ТАРЫХЫЙ ТАМЫРДАН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ: АТ-БАШЫДАГЫ КАДЫРЛУУ БИЛИМ ОРДОСУ

  • 18.10.2026

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы жалпы билим берүү мектеби — аймактагы билим берүү тутумунун пайдубалын түптөгөн жана кылымга тете тарыхы бар алдыңкы окуу жайлардын бири. Түптөлгөн күнүнөн тартып ушул күнгө чейин мектеп аймактын социалдык-маданий өнүгүшүнө жана кадрдык потенциалынын чыңдалышына зор үлүш кошуп келет.

ТАРЫХЫЙ ТАМЫРДАН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ: АТ-БАШЫДАГЫ КАДЫРЛУУ БИЛИМ ОРДОСУ

Түптөлүш тарыхы жана калыптануусу (1913–1950-жылдар)

Архивдик маалыматтарга таянсак, мектептин тарыхы 1913-жылы Ат-Башы (мурунку Сарт-Кечүү) айылында ачылган Орус-тузем мектебинен башталат. Падышалык Орусиянын аскердик казармасынын болушуна байланыштуу ачылган бул мектепте алгач 13 окуучу билим алган (6 орус улутундагы бала, 4 ногой жана 3-4 кыргыз баласы).

1929-жылы элдик коомчулуктун жана мамлекеттин күчү менен сапаттуу чийки кирпичтен мектеп имараты курула баштап, 1932-жылы ишке берилген.

Мектептин алгачкы директорлору Н. В. Манохин, В. В. Солдатов, В. Т. Лебедова болушкан. Окутуу процессин камсыз кылуу үчүн Орусиядан атайын чакырылган П. Г. Кожухова, К. В. Чернышева, Т. И. Чурикова, Н. Ф. Киселева өңдүү алгачкы мугалимдер эмгектенишкен.

Борбордук билим берүү базасына айлануу (1960–1970-жылдар)

1959–1960-жылдары Россиянын Воронеж, Оренбург ж.б. шаарларынан жогорку жана атайын орто билимдүү адистер жөнөтүлүп турган. Бул жылдары Ленин атындагы №2 орто мектеби болуп өзгөрүп, класстарда 16–20дан ашык окуучу билим алган.

1968-жылы  биз дагы бул мектептин босогосун аттап, воронеждик Мария Ивановна Королевадан  “А” деген арипти таанып, сапаттуу билим алдык. Эң кызыгы, окууну аяктаган соң мен Воронеждеги белгилүү университетке өтүп, орус тили жана адабият сабагынан мугалим болуп келгем.

Жогоруда аталган мектеп райондук жана облустук гана эмес, республикалык деңгээлдеги орус тилдүү мугалимдердин методикалык базасы ролун аткарган.

Россиядан келген бир катар педагогдор (Михайлова, Т.И. Хорошилова, Т.Г. Васильева, Н. В. Арипова, Е.В. Нейдоров, Н.С. Казбанова, М.И. Королева ж.б.) жергиликтүү калк менен жуурулушуп, ушул аймакта биротоло калып эмгектенишкен.

Модернизациялоо жана мектептин өнүгүүсү (2006–2023-жылдар)

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Төрөбек Иманбердиевдин жетекчилиги астында мектеп болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишкен. Алсак, мектепке болгон ишенимдин жогорулашы менен окуучулардын саны 1400дөн 2500гө чейин көбөйгөн.

ТАРЫХЫЙ ТАМЫРДАН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ: АТ-БАШЫДАГЫ КАДЫРЛУУ БИЛИМ ОРДОСУ

ТАРЫХЫЙ ТАМЫРДАН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ: АТ-БАШЫДАГЫ КАДЫРЛУУ БИЛИМ ОРДОСУ

2007-жылы аймакта биринчилерден болуп гранттык долбоорлор аркылуу интерактивдүү (акылдуу) доскалар орнотулган.

2008-жылы 20 компьютерден турган заманбап компьютердик клуб ачылган. Ал эми 2026–2027-окуу жылына карата Т. Иманбердиевдин демилгеси жана аракети менен кош кабаттуу кошумча имарат пайдаланууга берилген. Проекттик-сметалык документтердин экспертизасы акысыз бүткөрүлүп, мамлекеттик бюджетке жүздөгөн миң сом үнөмдөлгөн.

Академиялык жетишкендиктер

Мектеп 2009-жылы республикалык «Алдыңкы чыгармачыл мектеп» сынагында 3-орунду ээлеген. Ал бир нече жолу райондук, облустук «Өтмө кызыл тууларды» жеңип алган.

ЖРТ боюнча бүтүрүүчүлөрдүн 60%дан 90%га чейинкиси босого баллдан өтүп, 70–90% ЖОЖдорго тапшырат. Ошондой эле жыл сайын «Алтын тамга» артыкчылык күбөлүктөрүнө ээ болушат.

Жыл сайын 6–10 бүтүрүүчү жакынкы жана ырааккы чет өлкөлөрдүн кадырлуу жогорку окуу жайларына өтүп билим алып келатышат.

 Кадрдык потенциал жана бүгүнкү абалы

Мектеп улуттук билим берүүдө калыптанган өзүнүн кадрдык салттуулугу менен айырмаланат. Учурда иштеп жаткан 150гө жакын педагогдордун 99%ы —  ушул мектептин өз бүтүрүүчүлөрү.

Адистердин квалификациясын карап көрөлү. Маселен, 99% мугалимдер жогорку билимдүү; 25 мугалим магистр даражасына ээ; 72 мугалим — «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы»; 1 мугалим — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими; 1 мугалим — жаштар арасында иш жүргүзүү боюнча эл аралык тренер.

Социалдык мааниси жана келечекке багыты

Мектептин жогорку билим сапаты айыл аймагынан тышкары да чоң ишеним жараткан. Балдарын күн сайын 10дон 40 чакырымга чейинки алыстыктагы айылдардан (Чоко-Бий/Дыйкан, Талды-Суу, Ача-Кайыңды, Ак-Жар, Баш-Кайыңды ж.б.) алып келип окуткан ата-энелердин саны арбууда. Мектепте 13 улуттун өкүлдөрү ынтымакта билим алып жана эмгектенишет. Ошондой эле мектеп жамааты учурда «Алтын Казык» мамлекеттик билим берүү программасын, санариптештирүү процесстерин жигердүү ишке ашырып, тарбиялоо багытында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу программасынын негизинде иш алып барууда.

Сөз соңу

Карыбек уулу Акматаалы атындагы жалпы билим берүү мектеби — 1913-жылкы чакан Орус-тузем мектебинен азыркы заманбап, санариптештирилген, 2500дөн ашык окуучусу бар ири билим берүү борборуна чейинки сыймыктуу жолду өттү. Мектептин тарыхы — талыкпас эмгектин, муундар ортосундагы байланыштын жана билимге болгон бийик жоопкерчиликтин айкын үлгүсү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)

Бөлүшүү