СОГУШТАН КАЛГАН КАРА ТАК

  • 03.07.2026
  • 0

2026-жылдын 22-июнунда Ысык-Көлдөгү Даркан айылында “Тарых күбө, архив далил” деп аталган өзгөчө бир китептин бет ачары болуп өттү. Бул тарыхый эмгектин авторлору -айылдык мугалимдер, болгондо да ата-бала Садырбай жана Урматбек Мукамбетовдор. Садырбай ата – 1938-жылы туулган, учурда 88 жаштагы кадырлуу физика мугалими, ал эми уулу Урматбек – 1969-жылы туулган, 57 жашта, кыргыз тили, адабияты мугалими.СОГУШТАН КАЛГАН КАРА ТАКӨздөрү кесиби боюнча тарыхчы болбосо да, бул инсандар Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, бирок туулган айылына кайтпай калган 200 эр жүрөк жигиттин ата-тегин, туулган жылын, сүрөтүн, кайсы фронтто салгылашканын, кандайча жана качан курман болгонун архивдик документтер менен тактап чыгышкан. Бул китептин бет ачары Улуу Ата Мекендик согуштун башталганынын 85 жылдыгына арналган эл аралык эскерүү кечеси катары уюштурулду. Салтанатка: Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Екатерина Чистова; Элчиликтин аскер атташеси Константин Гусев; КР Ички иштер министринин орун басары, милициянын генералы Октябрь Урманбетов; Ленинград блокадачыларынын Кыргызстандагы коомунун төрагасы Марат Кутанов; Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев; КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кутман Абдрахман уулу; Жети-Өгүз районунун жетекчилери, ардагерлер, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты.СОГУШТАН КАЛГАН КАРА ТАКЖыйындын катышуучулары из кубар ата-баланын эмгегин кызуу талкуулап, өз ойлорун ортого салышты. Төмөндө ушул баалуу китептин мазмунуна кеңири токтололу.

Илимий изилдөө
жана ачылыштар

 

Китептин биринчи бөлүмүндө (14–154-беттерде) согушта курман болгон 192 жоокердин тагдырын тарыхый документтердин негизинде ачып берилет. Авторлор райондук, облустук мамлекеттик архивдерди, согуш учурундагы Даркан айылынынын чарбалык китепчелерин, Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивин, «Память народа» порталын, немис концлагерлериндеги туткундардын сайттарын барактап, жергиликтүү элден сурамжылоо жүргүзүшкөн. Ар бир жоокердин изине чөп салып, талыкпай изилдөө жүргүзгөн авторлорго миң мертебе ыраазычылык билдиребиз. Азыр Даркан айылындагы согуш курмандыктарына арналган эстеликте 192 адамдын ысымы жазылган. Бул из кубарлар дагы 8 жоокердин согушта курман болгонун кошумча далилдешкен.

Кезектеги эң баалуу жана тарыхый мааниси чоң бөлүм – «Даркан айылы боюнча Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, бирок тизмеге кирбей калган бизге «белгилүү» жана «белгисиз» жоокерлер» деп аталат (159–216-беттер). Авторлор архивдик документтерди карап жатып, Даркандан согушка кетип, дайынсыз жоголгон, өлүү-тирүүсү белгисиз болуп, ал аз келгенсип курман болгондордун да тизмесине кирбей калган 100дөн ашык жоокердин дайынын Жети-Өгүз райондук аскер комиссариатынын 1941–1945-жылдардагы аскерге чакыруу китепчелеринен таап, сурамжылоолор аркылуу тастыкташкан. Бул – чыныгы эрдик! Көп жылдар бою эч ким эскербеген 107 жоокердин элесин кайрадан айылына алып келип, алардын ысымдарын түбөлүккө жаздырышты. «Өлгөндөр даңкталбай, тирүүлөр баркталбайт» демекчи, баатырлардын эрдиги даңазаланып, биринчи жолу арбактарга арналып куран окулду.СОГУШТАН КАЛГАН КАРА ТАКТагдырлар, кошоктор жана эмгек фронту

Китептин 222–302-беттеринде адабият мугалими Урматбек Мукамбетовдун калемине таандык (редактору — анын жубайы, тил-адабият мугалими Айнура Кендирбаева) бир катар баалуу макалалар жана көркөм баяндар орун алган. Алардын катарында «Туткунга түшүү -чыккынчылыкпы?», автордун өз агасы Мукамбетов Ырысбайга (1912–1943-жж.) арналган «Жоокердин бейнеси» аттуу эскерүүсү бар.

Ошондой эле «Үгүттөө» деген баянда өз танкын душманга бербей, ичинде күйүп кеткен танкист Токтосун Акматовдун жана анын куралдаштарынын эрдиги сүрөттөлөт. «Унуткарылган жоокер же уйпаланган тагдырлар», «Арманда кеткен эки ашык» деген бөлүмдөрдө согуштун запкысы баяндалат. Мисалы, Турдубайды согушка жөнөтүп жатып, сүйгөн жары Баатыйдын ырдаган ыры берилген:

Кетмей болдуң алыска,

Уят иш барбай калышка.

Төбөсүн каңда Гитлердин,

Төрөлгөн болсоң намыска.

Баатыйга окшогон жүздөгөн жаш жубайлардын, өмүр бою кан жутуп, зарлап өткөн энелердин сагыныч, кусалык, ыза жана кошок ырлары китепте кеңири орун алган.

Ал эми «Эмгек армиясы» деп аталган бөлүмдө (303–308-беттер) тылдагы оор жумуштарга тартылгандардын тизмеси жана алар жөнүндө кыскача маалыматтар берилген. Китептин соңку бөлүмдөрү айылдагы мектептин кыскача тарыхына жана Даркан айылынын таржымалына арналган.СОГУШТАН КАЛГАН КАРА ТАКЖүрөктөгү тактын өчүшү

Садырбай аксакал китептин жазылыш себебин мындайча эскерет:

«Бала кезимден бери жүрөгүмдө сакталып келген кара такты, букту жана сагынычты кетирүү максатында ушул ишти баштадык. Биздин үй-бүлөдөн согушка 6 адам аттанып, бир тууган агам Ырысбай Мукамбетов дайынсыз жоголгон. Максатым — агамдын өлүү-тирүүсүн билип, арбагына куран окутуу эле. Издөө салганда бүгүнкү күнгө чейин канчалаган адамдар дайынсыз экенин байкадык. «Эч ким, эч нерсе унутулбайт!» деген ураан менен иштедик. Өчкөн отум тутангандай, бир тууган агам тирилип келгендей болду. Жүрөгүмдөгү кара так жоголуп, кусалыгым тарады. Балама ыраазымын», — дейт аксакал кубанып.

Ооба, ата-бала Мукамбетовдордун бул эмгеги – өткөнгө таазим, келечекке сабак боло турган тарыхый өчпөс из.

Илимпоздун пикири: Үч негизги өзгөчөлүк

Бул эмгек боюнча тарыхчы катары өз пикиримди төмөндөгүдөй негиздейм: Биринчиден, бул китептин башкы өзгөчөлүгү – согушта курман болгондордун тизмесине кирбей калган 107 жоокердин табышмактуу тагдырын архивдин чаң баскан, саргарган барактарынын арасынан үч жыл бою тынымсыз издеп тапканында. Ата-бала эч кимден каражат күтпөстөн, чыныгы мекенчилдик сезим менен айыл тарыхынын эң оор барактарын изилдеп чыгышкан.

🔰 Экинчиден, согушта курман болгон 200 жоокердин туулган жылы, ата-теги, качан аскерге чакырылганы, кайсы фронтто салгылашканы, алган медалдары менен ордендери, каза болгон жерлери архивдик тарыхый документтер менен толук тастыкталган.

🔰 Үчүнчүдөн, китептин мааниси жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого багытталгандыгында. Тарых, адабият, география сабактарында мугалимдер өз айылынан чыккан баатырлардын Европаны фашизмден бошотуудагы эрдиктерин дүйнөлүк карта аркылуу көрсөтүп, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары менен айкалыштырып окутса, сабактын таасири терең болот. Бул ар бир мугалимдин чыгармачылык деңгээлине байланыштуу.

Асан ОРМУШЕВ,

тарых илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер