СТУДЕНТТЕРДИН РОТАЦИЯСЫ — АЙМАКТЫК ӨНҮГҮҮГӨ КАДАМ

  • 27.10.2026

Өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарынын ортосундагы байланышты чыңдоо, жогорку билим берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана жаштарды региондорго тартуу — бүгүнкү күндүн башкы артыкчылыктарынын бири. Бул максаттарды ишке ашырууга багытталган студенттердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча жаңы мамлекеттик демилге билим берүү тармагындагы маанилүү реформалардын бири катары сунушталууда.

Ротациялык программанын негизги көздөгөнү — жаштардын Кыргызстандын түрдүү аймактарында билим алуусуна шарт түзүү, региондордогу кадр тартыштыгын азайтуу жана аймактар аралык ажырымды жоюуга салым кошуу болуп саналат.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров студенттерди ротациялоо демилгесине токтолуп, өлкөдөгү аймактык бөлүнүү маселесине өзгөчө көңүл бурду:«Илгертен бери келе жаткан бөлүнүүнү жок кылам деп өзүмө сөз бергем. Эмдиги жылы студенттерди дагы ротация кылабыз», — деп билдирди Президент.

СТУДЕНТТЕРДИН РОТАЦИЯСЫ — АЙМАКТЫК ӨНҮГҮҮГӨ  КАДАМ

Мамлекеттик демилгени ишке ашыруу максатында Президенттин тиешелүү жарлыгы чыгып, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан жаңы долбоор даярдалып, коомчулукка сунушталды.

Бул демилге студенттерди жөн гана бир окуу жайдан экинчисине которуу менен чектелбейт. Ал жаштардын башка аймактарда билим алуусуна реалдуу мүмкүнчүлүк түзүү аркылуу региондордогу кадрдык дараметти бекемдөөгө жана өлкө аймактарынын ортосундагы социалдык-маданий интеграцияны чыңдоого багытталган.

Мамлекеттик колдоо — академикалык мобилдүүлүктүн негизги шарты

Студенттердин башка аймактарга барып билим алуусундагы башкы тоскоолдуктардын бири — каржылык чыгымдар. Жатакана, жол кире жана күнүмдүк керектөөлөр жаштардын тандоосуна түз таасирин тийгизет. Ошондуктан мамлекет тарабынан көрсөтүлө турган каржылык колдоо программанын ийгиликтүү иштешинин негизги кепилдиги болуп саналат.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Исраилова студенттерге бериле турган жеңилдиктер тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:«Мобилдүүлүккө катышкан студенттерге мамлекет тарабынан 2500 сомдон стипендия белгиленет. Ошондой эле, эгер бала Ысык-Көл облусунан Ош облусуна барып окуй турган болсо, авиакаттамдардын чыгымдары дагы мамлекет тарабынан төлөнөт».

СТУДЕНТТЕРДИН РОТАЦИЯСЫ — АЙМАКТЫК ӨНҮГҮҮГӨ  КАДАМ

Министрликтин маалыматы боюнча, программанын кийинки этабында жалпы 10 миң гранттык орундун ичинен 4 миң орунду студенттер аралык мобилдүүлүккө бөлүү сунушталууда. Бул мүмкүнчүлүк гранттык негизде билим алууну каалаган студенттерге арналат.

Мындай колдоо жаштардын башка аймакта билим алуусуна байланыштуу каржылык түйшүгүн бир топ жеңилдетет. Ошол эле учурда программанын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн жатакана маселеси, жол чыгымдарын төлөө тартиби жана студенттерди тандоо критерийлери так аныкталууга тийиш.

Ротация — кадр тартыштыгын чечүүнүн куралы

Кыргызстандын региондорунда квалификациялуу адистерге болгон муктаждыкты азайтуу — демилгенин дагы бир стратегиялык максаты. Жаштардын билим алуу үчүн негизинен борбор калаага умтулуусу аймактарда кадр тартыштыгынын сакталып калышына алып келүүдө.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу башкармалыгынын башчысы Эдил Амантур уулу студенттердин ротациясы аймактардагы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана кадр маселесин чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгилейт.

СТУДЕНТТЕРДИН РОТАЦИЯСЫ — АЙМАКТЫК ӨНҮГҮҮГӨ  КАДАМ

Анын айтымында, Президент тарабынан жатаканаларды куруу боюнча чечимдин кабыл алынышы студенттерди аймактарга жөнөтүү демилгесин ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат.

«Билим берүү тармагы тарабынан шарт түзүп берүү менен гана чектелбейт. Ал жерде кадр даярдоо, аймактардагы билим берүү каражаттарын жана ресурстарын чыңдоо керек. Студенттердин аймактарга таралып, аралашуусу ошол жактагы кадр жетишсиздигин толуктоого да өбөлгө түзөт», — дейт Эдил Амантур уулу.

Албетте, студенттерди региондорго жөнөтүү менен гана кадр тартыштыгын толук чечүү мүмкүн эмес. Жаштардын сапаттуу билим алышы, адистиги боюнча ишке орношуусу жана аймактарда туруктуу иштеп калуусу үчүн социалдык-экономикалык шарттар түзүлүшү зарыл. Эгер бүтүрүүчүлөр окууну аяктагандан кийин кайрадан борборго кайтууга аргасыз болсо, ротациянын узак мөөнөттүү натыйжалуулугу төмөн болот.

Ошондуктан студенттердин мобилдүүлүгү кадрларды даярдоо, жумуш орундары менен камсыз кылуу жана региондордогу билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү менен комплекстүү түрдө коштолушу абзел.

Аймактык биримдик жана билим берүү теңдиги

Студенттердин ротациясы билим берүү маселеси менен катар коомдук биримдикти чыңдоого да багытталган. Ар кайсы аймактан келген жаштардын бир чөйрөдө билим алышы алардын бири-бирин жакындан таануусуна, тажрыйба алмашуусуна жана өз ара түшүнүшүүсүнө шарт түзөт.

Ошондой эле программанын натыйжалуулугун баалоодо канча студент катышканы гана эмес, алардын окуудагы жетишкендиктери, окууну аяктагандан кийинки ишке орношуусу жана аймактарда иштеп калуу көрсөткүчтөрү да маанилүү.

Студенттерди аймактар аралык ротациялоо — жаштардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, региондордогу кадр тартыштыгын азайтууга жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бекемдөөгө багытталган улуттук маанидеги демилге.

Мамлекет башчысы белгилеген аймактык ажырымды жоюу максаты менен тармактык министрликтин каржылык колдоо пландары өз ара айкалышта ишке ашырылууда. Ал эми билим берүү коомчулугу жатакана куруу, сапаттуу кадрларды даярдоо жана аймактык ресурстарды өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатат.

Демилгенин реалдуу натыйжасы студенттерге түзүлгөн шарттарга, билим берүүнүн мазмунуна жана бүтүрүүчүлөрдүн региондордо калып иштөөсүнө байланыштуу. Эгер бул маселелер системалуу түрдө чечилсе, студенттердин мобилдүүлүгү өлкөнүн туруктуу аймактык өнүгүүсүнө кубаттуу түрткү берет.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү