:
-орфографиялык эрежелерди мезгил талабына ылайык тактоо;
-жаңы сөздөрдүн жазылышын эрежеге баш ийдирүү;
-татаал сөздөрдүн бирге, бөлөк жана дефис менен жазылышын тактоо;
-энчилүү аттардын жазылышын системалаштыруу;
-терминологиялык сөздүктөрдү жаңылоо;
-электрондук жана санариптик чөйрөдө кыргызча туура жазууну жайылтуу;
-мектеп жана жогорку окуу жайларында орфографияны практикалык негизде окутууну күчөтүү.
Жыйынтыктап айтканда, кыргызча туура жазуу — тилдин сырткы көрүнүшүн гана ирээтке келтирбестен, ал улуттук тилге болгон мамиленин көрсөткүчүн күчөтөт. Өз эне тилин туура жазууга аракет кылган адам ошол тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө өз салымын кошот.
Бүгүн кыргыз тили жаңы доорго — санариптик технологиялардын, глобалдашуунун жана маалыматтын тез тараган мезгилине кадам таштады. Мындай шартта кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн анын оозеки формасы менен катар жазма маданиятын да бекемдөө зарыл.
Туура жазылган бир сөз — тилге болгон урматтын белгиси. Туура жазылган бир сүйлөм — сабаттуулуктун көрсөткүчү. Ал эми коомдо туура жазуу маданиятынын калыптанышы — улуттук тилдин келечегине болгон жоопкерчиликтин белгиси.
Ошондуктан кыргызча жазуунун эрежелерин билүү жана сактоо ар бирибиз үчүн жөнөкөй талап эмес, эне тилди урматтоонун маанилүү формасы болуп саналат.
Турганбаев Н.О.
филология илимдеринин кандидаты, доцент
Ош мамлекеттик университети
Кыргыз тил илими кафедрасы