ТАЛАС: ЖАШ МУГАЛИМДЕР СЫЙМЫКТАНУУ МЕНЕН ЭМГЕК ЖОЛУН БАШТАШТЫ

  • 28.08.2024
  • 0

Талас облусу боюнча 71 мугалим жетишпейт. 2024-2025-окуу жылына карата үч жаш мугалим мектептерге бөлүштүрүлдү. Биздин бүгүнкү каармандар Бакай-Ата районундагы Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинин жаш мугалими Махабат Абдылдаева менен Талас шаарындагы №5 орто мектебинин жаш мугалими Дилшат Болоткан кызы. Анда жаштарга сөз берели!

“Ар бир мезгилдин өзүнө жараша мугалими болот”

Махабат АБДЫЛДАЕВА, Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинин жаш мугалими, Бакай-Ата району:

ТАЛАС:  ЖАШ МУГАЛИМДЕР СЫЙМЫКТАНУУ МЕНЕН ЭМГЕК ЖОЛУН БАШТАШТЫ

— Мугалимдик кесип кылым кыйырын кезген кадырлуу кесип. Мугалим – устат, жол көрсөтүүчү, билим берүүчү, келечек баштоочу, жакындарыбызга болгон сүйүүнү, урматтоону, түбөлүк баалуулуктарды үйрөтүүчү, дүйнө таанымыбызды кеңейтүүчү, ошол эле учурда күчтүү психолог, психоаналитик. Окуучуга өмүрүнүн бир бөлүгүн арнаган, сени уга билүүчү, жардамга муктаж кезиңде ойлонбой туруп жардамга алгачкы адам болуп келүүчү эң мыкты сапаттардын ээси.

Мен үчүн, жаңы гана эмгек жолун баштоого белсенип, толкундоо, сыймыктануу, апкааруу, чыйралуу сезимдери аралашып турган жаш педагог үчүн жогоруда айтылган асыл сапаттардын ээси, концентрация жана тынымсыз нервдин чыңалуусу менен иштеген ар кандай кырдаалды жөнгө сала билип, тез чечим кабыл ала билген  таасирдүү мугалимдер менен сыймыктанам.

Мен 1-9-классымда Т. Мүсүралиев атындагы толук эмес орто мектебинде, андан соң Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинде өз кесибин терең билип, бөтөнчө сүйгөн кесипкөй мугалимдерден билим алдым. Кесип тандоого келгенде көп ойлондум. Адам баласы напсиге тойбойт эмеспизби, ошондуктан мага ар тараптан маянасы көп кесиптер сунушталды. Тандоого оор болду. Башкалардын сунуштаган «акчалуу», «абройлуу» көп кесиптерин четке кагып, өз ишинен ырахат алып, элге тил укса да ак дилден кызмат кылган, аруу дүйнөлүү балдар менен жагымдуу түйшүк тарттырган мугалимдик кесипти тандадым.

«Бул жашоодо  өмүрлүк жубайды жана кесипти тандоодон жаңылбаш керек» деп айтылат элибизде. Анткени бул экөө ар дайым өмүрүбүздүн аягына чейин өзүбүздү коштоп жүрөт.

Мен, буюрса  бул экөөсүнөн тең жаңылышкан жокмун деп айта алам.

Үй-бүлөмдүн колдоосу жана мугалим болууга шыктандырган эжей- агайларымдын таасири менин мугалимдик кесипти тандаганыма өкүнбөйм.

Мугалим болуума алгачкы таасирди мени алпештеп баккан, эл агартуунун отличниги,  апакемден, башталгыч классымда билим берип, сыйда таралган чачы, таза тыкан кийими, тамашакөй мүнөзү, адамгерчилик бийик сапаты, айыл элинин бийик урматына ээ болгон мыкты мүнөзү менен таасир эткен алгачкы мугалимим Кеңешкан эжемден жана  мага сабак берип, кеп-кеңешин айткан ар бир мугалимден алдым десем адашпайм. Алардын ар биринин мен үчүн орду бийик.

Ар бир мезгилдин өзүнө жараша мугалими болот. Мезгил алмашып, коом жаңыланган сайын мугалимдик  кесиптин милдети да түп-тамыры менен жаңыланып, ал эле эмес биз билим берүүчү муун да жаңыланып барат. Мугалимдик кесип бир эле учурда сыймыктуу, ардактуу, жоопкерчиликтүү экенин сезем, туям.

Алгачкы эмгек чыйырым башталып, мугалимдик кесипке мектептен, жогорку окуу жайдан алган билимиме изденүүнү, өзүмдү өркүндөтүүнү кошуп, азыркы «Z», келечектеги «J» муундун балдарына татыктуу билим берүүгө толкундоо, апкааруу, сыймыктануу сезимдерим менен кирип жатам.

Мугалимдик жолумду өзүм аяктаган Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинде баштап жаткандыктан, өзүмдүн мугалимдеримдин арасында мага ары жеңил, ары жоопкерчиликтүү болот деп билем.

Кандай болгон күндө да мен коомдон өз ордун татыктуу таба алган, өз өлкөсүн өнүктүрөм деген коммуникативдүү, компетенттүү уул-кыздарды окутамын деген ишеничтемин.

Жаңы окуу жылында жалпыңыздарга бекем ден соолук, жигердүү чыгармачылык дем, эргүү каалайм!

“Заман талабына жараша санарип мугалим болуп, окуучуларымды сүйүп, сапаттуу билим берсем деген тилегим бар”

Дилшат БОЛОТКАН кызы, Талас шаарындагы №5 орто мектебинин жаш мугалими:

ТАЛАС:  ЖАШ МУГАЛИМДЕР СЫЙМЫКТАНУУ МЕНЕН ЭМГЕК ЖОЛУН БАШТАШТЫ

— Менин мугалим болуу бала чагымдан бери калыптанган тилегим экенин мектепти аяктап, жогорку окуу жайына тапшыруу учурунда толук сездим. Менин биология предметин тандап, мугалимдик кесипти тандоомо Айтматов районундагы Байсылда Мырзабеков атындагы орто мектебинин  мугалими Кобоева Тамара эженин үлгүсүн алып, сабакты өтүүдөгү балдар менен тил табышуудагы зор жөндөмдүүлүгү аябай шыктандырган. Эженин ар бир сабагын чыдамсыздык менен күтүп, сабакка өтө ынтаа менен кирчүмүн. Мына быйылкы жылы дипломду колго алып, мугалим деген  сыймыктуу, жоопкерчиликтүү милдетти алып, мектеп босогосун аттап келип жатам. Мен практикамды да Талас шаарындагы мектептерден өтүп жатканда көптөгөн усулдарды үйрөнүп, өзүм сүйгөн кесибимди дагы да тереңдетип түшүнүүгө карата абдан аракеттендим.

Практика учурунда быйылкы 2024-2025-окуу жылында мугалимдердин алдында дагы чоң жоопкерчилик PISA эл аралык программасынын алкагында Кыргызстандын окуучулары да эл аралык изилдөөгө катышарын билдим. Быйылкы окуу жылында мен да окуучуларды алдыга коюлган максаттарга жетүүгө, билим деңгээлин жогорулатып,  табигий илимдер боюнча маселелерди далилдер менен түшүндүрүүгө умтулуп, өзүмдүн болгон билимимди окуучуларга арнайм деген максатта ишимди баштайм.

Келечекте заман талабына жараша санарип мугалим болуп, окуучуларымды сүйүп, сапаттуу билим берсем деген ойдомун.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер