ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

  • 12.10.2022
  • 0

Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземинде Кыргызстандан барган Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун бийчилер тобу кыргыздын нукура бийлерин бийлеп, көчмөндөр оюндарынын көркүнө көрк кошту. Таланттуу балдар борборун чакырган Түрксой эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев активдүү катышкан үлгүлүү бий ансамблдеринин жетекчилерин медаль жана атайын диплом менен сыйлады.

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

Дүйнө элин суктандырган сейтекчилер

Дүйнө элин суктандырган кыздар-балдар башка мамлекеттен келген филармониянын артисттеринен  кем калбай кесипкөйлүгүн көрсөтүштү.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакованын айтымында, иш-чаранын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин артисттери жана чыгармачыл ансамблдери катышты.

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

— “Сейтек” борборунан элдик, үлгүлүү “Шаттык”, “Ассоль”, “Улыбка”, “Ариет”, “Жаш канат”, “Дэя”, “Каухар” ансамблдери катышты. Салтанаттуу аземин ачуу боюнча түрк режиссеру Арман күнүгө бизге бийдин кыймылдарын, музыкасын онлайн салып жатты. Бул жерде көрүлгөн даярдык менен барып, чоң сахнада эки минуталык комплекстүү бийге Кыргызстандан барган бардык ансамблдер катышып, көрөрмандардын сүймөнчүлүгүнө арзышты. Салтанаттуу иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия ж.б. мамлекеттерден келген 1500 артист сахнанын көркүн ачты. Бул иш-чаранын башкы уюштуруучусу Түрксой эл аралык уюм болду. Белгилей кетсек, эл аралык белгилүү уюмду тарыхта биринчи жолу кыргыздын белгилүү маданият жана коомдук ишмери Султан Раев жетектегени бизди кубандырбай койгон жок. Түрксой  эл аралык уюмунун негизги максаты — түрк дүйнөсүнүн маданий карым-катнашын өркүндөтүү, өнүктүрүү, ошондой эле аны дүйнөгө таанытуу, маданий интеграциялык процессти жандандыруу эмеспи. Көчмөндөр оюнуна барган биздин жетекчилердин баары сыйлыкка татыктуу болушту. Баса, “Шаттык” үлгүлүү, элдик бий ансамблинин жетекчиси Э.Латыпов биз тараптан режиссер болду, — дейт директор.

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

Жалпысынан 170 адам барса, анын ичинен 165 балдар болду.

Алып барган жетекчилердин айтымына караганда, балдардын жол киресин ата-энелер төлөп беришкен. Ал эми чакырган тарап жатакана, тамак-ашын моюндарына алышкан.

Ансамблди бийиктикке умтултту

“Ассоль” элдик бий ансамблинин жетекчиси Л.Г.Чотонованын айтуусуна караганда, бул жолку эл аралык маанидеги иш-чара ансамблди дагы бир жолу бийиктикке умтултту. Анткени ар кайсы мамлекеттен келген элдик ансамблдердин кийген кийимдери, бий кыймылдары, басканы-турганы, маданияты балдарды кызыктырбай койгон жок. Кыргызстандан барган ар бир ансамблге берилген тапшырмалар жогорку деңгээлде аткарылды.

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

— Биздин “Ассоль” үлгүлүү бий ансамбли алтын аскер театрлаштырылган оюн-зоокко катышты. Булардын костюмдарын Кыргызстандын тикмечилери тигишкен. Этнобөлүктө биз Кыргызстанды татыктуу көрсөттүк деп ойлойм. Анткени биз чыкканда көрөрмандар ордунан туруп, “Кыргызстан” деп катуу кол чабышты. Иш-чаранын жабылыш аземинде Түрксойдун гимни аткарылып, сахнада турган 1500 бийчи ошол музыкага бийлешти, — дейт жетекчи.

Айтып бүткүс көрүнүш

Ал эми “Дэя” бий ансамблинин жетекчиси Наргиза Хаджиеванын айтымында, кичинекей мекенчил сейтекчилердин “Кыргызстан” деп кыйкырган сүрөөсү ачылыш аземинде парадда тизилип келаткан спортчулардын демине дем, күчүнө күч кошту.

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

— Мен он окуучу менен бардым. Кыргызстан таланттарга байбыз. Биздин таланттарыбыз жогорку деңгээлдеги кесипкөйлөр экенин бул жолу да тастыктады. Уюштуруу, аткаруу жагынан дагы абдан жогору турат экенбиз. “Тай казан”  жана “Бак” тынчтык бийин көрсөттүк. Ачылыш аземинде кыргызстандык спортчулар акыркы болуп чыгып, маанайлары чөгүп келатканын көрдүк. Ошол кезде үч эркек баламдын патриоттук сезими күчөдү окшойт, “Кыргызстан” деп кыйкырганда парадда басып келаткан ар бир спортчунун духу көтөрүлдү окшойт. Алар денелерин түздөп басышканын көрүп, ого бетер сүрөштү. Кийин спортчулар келип, “биздин балдар, чүрпөлөр турбайбы” деп балдарды кучактап, сүрөткө түштү. Ушул жагдай ар бирибиздин жүрөгүбүздө айтып бүткүс көрүнүш болду. Байкелерди көргөндө патриот балдарым ыйлап, мен дагы ыйладым, — дейт Наргиза айым.

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

“Сейтек” борборунун “Улыбка”, “Ариэт”, “Жаш канат”, “Шаттык” үлгүлүү бий ансамблдери дагы иш-чарада Кыргызстандан гана балдар барганын, калган мамлекеттердин чоң-чоң, менмен деген артисттери келгенин белгилешти. Сахнада турган 1500 бийчи  “Достук сюитасын” аткарганда ар бир катышуучунун денеси дүркүрөп, маданият ишмерлери достуктун данакери экенин көрсөтө алганын да бир ооздон белгилешти.

— Репетиция учурунда биздин балдар бийлеп жатканда башка өлкөнүн хореографтары, профессионалдары балдардын эмгегине таазим кылып, кол чабышты. Биздин эсте калган учур – “Сейтектин” ансамблдеринин жетекчилери өлкө Президенттери менен бир катарда отуруп, театрлаштырылган оюн-зоокту көрдүк. Түрксөй эл аралык уюмдун Башкы катчысы Султан Раевдин колунан сыйлык алуу дагы биз үчүн абдан сыймыктуу болду. Биз Кыргызстанга келгенде аэропорттон шаардыктар транспарант, гүлдөр менен тосуп алышты. Анткени биздин артыбызда 1-орунду ээлеген спортчулар келаткан болчу, — дешти “Ариэт”, “Улыбка” ансамблдердин жетекчилери Г.Мельникова, Л.Соломко.

Тил билсең, дил билесиң

“Каухар” бий тобунун жетекчиси Алина Асангазиеванын маалыматы боюнча, ал алып барган он бир эркек бала тең  кыргыз тилин жакшы билишпейт.

ТАЛАНТКА БАЙ “СЕЙТЕККЕ” ТҮРКИЯДА КОЛ ЧАБЫШТЫ

—      4-5-6-класстын окуучуларын алып бардым.  Балдарга чоң тажрыйба болду. Мындай эл аралык  иш-чарага балдар биринчи жолу катышып жатат. Белгилүү ансамблдер менен бир катарга турганы аларды келечекке шыктандырып койду. “Тил үйрөнүшүбүз керек экен” деп келишти. Балдар окутуу орус мектептерде окугандыктан тилден абдан кыйналышты. “Эгер кыргыз тилин билсеңер, түрк тилин бат эле өздөштүрүп алмаксыңар” дедим, — дейт Азиза.

Ал эми “Жаш канаттын” тарбиялануучулары биринчи жолу алыскы сапарга чыгышкан. Ачылыш аземинде 4 минут 30 секунд фейервек ар түрдүү атылганы балдардын эсинде калганын жетекчиси баса белгиледи.

Ошентип, 29-сентябрдан 3-октябрга чейин созулган  IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземинде катышкандар бүгүнкү күнгө чейин эсте калган көрүнүштөр менен бөлүшүп жаткан учуру.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер