САСЫК ТУМООДОН САКТАНАЛЫ

  • 05.11.2020
  • 0

Алдыда кыш, адатта суукта сасык тумоо күч алат эмеспи, өзгөчө быйыл кырдаалга байланыштуу баардыгыбыз ден соолугубузга өтө кылдат көз салышыбыз кажет. КР Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелеринде иштеген педагогдордун, административдик жана техникалык жалпы кызматкерлердин (жалпы саны 96 миңден ашык) коопсуздугун сактоо максатында, республикалык штабга кайрылып, тумоого каршы эмдөөнү уюштурууну сунуштоодо. Андан тышкары, баардык адистердин психологиялык-социалдык абалынын жагымдуу болушун камсыздоо үчүн ар түрдүү видео жана маалыматтык материалдар аркылуу психологдун онлайн кеңеш көрсөтүлүшү каралып жатат. Буга чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн ЮНИСЕФтин колдоосу менен коопсуздук чараларын колдонуу боюнча атайын колдонмолор даярдалып, ал аймактардагы баардык бала бакчаларга текши таркатылган.

Сасык тумоого каршы эмдөө эмне үчүн керек?

Кыш айларында күч алуучу сасык тумоого каршы эмдөө иштери Бишкек шаарындагы поликлиникаларда жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта пенсионерлер жана каалоочулар эмдөөдөн өтүп жатат. Ак халатчан адистер мындай эмдөөлөр азырынча массалуу түрдө баштала электигин, алгачкы этабында ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Тулебаеванын айтымында, район боюнча билим берүү мекемелеринде иштеген 690 адам жаңы окуу жылы башталганда сөзсүз түрдө медициналык кароодон өтүп, флюрографияга тартылышкан.

– Балдар менен иш алып барган мекемелердин кызматкерлери башынан калыптанган тартип боюнча, жыл сайын жаңы окуу жылы башталаар алдында медициналык текшерүүдөн өтүп турушат, бул талап балдардын, мугалимдердин жана тарбиячылардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн керек. Атайын текшерүүдөн адегенде эле ашпозчуларды өткөрөбүз. Таажы вирусуна байланыштуу киргизилген карантин башталгандан бери кырдаалга өтө кылдат баам салып жатабыз. Бизде район боюнча бир мугалим ооруп айыкты, башка андай учур катталган жок. Негизи эле баарынан санитардык-гигиена эрежелерин сактоону талап кылуудабыз. Буга балдар, үйдөгү ата-энелер да көнүп бүтүштү деп ойлойм, анткени колду таза жууп туруу, кайсы жерде болбосун, беткап тагынып, антисептик колдонуу сыяктуу коопсуздук чаралары баардыгына жакшы тааныш болуп калды. Мындай эрежелерди талап кылуу менен биз, мугалимдердин, балдардын эле эмес, жалпы эле баарынын ден соолугуна кам көрүп жатканыбызды туура түшүнүп кабыл алууга тийишпиз. Эгерде сасык тумоого каршы мугалимдерге массалуу түрдө эмдөө жүргүзүү маселеси оңунан чечилип калса, анда ден соолугуна кооптонуулар да азаят деп ойлойм, — деген пикирин билдирди.

Адистер өз ишин уланта турган бардык билим берүү мекемелери короновирустун жайылышын алдын-алуу максатында, жаңы шарттарда иштөө ыкмалары жана эрежелери боюнча окуп, ошол эле учурда, зарылдыкка жараша ыкмалардын ийкемдүүлүгүн жана өзгөрүлмөлүүлүгүн сактоо маанилүү экендигин айтышууда.

Ооруну оюн көрбөйлү

Биринчи кезекте педагогдордун жана башка кызматкерлердин коопсуздугу тургандыктан, алар жумушка кайтып барганда, коопсуздугу сакталып жаткандыгына кепилдик алууга, ата-энелер балдарын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жөнөтүүнүн коопсуз экенине ишенишүүгө тийиш. Башкача айтканда, билим берүү уюмдарынын иши калыбына келтирилгенден кийин, сактык чаралары туура көрүлсө, балдар үчүн тобокелдиктер минималдуу болмокчу.

Бишкек шаарындагы Көлмө жаңы конушунун тургундары, жаш үй-бүлө Эржан менен Нуркыздын эки кызы бар. Медициналык академияда билим алып жаткан кезде эки кызды удаа төрөгөндүгүнө байланыштуу учурда үйдө отурган Нуркыз, азыр балдарды бала бакчага же мектепке алып бармак тургай, эл көп топтошкон жерге алып баруу опурталдуу экендигин көпчүлүк ата-энелер таназарга албай жатканына таң калаарын жашырган жок.

ун жайылышын чектөөчү чараларды көрбөй, өздөрү бейкапар көчөдө жүрүшкөнү аз келгенсип, балдарына ар кандай илдеттерди алдын-алуучу жеке гигиенаны сактоо, колду туура жууп, чүчкүрүү жана жөтөлүү маданиятын үйрөнүүгө аракет кылышпагандыгы өкүндүрөт. Ал тургай, той-топурларга да ээрчитип алышат. Ошол эле учурда мамлекет балдардын коопсуздугу үчүн мектептерди жана бала бакчаларды жаап койгон. Эгерде ата-энелер да ал коопсуздук эрежелерин сактабаса, анын пайдасы кайсы деп ойлойсуң. Азыр интернет аркылуу керектүү маалыматтар жөнүндө кеңири билип алса болот. Мисалы, мен ошентем. COVID-19 эпидемиясы күндөн-күнгө күчөп жатканын айтып жатышат. Бүткүл дүйнө жүзүндө кооптуу кырдаал түзүлгөндүгүнө бир жыл болоюн деп калды, биз баарыбыз пандемия шартында жашап, иштегенди үйрөнүшүбүз керек. Таажы тумоосу айрыкча 60 жаштан ашкандарга коркунучтуу деген менен балдар деле бул ооруну алып жүрүүчүлөр экен, демек, алар өздөрү оорушпаса да, жанындагы жакындарына жуктурат, жакындарыбыздын аманчылыгы үчүн сак болушубуз керек, — дейт болочок врач Нуркыз.

Коңшуларда таажы тумоо таржымалы кандай?

Республикалык штабдан 4-ноябрга карата алынган маалымат боюнча 3 437 бейтап ооруканада дарыланып жатат, 3 771 адам амбулатордук шартта дарыланууда. Соңку суткада Бишкектен үч адам, Баткенден бир адам COVID 19 көз жумду. Дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанга коңшу мамлекеттерде коронавирусту жуктургандардын саны өсүп бара жатканы байкалууда. Алсак,  Тажикстанда жана Казакстанда  көбөйүп атса, ал эми Өзбекстанда басаңдап калганын жазышууда.

Мындай шартта министрлик бүт республикага кандайдыр бир чечим чыгарып же бир ыкманы колдонбой эле, ар бир жерди локалдуу караганды сунуштап жатат. Алсак, 1-сентябрдан баштап биринчи класска барган окуучулар Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан алгоритмдин алкагында окушту.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Өкмөттүн жыйынында салттуу билим берүүнү экинчи чейректен баштап улантууну сунуштады. Ал республикалык штабга мектеп окуучуларынын тамактануусуна арналган каражатты мектептерге дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алуу үчүн жумшоо боюнча өз сунушун жөнөткөнүн билдирди.

Сасык тумоо менен ооруганда эмне кылуу керек?

▶    Алгачкы белгилери байкалганда эле бейтап үйдөн чыкпай, дарыланууну башташы керек. Оорулуу адам коомдук жайларга баруу менен тегерегиндегилерге жуктурат. Ошондуктан дароо дарыгерге кайрылып, дарылануу керек. Инфекциянын андан ары таралышынын алдын алуу үчүн бейтапты өзүнчө бөлмөгө жайгаштыруу туура.

▶    Ата-энелер! Эч качан ооруган балаңызды бала бакчага, мектепке, маданий иш-чараларга жибербеңиз.  Сасык тумоодо жүрөк кан тамырларына күч келип, иммундук системаларга таасир бергендиктен, жатып дарылануу керек.

▶    Сасык тумоо менен ооруганда өзүңүздү өзүңүз дарылоодон алыс болуңуз, сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл, ал ооруну аныктап, жаш курагына, абалына жараша дары-дармектерди сунуштайт.

▶    Туура дарылануу үчүн дарыгер жазып берген нерселердин баарын так аткарып,  дарыларды өз убагында ичиш керек. Мындан тышкары суюктукту абдан көп колдонуу зарыл, мисалы, ар түрдүү кыямдар кошулган ысык чайды тез-тезден, көп-көптөн ичип туруу абзел.

Сасык тумоодон кантип сактануу керек?

▶    Бейтап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозу менен мурдун бетаарчы менен жапкан туура.

▶    Оорулуу адам жайгашкан бөлмөнү тез-тез желдетип, мүмкүн болушунча инфекцияларды тазалоочу каражаттар менен тазалап жууп турса жакшы.

▶    Бейтап менен азыраак сүйлөшүп, аны караган учурда беткапты кийип алуу керек.

▶ Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, сасык тумоого каршы эмдөөнү алуу эң натыйжалуу ыкма. Себеби вируска каршы эмдөө вакциналары гана эпидемия күчөгөн учурда ооруну токтото албайт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”        

Бөлүшүү

Комментарийлер