“СЕЙТЕК”: ИЗДЕНҮҮДӨН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН БОРБОР

  • 04.01.2021
  • 0

Жыл жыйынтыгы

Балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору   “Аймактарды санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында  көптөгөн иш-чараларды аралыкта өттү. Өткөн жылы балдардын эсинде эмне калды деген суроо менен борбордун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Сабийра Челпаковага кайрылдык.

“СЕЙТЕК”: ИЗДЕНҮҮДӨН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН БОРБОР

  • Сабийра Мусилимовна, 2020-жылы дүйнө жүзүн каптаган СОVID-19 апааты кошумча билим берүүнүн иштерин, пландарын өзгөрттү. Пандемия мезгилинде балдарга кандай форматта кошумча билим бергенге жетиштиңер?
  • Жыл башында эле СОVID-19 апааты каптап, карантин  жарыяланып, борбордун окуу процесси онлайн форматына  өткөрүлгөн. Борбордун окуу процесси токтоп калбастан, телефон аркылуу сабактар өтүлүп турду. Онлайн-окуу  окуучулар  үчүн көпчүлүк кыйынчылыктарды жаратты. Бирок суроо талап да чечилип, окуучулар борбордун жүгүртмөсү аркылуу  сабактарга катыша башташты. Ошондой эле  борбордун мугалимдери Латыпова С.Ж., Акыбаева А.К., Качкынтаева Г.М., Бердибекова М.С., Боргемикова Ж.С., Серякова Л.О. сабактары  видеоматериал болуп  тартылып, теледен көрсөтүлүп, республиканын булуң бурчуна хореография, комуз, шахмат, көл өнөрчүлүк, ушу  боюнча   сабактар сунушталды.

Борбордун  ушу боюнча  мектебинин  мугалимдери  “Балажан”  борбору жарыялаган  видеосабактардын республикалык  сынагына катышып, татыктуу  3-орунга ээ болушту.

Борбордун  мугалимдер жамааты, алардын арасынан усулчу Дубровская Г.В., директордун орун басары Балтабаева И.К. мугалимдердин  видеосабактарын өткөрүүсүн текшерип, аларга жардам берип жатышты.

Планыбыз боюнча, өткөрүлө турган хор коллективдери боюнча республикалык сынагы, хореография  боюнча мастер-класс, ачык сабактар, окуучулардын  жайкы эс алуусу, комуз  боюнча  мастер-класс, тилекке каршы,  өткөрүлбөй калды.

Бул менен эле токтолуп калбастан, карантин убагында  бий коллективдеринин арасында  “Үйдө бийлейбиз” аттуу “Сейтек” борборунун  бий коллективдеринин  арасында  онлайн-сынак жарыяланып, жеңүүчүлөр, активдүү  катышкан  коллективдер аныкталды.

Бирок жыл ичи  көптөгөн  онлайн сынактар жарыяланып гезит бетинде чагылдырып турду. Аларга токтолуп кетсек, Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгына карата “Аталарга таазим”, “Мен чоң атам менен сыймыктанам”, “Өлбөс өчпөс каттар!” сүрөт, ыр окуу, кат жазуу  боюнча  республикалык онлайн-сынактары жарыяланып, 1-, 2-, 3-орунду ээлешкен окуучулар дипломдор менен,  активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланышты.

“Мен Жеңишти тартам!” борбордун коллективдеринин  окуучуларынын арасында сүрөт боюнча онлайн-сынак жарыяланып, 191 иш түштү, баардыгы грамота, дипломдор менен сыйланышты.

Патриоттук темага арналган  согуш убагындагы ырларды ырдоо боюнча  кыргыз, орус авторлорунун ырларын ырдоо боюнча республикалык онлайн-сынак жарыяланды. Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынан  окуучулар катышып, активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Бул жерде  биздин коллективдердин: “Шаттык”, “Улыбка”, “Азия Нур”, “Дилгир”, “Ариет” окуучуларынын активдүүлүгүн айтып кетсек болот. Республикадан 70ден ашуун видеоматериал түшүп, Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарынын окуучуларын белгилеп кетсек болот.

Балдарды китеп окууга  тартуу боюнча борбор дагы чоң иш алып барат. “Атам, апам жана мен китеп окуйбуз баарыбыз тең” онлайн-сынакка токтолуп кетсек, 210 окуучу катышып, окуучулардын  китеп окууга кызыкдар экендигин байкадык.

“СЕЙТЕК”: ИЗДЕНҮҮДӨН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН БОРБОР

  • Окуучулардын жайкы эс алуусунда кандай иш-чараларды өткөрдүңөр?
  • Борбордун окуучулары жайкы эс алууга тарап  кетээрде, “Балдарды колдоо жылына карата” – “Айым, күнүм ата-энем” аттуу онлайн-концерт тартууладык. Концертке “Шаттык”, “Азия Нур”, “Улыбка”, “Дилгир”, “Ак-Ниет”, “Ариет”, “Ак-Шоола”  ансамблдеринин окуучулары катышып, өз өнөрлөрүн окуучуларга  ЭлТР  телевидениеси  аркылуу  тартуулашты.

Мектеп окуучуларынын жайкы эс алуу убагында  “Айтматовду окуйбуз” аттуу Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча эссе жазуу, ыр айтуу, китептен монолог айтуу номинациялары жарыяланып, 400дөн ашуун  иш каралды.

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө карата “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу онлайн-сынак жарыяланып, “Кыргызстандын келечеги балдарда” бий боюнча республикалык  марафон жарыяланган болчу.

Окуучуларды  китеп окууга тартуу боюнча “Атам, апам жана мен китеп окуйбуз баарыбыз тең” онлайн-сынагы жарыяланды. Бул сынакка  республиканын  булуң бурчунан окуучулар катышты.

Бул боюнча эле токтолуп калбастан, 2020-жылдын октябрь, ноябрь айларында республиканын мектеп окуучуларынын арасында “Көп түрдүүлүктөгү шайкештик” онлайн-сынагы өттү.  “Эң жакшы эссе, ыр, бий, сүрөт, фотосүрөт” боюнча “Достук, боордоштук биздин байлыгыбыз” темасында өттү. Окуучулардын ой жүгүртүүсү,  эң орчундуу,  элдердин достугу, көп улуттуу калк  экенибизди баса белгилеп, СОVID-19   апаатында  бирине-бири жардам бергендигин, кайсы улут экендигине карабастан жардамдашууну  бийик койгондуктарын   айтып чыгышкан. Бул онлайн-сынакка үч миңден ашуун окуучулар катышты.

Окуулар онлайн болгондуктан  борбордун чыгармачылык  коллективдери  дагы онлайн сынактарга катышып  жатышты.

“ШКИД” балдардын театры, көптөгөн онлайн фестиваль, сынактардын катышуучусу болду.

  • Алдыдагы пландар тууралуу айтсаңыз.
  • Борбордун көптөгөн пландары алдыда. Жыл жаңыраары менен театралдык коллективдердин арасында конкурс, хор коллективдеринин арасында сынак өткөрүү, хореография боюнча жылына өткөрүлүүчү мастер-классты, Ысык-Көлдүн  жээгинде балдардын чыгармачылыгы боюнча  республикалык  фестивалды  өткөрүү  планга  коюлган.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер