СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАГЫ ЭМОЦИОНАЛДЫК МАНИПУЛЯЦИЯ

  • 17.09.2026

Акыркы мезгилде Братислава шаарында жарыяланган PISA (Эл аралык окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо программасы) изилдөөсүнүн жыйынтыгы коомчулукта, өзгөчө социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөнүн билим берүү тармагындагы көрсөткүчтөрү жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берген соң, Фейсбук колдонуучусу Чолпон Жээнбекова атайын видео кайрылуу жасап, министрдин сөзүнө каршы пикирин билдирди. Бирок анын билдирүүсү канчалык объективдүү жана негиздүү?

Маалыматтык чабуулдар, атайын же аң-сезимсиз түрдө таралган эмоционалдык билдирүүлөр коомдогу чыныгы абалды бурмалап, тармакта талыкпай эмгектенип жаткан кызматкерлердин кадыр-баркына доо кетирери жашыруун эмес. Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти Бермет Наралиева белгилегендей, фейк жана манипулятивдик контент ар дайым окурмандын эмоциясына басым жасап, аналитикалык ой жүгүртүүнү өчүрүүгө багытталат. Чолпон Жээнбекованын видеосу да дал ушундай эмоционалдык тузакка таянган көрүнүш болуп калды.

PISA КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ: РЕТРОСПЕКТИВА ЖАНА АЗЫРКЫ АЛДЫГА ЖЫЛУУ

Чолпон Жээнбекова өз видеосунда Кыргызстан 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду алганын «шерменделик» катары баалап, министр Кендирбаеваны «элди жана Президентти алдап жатат» деп айыптаган. Анын пикиринде, министр чыгып алып, мугалимдерди урушуп, «кирейин десең жер катуу, өлөйүн десең жан таттуу» деп өкүнүшү керек болчу.

Бирок фактыларга карайлы:

  1. Тарыхый салыштыруу: Кыргызстан PISA изилдөөсүнө мурда 2006 жана 2009-жылдары катышкан. Ошол жылдары өлкөбүз катышкан өлкөлөрдүн эң акыркы орундарын (2006-жылы 57 өлкөдөн 57-орун, 2009-жылы 65 өлкөдөн 65-орун) ээлеген.
  2. Азыркы динамика: Бул жолку тестирлөөдө Кыргызстан 91 өлкөнүн ичинен 80-орунга көтөрүлүп, мурунку начар позициясынан 11 баскычка алдыга жылган.

Бул көрсөткүч – билим берүү тармагы туу чокусуна жетти дегенди билдирбейт, бирок мурунку туңгуюктан чыгуунун жана туруктуу прогресстин белгиси. PISA сыяктуу эл аралык изилдөөлөрдүн натыйжасы бир заматта же бир жылдын ичинде өзгөрүп кетпейт. Ал ондогон жылдарга созулган системдүү эмгекти, реформаларды жана коомдун биргелешкен аракетин талап кылат.

МАСШТАБДУУ КУРУЛУШТАР ЖАНА ПРЕЗИДЕНТТИН УБАДАСЫ

Билим берүү тармагындагы негизги өзгөрүүлөрдүн бири – анын материалдык-техникалык базасынын болуп көрбөгөндөй чыңдалышында. Заманбап шарттар түзүлбөй туруп, билим сапатын жогорулатуу мүмкүн эмес.

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын апрелинде Ош облусунун Кара-Кулжа жана Алай райондорунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин абалы жана аларды жаңылоо пландары тууралуу сүйлөгөн сөзүндө:

«Жылына жүздөгөн мектеп салып жатабыз. 2030-жылга бир дагы айылда эски мектеп калбайт. Керек болсо 2028-жылдын сентябрына чейин бир дагы эски мектеп калбасын деп тапшырма берип, азыр каражат издеп жатабыз. 2028-жылдын 1-сентябрына чейин бардык эски мектептер жаңыланып, окуучулар үчүн эшигин ачат. Ошондон кийин гана спорт комплекс курууга өтөбүз, анткени бардыгын бир убакта жасаганга мүмкүнчүлүк жетпейт» деп айткан.

Ал эми Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев педагогдордун август кеңешмесинде белгилегендей, билим берүү инфраструктурасына акыркы жылдары ири инвестициялар жумшалууда. Акыркы 5 жылдын ичинде өлкөдө 390дон ашык жаңы мектеп курулуп, 110дон ашуун мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жер-жерлердеги билим берүү органдарынын иш ыкчамдыгын жогорулатуу үчүн 91 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды.

Мамлекеттик каржылоонун көлөмү да кескин жогорулады:

  • 2023-жылы билим берүү тармагына 40 миллиард сом бөлүнсө, 2025-жылы каржылоо 85%га көбөйүп, 75 миллиард сомдон ашты.
  • 2026-жылы билим берүү кызматкерлеринин эмгек акы фонду 99 миллиард сомдон ашты.
  • Окуу китептерин басып чыгарууга 2025-жылы 860 миллион сом бөлүнүп, 4,8 миллион нуска китеп чыкса, 2026-жылы дагы 740 миллион сомдон ашык каражат каралган.

Өкмөт башчы белгилегендей: «Бүгүн курулуп жаткан жаңы Кыргызстандын эртеңки тагдыры — бүгүнкү балдардын билиминен, тарбиясынан жана мугалимдин эмгегинен көз каранды».

Ушундай инфраструктуралык чыңдоо, «Алтын казык» сыяктуу мамлекеттик программалар жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүү даярдыктары — билим берүү тутумун дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун реалдуу негизи болуп саналат.

МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕГИН ЖОККО ЧЫГАРУУ ЖАНА КООМЧУЛУКТУН РЕАКЦИЯСЫ

Чолпон Жээнбекова өз кайрылуусунда: «Мугалимдердин билим сапаты жаман болгон үчүн балдардын билим сапаты жаман болуп жатат», «система өлүп калган» деп, миңдеген педагогдордун эмгегин жокко чыгарып, аларды «билимсиз» катары айыптады.

Бирок блогердин өзүнүн сабаттуулугу жана айткан пикирлери социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан катуу сынга кабылды. Айрыкча, Братислава шаарын «Братиславия» деп туура эмес атаганы, коомдук ишмер Уркуя Салиеваны «кызылчачы» деп кемсинткени сыяктуу фактылар анын өзүнүн билим деңгээлин жана талдоо жөндөмүн ачыкка чыгарды.

Видеожазуунун алдындагы комментарийлерден элдин, мугалимдердин жана ата-энелердин ачууланганын көрүүгө болот:

  • Нурланбек Шамиев: «Министр мактанган жок, алдыга жылуу бар деди. Анан Братиславия эмес, Братислава – Словакия мамлекетинин борбору. Сен биринчи өзүңдү өнүктүр, билимиңди өнүктүр. Уркуя Салиеваны кызылчачы деп айткандан уялсаң жакшыраак болмок».
  • Анара Алышбаева: «Толугу менен кошулам, бирөөгө сын айтканды эмне кылам, өзүнөн баштасын, өтө уят».
  • Кенешбек Айтикеев: «Айтыш, сындаш оңой, ал эми ишти уюштуруп алып кетүү кыйын… Бүгүнкү коомдо ата-энелер балдарынын тартибине, билимине көңүл бурбаса, мугалимдин колунан эч нерсе келбейт. Биринчи ата-энелер балдарыңарга көңүл бургула, анан мугалимдерден сурагыла».
  • Мирлан Нарматалиев (мугалим): «Бул аял мени жана менин кесиптештеримди билимсиз деп жатат да. Зор иштеп, окуучулар үчүн жаныңды берип жатсаң, бир акмак ата-эне келет да, мугалимде болгон бардык энергияны жана окутам деген максатын түп тамыры менен жок кылат».
  • Мекенге Кызмат Бекжигит Мирбеков: «Кыргызстан 2006, 2009-жылдары эң акыркы орунду алган… Азыр 91 мамлекеттин ичинен 80-орунду алып, 11 баскычка жогору болуп жатат. Бул жакшы көрсөткүч. Билим берүүнүн маңыздуу, терең түшүнүгүн жана ар түйшүгүн – билим берүү тармагында гана иштеп келе жаткан инсандар сезет жана түшүнөт».

МААЛЫМАТТЫК ГИГИЕНА ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК

Улуттук илимдер академиясынын академиги Сыртбай Мусаев белгилегендей, «маалыматты таратуучулар да, кабыл алуучулар да ага өтө этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек». Социалдык тармакта аты чыгууну же жөн гана упай топтоону көздөгөн айрым блогерлердин башаламан сындары коомго пайда алып келбейт.

Билим берүү тармагындагы кемчиликтерди ачык айтуу зарыл, бирок ал сын конструктивдүү, илимий негизделген жана калыс болушу шарт. Бүгүнкү күндө агартуу тармагында жылдар бою топтолгон көйгөйлөр чечилип, жүздөгөн жаңы заманбап мектептер курулуп, Президенттин деңгээлинде 2028-жылга карата авариялык мектептерди толук жоюу милдети коюлуп, PISA көрсөткүчтөрүндө алгачкы жылыштар байкалып жаткан чакта, мугалимдердин эмгегин баалабай, бир гана негатив таратуу – агартуучулардын моралдык маанайын түшүрүүгө жасалган чагымчылдык болуп саналат.

Билим берүү сапаты – жалгыз гана министрдин же мугалимдин эмес, үй-бүлөнүн, ата-эненин жана бүтүндөй коомдун биргелешкен жоопкерчилиги.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү