ТАЛАС ОБЛУСУНДА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ ӨНҮГҮҮ БАСКЫЧЫ. МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨСҮШҮ — САПАТТУУ БИЛИМДИН НЕГИЗИ
- 30.10.2026
- 0
Редакциядан: Билим берүү тармагындагы реформалардын алкагында Талас облустук усулдук борбору институт болуп кайра түзүлүп, анын курамында билим берүүнү өнүктүрүү борборлору уюштурулууда. Окурман, бул сандан аталган институттун директорунун жаңы милдеттери, ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрү жана келечекке багытталган пландары тууралуу кеңири макаласын окуй аласыздар.
Талас облустук билим берүү институту — кесиптик өнүгүүнүн аймактык борбору
Билим берүүнүн сапаты өлкөнүн келечегин аныктаган негизги көрсөткүчтөрдүн бири. Ал эми сапаттуу билим берүүнүн өзөгүндө кесипкөй, изденген, жаңычыл ой жүгүрткөн жана өзгөрүүлөргө даяр мугалим турат. Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформалар, 12 жылдык мектептик билим берүү моделине өтүү, мамлекеттик билим берүү стандарттарын жаңылоо жана санариптик технологияларды киргизүү педагогикалык кызматкерлердин кесиптик компетенцияларын үзгүлтүксүз өнүктүрүүнү талап кылууда.

Ушундай шартта Талас облусунда мугалимдердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кесиптик өнүгүүсүн жаңы деңгээлге көтөрүү, аларга сапаттуу методикалык жардам көрсөтүү жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу багытында маанилүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта Талас облустук билим берүү институтунун ишмердүүлүгү өзгөчө мааниге ээ.
Талас облустук билим берүү институту Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук мекемеси катары мектепке чейинки, жалпы жана кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана жетекчи кызматкерлерине кошумча кесиптик билим берүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өнүгүүсүн уюштуруучулук-методикалык жактан коштоо милдеттерин аткарат.
Институттун ишинин негизги максаты — бул мугалимдердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кесиптик потенциалын жогорулатуу менен бирге, Талас облусунда билим берүүнүн сапатын жакшыртууга салым кошуу.
Бул максатка жетүү үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу, окутуунун күндүзгү, аралыктан жана аралаш формаларын өнүктүрүү, методикалык кызматташтыкты бекемдөө, билим берүүдөгү инновацияларды жайылтуу жана педагогикалык тажрыйбаларды практикага киргизүү багытындагы иштер жүргүзүлөт.
Институттун алдында турган милдеттердин бири — мугалимдерге бир жолку окуу курстарын өткөрүү менен гана чектелбестен, алардын кесиптик өсүшүнө туруктуу шарт түзүү. Облустук семинарларды уюштуруу. Анткени заманбап мугалим үчүн жаңы билим алуу, аны сабакта колдоно билүү, өз ишин талдоо жана кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүү күнүмдүк кесиптик ишмердүүлүктүн ажырагыс бөлүгү болушу керек.
Эки өнүктүрүү борбору аймактагы мугалимдерге жаңы мүмкүнчүлүк
Талас облусунда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча иштерди жаңы уюштуруучулук деңгээлге чыгаруу максатында эки билим берүүнү өнүктүрүү борборун уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул кадам облустагы билим берүү уюмдары менен методикалык кызматташтыкты чыңдоого, мугалимдердин кесиптик муктаждыктарына ыкчам жооп берүүгө жана билим берүүдөгү жаңылыктарды жеринде колдоого багытталган.
Билим берүүнү өнүктүрүү борборлору мугалимдер менен билим берүү институтунун ортосундагы маанилүү байланыштыруучу түзүмдөрдүн бири болот. Алар аркылуу педагогикалык кызматкерлердин муктаждыктарын аныктоо, методикалык жардам көрсөтүү, окутуунун жаңы ыкмаларын жайылтуу, тажрыйба алмашуу жана кесиптик коомдоштуктарды өнүктүрүү иштери уюштурулат.
Борборлордун ишин уюштурууда төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулат:
Методикалык колдоо. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына, мектеп мугалимдерине жана жетекчилерге күнүмдүк ишинде зарыл болгон усулдук жардам көрсөтүү.
Кесиптик өнүгүү. Семинарларды, мастер-класстарды, вебинарларды, консультацияларды жана практикалык тренингдерди уюштуруу.
Билим берүү реформаларын колдоо. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын, 12 жылдык окутуу моделин жана жаңы окуу-методикалык комплекстерди ишке ашырууда мугалимдерге көмөк көрсөтүү.
Алдыңкы тажрыйбаны облустук деңгээлде жайылтуу. Натыйжалуу иштеген мугалимдердин тажрыйбасын аныктоо, жалпылоо жана башка билим берүү уюмдарына жайылтуу.
Кесиптик кызматташтык. Мугалимдердин методикалык бирикмелерин, кесиптик жамааттарын жана насаатчылык механизмдерин өнүктүрүү.
Эки борбордун уюштурулушу методикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, билим берүү уюмдарынын өз ара байланышын бекемдөөгө жана мугалимдердин кесиптик көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө өбөлгө түзөт.
Ошол эле учурда борборлордун ишин натыйжалуу уюштуруу, алардын материалдык-техникалык жана кадрдык камсыздоосун жакшыртуу, ишмердүүлүгүн туруктуу координациялоо жана натыйжаларын баалоо Талас облустук билим берүү институтунун маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.
12 жылдык билим берүү: реформаны практикалык колдоо
Бүгүнкү күндө жалпы билим берүүнүн 12 жылдык моделине өтүү билим берүү тармагындагы негизги багыттардын бири болуп эсептелет. Бул өзгөрүү билим берүү программаларын, окутуунун мазмунун, педагогикалык ыкмаларды жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо механизмдерин жаңылоону талап кылат.
Мындай шартта мугалимдерге теориялык маалымат берүү жетишсиз. Алар жаңы стандарттарды сабакта колдонууну, окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык окутууну уюштурууну, компетенттүүлүккө негизделген тапшырмаларды иштеп чыгууну жана окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин натыйжалуу баалоону өздөштүрүшү зарыл.
Алдыда Талас облустук билим берүү институту билим берүүнү өнүктүрүү борборлору менен биргеликте ушул багыттагы методикалык иштерди күчөтүүнү көздөйт. Атап айтканда, жаңы окуу-методикалык комплекстерди колдонуу боюнча практикалык сабактарды, предметтик семинарларды, ачык сабактарды жана тажрыйба алмашуу аянтчаларын уюштуруу маанилүү орунда турат.
Мындан тышкары, мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана кесиптик стандарттарды ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү, билим берүүнүн сапатына таасир эткен көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу пландалган иштердин катарына кирет.
Мугалимдин кесиптик өсүшү үзгүлтүксүз процесс. Эң маанилүү нерсе, баса белгилеп айта кетсем, мугалимдин кесиптик өнүгүүсү белгилүү бир мөөнөттө квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүү менен гана чектелбеши керек. Заманбап билим берүү системасы педагогдон өз алдынча билим алууну, кесиптештери менен кызматташууну, тажрыйба алмашууну жаңы методикаларды сынап көрүүнү жана өз ишинин натыйжаларын талдоону талап кылат. Ушуга да маани берүү зарыл.
Ушуга байланыштуу институттун ишмердүүлүгүндө курстардан кийинки колдоо жана насаатчылык өзгөчө мааниге ээ. Уставда билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун тармагы аркылуу квалификацияны жогорулатуу программасынын көлөмүнүн кеминде 15 пайызына барабар көлөмдө курстардан кийинки колдоону жана насаатчылыкты уюштуруу милдети каралган.
Бул талаптын практикалык мааниси чоң. Себеби мугалим курста алган билимин иш жүзүндө колдонууда кошумча кеңешке, кесиптештеринин колдоосуна жана методикалык багыт берүүгө муктаж болушу мүмкүн.
Алдыда бул багытта тажрыйбалуу педагогдорду насаатчы катары тартуу, жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүү, предметтик жана кесиптик коомдоштуктарды өнүктүрүү, сабактарга өз ара катышуу жана сабактарды биргелешип талдоо сыяктуу иш формаларын кеңейтүү маанилүү.
Мындай иш-чаралар мугалимдердин өзүнө болгон ишенимин арттырып, жаңы билимдерди практикага киргизүүгө жана кесиптик тажрыйбасын өркүндөтүүгө жардам берет.
Санариптештирүү жана маалымат менен иштөө жаңы талап
Билим берүү тармагындагы санариптик өзгөрүүлөр мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн уюштурууда да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Аралыктан окутуу, электрондук билим берүү ресурстары, санариптик портфолиолор жана маалыматтык-аналитикалык системалар методикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.
Институттун алдыдагы иштеринин бири методикалык ишти санариптештирүүнү координациялоо, тиешелүү маалыматтык системалардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана педагогикалык кызматкерлер жөнүндө маалыматтардын актуалдуулугун камсыз кылуу.
Анын ичинде «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасына жана ustat.edu.gov.kg порталына маалыматтарды өз убагында киргизүү жана жаңылоо, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүүсү тууралуу маалыматтарды системалаштыруу, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүнүн муктаждыктарын талдоо сыяктуу иштерге көңүл бурулат.
Маалыматтардын так жана толук болушу кадрдык муктаждыктарды аныктоого, окутуу программаларын туура пландаштырууга жана методикалык колдоону педагогдордун реалдуу керектөөлөрүнө ылайык уюштурууга жардам берет. Ошондой эле аралыктан жана аралаш окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү облустун ар кайсы аймактарындагы мугалимдер үчүн кесиптик өнүгүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталат.
Алдыңкы педагогикалык тажрыйба жалпы ийгиликтин булагы
Талас облусунда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн ийгиликтүү иштеп жаткан мугалимдердин тажрыйбасын аныктоо, изилдөө жана жайылтуу зарыл. Ар бир мектепте, ар бир билим берүү уюмунда кесиптештерине үлгү боло турган педагогдор жана натыйжалуу иш ыкмалары бар.
Институт билим берүүнү өнүктүрүү борборлору менен биргеликте мыкты тажрыйбаларды топтоо, жалпылоо жана жайылтуу иштерин күчөтүүгө багыт алат. Бул үчүн ачык сабактарды, мастер-класстарды, педагогикалык окууларды, кесиптик форумдарды жана тажрыйба алмашуу жолугушууларын, семинарларды уюштуруу маанилүү.
Ошондой эле окуу китептерин, окуу-методикалык комплекстерди жана санариптик билим берүү ресурстарын экспертизалоого катышуу, методикалык материалдарды даярдоо жана педагогдордун чыгармачылык демилгелерин колдоо институттун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардан болуп саналат.
Мындай кызматташтык билим берүү уюмдарынын ортосундагы тажрыйба алмашууну күчөтүп, натыйжалуу методикалардын кеңири колдонулушуна шарт түзөт.
Биргелешкен аракет натыйжалуу иштин кепилдиги
Билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү ийгиликтүү ишке ашыруу бир гана мекеменин күчү менен мүмкүн эмес. Ал үчүн институттун, билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектептердин, кошумча билим берүү мекемелеринин жана илимий уюмдардын өз ара кызматташуусу зарыл.
Ушул максатта Талас облустук билим берүү институтунун алдында Педагогикалык кеңеш иш алып барат. Ал билим берүү системасынын субъекттери менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу коллегиалдуу консультациялык-координациялык орган болуп саналат.
Педагогикалык кеңештин ишине институттун кызматкерлери, билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогдору, илимий уюмдардын өкүлдөрү жана тиешелүү эксперттер тартылат.
Кеңештин алкагында билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, методикалык иштерди координациялоо, инновацияларды киргизүү жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча сунуштар иштелип чыгат. Кабыл алынган сунуштамалар институттун директорунун тиешелүү буйруктары аркылуу ишке ашырылат.
Мындай тармактык кызматташтык облустагы билим берүү системасынын бирдиктүү методикалык мейкиндигин өнүктүрүүгө жана жалпы максаттарга багытталган аракеттерди бириктирүүгө жардам берет.
Келечекке багытталган ишенимдүү кадам
Талас облусунда билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун уюштурулушу мугалимдерге жакын, алардын муктаждыктарына жооп берген жана кесиптик өсүшүнө туруктуу колдоо көрсөткөн методикалык системаны өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам.
Албетте, алдыда чечиле турган маселелер да бар. Борборлордун ишин жолго коюу, тажрыйбалуу адистерди тартуу, заманбап ресурстар менен камсыздоо, билим берүү уюмдары менен тыгыз байланыш түзүү жана иштин натыйжалуулугун үзгүлтүксүз баалоо туруктуу аракетти талап кылат.
Бирок бул багыттагы иштер ырааттуу жана максаттуу жүргүзүлсө, институт менен өнүктүрүү борборлору облустагы педагогикалык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө, билим берүү уюмдарынын методикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине жана билим берүүнүн сапатынын жогорулашына олуттуу салым кошо алат.
Билим берүүдө туруктуу ийгиликке жетүү үчүн мугалимге ишеним, мүмкүнчүлүк жана үзгүлтүксүз колдоо керек. Мугалим өнүксө мектеп өнүгөт, мектеп өнүксө — коом өнүгөт.
Талас облустук билим берүү институтунун жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун алдыдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыты да дал ушул максатка — мугалимдин кесиптик өсүшү аркылуу сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө багытталат.
Салтанат БЕЙШЕНОВА, Талас облустук билим берүү институтунун директору