ШАХМАТКА 500 МЕКТЕП ДАЯРБЫ?

  • 26.08.2026
  • 0

Кыргызстанда шахматты мектепке киргизүү жаңы баскычка чыкты. Бирок тактаны класска алып баруу иштин эң жеңил бөлүгү. Негизги сыноо эми башталат: ким окутат, канча саат иштейт, ага ким төлөйт, окуучунун жетишкендиги кантип өлчөнөт жана пилоттук долбоор бүткөндөн кийин бул система кантип жашайт?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкөдө интеллектуалдык спортту жайылтуу жана 2026–2030-жылдары шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыгынын алкагында 2026–2027-окуу жылында 500 мектепте 3- жана 5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдерин уюштуруу иши башталды.

Долбоордун алгачкы маанилүү баскычы катары 21–22-августта Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда мастер-тренерлер үчүн атайын окутуу өткөрүлдү. Аларды шахмат боюнча тажрыйбалуу адистер Чолпонбек Тиленбаев, Курманбек Турумбеков жана Айнагүл Маматова окутту.

Бир караганда, бул кадимки эле мугалимдерди даярдоо курсу сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок сөз 500 мектеп жөнүндө болуп жатканда маселе башкача масштабга чыгат. Бул жерде шахматтын жүрүштөрүн үйрөтүүдөн да маанилүүсү – мектептин ичинде жаңы ийримдин иштөө механизмин түзүү.

Муну тренингдин жүрүшүндө айтылган пикирлер да көрсөттү.

Шахматты билүү жетиштүүбү?

Чолпонбек Тиленбаев берген маалыматка ылайык, мастер-тренерлерди даярдоо үчүн 23 машыктыруучу тандалып алынган. Алардын курамын тандоону негизинен билим берүү органдары жүргүзгөн. Талап катары педагогикалык даярдыгы бар, буга чейин мектептерде же балдардын чыгармачылык борборлорунда шахмат ийримдерин алып барган адамдарга артыкчылык берүү сунушталган.

Бул жерде маанилүү бир нерсе бар. Балдарга шахмат үйрөтүү менен шахматты жакшы ойноо – бир эле кесип эмес. Муну Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов да өз сөзүндө баса белгиледи.

Анын пикиринде, долбоордун азыркы этабында шахматты өтө жогорку деңгээлде билген адистен мурда балдар менен иштей алган педагог керек. Анткени 3–5-класстын окуучусу чоң кишинин логикасы менен кабыл албайт. Баланы билбегени үчүн уяткаруу же ашыкча талап коюу шахматка кызыгууну өчүрүшү мүмкүн. Бул – долбоордун эң маанилүү педагогикалык маселелеринин бири.

Шахматты мектепке киргизүүнүн максаты келечектеги гроссмейстерлерди дароо даярдоо эмес. Биринчи этапта баланын ой жүгүртүүсүн, көңүл топтоосун, логикалык байланышты көрө билүүсүн өнүктүрүү, атаандашынын жүрүшүн алдын ала эсептөөгө үйрөтүү сыяктуу көндүмдөр маанилүү.

Демек, ийримдин ийгилигин «канча бала разряд алды?» деген жалгыз көрсөткүч менен өлчөө туура эмес болуп калат.

72 сааттык программа эмнени көздөйт?

Ч. Тиленбаев мастер-тренерлер үчүн даярдалган программа жалпысынан 72 саатка эсептелгенин, анын негизги бөлүгү көзмө-көз форматта өтүп, калган сабактарды онлайн түрүндө бекемдөө пландалганын айтты.

Программа жөн гана шахмат теориясынан турбайт.

Мастер-тренерлерге 3–5-класстын окуучуларынын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу, сабакты уюштуруу, окуучунун деңгээлин аныктоо, кирүү жана чыгуу диагностикасын жүргүзүү, топторго бөлүү, мелдеш уюштуруу, регламент түзүү жана мектеп менен шахмат борборлорунун өз ара иштешүүсү сыяктуу практикалык маселелер да көрсөтүлдү.

Программаны даярдоого шахмат ийримдери көп жылдан бери иштеп келе жаткан «Алтын түйүн» уюмунун адистери жана Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат борборунун тренерлери катышкан. Программа Кыргыз билим берүү академиясында экспертизадан өткөрүлгөн.

Бул жерде дагы бир принципиалдуу маселе турат: программа кагаз жүзүндө бекитилип коюу менен бүтпөйт.

Шахмат ийрими мектепке киргенден кийин реалдуу шарт өзгөрөт. Бир мектепте окуучу көп, экинчисинде аз болушу мүмкүн. Бир райондо шахматка кызыккан мугалим табылса, башка жерде кадр жетишсиздиги чыгат. Айрым мектепте кабинет даяр, башка мектепте шахмат тактасын коюуга ылайыктуу бөлмө да жок болушу ыктымал.

Ошондуктан программа иш жүзүндө сыноодон өткөн сайын толукталып, өзгөртүлүп турушу керек деген сунуш айтылды.

Мастер-тренерден кийин эмне болот?

Эң маанилүү этап ушул. Мастер-тренерлердин милдети 500 мектепке барып шахматты түздөн-түз үйрөтүү эмес. Алар аймактардагы мектептердин мугалимдерин даярдай турган кийинки звено болуп калат. План боюнча бул ишти сентябрдын башында баштап, 15-сентябрга чейин 500 мектепте шахмат ийримин алып кете турган мугалимдерди даярдоо көздөлүүдө.

Механизм да болжол менен аныкталган: райондук билим берүү органдары 500 мектептин ар биринен тиешелүү адамдарды аныктап, мастер-тренерлерге окутууга жөнөтөт. Эгер мектептеги окуучулардын саны же жүктөм бир мугалимге жетишсиз болсо, бир нече мектептин ийримин бир тренер алып барышы мүмкүн.

Бирок бул жерде дагы бир чоң түйүн бар: кадрды даярдоо менен кадрды кармап калуу эки башка нерсе.

Мугалим эки күндүк же бир нече күндүк окуудан өтүп, сертификат алганы менен, анын мектептеги күнүмдүк иши өзгөрөт. Ага убакыт керек. Жүктөмү өзгөрөт. Окуучулар менен иштейт. Дептер, тапшырма, диагностика, мелдеш – мунун баары кошумча уюштуруучулук иштерди талап кылат.

Демек, шахмат ийриминин туруктуулугу түздөн-түз эмгек акы жана жүктөм маселесине барып такалат.

Эң оор суроо — мугалимге канча төлөнөт?

Бул суроого тренингдин жүрүшүндө так жооп берилген жок. Алмазбек Токтомаметов каржылык механизмдин айрым бөлүктөрү боюнча маалыматты кийин Агартуу министрлигинен тактоо керектигин билдирди.

Кеп ийрим үчүн акы төлөөнүн эки башка механизми – кружоктук ставка жана сааттык төлөм жөнүндө жүрдү. Ошондой эле мугалимдин жалпы жүктөмү белгиленген чектен ашып кетсе, кошумча сааттардын акысы төлөнбөй калуу коркунучу көтөрүлдү.

Талкууда 27 сааттык жүктөм маселеси да айтылды. Эгер негизги иш менен шахмат ийриминдеги сааттар кошулуп, белгиленген чектен ашса, ашыкча сааттар үчүн төлөм маселеси жаралышы мүмкүн экени түшүндүрүлдү.

Бул жерде практикалык проблема ачык көрүнөт. Мисалы, бир мастер-тренерге бир нече мектеп бекитилип калса, ал мектептердин баарын камтуу үчүн анын жумуш убактысы жетпей калышы мүмкүн. Талас облусунан келген тренердин беш мектепке бекитилиши боюнча айтылган мисал ушундай көйгөйдү көрсөттү.

Мындай учурларда кошумча тренерлерди даярдоо зарылдыгы каралышы мүмкүн экени айтылды. Демек, азыркы тизмелер акыркы чекит эмес. Мектептердин саны, окуучулардын саны жана мугалимдердин реалдуу жүктөмү көрүнгөндөн кийин система кайра каралышы мүмкүн.

Пенсионер мугалимдер — чечимдин бир бөлүгүбү?

Талкууда күтүүсүз, бирок маанилүү дагы бир маселе көтөрүлдү – пенсия курагындагы мугалимдерди шахмат ийримдерине тартуу. Алмазбек Токтомаметовдун пикиринде, пенсионер педагогдорду бул ишке тартуудан чочулоонун кереги жок. Ал тургай балдар менен иштөөдө алардын тажрыйбасы артыкчылык бере турганын белгиледи.

Бул жерде маселе жөн гана бош турган кадрды жумушка тартууда эмес.

Башталгыч жана орто класстагы бала үчүн мугалимдин сабак өтүү ыкмасы өтө маанилүү. Сабакты оюнга айланта билүү, баланын ката кетиришинен коркпошуна шарт түзүү, шаштырбоо — шахматты окутуунун өзүнчө педагогикалык чеберчилиги.

Ошондуктан жашы эмес, баланы түшүнгөн педагог болуу жөндөмү негизги критерийге айланышы керек.

Такта, саат жана жабдуу даярдалат. Бирок бул жетиштүүбү?

Мектептерди керектүү инвентарь менен камсыздоо тендер аркылуу чечилгени айтылды. Ар бир мектепке шахмат топтомдору, демонстрациялык такта жана шахмат сааттары каралган. Бирок жабдуу сатып алуу – системаны түзүүнүн бир гана бөлүгү. Такталар шкафка кирип, шахмат сааттары колдонулбай калса, бул долбоор кагаз жүзүндө гана аткарылган болуп калат.

Ушундан улам мониторинг маселеси өзгөчө маанилүү. А. Токтомаметов  долбоор башталгандан кийин мектептердеги шартты бир нече жолу текшерүүнү, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аныктап, алардын чечилишин көзөмөлдөп турууну сунуштады. Бул жерде мониторингдин өзү да формалдуу отчетко айланып кетпеши керек. «Шахмат ийрими бар» деген белгинин өзү жетишсиз.

Чыныгы мониторинг төмөнкү суроолорго жооп бериши керек: ийрим чындап өтүп жатабы? Канча бала катышууда? Канча сабак өтүлдү? Мугалимдин даярдыгы жетиштүүбү? Жабдуу колдонулуп жатабы? Балдардын кызыгуусу кандай? Кайсы мектептерде катышуу төмөндөдү? Эмне үчүн?

Баланын шахматтагы өсүшү кантип өлчөнөт?

Бул суроого долбоордун ичинде жооп издөө аракети бар. Окуучулардын деңгээлин аныктоо үчүн кирүү жана чыгуу диагностикасын жүргүзүү сунушталган. Окуучуларды деңгээлине жараша топторго бөлүү жана алардын өсүшүн баалоо механизмдери окуу программасында каралган. Бул – долбоордун эң күчтүү жактарынын бири болушу мүмкүн.

Анткени мектепке жаңы ийрим киргизилип, анын жыйынтыгы жөн гана «балдар шахмат ойноп калышты» деген жалпы баа менен чектелбеши керек. Баштапкы деңгээл кандай эле? Бир нече айдан кийин эмне өзгөрдү? Кайсы ыкма натыйжалуу болду? Кайсы аймакта балдардын кызыгуусу жогору? Кайсы жерде көйгөй жаралды?

Мындай маалыматтар топтолсо гана 500 мектептик эксперимент чыныгы мамлекеттик программага айлана алат.

Мелдештер болобу?

Мастер-тренерлер окуучулар арасында мелдештерди уюштуруу зарылдыгын да сунушташты. Бул жерде шахматтын мектептеги ролу дагы кеңейет. Ийрим сабак менен гана чектелбестен, мектеп ичиндеги, райондук жана облустук деңгээлдеги мелдештерге жол ачышы мүмкүн.

Мелдеш баланын алган билимин текшерүүнүн гана жолу эмес. Ал анын атаандаштыкка даярдыгын, эмоциясын башкаруусун, жеңилүүнү кабыл алуусун жана өз катасын талдоосун үйрөтөт. Бирок мелдештерди да «мелдеш өткөрдүк» деген отчет үчүн уюштуруудан сак болуу зарыл.

Эгер биринчи орундар дайыма шахматты мурда эле терең үйрөнүп келген балдарга тийип, жаңы баштаган окуучулар өзүн четте калгандай сезсе, ийримдин массалык максатына зыян келиши мүмкүн. Ошондуктан мектептик шахматта спорттук жыйынтык менен массалык катышуунун ортосунда тең салмак керек.

Китеп маселеси дагы чечиле элек

Тренингдин жүрүшүндө мугалимдер үчүн окуу-методикалык материалдар маселеси да көтөрүлдү. Бул майда көрүнгөнү менен, иш жүзүндө чоң көйгөй жаратышы мүмкүн.

500 мектепте жүздөгөн мугалим бир эле программа боюнча иштесе, ар ким өзүнө жаккан китепти же интернеттен тапкан материалды колдонуп кетсе, окутуунун мазмуну кескин айырмаланып кетет. Ошондуктан бирдиктүү методикалык негиз керек.

Быйылкы окуу жылында мугалимдерге керектүү чакан китепче же брошюраны тез арада даярдоо, кийинчерээк аны толук методикалык материалга айлантуу мүмкүнчүлүгү айтылды. Бул жерде да убакыт фактору маанилүү. Шахмат ийрими сентябрда башталса, мугалимдин колунда программа гана эмес, күнүмдүк сабакта колдоно турган конкреттүү материал болушу зарыл.

Бир команда түзүлдү. Эми аны сактап калуу керек

Тренингдин акыркы бөлүгүндө катышуучуларды бириктирген дагы бир идея ачык көрүндү – мастер-тренерлердин ортосундагы туруктуу байланыш. Мастер-тренерлер үчүн WhatsApp тобу түзүлгөн. Жер-жерлерде көйгөй жаралса, аны ошол топ аркылуу талкуулоо сунушталды. Бул жөнөкөй нерсе сыяктанганы менен, масштабдуу долбоордо абдан маанилүү.

Анткени 500 мектептин ар биринде бирдей шарт болбойт. Бир жерде директор колдойт, экинчи жерде кабинет маселеси чыгат. Бир райондо тренер жетиштүү болот, башка жерде кадр жетишпейт. Бир мектепте окуучулар көп келип, башка мектепте ата-энелерге шахматтын пайдасын түшүндүрүү зарыл болот.

Мындай учурда борбордон бир гана буйрук берүү жетишсиз. Тескерисинче, жердеги көйгөйдү тез угуп, тез чечкен байланыш механизми керек. Ошондуктан тренерлердин сунушу – бир нече ай иштегенден кийин кайра чогулуп, ар бир аймактагы тажрыйбаны талдоо – көңүл бурууга арзыйт.

Мындай жолугушууну январь–февраль айларында өткөрүү идеясы айтылды. Максат – кайсы жерде кандай көйгөй чыкканын салыштыруу жана бир аймакта табылган чечимди экинчисине жеткирүү. Бул, чынында, долбоордун эң пайдалуу бөлүктөрүнүн бирине айланышы мүмкүн.

Мамлекеттик долбоордун чыныгы сыноосу сентябрда башталат

Шахматты мектепке киргизүү идеясы жаңы эмес. Кыргызстандын билим берүү тармагында шахматты башталгыч класстардын окуусуна киргизүү тууралуу сунуштар буга чейин да айтылып келген. Алмазбек Токтомаметов мурда да башталгыч класстарда математика менен катар шахматка убакыт бөлүү, кийинчерээк аны ийрим катары улантуу боюнча сунуш болгонун эске салды.

Эми айырмасы – идея пилоттук деңгээлде болсо да, мамлекеттик масштабда ишке кирип жатат. Бирок 500 мектеп деген сан өзүнөн өзү ийгилик болуп эсептелбейт. 500 мектепте шахмат тактасы турушу мүмкүн. 500 мектепте мугалим сертификат алышы мүмкүн. 500 мектептин отчетунда «шахмат ийрими уюштурулду» деген сап пайда болушу мүмкүн. Мунун баары формалдуу аткарууга да айланып кетиши ыктымал. Чыныгы жыйынтык башка жерде көрүнөт.

Бала шахматты кызыгуу менен күтүп калганда. Мугалим өзүн жалгыз сезбей, керектүү методикалык колдоону алганда. Мектеп директору ийримди кошумча түйшүк эмес, мектептин өнүгүүсүнүн бир бөлүгү катары кабыл алганда. Ата-эне баласынын өзгөрүүсүн көргөндө. Ал эми мамлекет кайсы жерде эмне иштеп, кайсы жерде эмне иштебей жатканын сан менен гана эмес, факт менен билгенде.

Тактадан системага чейин

Долбоордун азыркы этабында мастер-тренерлер даярдалды, окуу программасы иштелип чыкты, 500 мектеп аныкталды, керектүү инвентарь маселеси тендер аркылуу чечилип жатат жана мугалимдерди жер-жерлерде даярдоо механизми түзүлүүдө.

Бирок дагы эле ачык бойдон турган суроолор бар: мугалимдин эмгеги кандай тартипте төлөнөт? Анын жүктөмү кантип эсептелет? Мастер-тренерлерди жыл бою ким жана кандай каржылайт? Методикалык материал качан даяр болот? Мониторингдин так көрсөткүчтөрү кандай болот? 500 мектептин жыйынтыгы кантип өлчөнөт? Пилоттук долбоордон кийин программа канча мектепке жайылат? Ушул суроолордун жооптору шахматтын келечегин аныктайт.

Эгер бул маселелер системалуу чечилсе, 500 мектептик долбоор Кыргызстандын мектептеринде интеллектуалдык спортту массалык өнүктүрүүнүн иштеген моделине айланышы мүмкүн. Негизги көңүл такта, саат жана сертификат менен чектелип калса, долбоордун эң чоң коркунучу – шахматты мектепке киргизгендей болуп, аны мектептин туруктуу жашоосуна сиңире албай калуу.

Шахматтын өзү шашканды жактырбайт. Ар бир жүрүштү алдын ала эсептөө керек. Мектептеги шахмат долбооруна да дал ушундай мамиле керек: алгачкы жүрүш жасалды. Эми кийинки жүрүштөрдү туура эсептөө мезгили келди.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер