СТАНДАРТ, STEAM жана ЖАШЫЛ КӨНДҮМДӨР

  • 01.09.2025
  • 0

Бардык билим берүү мекемелериндей эле мектепке чейинки мекеме-уюмдарында да жаңы окуу жылы өзгөрүүлөр, жаңылыктар менен башталмакчы. Бала бакча тарбиячыларынын, жетекчилеринин алдында мектепке чейинки билим берүүдөн 12 жылдык билим берүүгө үзгүлтүксүз өтүүнү камсыздоо милдети турат.

Бишкек шаарындагы музыкалык-педагогикалык институттун директору Уланбек Мамбетакунов баардыгы үчүн эң маанилүү болуп турган бул тема жаңы окуу жылын баштоого старт берген Август кеңешмесинде кызуу талкуулангандыгын белгилеп өттү.

— “Мектепке чейинки билим берүүдөн 12 жылдык билим берүү системасына үзгүлтүксүз өтүүнү камсыздоо: стандарттар, көндүмдөр жана инновациялык ыкмалар” секциясында бала бакча башчылары, тарбиячылары менен биргеликте талкуулар жүрдү. Негизги катышуучулар агартуу министрлигинин өкүлдөрү, мектепке чейинки  билим берүү уюмдарынын директорлору, тарбиячылар ж.б. болду. Мен жетектеген секцияда мектепке чейинки билим берүүдөгү нормативдик-укуктук база, мектепке чейинки билим берүү системасындагы актуалдуу өзгөрүүлөр, жаңы нормативдик-укуктук актыларга сереп салуу, колдонуу практикасы жана киргизүү боюнча сунуштар жана 12 жылдык билим берүү шартында тарбиячылардын документооборотун модернизациялоо боюнча кеңири сөз кылдык.

Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик билим берүү стандарты биздин мамлекетибиздин эң кичинекей жарандары үчүн сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө негизги ролду ойнойт. Стандартта көрсөтүлгөн талаптар жашоо шартына жана жашаган жерине карабастан, бардык балдар үчүн бирдей башталгыч мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылышы керек.

Стандарт — бул бир эле калыпта жүргөн документ эмес, ал дүйнөлүк билим берүү системасынын өзгөрүүлөрүнө шайкеш болгон “жандуу” документ. Ошондуктан, замандын талабына жараша өзгөрүлүп турушу шарт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Мамлекеттик стандарт 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү жана багуу боюнча бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилөөчү негизги документ.

Мектепке чейинки билим берүүнүн философиясы катары Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү системасы жашоону өз алдынча жана жоопкерчиликтүү тандоого, чыгармачылык менен өзүн көрсөтүүгө, коомдо натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жана өлкөнүн турмушуна активдүү катышууга жөндөмдүү инсанды калыптандырууга багытталган.

Мектепке чейинки билим берүү системасында мекенчилдик, чынчылдык жана адилеттүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк, боорукердик жана жан тартуу, эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана туруктууу өнүгүү принциптерин кармануу баалуулуктарды калыптандыруу талабы коюлган. Мындан тышкары социалдык-коммуникативдик, таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүк, маалыматтык-санариптик жана эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу да эң орчундуу маселелердин бири катары белгиленген, — дейт У.Мамбетакунов.

Катышуучулар белгилегендей, бала бакча тарбиячылары үчүн иш кагаздарын жүргүзүүдөгү жаңы ыкмалар, 12 жылдык билим берүүгө даярдыкта ийкемдүү көндүмдөрдү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү, келечектин компетенциялары: ийкемдүү көндүмдөр жана көп тилдүүлүк, эрте жаштагы жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, STEAM-чөйрөсүндө сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, тил өнүгүүсүн STEAM иш-аракетине интеграциялоо, куралдар жана методикалар, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде инновациялык ыкмалары өтө кызыктуу өттү. Алсак, Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Кеңешчоро кызы Салтанат ийкемдүү көндүмдөр жана көп тилдүүлүк боюнча өткөн мастер-классында бүгүнкү күндө ийгиликке жетүүнүн негизги факторлорунун бири – бул ийкемдүү көндүмдөр жана көп тил билүү жөндөмү экендигин, коммуникация, команда менен иштөө, жоопкерчилик, лидерлик, чыгармачылык сыяктуу жумшак көндүмдөр адамдын кесиптик жана жеке жашоосунда чоң роль ойноорун белгиледи.

Көп тилдүүлүк – бул дүйнөнү кеңири түшүнүүнүн, маданияттар аралык баарлашуунун жана жаӊы мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы. Ар түрдүү тилдерди билүү адамдын дүйнө таанымын кеңейтет жана өзүнө болгон ишенимди арттырат.

Бул секцияда катышуучуларга STEAM — чөйрөсү аркылуу мектепке чейинки курактагы балдардын сүйлөө көндүмдөрүн натыйжалуу өнүктүрүү жолдору сунушталды. Спикерлер тилди өнүктүрүүнү STEAM-элементтерине интеграциялоо боюнча инновациялык методдорду жана куралдарды тааныштырышты.

Балдарга көркөм текст окуу ыкмалары боюнча Каракол шаардык балдар билим берүү борборунун директору Нургүл Шарапова айтып берди. Ал өзүнүн тажрыйбасына таянып, текст менен иштөөнүн креативдүү ыкмаларын, балдардын кызыгуусун ойготкон усулдарды жана көркөм сөз аркылуу баланын тил байлыгын, аң-сезимин, элестетүүсүн кантип өнүктүрсө болорун белгилеп өттү. Катышуучулар балдар менен көркөм текстти окуунун заманбап ыкмалары менен таанышып гана тим болбостон, практикалык мисалдар аркылуу окуу процессине эмоционалдык, интерактивдүү ыкмаларды кантип кошсо болорун үйрөнүштү; балдардын адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу жолдорун билишти.

Учурдун дагы бир актуалдуу темасы – “жашыл көндүмдөр”. Жаңы шарттарда балдардын “жашыл көндүмдөрүн” калыптандыруу, экологиялык ой жүгүртүүнү жана туруктуу жүрүм-турум адаттарын өнүктүрүү темасында №62 “Каныкей” бала бакчасынын тарбиячысы А.Ураимованын баяндамасы да зор кызыгууну жаратты. Мында экологиялык тарбияны мектепке чейинки билим берүү процессине интеграциялоонун практикалык аспектилери талкууланды. Спикер жаш муундун табиятка болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруудагы ыкмаларды, иш жүзүндөгү мисалдарды жана экологиялык көндүмдөрдү күнүмдүк тарбия ишине кантип натыйжалуу киргизсе болору тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. Мында катышуучулар кайра иштетүү, ресурстарды үнөмдөө, өсүмдүктөргө кам көрүү, табигый чөйрөгө болгон боорукер жана жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүүчү оюндар, практикалык ишмердүүлүктөр жана интерактивдүү ыкмалар, мектепке чейинки курактагы балдардын экологиялык аң-сезимин өнүктүрүү үчүн жаңы шарттарга ылайыкташкан тарбиялык программалар жана демилгелер боюнча маалымат алышты. Бул баяндама педагогдор үчүн гана эмес, ата-энелер үчүн да баалуу маалымат булагы болуп саналат, анткени туруктуу жашоо образын балага кичинесинен үйрөтүү бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ болууда.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер