СТУДЕНТТИК АЛМАШУУ: АЙМАКТАРДЫ БИРИКТИРГЕН БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ

  • 08.06.2026
  • 0

Кыргызстанда билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган дагы бир маанилүү чечим кабыл алынды. Президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө» Жарлыгы өлкөдөгү жогорку билим берүү системасын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган стратегиялык документ катары бааланууда. Бул демилге бир гана студенттердин окуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтпестен, аймактардын өнүгүшүнө, кадрдык потенциалдын бекемделишине жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга да кызмат кылат.

СТУДЕНТТИК АЛМАШУУ: АЙМАКТАРДЫ БИРИКТИРГЕН БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ

Өлкөдө академиялык жана ички мобилдүүлүктү ийгиликтүү ишке ашырып жаткан окуу жайлардын бири – Ош мамлекеттик университети.

Окуу жайдын  эл аралык байланыштар бөлүмүнүн инспектору Жылдыз Эргешованын  айтымында, университет акыркы жылдары өлкөнүн ар кайсы жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты күчөтүп, студенттердин билим алмашуу программаларына катышуусун кеңейтип келет. Бул багыттагы иштер жаңы жарлык кабыл алынганга чейин эле жүргүзүлүп келгендиктен, ОшМУ бүгүнкү күндө мобилдүүлүк боюнча олуттуу тажрыйба топтогон окуу жайлардын катарына кирет.

Бир жыл аралыгында университеттен 307 студент өлкөнүн ар кайсы окуу жайларына барып билим алышкан. Алар Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында, Бишкек мамлекеттик университетинде, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, Кыргыз-Россия славян университетинде жана башка окуу жайларда билим деңгээлин жогорулатышкан.

Бул көрсөткүчтөр мобилдүүлүк программалары студенттер арасында чоң кызыгууну жаратып жатканын айгинелейт. Студенттер бир нече ай бою башка окуу жайларда окуп, жаңы окутуу ыкмалары, академиялык талаптар жана илимий чөйрө менен таанышып келишет. Мындай программалар студенттердин өз алдынча иштөө жөндөмүн күчөтүп, жаңы билим берүү чөйрөсүнө ыңгайлашуусуна жардам берет. Ошондой эле окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт.

СТУДЕНТТИК АЛМАШУУ: АЙМАКТАРДЫ БИРИКТИРГЕН БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ

Программанын активдүү катышуучусу Эрбол

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинин үчүнчү курсунун студенти Эрбол Келдибаев академиялык мобилдүүлүк программасына экинчи курстан баштап катышып келет. Ал котормо жана котормо таануу багында билим алат. Алгач Синьцзянь педагогикалык университетинде уюштурулган жайкы эки жумалык лагерь анын билим жолундагы биринчи чоң тажрыйба болуптур.

Студенттин айтымында, бул убакыт аралыгында алар кытай тилин өркүндөтүү менен катар Кытайдын тарыхын, маданиятын жана билим берүү системасын жакындан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Эң башкысы, студенттердин бардык чыгымдары: жол акы, жатакана, үч маал тамагын кабыл алуучу тарап камсыздаган.

Ошол эле курстун экинчи семестринде Эрбол Хайнань провинциясындагы Хайкоу педагогикалык университетинде беш ай окууга мүмкүнчүлүк алган. Кытайдагы окуу  программасына кытай тилинен тест тапшырып, окутуучулары менен баарлашып, жеңип алган гранддын негизинде катышып калган. Ар бир студентке ай сайын 30миң сомдон стипендия да төлөнүп турган.

Студент чет өлкөдө билим алуу тил үйрөнүү менен гана чектелберин айтат.

«Биз менен бирге Египеттен, Таиланддан, Россиядан, Казакстандан, Кореядан жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер окушту. Жатаканаларга атайын ар башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бир бөлмөгө жайгаштырышат. Мен египеттик студент менен жашадым. Мен араб, ал менин тилимди билбегендиктен, күн сайын кытайча сүйлөшүп жатып да тажрыйба арттырдым. Бул менин тилдик жөндөмдөрүмдү гана эмес, адамдар менен иштешүү көндүмдөрүмдү да жакшыртты», – дейт студент.

СТУДЕНТТИК АЛМАШУУ: АЙМАКТАРДЫ БИРИКТИРГЕН БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ

Бишкектеги тажрыйба жана жаңы мүмкүнчүлүктөр

Кытайдагы окуудан кийин тагыраагы, быйыл Эрбол Келдибаев академиялык мобилдүүлүк аркылуу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде дагы бир семестр окуду. Кызыгы «Манас» университети ачылгандан ушул күнгө чейин кытай тили боюнча алмашуу программасынан бир да окуу жайдан келген эмес. ОшМунун студенти окуу жайдын тарыхындагы биринчи студент болду.

Студент академиялык мобилдүүлүк программасына катышуу үчүн талапкерлер белгилүү критерийлерге жооп бериши керектигин айтат.

– Ар бир университеттин өзүнүн талаптары болот. Кээ бирлери дилбаян жазууну талап кылса, айрымдары мотивациялык кат сурайт. Ошондой эле студенттин академиялык көрсөткүчтөрү, ортолук баасы жогору болушу зарыл. Андан тышкары, бара турган окуу жайдагы окуу программасы менен өзүбүздүн университеттеги сабактар мүмкүн болушунча дал келиши керек. Болбосо атайын академиялык өргүүгө чыгууга туура келет. Бирок бул маселелерди Ош мамлекеттик университети жакшы жөнгө салган. Программа аркылуу окуп келгенден кийин алган бааларыбыз эсепке алынып, тиешелүү экзамендерди тапшыргандан соң окууну үзгүлтүккө учуратпай эле кийинки курска өтө алабыз. Мындан сырткары университет жатакана маселесин чечүүгө да көмөк көрсөтөт. Студент үчүн жашоо шарты өтө маанилүү. Эгер жатакана менен камсыз болсок, бардык көңүлүбүздү окууга буруп, билим алууга көбүрөөк шарт түзүлөт, — дейт ал.

Ошондой эле Эрбол “Манас” университетиндеги өзгөчөлүктөргө токтолду. Айтымында, окуу жайдагы баалоо системасы башка университеттерден айырмаланып, экзамендер татаалыраак өтөт. Тесттер аз колдонулуп, студент өзүнүн оюн жазуу жүзүндө негиздеп бериши керек. Бирок бул система билимди терең өздөштүрүүгө жардам берет.

Эрбол Келдибаевдин академиялык мобилдүүлүк программасында окуганы дагы бир ийгиликке жол ачкан. Кыргыз улуттук университети менен Кытайдын Хэйлунцзянь университети уюштурган видео-сынакта жеңүүчү болуп, магистратурада окуу үчүн грант утуп алган. Буйруса, бакалаврды аяктаганда магистратураны Кытайда улантууга даярдык көрүүдө.

  • Мобилдүүлүк жаңы адамдарды, жаңы билимдерди жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондуктан ар бир студент мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай катышууга аракет кылышы керек, – деп эсептейт ал.

Студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгү жөн гана билим берүү тармагындагы дагы бир программа эмес. Ал өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга, жаштарды атаандаштыкка жөндөмдүү адис катары даярдоого жана региондордун өнүгүүсүнө багытталган узак мөөнөттүү инвестиция болуп саналат.

Президенттин жаңы жарлыгы бул багыттагы иштерди мамлекеттик деңгээлге чыгарып, билим берүү тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ал эми Ош мамлекеттик университетинин мисалы мындай механизмдердин иш жүзүндө натыйжалуу экенин көрсөтүп турат.

СТУДЕНТТИК АЛМАШУУ: АЙМАКТАРДЫ БИРИКТИРГЕН БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ

Студенттик инфраструктура – ийгиликтин негизги шарты

Жарлыктагы эң маанилүү багыттардын бири – студенттик инфраструктураны өнүктүрүү маселеси. Өкмөткө кеминде 9000 студентке ылайыкталган жатаканаларды этап-этабы менен куруу тапшырмасы берилди.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү көптөгөн окуу жайларда жатакана маселеси актуалдуу бойдон калууда. Айрыкча, алыскы аймактардан келген студенттер үчүн турак жай маселеси билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет.

Ошондуктан жаңы жатаканалардын курулушу жөн гана социалдык долбоор эмес, мобилдүүлүк программасынын ийгиликтүү иштешин камсыз кыла турган негизги факторлордун бири болуп саналат. Андан тышкары, жаңы жатаканалар спорт аянтчалары, окуу борборлору, ашканалар жана башка зарыл инфраструктура менен камсыздалмакчы.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер