ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ: КЕСИПКӨЙЛӨР ТАНДАЛДЫ

  • 16.08.2022
  • 0

Бир аз күн мурдараак республикабыздын түштүгүндөгү үч облуста, ушуга улай 17-августта Талас менен Чүйдө Президенттин Жарлыгына ылайык мектеп директорлорун тандоо сынагы жогорку уюшкандыкта өттү. 

Мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо —  азыркы мектеп реформасынын эң бир маанилүү талаптарынын бири. Өлкө президентинин Жарлыгына ылайык бир мектепте беш жылдан ашуун иштеген 966 мектеп директору кызматтан бошотулуп, аларга да эгерде иштейм деген каалоосу болсо, башкалар менен биргеликте бош орунга сынакка катышуу укугу берилген болчу. Мурунку директорлордун арасынан бул мүмкүнчүлүктөн баш тарткандар да, катыша берем дегендер да бар экени  азыр эч кимге жашыруун эмес.

-Бизде өз ордунда отуз-кырк жылдан бери иштеп келе жаткан директорлор бар. Бул сынактын негизги максаты иштеп жаткан директорлордун аброюн түшүрүү же аларга карата ишенимди жоготуу эмес, баарынан мурун бардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү болуп саналат, — дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов.

Эсиңиздерде бардыр, мындан бир аз мурун мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоого арналган брифингде​ билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев алдыдагы саясий мааниси зор саамалык коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө өтөрүн баса белгилеп: “Тандоо ачык, эч кимдин кийлигишүүсүз өтмөкчү. Бул документ тапшыруу процессинен дагы байкалат. Ар бир талапкер түздөн-түз өзү документ жүктөйт. Экинчи этап – тестирлөө. Ал ачык-айкын жүргүзүлөт”- деп журналисттерге ачык айткан.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекованын ​ ошол брифингдеги “Биз талапкерлерди улуу-кичүү, аял-эркек деп бөлбөйбүз. Бизге нукура кесипкөйлөр керек” деген пикири да көпчүлүктү алдыдагы сынак калыс жана адилет өтөрүнө ынандыра алды.

Билим берүү жана билим министрлигинин жетекчилигинин реформанын максат-мүдөөлөрүн коомчулукка жеткирүү, түшүндүрүү аракеттери өз максаттарына жеткени Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунда болуп өткөн мектеп директорлорун тандоо сынактарынын жыйынтыктарынан ачык-айкын көрүнүп турат.

11-августта талапкерлерди компьютердик тестирлөө Баткен менен Жалал-Абадда бир күндө уюшулду. Улуттук тестирлөө борборунун жетекчиси Бактыгүл Шамшудинованын берген маалыматына таянсак, Баткен облусу боюнча директорлукка 98 бош орун бар болчу,анын ичинде Кадамжай району боюнча 33, Баткен району боюнча 21, Лейлек районуна 44 бош орунга биринчи этапта 200дөй талапкер документ тапшырган, бирок текшерүүдөн документи жарактуу делген 149 талапкер экинчи турга өткөн.

-Биз эми сураган жокпуз. Өздөрү айтып жатышты. Катышкандардын тең жарымынан көбү 60 пайыздык босого баллдан өткөнүн билдик. Эки мугалим ​ 72 балл алды. Бир талапкер 72 баллга жетти. Бул эң жогорку көрсөткүч!- дейт Улуттук тест борборунун жетекчиси.

Катышуучулар менен байкоочулардын ой-пикирин да угуп көрсөк. Баткен районунан талапкер Тешебаева Гүлбара “Уюштуруучуларга, тест түзүүчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Сынакта ар бирибиз өзүбүздүн ноутбук менен иштедик. Сырттан кийлигишүү болгон жок” десе, “Бүгүн конкурска катышып, босого баллдан өттүм. Көрсөткүчүм жакшы. Эгерде директор болуп иштеп калсам, мектепте билим сапатын жогорулатууга аракет кылам. Албетте, бул иштерди ата-энелердин, коомчулуктун колдоосунда жасайм” — дейт Кадамжай районундагы №47 Апсамат Темирбаев атындагы орто мектебинен талапкер Назира Маматалиева.

-Уюштуруучулар сынакты өткөрүүгө дыкат даярдык көрүптүр. Деги бир кийлигишүү болгонун, жыйынтыктарды чыгарууга адам факторунун катышканын көрбөдүк. Баары таза, ачык-айкын өттү, — деп айтат байкоочу топтун мүчөсү, кесиби боюнча мугалим Адилет Салимбай.

Жалал-Абадда сынакка 314 талапкер документ жиберип, анын 94ү документтерин толук тапшырбагандыктан экинчи этапка өткөн жок. Уюштуруучулардын пикиринде тандоо сынагындагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири биринчи турда тапшырылган документтердин сынактын жобосуна жооп бербеши болду.

-Документтерди өз убагында иштетүүдөн өткөрдүк. Бир топ документтер талапка жооп бербейт. Мисалы, Жалал-Абад облусу боюнча 94 документ биринчи турдан өтпөй калды, — дейт Билим сапатын жана маалымат технологияларын баалоо Улуттук борборунун директорунун орун басары Зейнеп Жамакеева.

Бул күнү Жалал-Абадда компьютердик тестирлөөгө 220 адам катышып, 61 талапкер босого баллдан өтүп, кээ бири андан жогору упай топтой алды.

Облустук билим берүү усулдук борборунун директору Акылбек Токтосуновдун айтуусунда, облуста 465 жалпы билим берүү орто мектеби бар. Булардын ичинен 179 мектепте билим берүү мекемесинин жетекчиси беш жылдан ашуун иштеген үчүн кызматынынан бошотулуп, алардын ордуна сынак жарыяланды.

— Ушул бош орундарга педагогикалык стажы жети жылдан ашкан, мурда соттолбогон мугалимдер, окуу бөлүмүнүн башчылары жана мурда ушул орунда иштеген жетекчилер өздөрү да катышуу укугуна ээ болду, — деди Акылбек Токтосунов.

Жалалабаддык агартуучу Айжамал Иманова буга чейин бир топ жолу директорлукка аракет кылып көргөн.

— Жүрөгүм толкуп кубанып турган учурум. Мен мурда да директор болууга аракет кылгам. Бирок баягы эле тааныш-билиш, коррупция көп нерсени чечерин билгенде, эл катары мигрант болуп кеткем. Президенттин Жарлыгы чыгары менен өзүмдү сынап көрүү үчүн мекениме учуп келдим, — деп ал өз кубанычын жашырган жок.

Директорлук орунга талапкер Нурмухаммед Ураимов бул күнкү сынакта Сузак районундагы Темирбаев атындагы орто мектебинин директорлук ордуна ат салышууда.

— Тестирлөө алдын-ала кабарлангандай эле беш бөлүктөн турат экен. Ошол суроолор келди. Мен аларды жеңил деп айта албайм. Бирок окуган, даярданган адам кыйналбай шыр өтсө болчудай, — дейт талапкер.

13-августта Ош мамлекеттик университетинде Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө болуп өттү.

Документтерин 541 жаран тапшырган. Сынактын биринчи этабында 169 талапкер документтеринин толук эмес пакетин тапшырып, натыйжада экинчи этапка өтпөй калган.

Тестирлөөгө кирүүгө 372 талапкер укук алып, 13 катышуучу келбей калгандыктан, 359 жаран тест тапшырды.

Жыйынтыгында 88 талапкер босого жана андан жогору балл алган, бул катышуучулардын 25% түздү.

Жумагүл Нурматова —  Ош облусунун тургуну. Ал Араван районундагы Базарбай Жээналиев атындагы орто мектебинин директору болуп иштеген. Он жылга чукул жетекчи болуп иштеген педагог Президенттин Жарлыгына ылайык ​ кызматынан бошотулду. Бул күнү ал ​ башка талапкерлер менен катар кайра директорлукка сынакка катышты.

-Биздин мектепте окуучулардын саны барган сайын көбөйүүдө. Ошондуктан мектептин эски корпусун оңдоп-түзөш керек. Мындан тышкары, окуучуларды предметтик олимпиадаларга катыштыруу үчүн билим сапатын дагы алдыга жылдыра турган пландар менен иштөө абзел,- деди Жумагүл.

Бул арада Билим берүү жана илим министрлиги Ош, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн графиктери өзгөргөнүн маалымдады.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, ушул убакка чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы 500 ваканттык орунга сынак өтүп, 209 жаңы директор тандалды.

17-августта Чүй, Талас облустарында мектеп директорлорун тандоо боюнча сынак иштери өткөрүлдү. Чүйдө 182 талапкердин ичинен 69 талапкер, Таласта 75 талапкердин арасынан 24 талапкер босого баллынан жогору упай алды. Чүйдөгү директорлорду тандоо сынагына жаш педагог Курманбек кызы Элмира жогору баа берди. Ал — Сокулук районундагы №2 Сокулук орто мектебинин директорлугуна талапкер. Элмира эжей буга чейин ушул эле мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келгенин билдирди.

— Сынак ушунчалык таза өттү. Уюштуруу иштери да жогору болду. Тесттин алдында бизге эки тилде: орус, кыргыз тилинде түшүндүрмө берилди. Сынакка мен дыкат даярдандым. Жогорку балл алып кубанып турам, — деди талапкер.

Министрлик кабарлагандай Нарын, Ысык-Көл облусунда тандоо сынагы 20-августта уюштурулат. Ал эми Ош шаарында 17 мектептин директору 23-августта тандалат.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер