STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

  • 15.12.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы №40 мектепте “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына STEAM технологияларын киргизүү, ишке ашыруу жана апробациялоо” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Ага Бишкек шаарындагы Ленин районунун орто мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Тегерек столго келген Ленин райондук администрация башчысынын орун басары Айзада Жунусова, жаңы жылды утурлай ушундай иш-чара уюштуруп, майрамдык маанай тартуулаган №22 бала бакчанын жетекчиси Индира Дуулановага жана анын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.

— Индира Батырбековна жетектеген бала бакча көптөгөн ийгиликтерге жетишип келатканына баарыбыз күбө болуудабыз. Айрыкча, заманбап технологиялар менен иш алып барып, долбоорлорду жазып, аны жазып эле тим болбостон, жеңишке жетишип жатканы кубандырат. Анын ушундай демилгелери баардыгына “жугуштуу” болуп, сиздер да бир орунга турбастан, күн сайын жаңы ачылыштарга, жаңы ийгиликтерге умтулуп, багындыра берүүңүздөргө тилектештигимди билдиремин” — деди.

STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Индира Дууланова кесиптештерине “Балдар технопаркы “Oрбиталь”+3”, мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүгө жана тарбиялоого чыгармачылык мамиленин интеграциялык модели” деген темада кызыктуу доклад жасады.

— Биз азыр дүйнөдө фундаменталдык билимди жаңы муунга жөн эле өткөрүп берүү принциби эскирип калганын, анын сапаты кайра карап чыгууга муктаж экенин жакшы түшүнөбүз. Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн азыркы этабында баланын инсандыгын ар тараптуу өнүктүрүүгө, анын ичинде: кызыгуучулук, максатка умтулуучулук, өз алдынчалык, критикалык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү, чыгармачылык, балдарды ийгиликтүү социалдаштырууну камсыз кылуу, жаш муундун, адамдын жана анын натыйжасында коомдун жана мамлекеттин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасалууда.

Биздин бала бакча былтыртан бери ушул жаңы, инновациялык жана креативдүү өнүгүүгө багыт алды десек болот. Алсак, мен жетектеген №22 бала бакча Кыргызстан боюнча сертификаты бар алгачкы «Орбиталь»3+ Технопаркынын” алкагындагы мектепке чейинки жана башталгыч мектеп курагындагы балдар үчүн политехникалык жана полиарттык билим берүүнү системалык интеграциялоо борбору болуп калды. Биз буга “Россиянын мектепке чейинки курактагы балдары” союзу жана “Конвергенттик технологиялар” коомдук кесиптик уюму сыяктуу эл аралык педагогикалык уюмдар менен тажрыйба алмашуунун натыйжасында жетише алдык, — деди Индира Батырбековна сыймыктануу менен.

STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Анын айтымында, “Орбиталь”3+Технопарк программасынын концепциясы STEAM технологиясынын призмасы аркылуу Кыргызстандын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» мамлекеттик билим берүү стандартынын бардык талаптарына жооп берет жана дисциплиналар жана прикладдык мамилелер аралык байланышты колдонуу менен окутуу идеясына негизделет. Тагыраак айтканда, өзүнчө предметти окуунун ордуна, STEAM аларды бирдиктүү окуу системасына интеграциялайт.

STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Бүгүнкү күндө дүйнөдө биз интернет желеси аркылуу каалаган маалыматты оңой таап алабыз, бирок биз үчүн андан да маанилүүсү — критикалык ой жүгүртүү, маселелерди чыгармачылык менен чечүү, баарлашуу жана командада иштөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу эмеспи.

— Бала бакчаларда STEAM лабораториясын киргизүүнүн аркасында өлкөбүздө технологиялык процессти өнүктүрүүдө жана технологияларды модернизациялоодо алдыңкы ролду ойной турган илимий жана инженердик кадрларга болгон муктаждыкты канааттандырууга мүмкүн болот. Биздин балдар бала бакчадагы курагында эле мектеп инновацияларына даяр болушу керек. Демек, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү вектору STEAM технологиясы призмасы аркылуу «Орбиталь”3+» Технопаркынын потенциалы менен дал келет, — дейт ал ишенимдүү.

STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Технопарк “Орбиталь”3+ программасынын моделинде сегиз Орбита болсо, анын ичинен төртөөсүн: ЭКОорбита, ТЕХНОорбита, МЕДИАорбита жана АРТорбитаны аныктап алып, №22 бала бакчанын базасында мектепке чейинки билим берүү сабак планына ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап билим берүү аянтчалары түрүндө апробациясы өтө баштаган эле.

Окурмандарга кененирээк маалымат берүү максатында биз бирин-экин аянтчага кененирээк токтоло кетели. Мисалы, «ЭКОорбита” билим берүү аянтчасы STEAM-билим берүү — жандуу жана жансыз жаратылыш менен эксперимент жүргүзүү модулун камтыйт. Бул платформа жаш бөбөктөрдүн чоң жетишкендиктерге жетишине мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Анткени дүйнөнү таанып билүү сезимдерден, кабылдоодон башталат эмеспи, сезүү жана кабылдоо канчалык бай болсо, баланын айланасындагы дүйнө жөнүндө алган маалыматы ошончолук кеңири жана көп кырдуу болот. Бул аянтча мисалы, балдарга суунун, абанын касиеттери, жансыз жана жандуу жаратылыш ж.б. менен тааныштырууну уюштурууга мүмкүндүк берет.

STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Ал эми “ТЕХНОорбита” билим берүү аянтчасына үч модуль кирет, ага Ф.Фребелдин дидактикалык системасы, математикалык өнүгүү жана LEGO курулушу сыяктуу STEAM технологиялык модулдары камтылган. Фридрих Фребелдин дидактикалык системасы балдарга геометриялык фигуралар менен таанышууга, дүйнөнүн эң кеңири таралган объектилерин өздөштүрүүгө, курчап турган чөйрөдөгү предметтер менен эксперимент жасоого ж.б. мүмкүндүк берет.

“РОБОорбита” билим берүү аянтчасы жөнүндө ашыкча сөз кылуунун кажети деле жоктур. Себеп дегенде, ал заманбап билим берүү процессинде эң популярдуу. Бала бакчада үч робот бар. Анын ичинен эң жөнөкөйү батарейка менен иштеген “чычкан” роботу, ал адегенде алгоритм түзүп, анан программалайт. Адистердин айтымында, РОБОорбитаны негизинен жөнөкөйдөн баштоо керек.

Төрт билим берүү аянтчасынын ичинен МЕДИАорбита билим берүү аянтчасы да көрүүчүлөр арасында зор кызыгууну жаратты. Анда камерасы менен мультстудия жайгашкан. Балдар тарбиячылардын жетекчилиги алдында ноутбук тиркемеси аркылуу мультфильм тарта алат.

Жогоруда аталган бала бакча STEAM технологиясы менен былтыркы жайдан бери иштеп келатат. Мында ачылган STEAM кабинети “Орбиталь Технопарк 3+ билим берүү аянтчаларына ылайык жабдылган. Талапка ылайык, IT адисинин жаңы штатын ачып алышты, анткени тарбиячылар биринчи кезекте ушундай адистин жардамына муктаж болору анык.

Апробация үч жылга эсептелген, төрт аянтчада балдардын долбоордук-изилдөө иш-чараларында сабактар ​​өткөрүлөт. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин педагогдору STEAM технологиясы призмасы аркылуу “Орбиталь Технопарк 3+ программасынын методикасынын форматында кыргыз тилинде сабактардын пландарын жана рефераттарын иштеп чыгууда.

Мына ушунун баары Бишкек шаарындагы №22 бала бакчанын жетекчиси Индира Дууланованын чыгармачыл, креативдүү аракеттеринин натыйжасында ишке ашып жатканын баса белгилеп коюу жөндүү. Анын дагы бир ийгилигин белгилеп кетпесек болбос. Ушул жайдын май айында Бишкек шаардык мэрия шаарды көрктөндүрүү боюнча мыкты долбоорлорго сынак жарыялаганда, Индира Батырбековна кичинекей бөбөктөр жана өспүрүмдөр үчүн көп функционалдуу аянт курууну максат койгон. Ал максатын ишке ашыруу үчүн көп балалуу ата-энелер арасында “Жайында балдар эмне менен алектенет?” деген сурамжылоо жүргүзгөн. Натыйжада балдарды өнүктүрүү борборлоруна балдарын жөнөтө албаган көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн “Бала келечекте” деген долбоор жазып, 100 миң сом утуп алган эле. Долбоордун алкагында №22 бала бакчасынын базасында эки ай бою балдар үчүн көп функционалдуу билим берүүчү эс алуу аянтчасы уюштурулган. Тагыраак айтканда, алты жаштан 11 жашка чейинки балдар үчүн акысыз кол өнөрчүлүк ийримдери, мастер-класстар, лекциялар, тренингдер (интеллектуалдык командалык оюндар) өткөрүлдү. Бул иш-чаранын баардыгы балдардын коомдогу активдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана өзүн-өзү таанууга шарт түздү. Ага жалпысынан 31 бала тартылган. Балдар үчүн робототехника жана шахмат боюнча мелдештер, ошондой эле пластилинге тартылган сүрөттөрдүн жеке көргөзмөлөрү, сүрөт тартуу жана моделдөө ийримдери жана балдар психологиясы боюнча «Мен өспүрүм» курсу өткөрүлгөн.

Долбоордун  жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар, дипломдор жана медалдар тапшырылган.

Ушул сыяктуу долбоорду борбор калаабыздагы башка билим берүү мекемелерине жайылтсак, балдардын жайкы эс алуу мезгилинин пайдалуу өтүшүнө ар бирибиз салым кошкон болор элек.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер