Сингапур методун сабактарда пайдалануу
- 06.12.2024
- 0
Мугалим кандай ыкманы колдонбосун балага болгон мамилеси аны жакшы көрүүсү, балага байкалууга тийиш. Бала мугалимге келгенде апасына же жакын адамына келе жаткандай кубаныш керек деген ойдомун. Эжейиме келгенде мага дагы кызыктуу эмнелерди айтып көрсөтөт деген ой окуучуда болууга тийиш. Эгерде мугалим баланы сабак учурунда түшүнбөй же көңүл бөлбөй отурганда абдан катуу урушса, балада коркуу сезими пайда болсо, ал балада картизол бөлүнүп чыгат дагы ал 40 мүнөт адамда жашайт. Ошол учурда балага берген билимиңизди ал кабыл албайт. Эгерде мугалимди администрациядан же ата-эне тараптан кандайдыр урушуу же басмырлоо болсо, ал мугалимде ошол күнү жакшы сабак өтүшү мүмкүн эмес деп ойлойм.
Окуучуларга сабак берүүдөн мурун окуучу отура турган чөйрөнү өтүлө турган ыкмага жараша тандап, жайгаштыруу керек экенин унутпашыбыз керек. Мен өзүмдүн 34 жылдык практикамда көптөгөн долбоорлор сунуштаган ыкмаларды сабактарымда колдонуп келем. Ошонун ичинде САНАРИП академиясынын мугалимдерге сунуштап окуткан курсундагы СИНГАПУР методу абдан жакты.
Сингапур мамлекетинде окуучуларды кандай окутушат?
Биринчи окуучулардын окуу чөйрөсун түзүп, ыңгайлуу жайгаштырат.
Жогору сүрөттөгүдөй парталардын кошулган жери досканын дал ортосуна туура келүүгө тийиш. Бир командада төрттөн окуучу отуруш керек. Отурган окуучулардын башы досканы караганда 90 градуска гана бурулууга тийиш. Бул окуучуга ыңгайлуу болот.
Өзүңүздөр баамдап билгендей окуучулардын кабыл алуусу, мүнөзү ар кандай болот. Бирөө ойноок, тентек, кээ бири түнт көп сүйлөбөйт. Мына ушундай окуучуларды бир командага топтоп окутууда Сингапур мамлекети ушундай жакшы ыкма колдонуп иштешип, билим деңгээли боюнча башка мамлекеттер менен салыштырганда алдыңкы орундарда турат. Бул ыкманы мен 4-класстагы балдарды окутууда колдонуп, сабактарды өттүм. Кандай жылыштар болду, деп кызыгып жатсаңыздар керек? Окуучулардын да ата-энелеринин жоопкерчиликтүү жана балдарын окутууда көңүл кош мамиле кылып, такыр баласын карабагандар да болот. Баласынын дептер, калем сабы, китептери бар же жок экенине карабай жүргөндөр да четтен чыгат.
Мугалим берген билимди окуучу үйдөн үй тапшырманы өз алдынча аткарганда гана эң жакшы ийгиликтерге жетерин бардык мугалим туура деп менин оюма кошулат деп ишенем.
Бирок СИНГАПУР ыкмасын колдонуп сабак өткөндө, окуучулар бири-бирин түртмөктөп жардамдашып, жакшы жыйынтык берерин билдим. Баягы ата-энеси карабаган балага жанындагы командадагы окуучулар жардамдашат экен. Сиздер билгендей жакшы окуган окуучу начар окуган окуучу менен сүйлөшпөй. теңине албай жүргөндөр, жардам көрсөтүп жатканына ыраазы болуп, жамаатташтык, достук сезимдер ойгонуп, бул жакшы ыкма экенине ынандым. Ошондой эле урушуп бири-бири менен сүйлөшпөй, кыртышы сүйбөй жүргөндөр да дос болгонуна кубандым.
Кийинки сүрөткө көңүл бөлүп карасаңыздар. Анда окуучуларды отургузуунун тартиби көрсөтүлгөн.
Маңдайлаш отуруу жана ийиндеш болуп отуруу. Командадагы окуучуларды саламдашуунун түрүн колдонуп, бири-бирине жакшы сөздөрдү айтып жагымдуу маанайды түзүүдө, команданын ынтымагы бекемделет.
Сингапур ыкмасында окуучулар иштеп жатканда же сабакка көңүл бурбай койгондо колдонуучу ыкмаларды карасаңыздар.
Бул ыкманы окуучулар бир нерсе жасап же жазып жатканда колдонсо болот. Мугалим «ай мени кара» дебестен, Wi-Fi деп мугалим колун көтөрөт. Ал эми окуучулар унчукпастан колун өйдө көтөрүп, мугалимдин көзүн карап калат. Эжей бизге эмне айтканы жатат деп.
Бул ыкма менен окуучуларды үйгө берилген тапшырмаларды айттырууда колдонсо болот.
Же жаңы өтүлгөн теманы түшүнгөнүн айтып берүүдө. Ал эми мугалим окуучулар айткандан кийин гана “Сезим Максат кандай айтып берди? — деген суроону берсе, алар бири-бирин кунт коюу менен укканга үйрөнүшөт.
Ушул эле ыкманы мисалы сүйлөм түзүүдө колдонсо болот. Саат жебеси менен ар бири алдындагы баракка сүйлөм түзүп, кийинкисине берет. Кийинкиси да башка сүйлөм жазып, кийинки окуучуга берет. Ошентип, жазууда начар жазган окуучу өзүнүн жазганын башкалардыкы менен салыштырып, таза, сулуу, катасыз жазууга үйрөнөт.
Мисалы, “Алиппе” сабагында окуучуларга барактарды же стикерлерди таратып, командаларга тапшырма берсек болот. Алдыңардагы барактарга билген тамгаларды жазып айтып, партанын бириккен жерине койгула, бирок партага коюлган тамгаларды башка окуучулар жазбагыла десек, балдар тамгаларды эстеп калууга жана бат-баттан тапшырманы аткарууга аракеттенет.
Менин сиздерге бөлүшкөн СИНГАПУР методу жакса же түшүнбөй калсаңыздар байланышка чыксаңыздар болот. Ар бир баланын эң жакшы деңгээлде билим алуусу үчүн, мугалим тынбай изденип, кошумча билим алып туруусу зарыл.
Ошондо гана келечекке татыктуу инсандарды окутуп билим берип, тарбиялап чыгарабыз.
Айгүл Өмүрбекова,
Ак-Суу районундагы М.Мамакеев атындагы
жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими
Комментарийлер