Суицид: себеби жана өзөгү
- 29.11.2024
- 0
Өзүн-өзү өлтүрүү – дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды каптаган олуттуу маселе. Дүйнөдө ар бир 40 секундда бирден адам өз жанын кыят. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына 700 миң адам суицидге барарын эсептеп чыккан. Бул психологиялык оор чечимдин кантип алдын алса болот? Себептери эмнеде? Алдыда ушул көйгөйлөргө токтолобуз.
Ички иштер министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2024-жылдын он айында 75 бала өз жанын кыйган. Бул былтыркы жылга караганда төрт учурга аз.
Адистердин айтымына караганда, 15 жаштан 29 жашка чейинки жаштар арасында жол кырсыгы менен суицидден каза болгондор басымдуу. Өспүрүмдөрдү суицидге түрткөн негизги себептер эмнеде? Бу л тууралуу балдар психологу Рана Акматова төмөнкүлөргө токтолду:
“Өспүрүм куракта чөйрөнүн мамилеси негизги ролду ойнойт. Баланын өзүн-өзү кабыл ала албашы, сырткы көрүнүшүнө карата шылдыңдоолор психологиясына терс таасир алып келет. Ата-энелер эркелеткенде баланын өзгөчөлүктөрүнө карата эркелетишет. Мисалы, “капкарам, томпогум, делдең кулагым” деген сөздөр барып-барып балага жаракат болуп калат. Мектептен, досторунан, үй-бүлөдөн колдоо болбосо балдар өздөрүн керексиз сезип баштайт. Мына ушундай чөйрөдөн болгон кысымдар, басымдар негизги себептерден болот. Зомбулуктун айынан өз жанын кыйгандар абдан көп. Достору тарабынан буллинг болсо, бөлүнүп калуу балага оор тиет. Бул дагы суицидге баруусуна чоң себептердин бири”.
Сексуалдык, физикалык зомбулук көргөн бала өз жанын кыюуга көп барат. Башынан өткөн окуяны эч ким менен бөлүшө албай, эң оор абалга дуушар болот. Өспүрүм куракта балдардын психикасы калыптана элек, сырттагы оор көйгөйлөргө реакциясы курч, эмоционалдык жактан жетиле элек болгондуктан, көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу катары суицидди көрүшөт.
15 жаштагы Наргиза (каармандын аты өзгөртүлдү) үч ирет өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок үчөөсүндө тең өлбөй калган. Муну билгенден кийин апасы Наргиза менен сүйлөшүп, психологго алып барып, аны оор абалдан алып чыккан. Апасынын айтуусу боюнча, кызынын буга чейин зомбулукка кабылганын билген эмес, бул эле себеп болбостон ага үйдөн мээрим да жетпей калган.
“Мен эртеден кечке жумушта болгондуктан кызым менен чер жазып маектешкен учурлар деле болбойт. Кызыма мээрим, көңүл буруу жетпей жатканын кеч байкадым. Мени кыйналбасын деп, мага өзүнүн маселелерин такыр айтчу эмес экен. Психологго алып барганда, кызымдын кандай абалда жүргөнүн угуп. аябай ыйладым”, — дейт Наргизанын апасы.
Адистер суицидге барган балдар көбүнчө өткөөл куракта болот дешет. Дал ушул мезгилде болгон өзгөрүүлөрдү убактылуу экендигин түшүнө албашы, же белгисиздик же жакындары менен болгон келишпестиктер баланы өзүн-өзү өлтүрүүгө алып келиши мүмкүн.
Суицидге бара турган баланын жүрүм-турумунда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?
Психолог Рана Акматова: “Жанын кыйгысы келген адам өз ичинен билдирбестен жакындары менен коштошот”, — дейт.
“Балада эмоционалдык жактан туруксуздук байкалат.Капалуу болуп, оюндарга да кызыгуусу жок, түнт болуп калат. Өзүн жараксыз сезип, келечекке үмүтсүз болуп баштайт. Көбүнчө жалгыздыкты эңсеп калат. Ата-энесине, досторуна кошулбай, обочолонуп жүрүүгө аракет кылат. “Алыстарга кетем, бул жашоо кызыксыз” деген сыяктуу көңүл калган сөздөрдү айтып баштайт. Төшөктөн турбай, тамакка табити жоголот. Же, тескерисинче, ашыкча жеп, депрессия абалына түшүп кетет. Тынчсыздандырган сүрөттөрдү тартат же буюмдарын башкаларга берет. Табышмактантып сүйлөп, өз ичинен коштошуп баштайт. Көбүнчө коштошуу катын жазган учурлар көп кездешет. Мына ушундай белгилерди байкаса, ата-эне дароо баласы менен сүйлөшүүгө барышы керек”.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда жанын кыйгандардын 22% ашууну асынып, 17% дары-дармек, уу заттарды ичип, калганы тамырын кыйып, сууга чөгүп, бийиктиктен секирип, өзүнө өрт коюп же өзүн-өзү атып каза болушууда.
Социалдык тармактардын суициддеги ролу
Изилдөөлөргө таянсак соцтармакты өтө көп колдонуучулардын 13 пайыздан 66 пайызга чейинкилеринин депрессия болуу коркунучу бар. Учурда адамдар жашоосун интернетсиз элестете албайт. Социалдык тармактарда адамдар реалдуулуктан алыс болгон образды жаратышат. Жасалма сүрөттөр, монтаждалган видеолор психологияга таасир берет. Толук калыптана элек жаш балдар бул нерселерди кайталоого кызыкдар болот. Интернеттен адамдын кантип каза болгонун, анын артынан жакындары кайгырып калганы сыяктуу деталдуу видеолорду табуу оңой. Маселен, кайсы бир атактуу адамдын өлүмүн ийне-жибине чейин сүрөттөө эмоционалдык жактан кыйналып турган адамга оор тийип, аны тууроого себепчи боло алат.
Өз жанын кыюу Кыргызстанда эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдө да чоң традегия. Бул маселе боюнча дүйнөдө миңдеген борборлор, саламаттыкты сактоо уюмдары, психологдор жана дин адамдары тынбай күрөшүп, туура жолго үндөп келет.
“Азаттык” медиасынын 2024-жылкы берген маалыматына караганда, өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы изилдөөсү боюнча, Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен начар экени айтылган. Жаштардын 2,6% депрессиядан жабыркай турганы, акыркы он жылда суициддик мүнөздөгү жүрүм-турум 22,6% көбөйгөнү белгиленген.
Өлкөбүздө ата-эне менен баланын ортосундагы кош мамиле баарына эле кадимки көрүнүш эмеспи. Көп көйгөйлөрдүн баары ушундай мамиледен жараларын эч ким деле капарына албайт. Биздеги үй-бүлө институтунун канчалык алсыз экендиги өкүндүрөт.
Каныкей (каармандын аты өзгөртүлдү) быйыл болгону 16га чыкмак. Бир жыл мурун өз жанын кыйып, жакындарын сыздатып бул дүйнөдөн кете берген. Ал күйүтүн, эч ким укпаган арманын бир ууч баракка жазып кетиптир. Бетме-бет отуруп сүйлөшө албаган атасы азыр ал баракты койнуна катып отурат. Каныкей жакындарынан мээрим көрбөгөн, ата-энесинин жаңжалынан жабыркагандардан. Анын үй-бүлөсүнүн оту тутанбай, атасы менен апасы эки жолго түшкөн. Апасы да, атасы да жаңы курган үй-бүлөсү менен алек болуп, Каныкейге көңүл бурган адам болбоптур. Апасына барса өгөй ата, атасына келсе өгөй апа…
Каныкейге окшоп үй-бүлө зомбулугуна кабылгандар четтен табылат. Статистика боюнча 2021-жылы карантин убагында суицидге барган балдардын саны кескин өскөн. Ал бир жыл ичинде 88ге жеткен. Бул көрсөткүч боюнча, үй-бүлөдөгү келишпестиктер өз жанын кыюуда чоң роль ойнорун байкасак болот. Анткени карантинде сыртка чыгууга тыюу салынгандыктан, ар бир үй-бүлө мүчөсү бирге убакыт өткөргөн.
Айдана Маматбердиева, «Кут Билим»
Комментарийлер