СЫНАКТЫН БҮГҮНКҮ КААРМАНЫ – ЭРАЛИ АБДИЕВ

  • 23.09.2025
  • 0

«Жылдын мыкты мугалими» номинациясынын жеңүүчүсү  Эрали Абдиев Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатынын география, кошумча биология мугалими.   

СЫНАКТЫН БҮГҮНКҮ КААРМАНЫ – ЭРАЛИ АБДИЕВ

 Окуучуларга мээримин чачкан агай

Абдиев Эрали Жумабаевич Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатынын география, кошумча биология мугалими. Ал Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, география факультетин 1994-жылы бүтүргөн. Ошол жылдан бери, т.а. 31 жыл бою үзгүлтүксүз мектепте эмгектенип келатат. Ал педагогикалык ишинде ар тараптан терең билим алган, кесибин мыкты билип жана берилгендик менен сүйүп эмгектенген алдыңкы мугалим. Анын окуткан окуучулары зоналдык, райондук, облустук олимпиадаларда байгелүү орундарды камсыздап келет. Эрали агай 2002-жылдан бери Алай районундагы география мугалимдеринин секциясын жетектейт.

— “География сабагында окуучулардын билимин текшерүү жана баалоо ыкмалары» деген темада облустук семинар өткөргөн. Эрали Жумабаевич жаш муундарга билим берүүдө “география сабагын окутууда жергиликтүү материалдарды колдонуу, алдыңкы усулдарды пайдалануу деген” проблеманын үстүндө эмгектенет. Окуучулар менен иштөөдө сабактын интерактивдүү усулдарын колдонуу аркылуу, балдардын кызыгуусун арттырууга жетише алат. Ар түрдүү конкурстарды, таймаштарды, кечелерди, тарбиялык сааттарды өтүү менен окуучулардын сабакка болгон активдүүлүгүн жогорулатат, — дейт аны сынакка коштоп келген мектеп жетекчиси Самат Маматжан уулу.

Ал 2022-жылы “Примов” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты  мугалими” конкурсунда баш байгени жеңип алып,  Ош шаарынан батир утуп алган.

Агай мектепте сабак өтүүдө, класстан тышкаркы иштерди жогорку деңгээлде өткөрүп жана өзүнүн усулдук иш тажрыйбаларын да басма сөз каражаттарына жарыялап турат экен.  Мектептеги жана райондогу коомдук иштерден дегеле калбай,  активдүү  катышарын кесиптештери айтып өттү.

Эрали агай жөнөкөйлүгү, адамгерчиликтүүлүгү  менен мектеп жамаатынын, окуучулардын, ата-энелердин арасында кадыр-баркка ээ экени, өзүнүн мыкты ишмердүүлүгү, жүрүш-турушу менен башкаларга үлгү экенин да айтышты.

— Эрали Жумабаевич окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө, алардын окууга болгон мамилелерин жогорулатууда ар дайым чыгармачылык менен иш алып барат. Өзүнүн иш билгилиги, жоопкерчиликтүүлүгү менен өзгөчөлөнүп келет. Мыкты педагог кызматкер катары “Жыл мугалими — 1997” сынагында райондо 1-орунду, “Жыл мугалими — 1999” сынагында райондо 1-орунду ээлеген.  “Жыл мугалими — 2022”  сынагында баш байгени багындырган. “Жылдын мыкты мугалими — 2025” сынагында облуста баш байгени камсыздап, республикалык турга жолдомо алып, азыр өзүнүн кесиптештери менен билим таймашууга чыгып, буюрса, 1- жана 2-турдан өттү. Окуучулардын терең билим, татыктуу тарбия алуусу үчүн география каанасын жасалгалаган, техникалык каражаттар менен жабдыган. Окуучуларга билим-тарбия берүүдө Эрали агай  ар дайым интерактивдүү жана инновациялык усулдарды колдонуу менен сабак өтөт жана жаштарга мыкты насаатчы, — дейт директор.

Эмгеги жерде калган жок

Элеттик мугалимдин эмгеги дайыма бааланып келет. Алсак, ал «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш  белгиси, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин,  Ош билим берүү институтунун, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош облустук комитетинин, Билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин, Кыргыз география коомунун Ардак грамоталары менен, Ош билим берүү институтунун диплому менен сыйланган.

Сынактын мастер-классы

Сынактын экинчи күнү 1-турдан өткөн конкурсанттар предмети боюнча мастер-класс өтүштү. Алыскы Алайдан келген агайдын сабагы мага кызык болгон үчүн уюштуруучулардан уруксат сурап, кирип отурдум. Агай өзү тааныбаган борбор калаадагы белгилүү №69 мектептин 7-классынын окуучуларына «Шамал: күч, багыт жана таасир» аттуу темада мастер-класс көрсөттү. Сабакты жылуу маанай тартуулоо менен баштаганда эле окуучуларды өзүнө арбап алды.  «Саламатсыңарбы, шамалдай шамдагай, шайыр, шыктуу,  шыпаакер  менин  окуучуларым! Бүгүн  мастер-класска шамал  болуп  киргим келип  жатат. Ар  бириңер  мага  кандай  шамал  экениңерди же кандай  маанайда келгениңерди айтсаңар. Мисалы,  Мен – Жай  шамалмын,  себеби  бүгүн тынч маанайдамын дегендер кол чабасыңар. Мен — Катуу  шамалмын,  себеби  энергиям  көп; Мен — Тоо  шамалымын, себеби таза  аба  менен  келдим» дегенде эле балдар кол чаап, сабакка кызыга башташты.

СЫНАКТЫН БҮГҮНКҮ КААРМАНЫ – ЭРАЛИ АБДИЕВ

Агай турмушта  өзү  туш болгон,  географиялык  кырдаалды

(кейс) айтып  берди. Чоң энеси буудайды кантип шамал аркылуу тазалаганын окуучуларга көрсөтүп бергени өтө кызык болду. Ортосунда шамал  чакырган элдик  сөздөрдү айтып өттү.

Шамал, шамал, шамалда,

Буудайыңды  тазала!

Курт-кумурска жоголсун,

Кум-шагылдан арылсын!

Ылайым жамгыр  болбосун,

Шамал  келип  сапырсын! – дегени шаардык балдар үчүн кызыктуу болду. Алар өз колдору менен буудайды жасалма шамал аркылуу тазалашты.

СЫНАКТЫН БҮГҮНКҮ КААРМАНЫ – ЭРАЛИ АБДИЕВ

Жободо көрсөтүлгөн 20 мүнөттүн ичинде агай ушунчалык сабагы кызыктуу болгон үчүн окуучулар биринен өтүп бири кол көтөрүп, берген суроолорго жооп берип жатышты.

Окуучулар шамал  жөнүндө алган билимдерин  пайдаланып, шамалдын пайда болуу  себептери,  ылдамдыгы,  багыты  жөнүндө  түшүнүк алышканын айтып, көрсөтүп беришти. ”Шамалдын розасын” түзүштү, шамалдын  розасынын шаардагы   булганган  абага (смог)  таасири тууралуу кызыктуу маалымат алышты. Агай сабакты жөн эле берип койбостон, окуучуларды шыктандырып турганы, улуттук баалуулуктарга басым жасагын абдан жакты.

СЫНАКТЫН БҮГҮНКҮ КААРМАНЫ – ЭРАЛИ АБДИЕВ

Мастер-класста элеттик мугалим флюгер,  анемометр,  шамал  генераторунун  макеттери  менен  тааныштырды; шамалдын  пайдасы  жана  зыяны  боюнча  талкуу жүргүздү. Менимче, окуучулар  бул  мастер-класста   география  сабагынан  алган теориялык  билимдерин  турмушта  колдоно  алышат. Эмне үчүн Бишкек шаарында смог болоорун дагы агай түшүндүрүп койду. Бишкек шаарында  булганч  аба (смог) көйгөйү өзгөчө  маселени  жаратат,  айрыкча  кыш  айларында. Ошондуктан көп кабаттуу  үйлөрдү  курууда архитекторлор  шамалдын  розасын,  батыштан  келген  шамалды  эске  алуулары керек экенин, ата-бабаларыбыз да боз үйдүн эшигин чыгыш тарапты каратып тигишкен көрсөттү. Кыскасы, агайдын сабагы өтө кызыктуу болгонун калыстар тобу дагы белгилешти. Агай чыныгы мээримдүү, билими күчтүү, нукура мугалим экенин көрсөтө алды.

Куттуктайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер