«ШКОЛА 21»:КЫРГЫЗСТАНДА САНАРИПТИК КЕСИПТЕРГЕ ЖОЛ АЧКАН ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МОДЕЛИ
- 29.09.2026
- 0
Кыргызстанда санариптик технологиялар тармагында квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган жаңы форматтагы билим берүү долбоору ишке кирди. Бишкек шаарында ачылган «Школа 21» — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Сбердин өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан, акысыз IT-билим берүүгө багытталган масштабдуу демилге.

Долбоор Бишкектеги Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы №99 маалыматтык технологиялар боюнча кесиптик лицейдин базасында жайгашкан. «Школа 21дин» башкы максаты — заманбап IT тармагына шайкеш келген квалификациялуу кадрларды даярдоо жана жарандарга санариптик технологиялар дүйнөсүнө жол ачуу.
Программалоо менен гана чектелбеген IT — билим
Долбоордун башкы өзгөчөлүгү — бул жерде IT тармагы бир гана код жазуу (программалоо) менен чектелбейт. Билим берүү программасы санариптик индустриядагы түрдүү ролдорду толук камтыйт.
Окутуу багыттарынын катарында:
• Технологиялык ишкердик
• AI-инженерия (жасалма интеллект)
• Продукт жана долбоор менеджменти
• Иштеп чыгуу (разработка)
• Биоинформатика
• UX/UI дизайн
• Инфраструктуралык инженерия
• QA-тестирлөө
• Маалыматтар аналитикасы (Data Science)
• Киберкоопсуздук боюнча адис
• Бизнес жана тутум талдоочусу
Бул түзүм азыркы заманбап IT-команда бир гана программисттен турбай турганын айгинелейт. Сапаттуу санариптик продукт жаратуу үчүн идеяны иштеп чыгуучу, маалыматты талдоочу аналитик, интерфейс долбоорлогон дизайнер, программалык камсыздоону текшерген QA-инженер, инфраструктураны камсыздоочу адис жана процессти башкарган менеджердин биргелешкен эмгеги талап кылынат. «Школа 21» окуучуларга IT тармагын бир кесиптин чегинде эмес, санариптик продукт жаратуунун бүтүндөй өндүрүштүк цикли катары кароого мүмкүнчүлүк берет.

Бардыгы үчүн жеткиликтүү жана ачык модель
Долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү — окууга кабыл алууда талапкердин IT тармагы боюнча алдын ала даярдыгы талап кылынбайт. Студенттерди тандоодо алардын дипломуна, буга чейинки иш тажрыйбасына же тил билүү деңгээлине чектөө коюлбайт. Башкы шарт — тандоо этабынан ийгиликтүү өтүү.
Тандоо процесси «бассейн» деп аталган 14 күндүк интенсивдүү этапты камтыйт. Бул аралыкта катышуучулар практикалык тапшырмаларды аткарып, түрдүү ролдорду (аналитик, дизайнер, иштеп чыгуучу, тестирлөөчү) сынай алышат. Мындай ыкма кесипти теориялык жактан эмес, иш жүзүндө аткарып көрүү аркылуу аң-сезимдүү тандоого шарт түзөт.

IT — тармагын нөлдөн баштоо мүмкүнчүлүгү
«Школа 21де» мурда программалоо же технологиялык багыттарда окубаган жарандар да билим ала алышат. Мында талапкердин мурунку билимине эмес, анын жаңы билимдерди өздөштүрүүгө болгон каалоосу жана тандоо этабындагы аракетине басым жасалат.
Тандоодон өткөн катышуучулар негизги окуу процессинде реалдуу практикалык долбоорлор аркылуу тажрыйба топтойт. Ошол эле учурда окуу процесси жогорку жоопкерчиликти талап кылат. Окуунун жалпы мөөнөтү студенттин тандаган багытына жана темпине жараша 9 айдан 2 жылга чейин созулат.
Окууну жумуш же ЖОЖ менен айкалыштыруу
Долбоордун билим берүү модели ийкемдүү графикке негизделген. Студенттер окууну жогорку окуу жайындагы билими же негизги жумушу менен айкалыштыра алышат.
Окуу процесси онлайн платформада да, кампуста офлайн форматында да уюштурулат. Мындан тышкары, программанын алкагында өндүрүштүк компанияларда үч айлык стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Салттуу лекциядан айырмаланган «Peer-to-peer» ыкмасы
«Школа 21дин» методологиясы салттуу лекциялык форматтан түп тамырынан бери айырмаланат. Мында мугалим же ментор катышпайт; студенттер практикалык тапшырмаларды өз алдынча аткарып, «теңтуш-теңтушу менен» (peer-to-peer) принцибинде бири-биринин кодун текшерип, тажрыйба алмашышат.
Бардык процесс атайын санариптик платформада жүргүзүлөт. Систем GitLab менен интеграциялангандыктан, студенттерди чыныгы иштеп чыгуу өндүрүшүнүн чөйрөсүнө болушунча жакындатат.
Жасалма интеллект — билим берүүнүн ажырагыс куралы
Окуу программасына жасалма интеллект куралдары терең интеграцияланган. AI прототип түзүүдөн тартып тестирлөөгө чейинки бардык этаптарда колдонулат. Бирок негизги басым даяр куралдарды аң-сезимдүү пайдаланууга, туура промпт сурамдарын түзүүгө жана алынган жыйынтыкты сын көз менен баалоого жасалат.
Экзамендердин бир бөлүгү интернетке жана жасалма интеллектке кирүү мүмкүнчүлүгү жок шартта өткөрүлүп, студенттин материалды канчалык өздөштүргөнү текшерилет.
Сертификат жана практикалык натыйжа
Окууну аяктагандарга мамлекеттик диплом эмес, «Школа 21дин» атайын сертификаты берилет. Долбоордун башкы миссиясы — формалдуу документ берүү эмес, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон практикалык көндүмдөрдү, долбоордук тажрыйбаны жана реалдуу портфолиону калыптандыруу.
Кыргызстан үчүн «Школа 21» долбоорунун мааниси зор: ал IT-билим берүүнү кеңири спектрде IT-ишкердик, AI-инженерия, киберкоопсуздук, биоинформатика жана башкаларды өнүктүрүүгө жана жаштарды өз алдынча билим алууга үйрөтүүгө жаңы түрткү берет.
Мадина КУРБАНОВА,»Кут Билим»