Сузактагы окуучулардын талабы — заманбап мектеп жана санарип ресурстар
- 25.11.2026
- 0
Калкы жыш, көп улуттуу Сузак районунда билим берүү тармагында чоң демографиялык жүк турат. Мектептердин саны, окуучулардын контингенти, мугалимдердин курамы жана инфраструктуралык муктаждыктар райондун билим берүү системасына кандай жоопкерчилик жүктөлүп жатканын айгинелейт. Ал эми бүгүнкү жаштар билим алууга жөн гана мүмкүнчүлүк эмес, сапаттуу билимге жетүү үчүн тең шарттарды талап кылышууда.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө жаштар билим берүү тармагына бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү, университеттерде жана мектептерде шарттарды жакшыртууну талап кылып, нааразылык акцияларына чыгып жатканда, анын жаңырыгы Кыргызстандын түштүгүндөгү калкы жыш жайгашкан Сузак районунда да сезилүүдө. Аймактын жаштары — сапаттуу билим, заманбап мектеп, санариптик өнүгүү шарттарын кечиктирбей жакшыртууну талап кылууда.
Жакында ЮНИСЕФдин «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» долбоорунун алкагында Сузак районунун акиминин орун басары Асель Сансызбаева менен райондогу алты мектептин алдыңкы окуучуларынын жолугушуусу болуп өттү. Анда окуучулар жөн гана өздөрүнүн жетишкендиктерин айтып же салтанаттуу суроолор менен чектелишкен жок. Алар райондук бийликтин алдына жаштардын келечегине түздөн-түз тиешелүү болгон бир катар олуттуу маселелерди коюшту.
Алардын арасында бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга акысыз даярдоо үчүн атайын шарттарды түзүү, эски мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү, жаштардын спорттук, чыгармачылык жана санариптик ийримдерин көбөйтүү сыяктуу сунуштар бар.
Бул талаптардын ар биринин артында конкреттүү муктаждык турат. ЖРТга сапаттуу даярдануу — жогорку окуу жайына бюджеттик негизде өтүү мүмкүнчүлүгү. Спорттук жана интеллектуалдык ийримдер — жаштардын жөндөмүн өнүктүрүү, бош убактысын натыйжалуу пайдалануу. Ал эми мектептердин имараттарын жаңылоо — балдардын коопсуз жана ыңгайлуу шартта билим алуусуна кам көрүү.
Демек, Сузактын жаштары билим берүүнү жөн гана мектепке барып-келүү эмес, келечектеги социалдык абалын аныктоочу маанилүү ресурс катары кабылдап жатышат.

101 мектеп, 60 миңден ашуун окуучу
Сузак районунун демографиялык өзгөчөлүгү биринчи кезекте мектептердин жүктөмүнөн көрүнөт. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рыспек Калчаевдин берген маалыматына караганда, мектептердин саны жүздөн ашты, ал эми андагы окуучулардын саны 60 536. Бул — бүтүндөй бир чакан шаардын калкына тете контингент.
Мындан тышкары, үч жеке менчик мектепте 1085 окуучу билим алат. Райондо 599 тарбиялануучусу бар бир жатак мектеп, ошондой эле сырттан жана кечки билим берүүчү эки мектеп иштейт. Акыркы эки мекемеде 158 окуучу билим алып, 34 мугалим эмгектенет.
Окутуунун тилдик курамы да райондун көп улуттуу өзгөчөлүгүн чагылдырат. 61 мектепте билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлөт. 21 мектеп кыргыз жана орус тилдеринде, алтоо кыргыз жана өзбек тилдеринде, дагы 13 мектеп үч тилде — кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде окутат.
Окуучулардын басымдуу бөлүгү башталгыч жана негизги мектеп курагында. Тактап айтканда, 1–4-класстарда 26 458, 5–9-класстарда 28 996, ал эми 10–11-класстарда 5082 окуучу окуйт.
Бул көрсөткүчтөр Сузакта билим берүү системасынын алдында турган милдеттердин масштабын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Айрыкча башталгыч жана орто звенодогу окуучулардын көптүгү жакынкы жылдары мектептердин материалдык-техникалык базасына, мугалимдердин жетиштүүлүгүнө жана окуу китептери менен камсыздоого болгон талапты дагы күчөтөт.
Өзгөчө көңүл бурууга арзый турган жагдай — райондун чек арага жакын аймактарында жайгашкан 12 мектепте 10 миңден ашык окуучу билим алат. Бул мектептердин туруктуу иштеши, билим сапаты жана кадрдык камсыздалышы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болууга тийиш.

Билим сапаты: ийгиликтер жана мүмкүнчүлүктөр
2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгында райондун 159 бүтүрүүчүсү артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул — окуучулардын билимге болгон умтулуусунун жана мугалимдердин эмгегинин үзүрү.
ЖРТга 1962 бүтүрүүчүнүн ичинен 1345и катышкан. Алардын орточо көрсөткүчү 118,7 баллды түзгөн. Бул жакшырып калгандагы көрсөткүч. Эки жыл мурда райондо ЖРТга бир да бүтүрүүчү катышпаган мектептер бар экени Билим берүү министтрлигинин коллегиясында айтылды эле. Жогорку класстын окуучулары башка район-шаарлардагы өнүгүүнү көрүп атышат, ошондуктан алардан кем эмес шарттарды түзүүнү талап кылышууда. Ошондуктан жаштардын акысыз даярдоо курстарын уюштуруу боюнча көтөргөн демилгеси өзгөчө актуалдуу.
Анткени үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан, ар бир бүтүрүүчү сапаттуу даярдык алууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Айрыкча калкы көп, айылдык калктуу конуштары арбын райондо мындай даярдоо курстарын уюштуруу билим берүүдөгү тең мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Райондун алдыңкы окуучулары облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып келишет. 2026-жылы республикалык турга бир окуучу катышкан, облустук турга көрсөткүч үчөө барган. Бул багытта таланттуу окуучуларды аныктоо, алар менен системалуу иштөө жана предметтик даярдыкты күчөтүү зарылдыгы бар.
Мугалим — билим берүүнүн башкы күчү
Райондун мектептеринде жалпы 3982 мугалим эмгектенет. Алардын 3463 аялдар. 3316 — жогорку билимдүү, 95 — бүтпөгөн жогорку билимге ээ, 571- атайын орто билим алган.
Мындай чоң педагогикалык жамаатты заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык өнүктүрүү өзүнчө масштабдуу ишти талап кылат.
2026–2027-окуу жылында 337 мугалим квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн. Ал эми курстан өтүүсү пландалган педагогдордун саны 1561 түзөт. Бул мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү дагы эле актуалдуу маселе экенин көрсөтөт.

Ошол эле учурда райондогу педагогдордун арасында кесиптик чеберчилиги менен айырмаланган адистер арбын.
Маселен, «Жылдын мугалими — 2026» республикалык конкурсуна Сузак районунан 24 мугалим жана үч тарбиячы облустук турга катышкан. Анын жыйынтыгында №11 М. Орозалиева атындагы мектептин информатика мугалими Венера Тагаева жана №72 К. Юлдашев атындагы мектептин диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Кулпунай Жаббарова биринчи орундарды ээлешти.
Ошондой эле «Жылдын мыкты тарбиячысы» конкурсунун облустук турунда «Ак-Тилек» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Гүлжамал Курбаналиева биринчи орунга чыкты.
Мугалимдердин эмгеги мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен да бааланууда. 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгында 20 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине, бешөө Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына, 42 Жогорку Кеңештин ыраазычылык баракчасына татыктуу болушту. Дагы бир катар педагогдор облустук, райондук жана билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктарына ээ болушту.
Бул жетишкендиктер Сузакта билим берүүнүн өнүгүшүнө салым кошкон кесипкөй мугалимдердин чоң катмары бар экенин далилдейт. Эми ошол тажрыйбаны жайылтуу, жаш педагогдорду колдоо жана мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өсүшүнө шарт түзүү маанилүү.
Жаңылануу бар, бирок проблемалар да арбын
Сузак районунда билим берүүнүн алдында турган эң олуттуу маселелердин бири — мектептердин материалдык-техникалык базасы.
101 мамлекеттик мектептин ичинен 69 типтүү долбоор менен курулган имараттарда жайгашса, 26 мектеп ылайыкташтырылган имараттарда иш алып барат. Ал эми алты мектеп авариялык абалда деп көрсөтүлгөн.
Бул көрсөткүчтөр жаштардын эски мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү же жаңы мектептерди куруу талабы жөн жерден көтөрүлбөгөнүн айгинелейт.

Мектептердин курулушу жана жаңылануусу боюнча акыркы жылдары белгилүү иштер аткарылып жатат. 2026-жылдын 11-сентябрында Ширин айылындагы 150 орундуу №95 «Ширин» орто мектеби жана Кара-Булак айылындагы 150 орундуу №59 А. Молдоисаев атындагы мектеп пайдаланууга берилген. Экөө тең республикалык бюджеттин эсебинен курулган.
Мындан тышкары, бир катар айылдарда жаңы мектептердин курулушу уланууда.
- №37 А. Мамбетаипов атындагы мектептин курулушу 95 пайызга;
- №17 О. Тажибаев атындагы мектептики 85 пайызга;
- №39 Жылгын-Кечүү атындагы мектептики 80 пайызга;
- №9 И. Мичурин атындагы мектептики 70 пайызга аяктаган.
№68 К. Сартбаев атындагы мектептин курулушу да жүргүзүлүп жатат. Ал эми Газпром айылында 150 орундуу №102 мектептин жаңы имаратын куруу долбоору каралган.
Капиталдык оңдоо иштеринде да жылыштар бар. Ленин айылындагы №27 Ю. Гагарин атындагы жана Орто-Азия айылындагы №13 А. Базаров атындагы мектептердин капиталдык оңдоо иштери толук бүткөн.
Ошол эле учурда Бек-Абад айылындагы №4 Б. Шамшиев атындагы мектепте оңдоо иштери 35 пайызга, Арал айылындагы №20 М. Маткеримов атындагы мектепте 40 пайызга, №19 А. Абдукаимов атындагы мектепте 20 пайызга аткарылган. Кызыл-Багыш айылындагы №72 К. Юлдашев атындагы мектептин капиталдык оңдоо иштери 85 пайызга жеткен.
Албетте, жаңы мектептердин курулушу — кубанычтуу көрүнүш. Бирок алты мектептин авариялык абалда турушу жана дагы 26 мектептин ылайыкташтырылган имараттарда иштеши инфраструктуралык көйгөй толук чечиле электигин билдирет. Демек, курулуш жана капиталдык оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрүү менен катар эски мектептерди жаңылоо мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин туруктуу көңүл борборунда болушу зарыл.
Окуу китеби, спорт жана санарип шарттар
Мектептин сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгү анын имараты менен гана чектелбейт. Окуу китептери, компьютердик жабдуулар, спорт залдар, лабораториялар жана кошумча билим берүү чөйрөсү да маанилүү.
Сузак районунда окуу китептери менен камсыз болуу көрсөткүчү 76,48 пайызды түзөт. Бирок тилдер боюнча көрсөткүчтөрдө айырмачылык байкалат: кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз болуу 62,63 пайыз, орус тилинде 27,07 пайыз, өзбек тилинде 44,38 пайыз деп берилген.
Бул — билим берүү мекемелерин окуу адабияттары менен камсыздоо дагы эле олуттуу көңүл бурууну талап кылган багыт экенин көрсөтөт.
101 мектептин 58инде спорт зал бар. Дагы 36 мектепте стандарттык эмес спорттук аянтчалар уюштурулган. Видео байкоо системасы 73 мектепке орнотулган.
Ошол эле учурда райондогу билим берүү мекемелеринде иштебей калган компьютерлерди оңдоо же жаңылоо, таза суу менен камсыз болбогон мектептердин санитардык-гигиеналык шарттарын жакшыртуу сыяктуу маселелер дагы бар.
Мына ушул жагдайлар окуучулардын спорттук, санариптик жана чыгармачылык ийримдерди көбөйтүү тууралуу сунуштарынын маанисин дагы тереңдетет.
Бүгүнкү мектеп окуучусу математика, тил же табигый илимдерди гана өздөштүрбөстөн, маалыматтык технологияларды колдонууга, долбоорлор менен иштөөгө, спортко жана чыгармачылыкка да кызыкдар болушу керек. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жаштардын жөндөмүн ачып, алардын келечектеги кесиптик тандоосуна жардам берет.
Мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү зарыл
Райондун демографиялык жүгүн мектептер гана эмес, мектепке чейинки билим берүү мекемелери да сезип жатат.
Сузакта 65 мектепке чейинки билим берүү уюму иштейт. Алардын үчөө мамлекеттик, 62си муниципалдык. Бул мекемелерде жалпы 9212 бала тарбияланат.

Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү багытында бир катар курулуш жана оңдоо долбоорлору ишке ашырылууда.
Маселен, Барпы айыл аймагындагы «Наристе» бала бакчасы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 2026-жылдын 21-сентябрында пайдаланууга берилген.
Төбөй айылындагы 120 орундуу «Баластан» бала бакчасынын, Жыгач-Коргон айылындагы 75 орундуу «Мээрим» бала бакчасынын курулуштары аяктоодо. Барпы айыл аймагындагы 150 орундуу «Арууке» бала бакчасынын имараты да курулуп бүткөн.
Мындан тышкары, Таштак айылындагы 120 орундуу «Жеткинчек» бала бакчасы, Ак-Баш айылындагы 50 орундуу «Балапан» бала бакчасы, Жаңы-Жер айылындагы 75 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап баратат.
Ал эми Кара-Дарыя айыл аймагындагы 50 орундуу «Үмүт» бала бакчасынын курулушу башталганы менен учурда токтоп турат.
Жаңы бала бакчалардын курулушу райондогу мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга салым кошот. Анткени балдарды эрте курактан тарбиялоо жана өнүктүрүү — келечектеги мектептик билим берүүнүн сапатына түздөн-түз таасир эткен фактор.
Социалдык милдет
Албетте, социалдык маселелерди бир гана мектептин же райондук билим берүү бөлүмүнүн күчү менен чечүү мүмкүн эмес. Бул үчүн райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Агартуу министрлигинин, ата-энелердин, ишкерлердин жана коомдук уюмдардын биргелешкен аракеттери зарыл.
Айрыкча жаштардын өздөрүнүн демилгесин колдоо маанилүү. Алты мектептин алдыңкы окуучулары менен өткөн жолугушуу ушул жагынан жакшы башталыш боло алат. Эми ошол жерде айтылган сунуштар конкреттүү долбоорлорго, иш-чараларга жана чечимдерге айланышы керек.

Мисалы, ЖРТга даярдоонун акысыз борборлорун уюштуруу, мектептердин базасында IT, робототехника, спорттук жана чыгармачылык ийримдерди ачуу, мыкты окуучуларга стипендиялык колдоо көрсөтүү сыяктуу демилгелерди этап-этабы менен ишке ашырууга болот.
Сузактын жаштарынын талабы — ашыкча нерсе эмес. Алар болгону билим алууга, жөндөмүн өнүктүрүүгө жана коомдо өз ордун табууга тең мүмкүнчүлүк берилишин каалап жатышат.
Калкынын саны өсүп, жаш муундун үлүшү жогору болгон райондо билим берүүгө жумшалган каражатты чыгым катары эмес, келечекке салынган инвестиция катары кароо зарыл. Анткени бүгүн сапаттуу билим алган бала эртең өлкөнүн экономикасына, илимине, маданиятына жана коомдук турмушуна салым кошкон жаран болуп жетилет.
Сузактын жаштарынын үнү дал ушул жөнөкөй, бирок маанилүү чындыкты эске салып турат: жаштардын келечегине шарт түзүү — бүгүнкү күндүн эң чоң социалдык милдети.
Чекиров Кубатбек, “Кут Билим”