ТАМЫРЫ ТЕРЕҢ, КӨЙГӨЙҮ КӨП КЫРГЫЗ ТИЛ
- 23.09.2025
- 0
Жыл сайын 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүн кеңири белгилегенибиз менен мектептерде кыргыз тилин окутуу маселеси биз күткөн натыйжаларга алып келбей жатат. Бүгүнкү макалада кыргыз тилин окутуудагы тоскоолдуктар менен кыйынчылыктарга үңүлүп көрсөк.

Баарынан мурун эски усулдардан арылалы
Кыргызстанда кыргыз тили — мамлекеттик тил жана эне тил катары мектептерде окутулуп келүүдө. Бирок окуучулардын тилди туура түшүнүүсүндө, сүйлөөсүндө жана жазуусунда бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн көйгөйлөр бар. Ошондуктан майрам күнгө карабай, натыйжасыз окутуунун себебин карап, кимдер жоопкер болушу мүмкүн экенин талкуулап алсак, эне тилибиз болгон кыргыз тилинин келечеги үчүн зор иш жасамакпыз.
Окутуу жараянында мугалим окуучу менен билимдин ортосундагы арачы болуп эсептелет. Ал арачылык милдетин кандай аткарат, билим берүүдө көп нерсе ушуга байланыштуу болот. Эгерде ал сабакты баягы эле өзү үйрөнгөн класстык-сабактык формада уюштуруп, 45 минута бою өз ордунан жылбай, мурдагы тескөөчүлүк милдетин аткара берсе, анда мындай жерде окутуу ишинде ийгилик жаралышы кыйын.
Байкоолор көрсөтүп тургандай, биздин басымдуу билим берүү мекемелеринде кыргыз тили турмушка жакын жандуу нукта эмес, көбүнчө грамматика-трансляциялык ыкмада өтүлөт. Бул ыкмада башкысы окуучуну тилди шыр сүйлөтүүгө эмес, эрежелерди кургак жаттоого, өтүлгөн грамматикалык материалды бекемдөөгө багытталган эсепсиз жазуу жүзүндөгү көнүгүүлөрдү аткарууга өзгөчө маани берилип, сүйлөө жолу менен тилди колдонууга жетишсиз көңүл бурулбайт. Бул услуб окуучуларды сүйлөө же ой жүгүртүү үчүн даярдабайт. Учурдагы кыргыз тили боюнча предметтик стандарттарда, концепцияларда жаңы ыкмалар — коммуникативдик, интерактивдик, проекттик методдор — сунушталып жатат.
Бизде өз сабактарында жаңы ыкмаларды шыр колдонуп жаткан алдыңкы мугалимдер жок эмес. Коммуникативдик ыкмада, интерактивдүү нукта жүргөн бул сабактарда окуучулар өздөрүн эркин сезишип, өз оюн тартынбай айта алышат. Балдар-кыздар коюлган маселени аткарууда эки-экиден, топ-тобу менен иштөөгө көнүгүшөт. Мындай сабактарда өз бетинче ийгиликке жетүүгө караганда чогуу чараан аракеттенүү, өз ара жардам, кызматташуу басымдуулук кылат. Бул усул балдар менен кыздарды келечекте ар кандай кырдаалдан оңой чыгууга, ар кандай топтор менен мамиле түзүп, аракет кылууга, түркүн адамдар менен тил табышууга үйрөтөт. Мисалы борборубуздагы №6 мектеп-гимназиясында мамлекеттик тилди окутууда коммуникативдик усулдарды колдонууга зор маани берилет. Жакында эле мектептин мамлекеттик тил мугалими, Билим берүүнүн мыктысы Б.К.Турдубаева «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда коммуникативдик усулдардын ролу жана окуучулардын функционалдык сабаттуулук компетенттүүлүгүн калыптандыруу, жазуу кеп ишмердүүлүгүнүн түрлөрү» деген темада кесиптештерине доклад окуп берди.
— Коммуникативдик усулдар биздин сабактарды өзгөрттү. Окуучулардын тилди үйрөнүү каалоосу да көз көрүнөө жогорулады, — дейт ал.
Сааттардын аздыгына карабайлы
Мугалимдин усул-ыкмалары эски болсо, кыргыз тилин окутууга канча саат бөлсөң да, алгылыктуу натыйжа бербейт. Ошондуктан заманбап окутуу усулдарына ээ болуу, аларды мезгил талабына жараша колдоно билүү бул азыркы бардык кыргыз тил мугалимдерине коюлган эң көрүнүктүү талап экени айтпасам да белгилүү деп ойлойм. Байкоочулар кыргыз тили жана адабияты сабактарынын саатынын аздыгы, өзгөчө кыргыз тили экинчи тил катары үйрөтүлгөн мектептерде сааттар аз бөлүнгөндүгү акыр аягында окуучуларга тил практикасын алуу мүмкүнчүлүгүн азайтат деген бүтүмдөрүн айтып жүрүшөт.
Буга педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев караманча каршы экенин билдирди.
— Жаңы окуу планында 5-класстарда жана 11-класстарда кыргыз тилин жана адабиятын окутуу бир саатка кыскарды. Иш жүзүндө кандай? Мурда байланыштуу кепке жана грамматикага өз-өзүнчө сааттар каралчу. Азыркы программада байланыштуу кепти окутуу грамматикалык темага байланыштуу болот. 11-калсстарда адабият сабагында кайсыл жазуучунун кайсыл жылы туулгандыгы маанилүү эмес, анын чыгармаларынын идеясын түшүнүү, аны азыркы доор менен байланыштыруу маанилүү. Ошондуктан саат аз деп трагедия жасоонун эч бир зарылчылыгы жок, — деди профессор.
Окуу китептеринин жетишсиздигинде да өзгөрүү жакшы жагына ооп баратат
Кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутууга арналган окуу китептеринин сапаты далай жылдар мезгил талабынан артта калып келгени чын. Кыргыз тилине караганда орус тилин, ошол эле англис, немец тилдерин окутуу методикасы дүйнөлүк алдыңкы усулдарга таянган үчүн натыйжалуу болуп эсептелет. Жогорудагы тилдердин окутуу методикасы бери дегенде 100 же 200 жылды камтыйт. Биздин кыргыз тилди окутуу маселеси өлкөбүз өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондон баштап башка нукта жүрүүдө. Профессор Сулайман Рысбаев бир топ жылдардан бери тилди окутууда окуучунун маалыматтык билим деңгээли; билимди практикада колдонуу деңгээли; проблемалык кырдаалды чечүү; чыгармачыл мамиле жасоо деңгээли.деп деңгээлдик окутуунун артыкчылыгы тууралуу айтып келди эле, азыр бул идея жаңы муундагы кыргыз тил китептерине киргизилип, окуучулардын тилди үйрөнүүсүнө жакшы шарттар түзүлүп отурат.
— Албетте, сабакта мугалим модератор болушу керек. Ал туура багыт берип окутпаса, шыктандырбаса анда мугалимдиктен аксаганы. Жогоруда берилген денгээлдер боюнча окутуу бүгүнкү күндө эң актуалдуу жана алгылыктуу технология. Мында балдардын өсүшүнө, билим алуусуна ирети менен иштелип чыккан технология деп айта алам, — дейт профессор.
Кыргыз тилин жалгыз мугалимге, анын аракетине таштап койгонго да болбойт. Эң башкысы, мамлекеттик тил макамы бар эне тилинде жетиштүү сандагы илимий -популярдуу, адабий китептер болууга тийиш. Тилекке каршы, ушул күндөрү да мектептерге керектүү кыргыз тилиндеги китептердин саны аз. Маселен, жалпы мектеп китепканаларында 11,8 миллионго жакын китеп бар, бирок керектелүүчү китептердин саны аныкталган көлөмдөн бир топ төмөн. Учурда жаштардын дээрлик баары интернетти колдонушат. Интернетсиз азыркы билим берүүнү элестетүү мүмкүн эмес.
Тилекке каршы мультимедиалык, заманбап материалдардын жетишсиздиги азыркы кыргыз тилин окутуунун эң чоң көйгөйү болуп саналат. Ачыгын айтканда кыргыз тилин окутууда аудио, видео, интерактивдик колдонмолор кыйла чектелген. “Айбилим” сыяктуу долбоорлордон ресурстар келип чыкса да, алардын жетишпестиги көп мектептерде көйгөй бойдон калууда.
Дагы деле кесипкөй мугалимдерге муктажбыз
Кандай айтпайлы, кыргыз тилин эне тил жана мамлекеттик тил катары окутууда мугалим эң башкы фигура болуп эсептелет. Окуучулар тилди үйрөнүүдө мугалимге карап түздөнөт. Мугалим окутуп жаткан тилин жүрөгү менен сүйө билсе, ошол сүйүүсүн окуучуларга жеткире алса, кыргыз тилинде так, түшүнүктүү, элестүү жана көркөм сүйлөсө, эне тили жөнүндө эргип айтса, көп окуса, көптү билсе, мунун баары өз окуучуларына таасир этпей койбойт. Мен билгенден Кыргыз эл мугалими Бекмурза Батыркулов мына ушундай залкар мугалим эле. Анын «Манасты» сүйүүсү бир класска батпай, жалпы мектепти ээликтирип, бүтүндөй айылды убарага салган. Агайдын мектепте иштеген өрнөктүү жылдарында манас айтпаган бир да класс, бир да окуучу болбогон экен. Учурда бизге Бекмурза Батыркуловдой эне тилине ак кызмат кылган кесипкөй мугалимдер керек. Албетте, такай изденүү жолундагы чыгармачыл агай-эжейлер бизде жок эмес. Бар. Бирок жарк этип чыга калганы аз.
Адистер муну кыргыз тили мугалимдеринин арасында жаңы методика, заманбап педагогикалык ыкмалар боюнча окуулар жетиштүү санда өтпөгөнү менен түшүндүрүшөт. Чындыгында эле айыл жерлеринде мугалимдерде квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.
Ошого карабастан, азыркы интернет заманында билимди онлайн алса да болот. Бир гана жери интернеттен жаңы билимдерди сунуштаган курстардын, тренингдердин баары болбосо да, көпчүлүгү бекер эмес болууда. Кыргыз тилине байланышкан дагы бир маселе мектептердеги мугалимдердин кыргыз тилин колдонуу деңгээли — тил билүү, сүйлөө көндүмдөрү бирдей эмес.
Кыргыз тили кабинетинин ичинде эле жашайбы?
Коомдук транспортто баратып, ушундай ойго келбей койбойсуң. Башканы билбейм, борборубуз Бишкекте кыргыз тилинде сүйлөгөн баланы таппайсың. Орус класска, кыргыз класска барганы деле орус тилинде сүйлөшкөндү адат кылып алышкан. Аларга мектептен да, үйдөн да, көчөдөн да эч ким өз тилиңде сүйлө деп айтпайт. Шаар ичинде, жаштар көп түшкөн автобустар да, «Өз тилиңде сүйлө!» деген көрнөк-жарнактар жок. Жаштардын мекенчил сезимдерин ойготкон, өз тилинде сүйлөө чечимин бекемдеген теле берүүлөр да сейрек кездешет. Жалпы коомдо кыргыз тилине карата ушундай эки жактуу стандарт өкүм сүрүп келүүдө. Бир жагы мамлекеттик тил деп көкүрөк кагып мактанганыбыз менен өз тилибизде так жана кооз сүйлөгөн жаштар азайып баратат. Кыргыз тили бизде кеңири чөйрөнүн эмес, кабинеттин гана тили болуп калууда.
Ырас, акыркы жылдары жаштардын кыргыз тилин үйрөнүү мотивациясын жогорулатуу үчүн бир топ кадамдар жасалды. Өкмөттүн аракети менен жалпы билим берүүчү мектептерде окутуу тилине жана менчигине карабастан көчүрүү экзамендери киргизилди. Бул албетте, кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон жаштардын демине дем, күчүнө күч кошору анык деңизчи, бирок ар бир жаранда өз тилине болгон сүйүү, ошол тилде сүйлөө, ошол тилге кызмат кылуу сезимдери жок болсо, анда бир да жогортон токулган чечим, токтом, указ эне тилинин кадырын көтөрүп, келечегин түптөй албашы бышык. Тилекке каршы, бизде азыр окуучулардын үйдө же коомдо кыргыз тилинде сүйлөшкөн чөйрө чектелген бойдон калууда. Бизге кандай болсо да жаштардын өз тилинде сүйлөө адатын калыптандыруу зарыл.
Антпесек, кыргыз тилди үйрөнүү «тест тапшыргандан, балл алгандан» өйдө деңгээлге эч убак көтөрүлө албайт. Эне тилин туура сүйлөөдө, туура жазууда биз, улуулар, жаштарга үлгү болушубуз керек.
Учурда кыргыз тилин өнүктүрүүгө бизге бардык шарттар: мыйзам, токтомдор, концепция, предметтик стандарттар, окуу прогаммалары, окуу китептери, алдыңкы мугалимдер, дүйнөлүк тажрыйбадан алынган мыкты усулдар бар.
Кеп кыргыз экенибизди унутпаган өзүбүздө калды…
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер