ТАРБИЯ ЭМНЕ ҮЧҮН БУЗУЛДУ ЖАНА АЛ КАНТКЕНДЕ ОҢОЛОТ?

  • 25.04.2025
  • 0

Эгерде биз мектептен балдарга боорукер, мээримдүү, адамгерчиликтүү болгула деп сабак берсек, ал эми ошол эле учурда үй ичинде телевизор катаалдыкты, уруш-мушташты, сексти, кан төгүүлөрдү даңазалаган боэвик фильмдерди пропагандалап көрсөтүп жатса, үйдө, бала бакчада, мектепте элдик адептүүлүккө, улуттук баалуулуктарга үйрөтүп жатсак, а базарларда, элдүү пункттарда, дүкөндөрдө өспүрүмдөргө байма-бай сатылып жаткан түркүн жанрдагы “Антология ужасов”, “Наемные киллеры”, “Каннибалы”, “Зомби мертвецы”, “Людоеды”, “Кровожадные вампиры”, “Серийные маньяки”, “Кошмары”, “Чудовишный страх”, “Ужасный хит”, “Жестокие дети”, “Резня без разбора”, “Дети убийцы”, “Девушки вампири”, “Тюрмьмные боевики”, “Кровавые ужасы”, “Дьявольские ужасы” деген сыяктуу сансыз кинодискилер сатылып келсе, Интернеттен алган терс таасирлер балдарды жыландай арбап жатса, анан кантип тарбиячынын берген таалиминин багы ачылсын. Балдардын мектепте укканы башка да, турмуштан көрүп турганы башка болуп жатпайбы. Мындай фильмдерди чоң кишилерге да ыраа көрбөйсүң. Бул фильмдерде мораль деген жок. Мындай тасмалар жаш балдарга адеп-ахлак багытсыздыгын тартуулайт жана өспүрүмдөрдө агрессивдүү инстинктерди гана ойготот.

Кызыкдар адам суроо салганда бир окуучу өспүрүм «компьютердик клубдар эң сонун, себеби ал жакта киши өлтүрүп ойнойсуң» деп жооп бергендигин «Кут Билим» газетасы жазып чыкты. Ал эми Бишкекте бир белгилүү бизнесменди жубайы менен кошо оо дүйнөгө жөнөтүшкөн өспүрүмдөр мылтыктын үнүн чыгарбастан туруп, кишини атып өлтүрүү ыкмасын боевик фильмдерден үйрөнүшкөндүгүн тергөө учурунда моюнга алып отурушат («Дело №», №33, 2005). Мынакей, мектептеги адеп-ахлак тарбиясына каршы айланадагы турмуш чөйрөсүнүн көрсөтүп жаткан “өрнөктөрү”. Ушул жерден эл жазуучусу маркум Бексултан Жакиевдин сөзүн эске түшүрүүгө туура келет: «Мен эки жолу Америкага бардым. Бир жолкусунда бир ай жүрдүм. Ал жерде алар өздөрүнүн идеологиясына ылайыктап бала-чакасына, үй-жайына, тарбия берүүгө абдан ылайыктап телепрограммаларды түзүшөт экен. Маселен, биздин теледе берилип жүргөн бири-бирин талкалап, мушташып, уят-сыйыт жок, төшөк-мөшөктөн берки, мууздоолор тартылган фильмдер америкалыктардын үйлөрүндө көрсөтүлбөйт. Ал сыяктуу фильмдерди биз сыяктуу байкуш өлкөлөргө мыкты фильмдерине кошуп сатат. Элдин кулк-мүнөзүн ирите турган программаларды биздеги телекөрсөтүүлөрдөн тазалабаса, жаштарыбыз тургай карыларыбыз деле тетири жакка оой берет». («Эркин-Тоо» 18.01.08.). Б.Жакиевдин бул ойлорунан улам Мухтар Шахановдун “биз Батыштын цивилизациясына эмес, канализациясына туташып алдык” деген ачуу сөзүн аргасыздан эске түшүрөбүз. Башка өлкөлөр өз мамлекетинин ичинде өз идеологиясын чекиндүү жүргүзүп, өз территориясында өз укугун бекем орнотуп, балдарынын биздегидей «башы жок бака, көзү жок көгөн» болуп, ар кимдин таасирине «мурунтуктатып», туш келди баспай, өз улутунун дөөлөттөрүнүн нугунда атуул болуп калыптанышына камкордук көрүп, өз мекенинин кызыкчылыгынын сакчылыгында бекем турушат. Маселен, Армения улуттун ичин буза турган чет өлкөлүк чоочун диндик уюмдардын иш-аракетине тыюу салып койгон. 20-кылымдын 90-жылдарында түркүн диндик уюмдар, секталар жайнап кеткенде, Армения өкмөтү аларга 24 сааттын ичинде

ТАРБИЯ ЭМНЕ ҮЧҮН БУЗУЛДУ ЖАНА АЛ КАНТКЕНДЕ ОҢОЛОТ?

өлкөнүн территориясын таштап чыгып кетүүнү буюрган.

Бүгүнкү күндө кеч болсо да Садыр
Жапаровдун Президент болуп келиши менен “Уңгу жол” идеологиясы иштелип чыгып, Кыргызстанда да тарбия жаатында позитивдүү өзгөрүүлөр башталып, коомубуз өзүнүн стратегиялык багытына түшүп жатат. Бирок буга чейин орун алган анархиянын кесепеттери оңой менен кете койбойт. Садыр
Жапаровго чейин биздин булганган коомдук чөйрөбүз жөнүндөгү сөздү дагы андан ары уланталы. Балага «менин милициям мени коргойт» деп үйрөтсөк, а турмушта болсо, милиция кээде мектеп рэкетине тымызын калканч болуп, андан пайда таап атса, а түгүл өзү киши тоноого катышып, каракчылык кылып жатса, мектепте өзүңдүн таман акы, маңдай териң, ак мээнетиң менен оокат кылуу жөнүндө сүйлөсөк, а реалдуу жашоодо алдым-жуттумдар, жегичтер, жемкорлор, коомдук мүлккө кол салгандар, атка минер “Абыке Көбөштөр”, кримавторитеттер гүлдөп, «особняктарды» салып, “ийгиликке” жетишип чардап жатышса, эң мыктылар кызматтарга көтөрүлүш керек деп, трибуналардан кадр саясаты жөнүндө жарыя кылсак, класстык сааттарда ушинтип какшап айтсак, а чыныгы турмуштун өзүндө жөндөмү жок болсо да, билимсиз болсо да таанышы барлар, колдоочу кожолору бар, акчалуу адамдар, кошоматчылар, уурулар, кылмышкерлер жооптуу кызмат креслолорун ээлеп отурса, туугандар куда-сөөктөр, достор башчылыкка көтөрүлүп жатса, турмушта МАИ кызматына 2 000-5 000 доллар пара берип орношушса, класста тарбия саатында мыйзамды сактоо, укукту сыйлоо, калыстык, адилеттүүлүк жөнүндө тил безеп насыят айтсак, а жашоо-тирликте кылмыш кылгандар, а түгүл кишини машине менен тебелетип кеткендер соттун тамагын майлап коюп, жазасыз көчөдө басып жүрүшсө, ата-эне ыйык десек, а турмушта карылар үйүнө өткөрүлгөн ата-энелер көбөйүп жатса, педагогдун оптимисттик фразаларына жана романтикалык моралдык чакырыктарына окуучулар ишенеби? Эне тилин ыйык десек, эне тилге биринчи даражадагы маани берилиш керек деп мектепте саймедиресек, сен үчүн  улутуңдун тили биринчи планда турушу керек деп окутсак, а бирок окуучу мектепти бүтүп, чоң турмушка аттанып чыкса, ар кандай рекламалар жана кулактандыруулар компьютерди жана англис тилин мыкты билгендерди гана жумушка чакырып турса, Мамлекеттик тилди билгениң үчүн ишке алынып, даражаң өсүп, аброюң көтөрүлбөсө, айлыгың жогорулабаса, иш жүзүндө элге үлгү көрсөтчү мекемелерде иш кагаздары орус тилинде жүрсө, борбордо англис тамгаларында жазылган көрнөктөр көчөлөрдө жайнап турса, балдарга өз бир боор элиңдин баалуулуктары үчүн бекем туруп, улуттук ар-намысыңды сакта деп тарбиялап жатсак, а мамлекетибиз практикада чет өлкөлүк жайнаган чоочун диндик секталарга лицензия берип, алар жаш муундарыбызды, жарандарыбызды арбап, ата-бабабыз тааныбаган бөлөк диндерге өткөрүп, үй-бүлөлөрдү бөлүп-жарып, улутубуздун ички биримдигине жарака кетирип жатса, бул өлкөбүздөгү тарбия карама-каршылыгы, тарбия алогизми эмей эмне? Балдарга экологиялык маданияттуулук, Ала-Тоонун жан-жаныбарларын коргоо жөнүндө сайрасак, ошол эле учурда тиешелүү министрлик чет өлкөлүк мергенчилерге руксат кагаздарын берип, сайректеп бараткан аркар-кулжаларды, эчки-текелерди кырууга шарт түзүп берип отурса, кулунчактарыбызга арактын зыяндуулугу жөнүндө мораль окусак, кайра аларга өзүбүз арак сатсак, («Окуучулар мындай турсун, тушоосу кесилгенден кийин эле там-туң баса баштаган наристеден тарта арак-шарап, сигареттерди колдоруна кармата баштадык. Себеби азыркы сатуучу «эмне болсо ошол болсун, соодам жүрсө, товарым өтсө болду», дегенден башканы ойлонбой калды». – «Апта» газетасы, 19.02.09.), анда ушундай жагдай-шарттар, ушундай атмосфера, биринин тарбиясын бири жокко чыгарган коомдук чөйрө, жаш балдардын гармониялуу тарбияланышына, өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүнбү? Ушундай чөйрө кантип жакшы таалим- тарбия үчүн өрнөк, үлгү боло алмак? Мындай кырдаалда улуу педагог А.С.Макаренконун «Тарбиячы кеп-кеңеш айтып жатса, непада ошол акыл-кеңештер, насааттар балдардын турмуш-тиричиликтин күндөлүк процессинен көрүп-билип турган нерселерине кайчы чыкса, анда алар андай акыл-кеңешке кулак какпай коюшу мүмкүн» деген ою чынга чыгып калат. Маселен, биздин турмушта ээлеген майлуу кызматынын аркасы менен кимдир бирөөнүн тымызын жеп-ичип, алып-жулуп, коомдук мүлккө кол салып, чардап жатканын баары эле көрүп турат. Арам жол менен табылган акчага заматта заңгырата салган «особнягына» той берсе, туугандардын, тааныштын баары, чоңдордун баары, а түгүл депутаттар белек-бечкегин көтөрүп келип, куттук айтып, бетинен өөп, дасторкон үстүндө анын дарегине не бир укмуш даңаза сөздөрдү жаадырышат. Оокат кылганды билген азамат дешет. Мынакей, реалдуу турмуштун кебете-кешпири. Мектептен бала чындык, акыйкат, адал мээнет, ак ниет эмгек жөнүндө насааттарды угат, а турмуш «университети» болсо момунтип башка өрнөктөрдү көрсөтөт.

Социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары айлана-чөйрөнүн таасири менен окуучуларда кандай өзгөрүүлөрдүн жүрүп жаткандыгынан кабар берет. Маселен,  балдар бүгүн моминтип ойлонушат:

«Мен шаардын сыртында дем ала турган үйлүү болууну каалар элем.

Мен үч кабаттуу жеке үйлүү болууну каалар элем.

Мен миллион акчалуу болууну каалайм.

Мен BMW машиналуу болууну каалайм.

Мен төрт кабаттуу үйлүү болууну жана дүйнөдөгү эң бай адам болууну каалайм.

Мен бизнесмен болууну каалайт элем, себеби мен жакшы жашоо, «крутой» болуу жана шаарда, өлкөдө «авторитет» болуу үчүн көп акча табууну каалайт элем». (Караңыз: Кыргызстандын окуучуларынын үмүттөрү жана кооптонуулары. – «Кутбилим», 13.12.2013). Албетте, мындай ойлонууга каршылык жок. Бирок изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөтүп тургандай, өйдө жактагыдай турмуш чөйрөсүнүн балдардын жан дүйнөсүнө басып жаткан “тамгасы” ачык көрүнүп турат. Кичинелер чоңдорго окшошкулары келет. Көрдүңүзбү, азыркы балдардын арасында маданий-руханий, адептик-ыймандык, атуулдук-патриоттук багытта ой жүгүрткөндөр негедир аз. Ырас, бирин-экин окуучу «Мен эски кыргыздын ырларын кайрадан жаратууну каалайм», «Мен президент болуп, өлкөмдү бай өлкө кылгым келет» – дешип жооп беришкен. Балдардын тилеги жакшы, бирок өспүрүмдөрдүн анкеталык жооптору негизинен «акча», «пайда», «бийлик-байлык», «жеке атак-даңк», өзүнө комфорт түзүү сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде айланчыктап турат. Кээ бир өспүрүмдөр Батукаевдей болгулары келет. Балдардын дүйнөсүндөгү мындай тенденция адеп-ыйман, руханият тарбиясынын кызыкчылыгынан караганда, кооптонууну жаратпай койбойт.

Мына ушундай курчап турган социалдык чөйрөдө жакшы менен жамандын чеги ажыратылбай, адамды баалоонун моралдык чен-өлчөмдөрү мокогон шарттарда өспүрүм акыйкат жолду кантип табат? Өйдөтө А.С.Макаренко айткандай, мектепте айтылган насааттарга кантип ынана алат? Мындай учурда жаш адам, чоң кишилер деген кызыл тилди сабап, калети жок, туура, бирок турмушка кереги жок сөздөрдү кыйкырып айтып коюш үчүн жаралган, ал эми турмуш болсо кооз сөздөрдү керектебеген өзүнүн жапайы нугу менен агат, ал жапайы нукта өзүмчүлдүктүн, мен сага – сен мага деген орой эреженин, бийлик, байлык, акча, доллар деген кара жемсөө кумарлардын арааны жүрөт, коомдо адилеттүүлүк жок «элиң бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол» деген чечимге келиши, маанайынын бузулушу, социалдык пессимизмге чөгүп, алдым-жуттумдун жолуна түшүшү ажеп эмес. Мындай ой менимче адамда коомдун, мамлекеттин бийик мүдөөлөрүнө көңүлкоштукту жаратат. Эгер мындай маанай бүтүндөй журтту, айрыкча жаштарды каптап алса, бул өтө коркунучтуу.

Дагы бир жолу айталы, тарбияда чөйрөнүн ролу абдан чоң. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестин эске түшүрөлүчү. Өзү ыйык санаган Бугу энеге каршы ок аткан эрксиз Момундун жана рухий жактан түркөй, өзүмчүл Орозкулдун үстөмчүл чөйрөсүндө таптаза, татынакай бала Ак кемеге сүзүп кетем деп, өлүмгө учурабадыбы. Биздин бүгүнкү чөйрөбүз да «Ак кеме» фильминдеги токойдогу кардонго окшоп турабы? Республикабызда муунуп өлгөн жаштардын саны арбууда.

Акырында айтарыбыз, муундарыбыздын мыкты адам, атуул болушу үчүн ыңгайлуу, гумандуу коомдук чөйрө түзүлүшү зарыл. Үй-бүлө, бала бакчада, мектепте, ЖОЖдо насыятталып үйрөтүлүп-окутулуп, жайылтылып жаткан нравалык эрежелер, жол-жоболор, адеп-ахлак принциптери баланы курчап турган коомдук чөйрөнүн реалдуу практикасы менен ырасталып, чынга чыгып турушу шарт. Өспүрүм бала жүздөгөн, миңдеген кишилердин турмуш-тирлигинен, күн кечирүү образынан, турмуштун күндөлүк агымынан: көчөдөн, мекемеден, дүкөндөн, өзү окуган мектептен, кыштактан, шаардан, аткаминерлердин, өкмөттүн, депутаттардын, шайлоо комиссияларынын ишмердигинен, кыскасы турмуштун бардык чөйрөлөрүнөн мыйзамды, укукту, жашоо эрежелерин бекем сактаган нраваны, тартипти жана ирээттүүлүктү, социалдык адилеттүүлүктү, калыстыкты, маданиятты, улуу максат үчүн биригип, уюшкандыкты көрүп турса, иш жүзүндө мээнеткеч, ак ниет, чынчыл, таза, түз жүргөн адамдар, элим-жерим деген патриот инсандар коомдо аброй күтүп, ийгиликке жетишип, кызмат карьерасы өсүп, сыйланып, урматталып жатканын сезип-туюп турса, анда мындай атмосферада жаш адамда адептүү, ыймандуу, ар-намыстуу, активдүү атуул болуп өсүүгө шыктандырган күчтүү стимул түзүлмөк.

Мына ушундан улам таалим-тарбия иши деген – бул өтө чоң маселе экени жөнүндө дагы бир жолу терең ойлонушубуз керек. Тарбиянын мүдөөлөрү үчүн, муундардын позитивдү нукта социалдашышы үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн, Кыргыз мамлекети өзүнүн социалдык-маданий турмушун, ички саясат идеологиясын түп-тамырынан жаңыча курушу, жаңы деңгээлде уюштурушу, оң тарбияга сүрөө болгон педагогикалык чөйрөнү калыптандыруусу талап кылынат. Мындан оңойго турбас реформанын башында мамлекеттин өзү чечкиндүү турса, натыйжага жетишүүгө болот.

Акырында баса белгилей турган нерсе, жаңыланган коомдук чөйрөдө өспүрүмдүн адам болуп өсүшүнө, аны курчап турган кичине жана чоң чөйрө, башкача айтканда, коомдогу бардык институттар, үй-бүлө, бала бакча, мектеп, айыл, мекемелер, уюмдар, фондулар, мамлекеттик органдар, өкмөт, ургалдуу ыңгай, жагымдуу өбөлгө түзүп, тарбиянын мүдөөлөрү үчүн өз ара кол кармашкан байланышта, аракетте тура турган болсо гана тарбиянын ташы өйдө куламак. «Азыркы заманда жоопкерчилик бир эле мектеп директорлорунун мойнунда эмес. Биз балдарды таалим-тарбияга чакыруу үчүн мектеп мугалиминен тартып домкомдорго чейин бирдикте иш алып баруубуз керек. Коомчулук мектепке жардам бериши керек. Массалык маалымат каражаттары коом, ата-эне жана мектеп бирдикте иш алып баруубуз зарыл» – деп бекеринен тажрыйбалуу педагог жазып жаткан жок. («Кутбилим», 18.05.08).

Тарбия деген жаныңдагы башка адамдардын тарбиялуулугуна багынычтуу деген ой бекеринен чыккан эмес. Бул жерде Искак Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, ал таза болсо, коом таза болот» деген даанышман ою көңүлдүн борборунда турушу зарыл.

Президент Садыр Жапаровдун инсандын өнүгүшү, улуттук нарк, «Манас», Кыргыз жараны жөнүндөгү жарлыктарынын жана «Улуттук дем, дүйнөлүк бийиктик, унгу жол» идеологиясынын негизинде жүрө турган күжүрмөн жана чечимдүү иш-аракеттер үй-бүлөдөгү жана мектептеги тарбиянын кескин жакшыртышына өбөлгө болмокчу.

Советбек Байгазиев,
Кыргыз билим бер
үү академиясынын Башкы илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер